№35, 17.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Документ

Бишкек шаары
"27" август 2008 ж. N 528/1 "26 "август 2008 ж. N151-П
БУЙРУК
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги
"Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажы үчүн кошумчаларды белгилөөнүн тартибинин жана төлөөнүн шарттарынын нускамасын бекитүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы "Билим берүү кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жөнүндөгү" № УП- 539 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы "Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндөгү" токтомун ишке ашыруу максатында

буйрук кылабыз:

1. "Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы үчүн кошумчаларды белгилөөнүн тартиби жана төлөөнүн шарттары жөнүндө" тиркемедеги нускама бекитилсин.
2. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик каттоого жиберилсин.
3. Бул буйрук Ченемдик-укук Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, расмий түрдө маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4.Ченемдик-укук актысы расмий түрдө жарыялангандан кийин жарыяланган булак жөнүндө (басылманын аталышы, анын номери жана күнү) Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымат берилсин;
5. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине:
- бул буйрук министрликтин алдындагы билим берүү мекемелерине жеткирилсин;
6. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине:
- бул буйрук министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирилсин;
7. Өз күчүн жоготту деп төмөндөгү буйруктар табылсын:
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 29-январындагы №34/1 "Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлердин педагогикалык эмгек жылдарын (стажыларын) аныктоо жана кошумча төлөө шарттарын, тартибин жөнгө келтирүү жөнүндөгү убактылуу нускаманы бекитүү";
- Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин 2008-жылдын 19-мартындагы №61-п "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы кызматкерлердин педагогикалык эмгек жылдарына (стажыларына) кошумча төлөө жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин (2008-жылдын 28-апрелиндеги №232/1) жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин (2008-жылдын 25-апрелиндеги №85-п) "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы кызматкерлердин педагогикалык эмгек жылдарын (стажыларын) аныктоо жана кошумча төлөө шарттарын, тартибин жөнгө келтирүү жөнүндө" биригип алынган буйругу.
8. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы А.Абдрашевге жана Кыргыз Республикасынын каржы министиринин орун басары М.Темирберковго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын
билим берүү жана илим министри
каржы министри

И.Болжурова

Т.Калимбетова




Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин 2008-жылдын 26-август №151-П жана
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
2008-жылдын 27 август № 528/1 буйруктары менен бекитилген.

Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы үчүн кошумча төлөмдөрдү белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
нускама

