№31,19.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сапар

БАТКЕН БАЛДАРЫНЫН
Албетте, бул сөз өтө эле шаңданган арзан оптимизмдей туюлушу мүмкүн. Бирок күжүлдөгөн базар-шаар турмушунан алыста, табигый шарты оор аймакта жайдын куйкалаган аптабына, кыштын ызгаар суугуна чыдап жашаган, жан багуу менен эле далбастап калбастан, заманды өзгөртүүгө, өлкөнү каатчылыктан сууруп чыгып, гүлдөтүүгө кудуреттүү жаңы муун өсүп чыгат деп анык ишенген мекендештерибизди көрүп келген соң менде ушундай бир жаркын үмүт пайда болду. ЮНИСЕФтин "Баткен балдары эрте жетилүүгө, билим алууга жана корголууга укуктуу" долбоорунун кандайча жүзөгө ашырылып жатканын жеринде иликтеп келүү үчүн барган журналисттер тобу да окуучулардын дилгирлигине суктанып, мугалимдер менен ата-энелердин биргелешип жүргүзгөн ишине абдан ыраазы болушту. Эмесе, сапар таасирлерин сиздер менен бөлүшүүгө аракеттенейин.

Суу-Башыдагы Любовь эжей

Баткен районундагы Суу-Башы айыл өкмөтүндө Боз-Адыр айылында Советтер Союзу менен кошо жашоосун токтоткон бакчаны жаш үй-бүлөлөр жакында өздөрү демилге көтөрүп, кайрадан ачып алышканын көрдүк. Аларды шыктандырып, уюштурган ушу жердин Лариса Салиева аттуу орус улутундагы келини болуптур. Кароосуз калып, бузулуп бараткан имаратты оңдоого, жасалгалоого, зарыл буюмдар менен жабдууга жумшалган каражаттын бир бөлүгүн жергиликтүү жамаат, айыл өкмөтү көтөрсө, бир бөлүгүн ЮНИСЕФ каржылаптыр. Ата-энелер оңдоо иштерине кол кабыш кылып, ар түрдүү оюнчуктарды колдо жасап бериптир. Кезинде Подмосковьеден түз эле ушул айылга келин болуп түшкөн дагы бир эжейди - Любовь Анатольевна Исакованы - суубашылыктар абдан жакшы урматташат. Кыргызча так сүйлөгөн бул эжей 30 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келсе, эми балдарды мектепке даярдоочу топту жетектейт.

Алдыңкы Чекте

Чек айылындагы мектепке караштуу даярдоо классында, Кызыл-Белдеги "Барчын" балдарга билим берүү борборунда болгонубузда тарбиячылар, мугалимдер да, ата-энелер да мектепке чейин даярдыктан өткөн бала менен үйүндө кала берген баланын айырмасы абдан чоң экенине ынангандыгын айтышты. "Бала бакчада же даярдоо классында окуп келген балдар ачык-айрым, кыйла эркин болот. Эң эле жөнөкөй - коомдук жайда өзүн алып жүрүүдөн тартып, билим алуунун зарыл көндүмдөрүнө чейин ээ болуп келген балдар алда канча артыкчылыктуу абалда турарына көзүбүз жетти дешет алар. ЮНИСЕФтин колдоосунда ачылган бул жана башка жерлерде кыска мөөнөттүү (2-3 саат) топтор менен да натыйжалуу иш жүргүзүлүүдө.

Жүрөк жылыткан "Нур"

