Коомдук-саясый гезит
№32, 26.09.08-ж.
п»ї


Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/08/0926_6.htm on line 9

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/08/0926_6.htm on line 9

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/08/0926_6.htm on line 9





  Эстутум

ИСА АХУНБАЕВ - ХХ КЫЛЫМДЫН УЛУКМАНЫ
Бүткүл өмүрүн жана эмгегин өзүнүн сүйүктүү элине арнаган кыргыздын чыгаан уулу Иса Ахунбаевдин туулганына быйыл 100 жыл толду.

1940-50-жылдары азыркы кыргыз медицинасынын башатында туруп, аны кыйла бийик сереге көтөргөн окумуштуу дарыгерлердин бирден-бири, алтын скальпель хирург уулу менен эли сыймыктанат да, шум ажал мезгилсиз алып кеткени үчүн күнү бүгүнкүгө туталанат...
Дал ушул эки сезим менде да бар. Мүмкүн, мендеги сезим башкалардыкынан өзгөчөрөөктүр, cебеби, Иса Ахунбаев мен үчүн ата-энемден эле кийинки эле орундагы адам болуп калган. Анткени менин кызыл жүгүрүктөн жабыркаган жүрөгүмдү айыктырган профессор Иса Ахунбаев эле.
1970-жж. башында менин абалым начарлап, оорукана, санаторияда үч-төрт айлап жата баштадым. Ошол кезде жүрөктү хирургиялык жол менен айыктырып жатышыптыр, оорулуу какыс сакайып кетет экен деген кептер улам көбүрөөк айтыла баштады жана биз да ынтызарлана угуп калдык.
Москвалык хирургдар жылыга келип, Фрунзеде Ахунбаевдин клиникасында операция күтүп жаткан оорулууларга операция жасап кетишет экен деп угабыз.
Көрсө, профессор Иса Ахунбаевдин демилгеси жана мамилеси менен Mocквадагы Александр Николаевич Бакулев клиникасынан ысымдары дүйнөгө белгилүү профессорлор Владимир Иванович Бураковский, Виталий Алексеевич Бухарин, Георгий Иосифович Цукермандар баш болгон топтор жылыга келип, өз тажрыйбаларын бөлүшүп, көрсөтмө операцияларды жасап, биздин адистерди дасыктырып жүрүшчү турбайбы.
Ал эми 50-жылдары, СССРде жүрөккө биринчи болуп операция жасаган А.Н.Бакулевдин ийгиликтерине шыктанган хирург Иса Ахунбаев Кыргызстанда да ошондой бөлүм ачып, жашоодон үмүтү өчүп бараткан оорулууларды сактап калсак деп аракет кыла баштаган экен. Кесиптештери анын долбоорун колдобогон соң, Ахунбаев СССР медициналык ИАнын алдындагы жүрөк-кан тамырлар хирургиясы институтуна барып, алардын иштери менен таанышып, иликтеп, операцияларга катышып көрөт да, А.Н. Бакулев менен кеңешет. Кесиптешинин ой-максатын уккан профессор А.Н. Бакулев аны чын дилинен кубаттайт.
Чоң устаттын колдоосунан канат күткөн Иса Ахунбаев кайра Фрунзеге келип, бышып жетилген долбоорун жетекчиликке түшүндүрүп, ынандырып, жолдомо алууга дээрлик эки жыл короткон экен. Анан иштин көзүн жакшы билген Ахунбаев ошол маалда жагдайды талдап-түшүндүрүп, кажет болуп турган "Көөдөн хирургиясын" Жалпы хирургия бөлүмүнөн ажыратат.
Акыры, Иса Ахунбаев бүтүн бир бригада шакирттери менен Москвага аттанат. Ал жерден оорулууга туура диагноз коюудан тартып, операциядан кийинки эң жооптуу учурда кантип багуу керектигине чейин дыкаттап үйрөнүшөт.
