№33, 03.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Спорт

Кыргыз хоккейинин карлыгачтары
Дайым кында жата берсе, Канжарды дат басат,
Дайым үйдө жата берсе, Жигитти май басат.
Расул Гамзатов

Мезгил талабы ушундай экен. Кыргыз хоккейи, хоккей федерациясынын жаңыдан уюштурулушу, кыргыз коомчулугунда, спортунда жаңы жагымдуу агымды пайда кылып, чоң кызыгууну жаратып жаткандыгы мени аргасыздан колума калем карматты.

Анткени хоккей оюну кандай, кайдан башталган, кыргыз хоккейинин уюткусу ким деген суроолорго жооп табууга аракеттендим. Оюндун мекени Канада мамлекети болуп саналат. Коллективдүү оюн. Оюндун үч түрү бар:
1. Шайба менен (салмагы 200 гр.) алты киши;
2. Шайба менен музда он бир киши;
3. Топ менен жашыл чөптүү талаада он бир киши ойношот.
Бул 1924-жылдан бери бардык кышкы олимпиадалык оюндардын программасына киргизилген. 1930-жылы дүйнөнүн чемпионаты өткөрүлөт. Мында мурунку Советтер Союзунун курама командасы бир нече жолу дүйнөнүн чемпиону болуп, Канада, Чехословакия, Швеция, Финляндия, Американын командалары да эң жогорку ийгиликтерге жетишкен. Дүйнөлүк хоккей федерациясына кыргыз хоккейи да 100 жылдан кийин мүчөлүккө 166-өлкө болуп кабыл алынганы жакшы көрүнүш. Федерациянын президенти армиянын полковниги, Жумгалдын кулуну - Жакыпов Мурат.
Кыргыз хоккейинин мекени жумгалдыктарга таандык кылынып белгиленип жаткандыгы - факт. А райондун ичинде кимдер башташкан, уюткусу ким, кимдер негиздеген деген мыйзамдуу суроого, албетте, кайырмалыктар деп айтууга толук акыбыз бар. Анткени анын эң алгачкы башталышы 1974-1976-жылдарга туура келет. Ал кездеги хоккейист азаматтар: Эстебесов Каныбек, Тентиев Жоодат, Надырбеков Бектурган, Бакаев Автандил, Исмаилов Баатырбек, Мамырбаев Замир, Адашмаев Доктурбектер эле. 1976-1986-жылдары ветеран-оюнчулардын ишин улап жаңы муун, жаңы толкун келди. Булар хоккейге жаңыча нук, жаңы ыргак кошушканы менен айырмаланышкан. Мурунку оюнчулардын оюндары эң жөнөкөй, алгачкы кадам болуп, тал-теректин иймекей бутактарынан клюшка жасашкан. Кийин шайба ура турган жагынын салаасына алакандай фанерадан кошумча кошулуп, шайбасы талдын жоон бутагынан тегерек кесилип, резина менен оролуп бекитилген, бутка болсо орустун калың чокоюна (валенки) снегурочка конькиси кайыш менен бекем таңылып, ал сууга 5-10 минутка чейин кармалганда суу ичине кирбестен тоңуп калчу да, ал жазга чейин жетчү. Оюнчу-уста Макеев Кайрат алгачкы темир дарбазаны тору менен жасаса, мугалим-тренер Кулманбетов Каныбек бетке кийген масканы зымдан токуду, калың бышык кийизден, талуу жерлерге-тизеге, чыканактарга калканчтарды ойлоп тапты, кош миздүү бийик хоккейге ылайыктуу конькилер алынып келинип оюнчулардын толук спорттук формасынын алгачкы түрү пайда болду.