Баткендин борборунда өзгөчө муктаждыктары бар балдарды колдоочу "Нур" борбору ЮНИСЕФтин Италиялык улуттук комитетинин көмөгү менен быйыл март айында ачылган. Колу-буту шал, дене-бой, психика, эмоция, акыл-эс жагынан өсүүдөн өксүгөн балдардын жан дүйнөсүнө окутуу, чыгармачыл шыкты ойготуу, жан-жаныбарларга камкордук кылууга үйрөтүү аркылуу акылмандыктын, мээримдүүлүктүн жарык шооласы аралайт. ЮНИСЕФ тартуулаган түркүн оюнчуктар, музыка, куурчак театрынын сахнасы бар. Күн сайын борборго келгенде балдар эң оболу сүрөт тартат, ал сүрөттөргө карай психологдор ар бир баланын эмоциялык абалын билип, ошого жараша кам көрүшөт.
Бул жердеги педагогдор, психологдор "опуртал топко" кирген ата-энелер менен да иш жүргүзөт. Балага эмне жетишпейт, кандай тамактандыруу керек, кайсы оюндарды жактырат, эмнелерге кызыгат ж.у.с. билүү аркылуу алардын жекече муктаждыктары, жетилүү жолу аныкталат. Ажатканага барганды, тазалыкты сактоону билбей калган балдар бул жерде тарбиячылардан, бири-биринен бат эле баарын үйрөнүп алат экен.
- Балдарды сейилдетип, ар кайсы жерлерди көрсөтүп туруу керек. Биягы Кара-Булакка, ар жагы Исфарага чейин алып барып келдик, балдардын көңүлү көтөрүлүп калды. Бизге унаа абдан зарыл, жергиликтүү бийлик же Билим берүү жана илим министрлиги ушул жагынан жардам берсе жакшы болмок, - дейт борбордун деректири Токтокан эже.
Сүйлөбөй калган же тили жакшы чыкпаган балдар бул жерде адистердин көмөгү менен тыңып, кыйласы кадимки эле мектепке кирип билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Үшүгөн жүрөктөрдү жылыткан бул борбордун адистерине, аларга колдоо көрсөтүп жаткан ЮНИСЕФке эл кандай ыраазы экендигин көрдүк.

Ысык "Салам"

Бизди Сох анклавынан чыга бериште тосуп алып коштоп жүргөн Чынара Ахмедова ЮНИСЕФтин "Жамааттык билим берүү жана балдарды мектепке даярдоо" долбоорунун координатору экен. Кайсы бакчага, мектепке барбайлы, бардык жерде кандай ийгиликтер жана маселелер бар экендигин жергиликтүү педагогдордой эле билерин көрдүк. "1990-жылга чейин Баткен районунда 80 бала бакча иштеген болсо, 2000-жылы экөө гана калган. 2006-жылдан бери элдин өз демилгеси, ЮНИСЕФтин долбоорунун колдоосу менен 10 бакча ачып, кайра 12ге жеткирдик, - дейт ал. - 9 мектепте даярдоо класстары иштей баштады. Медиктерди калк менен жакындан иштешүүгө үйрөттүк, ата-энелер арасында демилгечил топ түзүлүп, балдарды мектепке эртерээк даярдоонун маанисин, тазалык ченемдерин сактоонун маанисин түшүндүрүштү".
Маалымат жайылтуу, агартуу жагынан Баткен аймагында мындан сегиз жыл илгери бир нече эларалык уюмдун ("Эларалык сабырдуулук үчүн" коомдук фондунун, БУУнун балдар фондунун - ЮНИСЕФтин жана Интерньюстун) биргелешкен долбоору катары ачылып, эми коммерциялык негизде иштеп жаткан "Салам" радиосу зор иштерди аткарууда. Түз эфир аркылуу ата-энелер адис педагогдон, психологдон, социалдык кызматкерден баалуу кеңештерди алышат. Маалымат мейкиндигин кошуна Өзбекстан менен Тажикстандын каналдары ээлеп жаткан бул чөлкөмдө "Саламды" кызыгып уккандар адбан көп дешет мында иштеген жигиттер.

Депутат эмне дейт?

Кийинки күнү мектептер менен бала бакчаларды кыдырып жүргөн Жогорку Кеңеш депутаттары, облус губернаторунун орун басары, Талас районунун акиминин орун басары, Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Баткен аэропортунан учуп кетер алдында чакан брифинг өткөрдү. Алар да бул аймактагы жагдайды өз көзү менен көргөндөгү таасирлерин айтуу менен бирге, ЮНИСЕФтин жүргүзүп жаткан ишине зор баа беришти. Депутат Г.Дербишева жамааттык бала бакчаларынын, мектептердеги парламент, өкмөт сыяктуу балдарды саясий, жарандык багытта тарбиялоочу түзүмдөрдүн ишин абдан пайдалуу, маанилүү деп баалады. "Жакында "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште каралат, ошондо биз бул күндөрдө ата-энелерден, педагогдордон уккан сунуш-пикирлерди эске алууга аракеттенебиз. Парламентте мектеп формасына байланышкан маселени да олуттуу түрдө карап чыгышыбыз керек, анткени бул жааттагы азыр практикаланып жаткан саясатта көптөгөн алешемдиктерге жол коюлган. Мисалы, ата-энелердин каржылык мүмкүнчүлүгүн эске алып, формаларды арзан, сапаттуу тиктирүү керек. Анан, эртерээк макулдашылбай калганда, балдарына жаңы кийимди сатып алгандар кайрадан чыгымга учурап каларын унутпашыбыз керек", - деди ал.

Раззаковдун кичи мекенинде

Лейлек районунда Катраң, Кара-Булак айылдарындагы Балдарды эрте жетилтүү борборлоруна бардык. Катраң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Болотов Абдысалам ЮНИСЕФтин колдоосу менен ачылган мектепке даярдоо топтору жөнүндө абдан толкунданып айтып берди.
Лейлек жергесин кыдырып жүргөндө ошол эле мектептерди, бала бакчаларды көрүү үчүн барган ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Тим Шафтер мырза менен кезигип калдык. Ал жергиликтүү калктын демилгеси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук билим берүү башкармалыгынын көмөгү жакшы болуп жатканына ыраазы экендигин белгилеп, жалпы зор максат үчүн ар тараптуу кызматташтык мындан ары да жемиштүү уланарына ишенерин билдирди. "Долбоордун ишин мамлекет өзү колго алып улантып кетет деп үмүттөнөбүз, анткени Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев мырза быйыл 10-январдагы кайрылуусунда билим берүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экендигин баса белгилеген", - деди Шафтер мырза.
"ЮНИСЕФтин азыр Кыргызстанда жүргүзүп жаткан долбоору башка өлкөлөрдө да колдонулганбы?" деген суроомо ЮНИСЕФтин биздеги өкүлүнүн орун басары Раша Мсифер Пирата: "Мароккодо бул тажрыйба кеңири жайылтылган, абдан натыйжалуу экенине көзүбүз жеткени үчүн Кыргызстанда да колдонууну чечтик", - деп жооп берди.

Кыргызстандын келечектеги лидерлери

Кыдырып көргөн башка жерлерде да сонундар көп эле болсо да, бизди таң калтырган жаңылык Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү Кара-Камар айылында табылды. "Курулуш" орто мектебинин деректири Кенжеев Эрназар агай саламдашып тосуп алгандан кийин эле: "Бардык иштерди балдар өздөрү айтып берет", - деп, мектептин президентин, премьер-министрин, министрлерин, парламент мүчөлөрүн бизге тааныштырды. Алар ЮНИСЕФтин долбоору боюнча үч багытта (жамааттын билим берүүнү башкарууга катышуусу, санитария-гигиена, окуучуларды өз алдынча башкарууга үйрөтүү) жүргүзүлүп жаткан иштерди абдан кызыктуу баяндап беришти. Саламаттык сактоо министринин портфолиосунда мектептин бардык класстарындагы окуучулардын тизмелери, мезгил-мезгили менен текшерүүдөгү ар биринин тазалыгына, тыкан кийингендигине ж.б. баа коюлуп турат экен. Билим берүү министри ар бир окуучунун кайсы сабактан эмне үчүн начар баа алып жатканын көзөмөлдөйт. Маданият министри ыр-бийге, музыкага, сүрөт тартканга кызыккан окуучулар менен иш жүргүзөт ж.у.с.
- Силерди көзгө илбей, укпай койгон окуучулар болобу? - деп президент менен министрлерден сурадым.
- Жок. Анткени биз адегенде жалпы талкуу, сунуш-пикирлерди чогултуу аркылуу мыйзам кабыл алабыз. Андыктан каяша айткандар жокко эсе.
Бишкектен барган журналисттер бул алыскы айылдын балдарынын ачык-айрым мүнөзүнө, максатка умтулган дилгирлигине суктанышты. Быйыл бул мектептин окуучуларынын ушундай демилгечилдигин байкаган "Инсан-Лейлек" коомдук фонду лидерлерди Ысык-Көлгө "Эвергриния" лагерине алып барган. Ал жерде үйрөнгөн компьютерде иштөө, дубал гезит чыгаруу сыяктуу сонундарды каракамарлык балдар кийин райондогу лагерде башка теңтуштарына өздөрү үйрөтүштү.


