23-сентябрь - мамлекеттик тил күнү
Мамлекеттик тил жумалыгына даярдыктар чоң
23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата республиканын бардык жогорку окуу жайларында 19-сентябрдан 27-сентябрга чейин мамлекеттик тил жумалыгы өткөрүлөт. Бул билим берүү жана илим министри И.Болжурованын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" мыйзамды ишке ашыруу максатында" атайын буйругунун негизинде ишке ашырылууда.

5-бет




КТО СПОСОБЕН ВОСПРИНИМАТЬ ЧУЖУЮ БОЛЬ КАК СВОЮ
8 стр.




Ыйык салам сага
айтам, эне тил!
Жанар тоодой оттуу ырдын саптарын,
Жараткандын атын атап баштадым.
Улуттук тил, сага таазим кылам деп,
Улуулуктун босогосун аттадым.

Кыргыз жерин жеңилбеген жер деп бил,
Кыргыз элин эркин өскөн эл деп бил.
Ыйыктыксың, бийиктиксиң бир өзүң,
Ысык салам айтам сага, Эне Тил!

Ата Мекен үчүн бекем тирексиң,
Атуулдук парзыбызсың, тилексиң.
Кыргыз тилим, алатоолук кыргыздын
Колундагы кызыл туусуң, желексиң.

Кыргыз тили - жүрөктөрдүн кагышы,
Кан тамыры, жашоодогу жарышы.
Кыргыз тилин кастарлаган калкымдын
Кенен болсун, терең болсун арышы.

Кыргыз руху, Саманчынын Жолусуң,
Кыргыз жери - сенин ата конушуң.
Үч кыл комуз сага түгөй, ашык жар,
Үзүлбөсүн коңгуроолуу добушуң.

Кыргыз үнү, мөл булактай тазасың,
Кандай тунук нарк-насилиң, башатың.
Алатоону мекендеген, жердеген
Ак калпактуу кыргыз калкым жашасын!
Тайир Аширбай.




Мугалимдер педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөөнү талап кылып жатышат
Маалымат агенттиктери тараткан маалыматта ар кайсы аймактардан келген жыйырма чакты мугалим Жогорку Кеңеште болуп, эмгек акы боюнча карызды төлөп берүүнү кармап жаткан Каржы министрлигине нааразыланган кайрылуу жолдошту.
Аларды Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитетинин жетекчиси Иса Өмүркулов кабыл алып, маселе ЖКда каралат деп убада берди. Акыйкатчылык издеп Бишкекке келген элеттик мугалимдерди вице-премьер-министр Элмира Ибраимова кабыл алып, алардын арыз-дооматын уккан. Бирок мугалимдер өкмөттүн убадасына көп деле ишеним артпай, көйгөйлөрү жакында чечилбесе чукул нааразылык иш-чараларына барганы жатканын билдиришти.

Кыргызстанда жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепция даярдалып жатат
Аталган долбоорду президент администрациясынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттардан Алишер Мамасалиев кирген жумушчу топ иштеп чыгууда.
"Азаттыктагы" маегинде А. Мамасалиев концепция октябрь айында коомчулукка жарыялана тургандыгын маалымдады. Депутат жаштар иши боюнча мамдепартаментти өкмөттөн утур-утур каражат сурап, акча тартыштыгын маселеге айлантып өзүнүн ишин жүргүзө албады деп сынга алды. Бул улуттук концепция ага киргизилген жаңы технологиялар, ыкмалар менен айырмаланмакчы. Ага ылайык жаштар департаментин бир жылдын ичинде жоюп, ар бир министрлик, мекемеде жаштардын бөлүмдөрү түзүлмөкчү. Бөлүмдөрдү көзөмөлдөөнү президенттин администрациясы колго алат. А. Мамасалиев жаштар саясатын жүргүзүү актуалдуу маселеге айланганын, учурда жаштар ислам радикал уюмдарга жана кылмыш чөйрөсүнө арбын тартылып жатканын, ушундан улам жакын арада чоң проблема чыгышы мүмкүн экенин эскертти.
"Азаттык"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan