№34, 10.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Проблема

ИСА ӨМүРКУЛОВ:
ПЕДСТАЖ ҮЧҮН БАРДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ ТӨЛӨП БЕРИШ КЕРЕК
Мугалимдердин татыктуу иштеп, татыктуу жашашын кепилдеген мыйзамдардын кандай аткарылып жатканы жөнүндө Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана маданият, маалымат комитетинин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов "Азаттыкка" маек куруп берди.

- Адегенде айтсаңыз, мындан бир аптача мурда кошумча акчасын алалбаган мугалимдердин жоон тобу Жогорку Кеңешке келип, сиздерден жардам сурап жүрүштү эле. Аларга кандай жардам көрсөтүлдү, маселеси чечилгенге бир аракет болдубу?
- Биринчиден, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мен бүткүл республикадагы биздин урматтуу мугалимдерибизди кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Албетте бүгүнкү күндө мамлекет аларга педагогикалык стаж үчүн мыйзамда каралган акчаларды тилекке каршы төлөп бералбай жатат. Буга байланыштуу көп коллективдер, мугалимдер сот аркылуу доолап кайрылып, май, июнь айларында өкмөт 300 миллиондон ашык акча төлөп берди. Ошондон калган карыздар бар, Өкмөт аны дале берип бүтө элек. Азыр бизге дагы кайрылып атышат. Жакында биз бул маселени комитетте карадык. Ал жерге билим берүү жана илим министрин, каржы министрин чакырдык, талапты койдук мыйзамды аткаруу боюнча. Бирок тилекке каршы бүгүн бул маселе чечилбей, ачык бойдон калып атат.
- Кыргыз өкмөтү каражат тартыш деген негиз менен билим берүү мыйзамында педагогикалык стаж үчүн кошумча акы төлөө тууралуу беренени алып салуу боюнча долбоор даярдады деген кабар айтылып жатат. Сизде бул боюнча комитет төрагасы катары маалымат барбы, кандайдыр бир сунуш түштүбү?
- Мындай маалыматтар бар, бул маалымат туура. Биздин комитетке ошол мыйзамдын долбоору келип түштү. Анда мугалимдерге педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөр каралган 32-беренени алып салуу каралыптыр. Анын ордуна булар сунуштама киргизип атыптыр, бул маселени өкмөт өзү чечет деген. Бирок булардын бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча карыздарды төлөп бералбай, өкмөттүн тапкан айласы болуп атат, тилекке каршы.
- Эгер бул документ кабыл алынып калса, өкмөт мугалимдерге карызынан кутула албай калгандай болуп калат да. Себеби буга чейин мугалимдердин жарымы алдык, жарымы алалекпиз деп сот аркылуу кайрылып атышпады беле?
- Негизинен бул төлөмдөрдү Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустары толугу менен алды. Түштүк регион толугу менен алган жок. Алар мыйзамды өтө урматтап атышабы, бирок түштүк тараптан кайрылуулар болгон жок, ошон үчүн алар алалган жок.
- Сотко кайрылган жокпу?
- Көбү сотко кайрылган жок. Эми кайрадан баштап атышат. Эгерде кайрылса алар дагы алыш керек эле. Эмне үчүн биздин бөлөк жактагы мугалимдер алыш керек, түштүк региондогу мугалимдер албаш керек. Ошон үчүн булардын баарына төлөп бериш керек, өкмөт аркылуу, мыйзамдын талабы аткарылыш керек.
- Жана сиз айтып жаткан өкмөттүн сунушу качан парламентке чыгарылышы мүмкүн? Комитет качан чечим чыгарып берет?
- Комитет эми бир айдын ичинде карап, пленардык жыйынга сунушташ керек. Мен ойлоп турам, бул мыйзамды талкуулоо боюнча мугалимдердин дагы өкүлдөрүн, мугалимдердин профсоюздарын, жетекчилерин, өкмөт мүчөлөрүн чакырып туруп, пайда-зыянын талкуулап туруп анан сунуштайбыз.
- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен
Бурул Сарыгулова,
"Азаттык"




МУГАЛИМ БОЛУУДАН ЖАШТАР ЖАА БОЮ КАЧЫШАТ
Октябрдын биринчи жекшембиси - мугалимдердин кесиптик майрамы. Бирок майрамдык иш чаралар бардык мектептерде жуманын ортосунан эртелеп эле башталат. Адатта бул майрамда ардактуу кесип ээлерине жылуу сөз, кучак-кучак гүл менен белек-бечкектер арналат. Бирок майрамдык маанай канчалык жакшы болбосун, чечилбей түйүнгө айланган, мугалимдердин жүрөгүн өйүгөн проблема көп.

