№35, 17.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сыйлык - сыймык

ЭМГЕККЕ ЖАРАША СЫЙ-УРМАТ
11-октябрда билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова агартуу тармагындагы алдыңкы мугалимдерге, кызматкерлерге атайын салтанатта мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Анда көп жылдык жана үзүрлүү эмгектерине жараша алдыңкы педагогдорго "Даңк" медалы, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими", "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамдары, "КР Ардак грамотасы", "Билим берүүнүн отличниги" төш белгиси тапшырылды.
Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова алдыңкы кыргыз эли алдыңкы мугалимдер менен сыймыктанаарын баса белгиледи.
- Бул жерде билим берүүнүн өзөгү, болгондо да алардын эң алдыңкылары отурасыздар. Президент Курманбек Бакиев 3-октябрда Мугалимдер күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатта билим системасына, өзгөчө, орто мектептин абалына жакшы баа берип, мугалимдерге ыраазычылыгын айтып, алдыбызга бир нече максаттарды койду. Ошол коюлган максаттарга силер менен баарыбыз бирге жетели. Бүгүн силерге арнап кандай жакшы сөздөрдү айтсак дагы жетишсиз болот. Министр катары, деги эле инсан катары силердин алдыңарда башымды ийип, чоң ыраазычылык айтам. Биздин мамлекеттин, биздин элдин, мугалимдердин каймагы, эң кадыр-барктуу, урматтуулары силерсиздер, - деди министр И.Болжурова өз сөзүндө.
Сыйланган мугалимдердин атынан Ак-Талаа районундагы А.Абдраимов атындагы орто мектептин тарых сабагынын мугалими Жамангулов Мукаш ыраазычылыгын билдирди.
- Мен жалпы агартуучулардын атынан мамлекетке, министрликке, жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирип, биздин эмгекти баалап, маани берип, наамдарды берип жатканына ыраазыбыз. Менин жаш курагым келип, мектептен кете турган убагым болсо дагы иштегим келет, мектептен өмүр бою кетким келбейт. Келечектеги муунду татыктуу тарбиялоодо биз - аксакалдар насаатчы болуп жүрө берели, - деди аксакал М.Жамангулов.




Тажи Бакирова, Кадамжай районундагы С.Ташиев атындагы орто мектептин директору, "КР Эмгек сиңирген мугалим" наамынын ээси:
- 1976-жылдан бери, башкача айтканда, 32 жылдан бери ушул мектепте директор болуп иштеп келе жатам. Жаш кезимден мектеп директору болуп иштегенимден баштап эң биринчи, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн аракет кылдым. Экинчиден, айылдын мектебин көтөрүү үчүн болгон аракеттеримди жасадым. Директор болуп иштегенден баштап Кыргызстандын ар кайсы булуң бурчунда иштеп жаткан ар кандай кесиптин татыктуу ээлерин, о.э. чет мамлекеттерде иштеп жаткан миңдеген адистерди даярдап чыгардык десем болот. Ошону менен бирге республикалык олимпиадаларда биздин окуучулар дайыма кыргыз, англис тили, xимия сабактары боюнча алдыңкы көрсөткүчтөргө ээ болуп келишет. Ошондой эле учурда спортко көңүл бурулуп, үч жылдан бери волейбол боюнча республикалык мелдештерде алдыңкы орундарды бербей келишет.
Менин жалпы эмгек стажым 42 жыл, азыр 43-жылды иштеп жатам. Ушул мезгилде өзүмдүн окуткан окуучуларым кайра өзүмө барып, мектепте башка мектептердегидей кадр жетишсиздиги жок.