Жүрөк операциясына профессор Иса Ахунбаев адегенде жардамчы катары катышса, кийин өз алдынча да ийгиликтерди жаратат. Бригада Кыргызстанга жеңиштүү жана ишенимдүү кайтат, колдон келишинче хирургиялык аспаптарды, жабдыктарды ала келишет. Ошентип, төрт ай бою жалындап окуп-үйрөнүп, шымалана ишке киришкен адистер 1959-жылы май айында Орто-Азия жана Казакстан аймагында биринчи жолу жүрөккө операция жасап, оорулууну айыктырышат.
Кыргыз медицинасындагы бул зор ийгилик учурунда бүткүл өлкөгө дүңк эткен чоң сенсация болуп, клиника дарыгерлерине дем берсе, сандаган оорулууларга үмүт жагат. Бирок, ошол замат эле жүрөк хирургиясы өркүндөп өсүп кеткен экен деп айтуу, албетте, кыйын. Көздөгөн ийгиликке жетпей калган учурлар да болгон. Анын бир себеби, менимче, оорулуу операцияга барууну эң эле арга калбай калганда чечкени болгон. Антип оору өтө күч алып алган кезде сыркоо адам алдан абдан тайып, айыгуу шансы да эң эле тайыз болот.
Коллективди тынбай чыңдоо менен кийинки жылдары Иса Ахунбаев жалындаган жаш адистер Хаким Бебезов, Нелли Ахунбаева, Аспандияр Маралов, Сейтхан Жошубаев, Эсенбек Станбеков, Мамбет Намазбеков, Алла Шерова, Исхак Фунлоер жана Людмила Янковскаяларды ишке алган. Алардын алтоону Ала-Тоодон Москвага, Бакулев институтуна, атайын аспирантурага жөнөткөн жана алардын баары окууларын ийгиликтүү аяктап, кандидаттык диссертацияларын коргоп кайтышкан.
Болжогон максаттарына карай жигердүү жаштар тайманбай киришкен. Ар бир татаал операциядан кийин аны талкуулап-талдашкан, кийинкиге туура жол тандашкан. Улам жаңы, улам дурус чечим менен жыйынтыкташкан. Аспаптарын, жабдыктарын да улам өркүндөтүшкөн.
Ал эми кээ бир татаал операциялар жүрөктү токтото турууну талап кылат. Ан үчүн ошол учурда канды жасалма жол менен, атайын аппарат (АИК - аппарат искусственного кровообращения) аркылуу айландырып туруу керек.
Мурда оорусу татаалыраактар Москвага жөнөтүлүп, Бишкекте жеңилирээктери операцияланса, 1973-жылдын май айынан тартып жергиликтүү хирургдар дээрлик баардык операцияларды Бишкекте эле жасоого толук жетишкен.
Ошол жылы москвалыктар кетээри менен эле, апрелде Нарын районунун Эмгекчил айылынан Капаров Орозбек абдан оор абалда клиникага түшөт. Ал кишини операция жолу менен гана аман алып калууга болоору айдан ачык болуп турган. Анын жүрөгүнүн кабылдап, чоюлуп кеткен митрал клапанын кесип алып салып, ордуна протез клапан тигүү керек эле. Кардиохирургдардын сунушун оорулуу кабыл алат жана мындай татаал операцияны профессор Иса Ахунбаев өз алдынча биринчи жолу жүзөгө ашырат.
Операция ийгиликтүү өтүп, Орозбек айыгып чыгат. Айылына кайтып, акырындап тыңып, соо адамдарга кошулуп, сантехниктин окуусун бүтүрүп, үй-бүлө күтүп, эмгектене баштаган. Оштон Жарматов деген киши да келип, операциядан кийин айыгып чыкты.
Ошол 73-жылдын жазында москвалык хирургдар келип, жалаң татаал операциялар жүрүп жатканда оорулуулар арасында биздин Вороновская Галя деген курбубуз да болуп, көз көрүнөө айыгып кетти. Биротоло оңоло албай жүргөн биз үчүн бул жакшылыктын чоң жышаанасы болду, үмүттөр тутанды.