1. Жалпы жоболор.
2. Терминдер жана аныктамалар.
3. Педагогикалык стажыны эсептөө.
4. Педагогикалык стажыны аныктоо тартиби.
5. Педагогикалык стажы үчүн кошумча төлөмдөр.
6. Иштеген мезгили педагогикалык стажына эсептелүүчү уюмдардын жана мекемелердин тизмеси.
7. Педагогикалык стажы үчүн кошумча төлөмдөр жүргүзүлүүчү кызматтардын тизмеси. ( №1 тиркеме)
Бул нускама Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы №539 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы №65 "Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө" токтомун аткаруу максатында иштелип чыкты.
I. Жалпы жоболор
1. Билим берүү кызматкерлери белгилүү педагогикалык стажы жеткен учурда Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү кошумча төлөмдөрдү алууга укуктуу.
2. Бул нускама Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү эсептөөнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
II. Терминдер жана аныктамалар
3. Педагогикалык стаж - белгиленген тартипте жалпы эмгек стажы катары эсептелүүчү педагогикалык ишмердүүлүктүн узактыгы. Педагогикалык стаж жалпы жана үзгүлтүксүз болуп бөлүнөт.
Жалпы педагогикалык стаж -үзгүлтүккө учураганына карабастан, педагогикалык ишмердүлүүлүктүн жалпы узактыгы.
Үзгүлтүксүз эмгек стажы билим берүү мекемелеринин биринде үзгүлтүксүз иштөөсү, же болбосо башка билим берүү уюмдарынын биринен экинчисине белгиленген тартипте үзгүлтүксүз педагогикалык эмгек стажы сакталуу менен которулуусу.
4. Педагогикалык кызматкерлер билим берүү мекемелеринде окуучулар менен тарбиялануучуларга билим жана тарбия берүүгө байланыштуу алектенген инсан, ошондой эле башка мекемелерде билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу адам. Педагогикалык кызматкерлерге коюлуучу квалифициякалык талаптар (билими, кесиптик чеберчилиги ж.б.), квалификациялык тарифтик мүнөздөмөлөрү белгиленген тартипте аныкталат.
5. Билим берүү уюмдары - билим алуучулар менен тарбиялануучуларга билим берүү процессинде бир же бир нече окуу программаларын жүзөгө ашырууда билим берүү жана тарбиялоо иштерин камсыздоочу мекеме. Билим берүү мекемелерине мектепке чейинки балдар мекемелери, жалпы билим берүү уюмдары (мектептер, лицей-гимназиялар, мектеп комплекстери, мектептен сырткаркы балдар мекемелери, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын мектептен сырткаркы билим берүү уюмдары, колледж, техникумдар ж.б.), жогорку (институт, академия, университет, консерватория ж.б.) жана жогорку кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик (адистик) билим берүү уюмдары кирет.
6. Педагогикалык стажы үчүн кошумчалар - Мыйзамда белгиленген пайыз боюнча эмгек акыга кошулуучу кошумчалар.
III. Педагогикалык стажды эсептөө
7. Билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык стажы ишке кабыл алынган күндөн билим берүү мекемелеринен кайсы жылдын кайсы айында, күнүндө бошогондугу так эсептелүү менен жүргүзүлөт.
8. Педагогикалык кызматкерлерди мыйзамсыз бошотуунун натыйжасында аргасыз (прогул) ишке келбеген учурлары жана кызматкерди кызмат ордуна кайра коюу мезгилдери педагогикалык стажына киргизилет.
9. Эмгек ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учураган мезгил аралыгында жумуштан бошогон учурдан тартып (окууну аяктаганда) башка ишке киришкенге чейин кайсы бир себептер менен алар чакырылбаса (мыйзамсыз бошотулгандан тышкаркы учурда) эмгек стажына киргизилбейт.
10. Мекеме, ишканалардын жана уюмдардын кызматчылары билим берүү мекемелеринде иштөөдө педагогикалык стажга окуу жыл ичиндеги окуу жүгү (нагрузка) 240тан кем эмес болгондо гана эсептелет. Мында алардын педагогикалык ишти аткарган айлары гана педагогикалык стажына киргизилип эсептелет.
11. Билим берүү уюмдарынын чарбалык-административдик жана көмөкчү-окуу жамааттык жумушчулар (персоналдар) ошол эле мекемеде педагогикалык жумушту негизги кызматы менен бирге аткарууда жылдык окуу жүгүнүн көлөмү 240 сааттан кем болбосо, педагогикалык стажына киргизилип эсептелинет.
12. Кызматчынын педагогикалык стажын аныктоочу негизги документ болуп, анын эмгек китепчеси эсептелет.
13. Педагогикалык стажы тууралуу документтерин көчүп-конууда, же табигый кырсыкка байланыштуу жоготуп алса, мурда иштеген жеринен алган ырастаманын (справканын) негизинде, же өзү менен бирге иштеген эки күбөнүн жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде аныкталат.
Нотариустун колу коюлуп, күбөлөндүрүүсү менен эмгек стажы калыбына келтирилиши мүмкүн. Мында күбөлөр өзүлөрү менен бирге иштеген жылдары үчүн гана күбөлүк ырастоолорун бере алышат. Өтүнүч-арыз менен кайрылган адамдын педагогикалык эмгек стажын күбөлөрдүн көрсөтүүсү боюнча бекемдөөдө мүмкүнчүлүк болбогон учурда аны бир системада бирге иштешип, бири-бирин жакшы билген кызматкерлердин көрсөтмөлөрү эске алынышы мүмкүн.