Абдимиталип Бакиров, Өзгөн районунун №49 Токтогул атындагы орто мектептин физика мугалими, "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими" наамына ээ болду:
- Мен дагы өмүрүмдүн орчундуу бөлүгүн мектепке арнап келет. Педагогикалык эмгек жолумду 1968-жылы Өзгөн районундагы В.Терешкова атындагы №22 толук эмес орто мектебинде физика-математика мугалими болуп иштөөдөн баштагам. Райондун мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директордук кызматтарды чын дилим менен аткарып келгем. Мектептерде билим жана тарбия берүү сапатын жакшыртууну биринчи пландарга коюп келем.
Жаш муундарды окутуп-тарбиялоодо мыкты эмгектенгендигим үчүн, өз кесибимди сүйгөн алдыңкы педагог экенимди эске алып, 1985-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1978-жылы Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин буйругу менен "Методист-мугалим" наамы ыйгарылган жана Ардак грамоталар менен сыйлангам. Эл депутаты болуп 4 жолу шайланып, Куршаб, Кызыл-Октябрь айыл өкмөттөрүнүн аймагында шайлоо участогунун төрагасынын милдетин да аткаргам. Мээнеткеч, педагогикалык жамааттагы жаңы идеалардын демилгечиси, жаш мугалимдердин кеңешчиси-насаатчысы болуп келем. Өзүмдүн бүт акыл, күчүмдү бир кесипке арнап, адилет иштеп элге ак кызмат кылууга аракет жасап, дайыма жердештеримдин арасында акыл-насаатымды айтып, келечек муундарды татыктуу тарбиялоого далалат жасап келем.


Сталбек Бакасов, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар оорулары кафедрасынын башчысы, педиатрия факультетинин деканы, "Билим берүүнүн отличниги":
- Бул тармакта иштегениме 30 жылдан ашып калды. Балдардын ден соолугуна кам көрүп, студенттерди окутуп, тарбиялоо үстүндө эмгектенип келе жатам. Бүгүнкү менин сыйлыгым Медициналык академиянын эмгек жамаатына таандык деп эсептейм.
Азыр республика боюнча балдардын, өзгөчө, мектеп курагындагылардын ден соолугу ойдогудай эмес. Өзгөчө, Союз таркагандан бери абал начарлап келет. Анын баары мамлекеттин экономикасына байланыштуу болот экен. Медиктер болсо ага да карабай болгон аракеттерин жасап жатышат. Жыл сайын өзүбүздүн эмгек жамаат менен жер-жерлерге барып профилактика жүргүзүп, балдарды текшерип, саламаттыкты сактоо боюнча иштеп жатабыз. Алардын ден соолугу чың болсо мектепте толук кандуу билим алуусуна чоң өбөлгө болмок. Ошондуктан бүгүнкү күндө балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн студенттерди жакшы даярдоого аракет кылып жатабыз.


Абдыкадыр Садыков, КУУнун дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор, "Даңк" медалынын ээси:
- Менин Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, "КР Билим берүүсүнө эмгеги сиңген ишмер", Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Айтматов коомдук академиясынын академиги деген сыяктуу көрсөткүчтөрүм бар. Менин билим берүү тармагында иштегениме 55 жыл болду. Иш сапарымда кенже кызматкерден баштап ушул даражага чейин жетип отурам. 20 жылдан бери ушул кафедраны жетектеп келем. Министр Ишенгүл Болжурова "100дөн ашуун илимдин кандидат, докторлорун даярдап чыгарган татыктуу илимпоз" деп азыр эле салтанатта айтпадыбы. Чын эле жеке өзүм илимдин 40 кандидатын, докторун даярдагам, 35 кишиге аппонент болгом. Министрликтин коллегиясынын чечими менен "Эл мугалими" наамына көрсөтүлгөн элем, бирок эмнегедир анын ордуна "Даңк" медалын беришти. Бирок ага да ыраазымын. Себеби, мен ушул жылы 75 жашка чыгып жатам. Акталаалык мугалим айткандай, дагы эле иштегим келип турат. Буюрса дагы деле иштей берем. Себеби, мен даярдаган жаш кандидатым мен билгенди билбейт, мен айтканды айтып бере албайт. Биз карып калсак дагы келечекте керегибиз тиет.
Азыр коомго жараша илим дагы начарлап баратат. Муну моюнга алышыбыз керек. Илимпоздордун эмгегин да өтө төмөнкү баа менен баалап жатышат. Мисалы, мен 55 жыл иштеп Өкмөттөн алган айлыгым төрт миң сом. Мен алган төрт миң сомду эшиктин алдында турган кароолчу алып жатат. Ушунча даражага жетип кароолчу алган айлыкты алып жатканыбыз уят эле.
(Окумуштуу жөнүндө макаланы 11-беттен окуңуздар).

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, "Кутбилим".