Ошол жаздын аяк күндөрү мени агаларым кудабыз Асан Жайлообаевге көрсөтүштү. Ал киши терапевт, анда неврология бөлүмүн жетектейт эле. Менин абалымды көрүп, Асан Жайлообаев операция жолун сунуштады жана өзү келип, Иса Коноевичке көрсөтүп кетти.
Хирургия жолу калыптанып жаткан маалда, адистер ортосунда ар башка пикир күч эле, мисалы, жүрөк операциясына каршы болгон терапевт, педиатрларды көп көрдүм. Алар хирургдардын дарылоосу орой, ооруга үстүртөн карап эле шартылдатып операцияга киришет деп айткандарын угаар элем.
Бирок Асан Жайлообаев менен Вера Амановалар медицинадагы жаңы оперативдик жолду колдоп, оорулууларды багыттап турушту.
Бул врачтар Иса Ахунбаев сыяктуу эле сыркоо адамдын көңүлү үчүн ичкен ашын жерге коюп, иштеби, эс алуудабы, жолдобу же үйдөбү, айтор оорулуунун жардам күтүп турганын билсе, баарына кайыл болуп, колунан келгенин жасашканы үчүн аларга кайрылгандардын баары ыраазы.
Вера Ахмедовна операциядан кийинки балдарды санаторияга алып, тыңытып чыгара баштады.
Мени 1973-жылдын күзүндө Охмадеттен Ахунбаевдин клиникасына которушту. Мен Маралов Аскен Нисеновичтин палатасына түштүм. Ал жерден мен дароо эле хирургдардын орой эмес, чечкиндүү дарылаганын көрдүм. Адегенде оорулууну туш тарабынан карап, башы-көзүн, кулак-мурдун, ичин-тишин, өпкө-боорун бүт текшерип, дарылап, операциядан кийинки опурталдуу мезгилде кабылдап кетпесин деп бардык коркунучтун алдын алышаар эле.
Врачыбыз, Аскен Маралов "Чыпалагыңардын учу ооруса да айткыла, биз билишибиз керек, операция алдында эч бир кынтык калбашы керек", - деп айтчу.
Ал клиникада дүйшөмбү, жума күндөрү профессордук обход болот. Ошол күндөрү таңдан тарта бүткүл клиникада кымгуут, палаталык врачтар оорулууларынын таржымалын, акыркы күндөрдөгү өзгөрүүлөрдү профессорго толук баяндоого даяр турушат.
Медсестралар оорулууларды обходго даярдап, ар биринин тумбочкасын текшерип, үстүнө рентген сүрөттөрүн коюп чыгышат, "баарың тең, сөзсүз, койкаңарда болгула" деп эскертип кетишет.
Иса Коноевичтин обход маалындагы элеси менин эсимде артыкча калды. Демейде профессор коридордон көрүнө калса, апкаарый түшүп, четтей берет элек. Жаныбыздан өткөндө сүрдөп, учурашканга араң жарап калчубуз. Ал киши басып келатса, алп келаткандай, бүтүн коридор солкулдап тургандай туюлат эле.
Мага операция жасаган ошол алтымыш беш жаш курагында профессор Иса Ахунбаев элүүдөгүдөй тың, күч-кубаты толукшуп турганы бүткүл турпатынан, үнүнөн сезилип турган экен.
Операциядан кийин мени жүдөткөн кара ой өзү эле кетти, турмуш жаңыдан вашталды.
Жалпы кыдыруу болгондо палатадагылар дымып, дем алганыбыздан башка тыбыш да чыкпай, күтүп калаар элек.
Мына, эшик ачылып, Иса Коноевич Ахунбаев баштаган жана экинчи профессор Б.Шубладзе, доценттер Ү.Байзаков, М.Мухаммедзиев, анастезиологдор М.Г.Фингер, Мунькин, Г.Е.Зольманн, врачтар А.Маралов, С.Жошубаев, Э.Станбеков, М.Намазбеков, Ү.Калиев, Ш.Жумадылов, А.Романов, Л.Янковская дагы башкалар жана сестралар коштогон жоон топ кирип келет. Топтун аягы сыртта калат, бирок мында ар бир маалымат олуттуу, ичкери карай моюн созуп, ар бир оорулуу тууралуу элестүү кабар алышат. Алдыга, профессордун жанына палата врачы чыгат да, ар ким жөнүндө тез-тез баяндап берет.