Чындыгында, чаектиктер ал кезде бул деңгээлге али жетише элек болучу. Алгачкы жолдоштук беттешүүгө ушундай эпикировка менен барганыбызда алардын таң калышканы эсибизден чыкпайт дешет оюнчулар. Ошол кездеги команданын составында Адашмаев Доктурбек - дарбазачы, Медеров Карашбек - чабуулчу жана да Мамырбаев Бокала, Макеев Кайрат, Кулманбетов Каныбек, Атыгаев Асык, Кармышаков Авас, Надырбеков Окей, Бегалиев Жаныбек, Бөрүбаев Райымбектер өз ордун тапкан оюнчулар эле.
Бул азаматтарды улуу иштерге, улуу максаттарга эмне кызыктырган? Эмне магниттей өзүнө тарткан? Сулуунун мөлтүрөгөн көз жашындай көгөргөн Ортокууганды суусунун көк музубу же музга окшогон көк асманбы? Же жаратылыш менен жуурулушкан аппак үмүттөрбү?... Дегинкиси, алдыга коюлган асыл ойлор уланып келет. Кээде ойлойт экенсиң, энелери буларды хоккей үчүн төрөшкөнбү деп.
Коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун: "Окумуштуулар азыркы мезгилде кыргыздардын генинин ДНКсын текшерип чыгып, белгилүү даражада европалыктардын каны бар экендигин анализдеп, далилдешти. Ошондуктан биз азиятташкан европалыктарбыз" - дегени ой туюмумда түнөк алган. Демек, хоккей биздин каныбызда болсо керек. Орто Азия элдеринин бири да колдоруна клюшка кармашпайт эмеспи.
...Мындай болгондон кийин чаектик жигиттер да өз алдынча мелдештерге даярдана башташты. Алардын уюштуруучулары Туйтеев Эсенжан, Тунтеев Кармышак, Абышов Рахат, Жуматаев Рамистер эле. Андан соң "Эркин фарм", "Жуматаев Тыналы", "Кызыл жылдыз", "Келечек" сыяктуу командалар эрте жаздагы кызгалдактай болуп жайнап чыгышты.
- Эсимде, - дейт "Тенти аке" командасынын мугалим-тренери Кулманбетов Каныбек - чаектиктер менен 3-4 жолу жолдоштук беттешүү өткөргөндөн кийин, бул мелдештерди жылына өткөрүп салтка айландыралы деп чечтик. 1997-жылы "Шортон" муз талаасынын борборуна (шайба ташталуучу) бир козу алып келип, бата кылып, түлөө өткөргөнбүз. 2000-жылдан Жумгал райондук спорт комитетинин төрагасы Бейшен уулу Качыкенин көтөргөн демилгеси менен Жумгалдын кулуну, көрүнүктүү окумуштуу Эркин Матыевдин жаркын элесине арналган хоккей турнири башталып, республикалык деңгээлге жетти. Бул турнирдин демөөрчүлөрү Мирон, Арстан, Нурлан Матыевдер болуп калышты. Алгачкы кадам Чаектен төрт команда, Байзактан эки команданын катышуусу менен шилтенди. Ошол жылы команданын атын коюу маселеси көтөрүлүп, команданы уюштуруучуларынын бири, спонсору, тарых мугалими Бактыбек Бокчубаевдин сунушу менен "Тенти аке" болсун деп чечилди да эң алгачкы саамалык, 1-орунду жеңүү менен тушоо кести. "Байзак" командасы 3-орунга жетишти. Ошондогу коюнга батпаган кубаныч, жеңишке жеткенден кийинки шамалга тоттуккан кызарган жүздөр. Оо, чиркин!... Эстен кеткиз көз ирмемдер... Командага алгачкы спонсорлор да пайда болуп, тракторист Осмоналиев Б., шофер Асакеев, ырчылар өз техникалары менен оюнчуларды райондун борборуна байма-бай жеткирип турушту.
- Турнир башталган 2000-жылдан тарта "Тенти аке" командасы 1-орунду эки, 2-орунду үч, 3-орунду эки жолу камсыз кылышты. 2007-жылы кыш жылуу болгондуктан мелдеш өткөрүлгөн жок.