Жаш мугалимдерди кантип кармайбыз?

- Мектеп 1985-1989-жылдары ашар жолу менен курулган. 2000-жылы орто мектепке айланган. Жаңы ачылганда 2-3 гана жогорку билимдүү мугалими бар болсо, деректирдин тынымсыз аракетинин шарапаты менен жыл сайын окуучулар жождорго өтүп жүрүп, азыр 15 мугалимдин 14ү жогорку билимдүү болуп калды. Мурда райондук билим берүү бөлүмү мугалимдердин катарын толуктоо тапшырмасын берген эле, 2003-жылы фронталдык текшерүүдө билим сапатын жогорулатуу милдетин койду. Биз бул тапшырмалардын экөөн тең аткардык деп ойлойм. Быйыл улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгында биздин мектеп райондогу 10 мыкты мектептин катарына кошулду, - деп сыймыктанат деректир Эрназар агай. - Бирок азыр жаш мугалимдерди кармап калуу кыйын болууда. Мал багып, ижара жер иштеткенге алардын мүмкүнчүлүгү болбойт, үлүш жер да 1994-жылы таратылып бүткөн. "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдагы талаптар эле толук аткарылса, абал кыйла жакшырмак. Мисалы, жаңыдан окуусун бүтүрүп келген адиске айыл өкмөтү он минималдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жардам берүүгө тийиш.
- Айыл өкмөтүнүн буга каржылык мүмкүнчүлүгү барбы?
- Албетте, бар. Биздин айыл өкмөтүндө сугат жер көп, жергиликтүү салыктардан түшөт, кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижара акысынан ж.б. топтолуучу бир миллиондон ашуун сомдук бюджети бар. Тамарка жер берүүнү да көзөмөлдөө керек. Мисалы, биздин мектептеги үч мугалимге берилбей келет.

Кызыл желек, жашыл желек...

Бул айыл өкмөтүнүн аймагында ЮНИСЕФтин долбоору боюнча аткарылып жаткан иштерди айылдагы демилгечил топтун мүчөлөрү да айтып беришти. Ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир үйдө тазалыкты сактоо шарттарын, балдардын үйдө даярдануусу үчүн стол, отургучтары бардыгын текшерип, окуучулардын сабакка катышуусун жакшыртууга жетишиптир.
- Катышууну жакшыртууга жалаң эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жетиштиңиздерби же башка ыкмаларды да колдондуңуздарбы?
- Үй чарба карталарын түздүк да, кайсы үйдөн окуучу сабакка дайым келип жүрсө, ага кызыл желек, анча-мынча келбей калып жүргөндөрдүн үйүнүн чатырына көк, ал эми сабактан көп калгандардыкына жашыл желек илебиз. Мунун натыйжасында азыр жашыл желектүү үйлөр азайып, көк желектүүлөр жоюлуп калды, - деди ушундай топтун мүчөсү Кушбакова Назира. - ЮНИСЕФтин "Баткен балдары эрте жетилүүгө, билим алууга жана корголууга укуктуу" долбоорунун алкагында айылдарды кыдырып, 3 жаштан 17 жашка чейинки балдардын тизмесин тактадык. Ар бир бала билим алууга укуктуу, ал эми ата-энелер, жергиликтүү жамаат, жергиликтүү бийлик алардын бул укугун камсыздоого милдеттүү деп түшүндүрдүк. Таза суу жетишпегендиктен ичеги оорулары көп кездешет. Дарылоодон көрө алдын алган оңой деп, балдарга жалаң кайнатылган гана сууну ичиргенге үйрөттүк. Айыл өкмөтүндөгү 7 мектептин ар бирине бирден электр плитасы, экиден кол жуугуч сатып берилди. Маматкулова Нурзада аттуу окуучубуз жазган долбоордун негизинде ушул жети мектепке атлас, глобус, китептер алынды. Айыл тургундарына ичек курттар жана алардан сактануу жолдору жөнүндө фильмдерди көрсөтүү үчүн дагы бир долбоордун негизинде ФАПка телевизор жана DVD алып бердик.

Мааникерди ким сүрөйт?