Иса Коноевич ар баянды кунт коё угат да, оорулуунун тамырын угат. Бардык маалыматты билип тургандыктан, кээ бирине гана "Акыбалың кандай?" деп, суроосу дайым кыска.
Кудурети жеткен оорулуулар профессордун өзүнө каткан суроосун берип, же ыраазылыгын айтып калышаар эле. Ал кишиден жооп алгандар дароо айыкканга тете көңүлдүү болуп, далайга кеп кылып жүрчү. Оорулуулар арасында профессор тууралуу легендалар айтылчу. Алардын биринде, бир опереция маалында Иса Коноевич жүрөктүн асты жагына колун жиберип, салаалары менен эле бул жүрөктүн астында да кемтик бар экенин сезиптир да, ал кемтикти да четтетиптир деп айтылчу.
Экинчисинде бир чет элдик абдан бай адам биздин профессорго келип операция жасатыптыр да, акысына очойгон алтын берип кетиптир деп айтылчу.
Ал кезде клиниканын имараты түптүз гана бир төрт бурчтук, сол тарабындагы блогу курулуп бүтпөй турган эле. Андан ары кеп ошол курулушка такалчу: Ахунбаев клиникасын чоңойтуп, көөдөн хирургиясынан жүрөк хирургиясын өзүнчө бөлөйүн десе, жетекчилик курулушка каражат бөлбөй коюптур. Анда Ахунбаев жанагы алтынды сарптап, ишти бүткөрөйүн десе, куруучу бригаданы жибертпей коюптур деп да айтышчу.
Бул - тек уламыштар, ал эми төмөндө болгон окуялардан улуу инсан, окумуштуулугу жагынан орустун атактуу Ломоносовундай келген изденгич, талапкер, өжөр Иса Ахунбаевдин боорукердиги, чексиз адамгерчилиги көрүнөт.
Операциядан айыгып чыккандарды хирургдар кийин кайра чакырып, текшерип, керек болсо дарылап, эч качан жардамсыз калтырышпайт. Бир жолу жатканымда мурда Иса Ахунбаев айыктырган торуайгырлык бир эжеке менен палаталаш болдум. Ал Иса Ахунбаевдин келини экен. Эжеке кайнагасы тууралуу туугандары, айылдаштары эң жылуу пикирде экенин айтып, "Атпай журтубуз менен сыйлаарыбыз ошол акем эле" деп, анын боорукерлиги тууралуу муну айткан эле:
1970-жылы май айында болсо керек, Улуу Жеңишти белгилөө алдында Тору-Айгырдын борборуна Ата Мекендик согушка кетип, кайтпай калгандарга эстелик орнотуп, митинг өткөрүшөт. Сөз Иса Ахунбаевге тийгенде ал киши жаштыгында курман болгон курбуларын эстеп, көзүнөн мөлтүрөп жашы чууруп, такыр сүйлөй албай коюптур.
Профессор И.К.Ахунбаев көздөгөн максатын шайкештирип, пландуу койгон окумуштуу болгон экен, анын Кардиохирургияны өз алдынча чоң институт кылуудан башка да бир чоң тилеги бар эле. Ал максатын Иса Коноевич 1974-жылы күзүндө КТРде уюштурулган жүрөк тууралуу программада элге айткан. Ал программада академиктер И.К.Ахунбаев жана М.М.Миррахимов бул аймактагы жагдайды, жетишкендиктерди айтуу менен келечек иши тууралуу да ой бөлүшкөн.