2008-жылы Дүйнөлүк хоккей федерациясынын 100 жылдыгына арналып Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн турнирде Ала-Тоонун шамалы менен көл толкуну кездешкендей болду. Эсте каларлыгы, турнирди уюштуруучулардын "Чолпон-Ата чемпион!" деген музыка, ыр-бий коштогон күйөрмандардын ызы-чуусуна карабай "Тенти аке" командасы аларды 6:1 эсебинде жеңип, финалга "Нарын-Дордой-Алатоо" командасы менен чыгышкандыгында. Албетте, нарындыктардын деңгээли бул сапар да жогору экендиги көрүндү. Алардын хоккейге болгон мамилеси, оюнчуларынын жекече жана коллективдүү көрсөткөн чеберчиликтерин жокко чыгарууга болбойт. Ошондуктан алар айыгышкан катуу кармашта минималдуу 2:1 эсебинде жеңип, татыктуу биринчи орунду камсыз кылышты.
Арийне, "Миң жолу кулак менен уккуча, бир жолу көзүң менен көр" - деген сөз бар. Каралжын тарткан Жумгалдын океан тоолорунун так киндигинде жайгашкан Шортондогу хоккей талаасында турнирлер башталганда, "Касиет бар кышты жаз кылаар" демекчи, кызыл-тазыл кийинген көрүүчүлөрдүн көптүгүнөн көк жайыктагы ак, кызыл, жашыл желектер эрте жаздагы кызгалдак гүлүндөй кулпунуп, кычыраган кышты жазга айлантып жиберет. Ошондо Байзактардын оюн талаасында көрсөткөн чеберчилигин көрүп туруп, аларды жал куйругу шамалга сапырылып жарышта бараткан кыргыз бууданына, кээде, көктө эргип шумдуктуудай ыкчамдык менен учкан ылаачын кушка окшоштурасың да, кыргыз хоккейинин негиз салуучуларынан экендигине көзүң жетип, ыраазы болосуң.
"Тенти аке" командасынын жетишкендиктери жөнүндө көп кеп айтылды. Мезгил-мезгили менен Москвадан ОРТ каналында, Прагадан "Азаттык" радиостанциясында, "Комсомольская правда", "Вечерний Бишкек", "Аалам", "Теңир тоо" ж.б. газеталарында чагылдырылып турду.
Жаныбек Абдыразаков,
Эл агартуу отличниги, Байзак айылы.

Мына "Тенти аке" командасынын 2008-жылга составы. Таанышып коюңуз:
2. Бегалиев Жаныбек - команданын капитаны, чабуулчу, 1969-ж. туулган.
3. Абдыкалыков Тынчтык - жарым коргоочу, "Чеп" 1978-ж. туулган.
4. Медеров Карашбек - чабуулчу, "Харламов" 1961-ж. туулган.
5. Бегалиев Канат - коргоочу, 1975-ж. туулган.
6. Омукеев Максат - жарым коргоочу, 1974-ж. туулган.
7. Шекеров Мурат - коргоочу, 1977-ж. туулган.
8. Айдаралиев Каныбек - чабуулчу, 1964-ж. туулган.
9. Борубаев Турат - коргоочу, 1986-ж. туулган.
10. Дубашев Баястан - жарым коргоочу, 1983-ж. туулган.
11. Сопиев Үсөнкул - коргоочу, 1977-ж. туулган.
12. Муратов Болот - чабуулчу, 1985-ж. туулган.
13. Чыйбылов Бакыт - чабуулчу, "Ракета" 1977-ж. туулган.
14. Чыйбылов Бакыт - чабуулчу, 1983-ж. туулган.
15. Калманбетов Нураалы - дарбазачы, 1978-ж. туулган.
16. Карымшаков Авас - дарбазачы, 1964-ж. туулган.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз хоккейинин алгачкы карлыгачтарына, баштаган ак иштерине ийгилик кааламакчыбыз.