"Курулуш" мектебине сүрөөнчүлүк жардам берип жүргөн жергиликтүү тургундар да бар экен. Исаев Сүйүн аттуу аксакал окуучулар өткөргөн ар кандай иш-чараларга каржылык жардам берет. Мыкты окугандарга чейрек сайын 50, 100 сомдон стипендия тапшырып турат.
Кара-Камардан кайтып, Ак-Суудагы М.Горький атындагы орто мектепке келдик. Бишкектен журналисттер келерин угуп, кошуна "Эгемендүүлүк" мектебинин деректири, президенти да күтүп турушкан экен. Эки мектептин өкүлдөрү, окуучулары (президенттери, министрлери ж.б.) ЮНИСЕФтин долбоорунун алкагында аткарылып жаткан зор иштерди абдан ыраазылык менен айтып беришти. "Эгемендүүлүктөн" келгендер окуучулардын өз алдынча башкаруусу кандайча жакшы уюштурууга болорун көргөндүгүн айтышты. Чындыгында булардын тажрыйбасын кээ бир шаардык мектептер деле үйрөнсө болчудай.
Биздин мыкты авторлорубуздун бири Тайир Аширбай ушул М.Горький атындагы мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан окутат. Ал мугалимдердин, окуучулардын жазган ырларын иргеп, даярдап, райондун "Атажурт" гезитине чыгарып жүрөт экен. Быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жылына карата сонун кереге гезит уюштуруптур. Кыргыз тилине арнап жазган публицистикалык поэмасын Бишкектеги гезиттердин бирине сунуш кылуу үчүн мага берди.

Бабакул агайдын баасы

- Мектептердин материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатат, - деди райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Бабакул Осмонов. - Айрыкча акыркы эки жыл ичинде биздин районго мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп жатат. Мисалы, эки жаңы мектептин имараты курулду. Кечээ жакында 286 жаңы маркадагы компьютер, 60ка жакын принтер, 54 көчүрмө аппарат келди.
- Информатика мугалимдери жетишеби?
- Негизинен, жетишет. Кээ бир четки мектептерге гана жетишпейт, алар үчүн да мугалимдерди курстарга жиберип даярдап жатабыз. 1-сентябрда министр И.С.Болжурова өткөргөн ачык сабакты баарыбыз - мугалимдер, окуучулардын көбү - телевизордон көрдүк. Бул билим берүүгө мамлекеттик деңгээлдеги мамиленин белгиси.
- Сиздердин мектептер Интернетке качан кошулат?
- Азыр эки-үч мектепте бар. Эми бардык мектептерге тегиз жеткире албасак дагы, ар бир айыл өкмөттөн бирден базалык мектепти Интернетке кошобуз.
- Кышка даярдык кандай?
- Мурда биздин мектептерде жалпысынан 2 миң тонна көмүр керектелип келген болсо, быйылкы шартка ылайык 6 миң тонна камдоо зарылдыгы такталды. Мунун жарымынан көбү ташып жеткирилди. Мештер да орнотулууда. Албетте, келечекте колдонобуз деп азыркы колдо бар электр буу казандарын да бузбай, тескерисинче, оңдоп даярдап койдук.
- Өзбек, тажик мектептериндеги абал кандай?
- Булардагы кадр маселеси негизинен чечилген. Окуу китептер менен да кыргыз мектептерден калышпаган деңгээлде камсыздалууда.
Оңдоо иштерин толугу менен бүтүрдүк. Бирок мектепке чейинки балдарга тарбия берүү жагынан өкмөттүн мүмкүнчүлүгү чектелүү. Андыктан ЮНИСЕФтин ушул долбооруна баарыбыз чоң алкыш айтабыз. "Инсан-Лейлек" коомдук фондунун (жетекчиси Сагынбек Сейдалиев) "Баткен балдары эрте жетилүүгө, билим алууга жана корголууга укуктуу" долбоору аркылуу биздин бөбөктөрүбүз үчүн жакшы шарт түзүлүп жатат.
Былтыр бизде ар кайсы предметтер боюнча 130 мугалим жетишпейт эле. Бишкектеги, Оштогу жогорку окуу жайлардын, Баткен университетинин, Сүлүктүдөгү филиалдын бүтүрүүчүлөрү келип абаа кыйла оңолду, эми райборбордон алыскы айылдарда англис тили, физика, математика сыяктуу сабактар боюнча жалпысынан 20дай гана мугалим жетишпей турат.