Элмира Жумалиева мугалимдер күнүн бир гана жолу, мындан 2 жыл мурда майрамдаган. Анда ал университетти жаңы эле аяктап, мектепке мугалим болуп орношкон эле. Бирок жарыбаган маянага ичи чыкпай, жарым жыл иштеген соң, мектептен кетип калган:
- Бир жарым миң сом айлык акы менен жарым жылдай иштедим. Анан ал акча эч нерсеге жетпей турганына көзүм жетип, ишти таштадым да, Орусияга соода кылганы кетип калдым. Ал жакта албетте оор болду, бала багып акча таптым. Антсе да мурдагыга караганда кыйла көп маяна ала баштадым. Бирок туулган жерди сагынып, Кыргызстанга келгем. Эми бул жактагы абалды көрүп алып, кайра эле кетсемби деп калдым.
Адистердин айтымында, Элмира өңдүү мектепти таштап, акчасы көбүрөөк башка эле жумуш таап кеткен мугалимдердин саны жыл өткөн сайын өсүүдө.
Бишкектеги кадр агенттиктердин биринин менеджери Светлана Косолапованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мугалимдер көбүнесе коңшу Казакстанга агылууда:
- Өлкөдөгү кадрлардын көбү Казакстанга кетип жатат. Алардын арасында мугалимдер бир топ. Анткени ал жакта мугалимдер жетишсиз, ал эми айлык акы биздикине салыштырмалуу бир топ жогору.
Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Кыргызстан боюнча үч миң алты жүздөн ашык мугалим жетишпейт. Ал эми мектептерде 117 миң мугалим эмгектенет. Алардын 75 пайыздан ашууну - жашы кырктан өткөн жана эс алууга чыккандар.
Нарын шаарындагы орто мектептин математика мугалими Кожобердиева Эсендин айтымында, жаш педагогдор жарыбаган маянадан качып, өз кесиби боюнча иштегилери келбейт:
- Биздин мектепте мугалимдер жетишпегендиктен, мага окшоп пенсияга чыкса деле иштеп жүргөндөр бир топ. Анан эмне кылат элек? Эки-үч миң сом үчүн кайсы жаш кадрдын эртеден кечке сабак бергиси келсин? Физика, химия, математика өңдүү көптөгөн сабактар боюнча мугалимдер жетишпей, балдар татыктуу билим албай жатышат.
Билим берүү министрлиги мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү, жаш кадрларды колдоо максатында эки жыл мурда "Жаш мугалимдин депозити" программасын кабыл алган. Бул программа боюнча, сынактан өткөн, өз кесиби боюнча иштеген жаш педагогдордун банктык эсебине айына 3 миң сом которулуп турат. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда бул программа боюнча жер-жерлерде 1900 жаш мугалим эмгектенүүдө. Бирок адистердин айтымында, бул долбоор мугалимдер тартыштыгын чечүүгө анчалык деле чоң жардам берген жок.
Ошентип мугалимдик кесиптин баркы кетип турганда, бир окуя абалды дагы начарлатып жибергендей болду. 2003-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча, мугалимдерге педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөр берилиши керек болчу. Бирок ушул убакка чейин ал мыйзам аткарылбай, педагогикалык стаж үчүн мугалимдерге бир дагы тыйын тийген эмес. Миңдеген мугалимдер мамлекеттен мыйзамдуу аласа акысын доолап сотко кайрылышкан. Сот алардын пайдасына чечим чыгарып берген. Бирок Каржы министрлиги соттон жеңип алган мугалимдердин баарына милдеттүү болгон акча каражатын төлөп берген эмес. Ошондуктан сот чечими чыкса дагы мыйзамдуу акчасын колуна албаган мугалимдер нааразы болуп, сентябрдын аягында Бишкекке келип, Каржы министрлигинен таман-акы мандай теринин акысын талап кылышты. Мугалимдер жакын арада бул маселе чечилбесе кескин чараларга барууга аргасыз болорун айтышкан. Ушул тапта, айрым маалыматтар боюнча, жер-жерлерде мугалимдер иш таштаган көрүнүштөр орун алууда.
СДПК партиясынын мүчөсү, депутат Бакыт Бешимовдун айтымында, өкмөт мугалимдердин көйгөйлөрүн тез арада чечпесе, анда абал кескин начарлап кетет:
- Мугалимдердин көйгөйлөрү канча жылдан бери чогулуп отуруп, тоодой болуп үйүлүп калды. Бул маселени тез арада колго алуу зарыл. Жалпы элге "кышка тезек тергиле" деп айтылды, мугалимдерде акча болбосо көмүрдү кантип алат, тезекти кантип камдайт?
3-октябрда Бишкекте мугалимдердин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу жыйынга катышкан президент Курманбек Бакиев педагогикалык стаж үчүн төлөмдөр Өкмөт бекиткен график боюнча төлөнүп берилерин билдирди. Өкмөт педагогикалык стаж үчүн 2003-жылдан бери жыйылган карызды 2010-жылдын аягына чейин этап-этап менен төлөп берүү жөнүндө чечимге келген.

Айгүл
Жунушалиева,
"Азаттык"