№35, 17.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Документ

14. Педагогикалык стажы үчүн кошумчалар Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамында белгиленген пайыз боюнча бир айлык эмгек акыга эсептелинет.
15. Жергиликтүү кеңештин чечимдери менен жана атайын каражаттын эсебинен төлөнгөн бардык түрдөгү кошумчалар республикалык бюджеттин эсебинен төлөнүүчү эмгек акысына киргизилбейт.
IV. Педагогикалык стажды аныктоо тартиби
16. Билим берүү уюмдарында педагогикалык эмгек стажы үчүн кошумча төлөмдөрдү жыл сайын педагогикалык эмгек стажды аныктоо боюнча комиссия аныктайт.
Анын курамына - мекеме жетекчиси, жетекчинин орун басары, профсоюз уюмунун, билим берүү башкармалыгынын жогорку органынын, кадрлар бөлүмүнүн өкүлү кирет.
Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
17. Эгерде билим берүү мекемесинде эмгек стажыны аныктоо комиссиясы жүйөлүү себептер менен түзүлбөй калса, билим берүүнү башкаруу мекемесинин тийиштүү буйругу менен башка мекемеде эмгек стажыны аныктоо комиссиясы педагогикалык эмгек стажыны аныктап бериши мүмкүн.
18. Педагогикалык стажыны аныктоо боюнча комиссиянын негизги милдеттери:
- комиссиянын иштөө мөөнөтүн аныктоо;
- кызматкерлердин педагогикалык стажысын аныктоо жана чегерүүнүн жол-жобосун аныктоо жана уюштуруу;
- педагогикалык стажыны аныктоо комиссиясынын чечимин белгиленген тартипте түзүү, төлөмдөрдүн өлчөмү ар бир кызматкер үчүн аныкталып бухгалтерияга жөнөтүлөт, ар бир ай үчүн кошумча төлөмдөр такталат, аларды адистер бөлүмү ар бир кызматкердин өздүк делосуна тиркейт;
- педагогикалык стажыны жана төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоодогу жекече талаштуу маселелерди чечүү.
19. Төлөмдөрдү белгилөө үчүн педагогикалык стажыны же алардын өлчөмүн аныктоо маселелери боюнча жекече эмгек талаштары мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте комиссия тарабынан каралат.
V. Педагогикалык стажы үчүн кошумча төлөмдөр
20. Педагогикалык стажы үчүн төлөмдөр комиссиянын чечими менен аныкталат. Ай сайын кошумча төлөмдөр буга укук алынган күндөн баштап ишке киргизилет.
21. Жаңы кабыл алынган төлөмдөрдүн өлчөмү ошол айдын биринчи күнүнөн эсептелет.
22. Ар бир айдын кошумча төлөмдөрүнүн пайызы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде (убактылуу эмгекке жараксыз болгондо, эмгек эс алуусунда) бардык учурда эске алынып, орточо эмгек акысынын негизинде төлөнөт.
23. Эгер кошумча төлөмдөр кызматкер эмгекке жараксыз күндөрүндө, ошондой эле кезектеги же кошумча отпуск учурунда аныкталса, ошол күндөрдөн баштап төлөнөт.
24. Эгер кошумча төлөмдөр кызматкердин орточо айлык акысы сакталган кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда аныкталса, кошумча төлөмдөр орточо айлык акысы кайра эсептелүү менен ошол күндөн баштап төлөнөт.
25. Кызматкер жумуштан бошосо, иштеген күндөрү үчүн гана кошумча төлөмдөр төлөнөт.
26. Билим берүү мекемелерине ишке тартылган уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлерине (кошумча иштегендерге) педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөр саатына эсептелген эмгек акысына белгиленген пайыз боюнча төлөнөт.
Административдик жана башкаруучу кызматкерлерге педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөр окуткан педагогикалык сааттарына эсептелген эмгек акысына белгиленген пайыз боюнча төлөнөт.
27. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Чекара кызматынын, ички иштер аскер бөлүмдөрүнүн жана Улуттук гвардиянын билим берүү мекемелеринде эмгектенген граждандык кызмат адамдары үчүн кошумча төлөмдөр иштин бир гана түрү боюнча - же педагогикалык иш стажысы үчүн, же аскердик окуу жайындагы үзгүлтүксүз иш стажысы үчүн гана жүргүзүлөт (КР Өкмөтүнүн 24.07.98.№ 495 токтому).
28. Педагогикалык кызматкерлер билим берүү уюмдарында кошумча кесипти айкалыштырып иштесе, педагогикалык кошумча төлөмдөр негизги иштеген жеринде гана төлөнөт.
29. Кошумча төлөмдөрдү төлөөнү өз убагында уюштуруу билим берүү уюмунун жетекчисине (адистер бөлүмүнө) жүктөлөт.
VI. Иштеген мезгили педагогикалык стажысына эсептелүүчү уюмдардын жана мекемелердин тизмеси
30. Мугалимдердин, окутуучулардын жана башка педагогикалык кызматкерлердин педагогикалык стажысына, алардын ага чейинки педагогикалык иши айрым же чогуу алганда негизги иштеген жериндеги педагогикалык иш менен байланыштуу болсо, төмөндөгү учурлар эсептелет:
а) билим берүүнү башкаруу органдарында жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитетинде, жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелерде жетекчилик, инспекторлук, инструктордук, өспүрүмдөр менен иштөөчү комиссияларда, атайын көзөмөлдөөчү укук коргоо бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар менен иштөөчү комиссияларында, милициянын балдар комнаталарында иштөө убактысы;
б) Ички иштер органдарынын жашы жетпеген курактагы балдар инспекцияларында иштеген убактысы, эгер ага чейин педагогикалык окуу жайларда окуса, андан кийин педагог болуп эмгектенсе;
в) Өндүрүштөн ажыратылып педагогикалык окуу жайларда окуган жылдары;
г) Төмөндөгү билим берүү мекемелеринин айрым категориядагы педагогикалык кызматкерлеринин эмгек стажысы педагогикалык иш стажысына кирет;
д) Баштапкы аскердик даярдоочу бөлүмдөрдө иштеген мугалимдердин - армияда офицерлик, сержанттык, старшиналык, пропорщиктик, мичмандык кызмат өтөгөн жылдары (анын ичинен ИИМде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинде иштеген);
е) Дене тарбиялык окуу жайларда, спортко машыктыруучу иштерде иштеген мугалимдердин жана окутуучулардын.
ж) Хореографиядан, ритмикадан сабак берген мектеп мугалимдердин, спорт багытындагы мектеп-интернатында, музыкалык, сүрөт багытындагы мектептерде иштеген педагогдордун, балетте, эстрадада, оркестрде, балетмейстр, хормейстр, концертмейстр, хореограф, режиссер, дирижор, сүрөтчү, маданий-агартуу мекемелеринде хореографиялык, акробатикалык, музыкалык, сүрөт ийримдеринде жетекчи болуп иштегендердин;
з) Атайын жана кесипке багыт берүүчү окуу жайларында иштеген педагог мугалимдердин;
и) Ишканаларда, уюмдарда, атайын ийримдерде, секцияларда атайын билим берүүчү багыттарда иштеген жетекчилердин;
к) дефектологдордун, логопеддердин, сурдопедагогдордун, клиникаларда, поликлиникаларда, ооруканаларда, ошондой эле атайын дарылоочу жайларда иштеген мугалимдердин жана тарбиячылардын, мында педагогикалык стаж алар педагогикалык ишти аткарган айларга гана эсептелет.