Иса Ахунбаев өз сөзүндө жүрөктүн порогунун (иш кемтигинин) түрү жүздөн ашык экенин, эл арасында операцияга муктаж адамдар көп экенин, жардам сурап кайрылгандардын баарынан эмгегин аябасын айтып, иш өндүрүмдүү болушу үчүн сегиз жылдан бери жүрүп жаткан клиниканын жаңы бөлүгү бүтсө болот эле деди да, бир далайдан бери борбор четинде Москвадагыдай кардиологиялык санатория ачтыруу үчүн аракеттенип жатабыз. Буйруса санатория да болот. Ошондо операциядан кийин оорулуулар хирургияда көп кармалбай, ал жакка жөнөтүлүп, тыңып чыгып турушат. Себеби оор операциядан кийин оорулуу дарыгердин көзөмөлүнө узагыраак муктаж, өзгөчө алыскы райондордон келгендер үйүнө барганда кыйналып калышат, анын үстүнө хирургия бөлүмүндө башка оорулууларга учурунда керебет бошотуу маселеси да турат, - деп айткан.
Кийин, 1980-жылдары Воронцовканын (Таш-Төбөнүн) үстүндөгү Малиновкадагы Кыргызстандын ХХ жылдыгы атындагы эс алуу үйү кардиологиялык санаторий болуп кайра түзүлдү.
Мен аны көргөндө дароо "И.К.Ахунбаевдин тилеги ишке ашкан экен" дедим, бирок ал санаторий эмнегедир кардиохирургия үчүн иштеген жок.
1975-ж. январдын башында бүткүл кыргыз эли үчүн, совет медицинасы үчүн оор жоготуу болгон. Ал трагедиянын залакасы көп жылдар билинип турду, бирок даанышман Иса Ахунбаев татыктуу мектеп түзүүгө үлгүргөн экен, анын баштаган ишин шакирттери улап жүрүп кетишти.
Кийинки жылдары абдан күрдөөлдүү жылдар болду. Хирургдар улам жаңы бийиктикти алып, улам татаал операциялар жасалып жатты. Коллективге жаш адистер кошулду. Алардын бири жүрөктүн коштолгон кемтигин (порогун) операциялоо адистигин үйрөнгөн хирург Ахунбаев Медер Исаевич эле. Эми Кыргызстанда бир операция менен жүрөктүн эки-үч, төрт порогун оңдой башташты.
Маркум Медер Исаевичтин оорулууларга жасаган мамилеси өзгөчө деп, анын палатасына туш болгон оорулуулар аны пир тутушчу.
Ошо күндөн ушу күнгө кыргыз Кардиохирургиясы мурунку Совет өлкөсү бонча алдыңкылардын катарында.

Былтыр ден соолугум саал начарлап, Прагадагы айтылуу Мотол ооруканасынын кардиология бөлүмүнө түшүп калдым, бирок бат эле айыгып чыктым.
Оболу чех дарыгерлери мени көрүп эле, жүрөгүмө салынган клапанды тез арада алмаштыруу керек деп айтышты. Мындай клапандарды бул жерде 15-20 жыл мурун бүт жаңы түрүнө алмаштырышкан экен. Көптөгөн текшерүүлөрдөн кийин чех кардиологдору мендеги клапан жакшы иштеп жатканын ырасташты да, "Мындайды биз күткөн эмеспиз" деп айтышты. Мен аларга "Бизде Ахунбаев деген улуу хирург болгон. Ал Дүйнөлүк дарыгер эле" дедим.
Мен ал кишини орустун улуу окумуштуусу Михайло Ломоносов менен салыштырам. Ал экөө бирдей прогрессивдүү болгон. Экөө тең элет жеринен чыгып, сабатка, илимге умтулуп, аралыктарды тоскоолдук көрбөй, билим чордонуна жөө жетишкен жана анын бийик сересин багындырышкан.
Кыргыз улуттук медицина академиясына президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен академик Иса Ахунбаевдин ысымынын ыйгарылганын угаар замат, кыргыз өкмөтү жана кыргыз эли атактуу уулун барктап жатканына абдан ыраазы болгонумду кошумчалап айта кетейин.

Нүргүл Дыйканалиева,
Прага шаары.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan