№30,12.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ойлор, сунуштар, пикирлер

Улуттук генефондубузду кантип жакшыртабыз?
Менин жашым 80ден ашып, карылыктын доорун сүрүп жаткан учурум. Кудайга шүгүр, пенсиябызды убагында алып, социалдык жеңилдиктерден пайдаланып жатабыз. Жыйындарда өз пикиримди айтып, сунуштарымды ортого салып калам. Убагымдын көпчүлүгүн Алабукадагы педагогикалык гуманитардык институтунун алдындагы колледждин угуучуларына, мектеп окуучуларына ыйман сабагынан сабак берип, улуу муундардын, аталарыбыздын тажрыйбаларын айтып, аларга ыйман жөнүндө түшүнүк берем. Бул сапар улуттук генефондубуз жөнүндө сөз кылайын деп турам. Анткени, бири-бирине байланыштуу бул көйгөйлүү маселени азыр чечүүгө салымыбызды кошпосок кийин кеч болуп калчудай. Мүмкүн мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары төмөндөгү пикирлеримди окуп калышса, атайын мыйзам кабыл алуу үчүн пайдаланып калышар деген үмүтүм бар.

Жашырганда эмне, жыл өткөн сайын ден соолугу чың балдардын төрөлүшү көрүнөө азайып баратат. Муну эч жакка барбай эле аскерге чакыруу үчүн медициналык кароодон өткөн өспүрүмдөрдөн билип алса болот. Башкача айтканда аскерге жараксыздар жыл өткөн сайын көз көрүнөө эле арбып баратканын жашыра албай калдык го. Ошого карабастан ар түрдүү оорулар көбөйүп, ичкиликке берилүү, наркоманияга ыктоо тездик менен өсүп баратканын көрүп туруп, көз жаздымда кантип калтыра алабыз. Маселен, дүйнөлүк маданиятка ыктоо деген процесс мүмкүн биздин генефондубузду түбү келип ойрон кылып жүрбөсүн. Себеби, жаштарыбыз Европанын орой тил менен айтканда "жылаңач маданиятына" берилип, баш оту менен кирип баратат. Ата-бабаларыбыздан келаткан ыйман, каада-салт, жаштарды тарбиялоого деген кылымдарды карытып, улутубузду сактап келген сапаттарыбыз да жуулуп бараткандай туюлат. Бир эле мисал келтирейин. Мындан 10-15 жыл мурда СПИД деген балакеттин атын гана угуп, бизге келбей тургандай сезилчү. Азыр өзүбүздүн атуулдар бул кылым чумасын жуктуруп алып, шаар эмес айыл кыштактарга чейин келип калды. Ал түгүл бул оору менен наристелердин жабыр тартышы зээнди кейитпей койбойт.
Мен Меккеге барып, ажылык сапарымды өтөп келген адаммын. Ал жакта бир дүкөндө да спирт ичимдиктери сатылбайт экен. Ал эми биздин өлкөдө бул "жинди суу" адам баласы баралбаган айылдарга чейин жетип калганына таң калам. Эң өкүнүчтүүсү ошол жайнаган сатуучу жайларда күндүзү да, түнү да спирт ичимдиктерин, тамекини жаш балдарга чейин сата бергендигинде. Сатуучулардын соодасы жүрсө болду да. Мунун кесепетинен арак ичкендер, тамеки тарткандар өзгөчө жаштар, болгондо да окуучулар арасында көбөйүүдө.
Бир жылда жүрөк кан тамыр ооруларынын, спирт ичимдигин ичип алып автоаварияга учурагандардан эле 10 миңден ашык адамыбыздан ажыраппыз. Анан кантип генефондубуз жакшырып, кыргыздын саны көбөйөт. Мындан 20 жыл мурдагы маалыматка салыштырмалуу коңшулаш өзбек калкы эки барабардан ашык көбөйдү. Кыргыздар 5-6 миллиондон ашпай койдук. Демек төрөлүү да экономикабыздын төмөндүгүнөн, социалдык шарттын начардыгынан жогорулабай жатат.
Жогорудагы айтылгандардан улам төмөндөгүдөй сунуштарды киргизип, мыйзам менен бекемдеп койсок келечегибиздеги генефондубузга тазарышы үчүн чоң иш кылган болор элек:
1. Келечегибиз болгон жаштарыбыз сөзсүз түрдө никеден, ЗАГС каттоосунан өтүп үйлөнүшү зарыл. Ошондо алардын ата-энелери балдарынын ден соолуктарына да көңүл бурушат эле.
2. Азыр тамеки, спирт ичимдиктери генефондубуздун негизги душманы десек болот. Ошон үчүн "жинди сууну" өзгөчө жашы жетпеген өспүрүмдөргө сатууга мыйзам чегинде тыюу салынса.
3. Эзелтен ата-бабаларыбыз балдарын үйлөнтүүдө алардан тегин сүрүштүрүп, анан баш кошууга уруксат беришкен. Себеби, жакын туугандардын никелешүүсү алардын төрөлгөн наристелердин кем акыл, псиxикалык оорулуу болуп каларын, алар кийин генефондубузга терс таасирин тийгизерин биз эмес илим да кашкайта далилдеп отурат. Муну мен соңку убактарда турмуш кыйынчылыктарынан улам жакын туугандар кудалашкан көрүнүштөрдүн көбөйүп баратканынан улам айтып жатам.
4. Учурда аз кандуулук өзгөчө энелер арасында кеңири таралып баратат. Демек, аларды ар тараптуу социалдык камкордукка алуу зарылдыгы туулуп отурат. Мына коңшулаш Россияда жаңы төрөгөн энелер үчүн төлөнүүчү жөлөк пул, социалдык жеңилдиктер да көбөйдү. Биз дагы жаш энелер үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз керек. Ошондо алар балдарын көбүрөөк сүтү менен багып, тарбиялоо үчүн да көп убактарын бөлүшөт экен. Акыры эненин сүтүнүн ордун эч нерсе алмаштыра албайт го. Келечекте жаш муундарыбыздын ден соолугу чың, акыл-эстүү болсун десек жогорудагы сунуштарды сөз жүзүндө эмес мыйзам менен бекитип алышыбыз керек. Ошондо генефондубуз тазарып, улуттук маданиятыбызды, үрп-адатыбызды, адеп-аxлагыбызды сактап калган болобуз.
К.Нуркулов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.




Баланы эмгек гана тарбиялай алат
Бала, баланын келечеги үчүн биринчи иретте ата- эне жоопкер. "Баланы тууйт экенсиң, бирок кыял-жоругун туубайт экенсиң" деп кээ бир энелердин бушайман болгон учурун көп эле жолуктурасың. Мамлекет, коом тарбиялай турган ар түрдүү шарттарды түзсө, чөйрөсү да келишип турса, ал эс акылы туура калыптанган болсо, жаман адам чыга койбос.

Баланын кыял-жоругу, албетте, тубаса, анан тарбиясына жараша болот да. Балага бир эле ата-эне эмес, чөйрө, коом, акырында мамлекет да жоопкер.
Акыркы күндө окуу-тарбиялоо иштери аз-аздап жанданып, келечектүү нукка бурулууда. Бирок али да кайра карала турган иштер көп. Биз элеттикпиз. Шаар менен элет окуу жаатында бирдей эле программада иштеп, окутуп тарбиялоодо. Программасы бир болгону менен элетте жалпы билим берүүчү мектептердеги иштердин абалы бирдей эмес. Бала жөндөмүнө жараша билим-тарбия алгыдай шарттар элетте түзүлө элек.
Турмуш өзгөчө бир талаптарды коюп жатат. Шаар жерин эле эмес, элетти да машина каптады. Ар бир экинчи короодо машина турат. Анын терс таасири жаш балдарга тийүүдө. Техникага кызыгышкан алар эптеп үйрөнүп алышып, көчөгө айдап чыгып жатышат. Айдаганы менен жол эрежелерин билишпейт. Андыктан менин оюмча мектептерде массалык түрдө машина айдаганды үйрөтүүнү сабак катары киргизүү зарыл деп ойлойм. Муну 7-8-класстардан баштаса, орто мектепти аяктап жатканда балдар кадимкидей шофер-механик болуп чыгышпайбы. Аларды окутуучу мугалим айылда четтен табылат. Улгайган механизатор-шоферлор бар, ошолорду пайдаланса болот.
Бур биринчи сунушум. Экинчиси балдардын ден соолугуна тиешелүү. "Биринчи байлык - ден соолук" дейт кыргыздар. Ден соолуктун машакаты бала күндөн башталаары белгилүү. Андыктан бала мектепке барган күндөн баштап "медицина алиппесин" окуп, ден соолукка байланыштуу эң жөнөкөй эрежелерден баштап, жогорку класстарга келгенде алгачкы медициналык жардамды көргөзүү ыкмаларын үйрөнүп алышса жаманбы?
Айылдарда медпункттар, ооруканалар бар. Алар да мектеп менен бирдикте иш алып барышып, атайын сабак өткөрүүчү кез келди деп ойлойм. Бирок мурунку совет жылдарындай мектепте жөн гана медиктердин бар болушу эмес, алар балдарга сабак өтө тургандай болушса. Эң маанилүүсү, балдар окуган сабагы боюнча аттестатына, күбөлүгүнө медицина боюнча баа алгыдай болушу керек.
Эл ичин, айрыкча, элет жерин спирттик ичимдик басты. Азыр кары-жашы, улуу-кичүүсү, аял-эркеги дебей, чен өлчөмү жок арак ичмей адатка айланды. Эч ким буга таң калбай да калды. Балдарга таалим-тарбия саатында арак, тамеки, наркомания боюнча да сабак өтүү зарыл. Балдар бул адаттардын ден соолукка кандай зыяны бар экенин орто мектепти бүткөнчө билип чыгышсын. Бул сабактарды атайын мектеп программасына кийирип окутуу керек.
Экология мектепте сабак катары сөзсүз өтүлүшү керек. Анткени бул проблема ошого арзыйт. Кыргыз жери тукулжурап, табияты өзгөрүлүп, токойлор жоголуп токой болуп баратат.
"Кызга кырк үйдөн тыюу" дейт кыргызда. Жаш адамга ар тараптан көзөмөл күчөтүлбөсө, ар кандай беймаза иштерди жасай берет экен. Бала коомдо өз ордун туура табышы үчүн ага жардам беришибиз керек деп эсептейм. Бир эле мектеп эмес, мугалим эмес, жергиликтүү бийлик, тескөөчү орган, врачтардан бери жооптуу болушсун. Эмне, тескөөчү орган сөзсүз эле бала тартип бузуп жаман ишке барганда тескей баштап же врач баланы сөзсүз эле ооруганда дарылаш керек бекен?!
Мамлекет балага шаар - кыштак, кыштак - шаар формуласында тарбия берүүчү программа иштеп чыгуусу зарыл. Ошондо гана кыргыз пейилин сактап кала алабыз. Мурда орус коомунун акылман адамдары "обломовщина", "хлестаковщина" көрүнүштөрүн катуу сындашкан. Шаар турмушу азыр баланы ошондой абалга алпарып жатат. Баланы эмгекке тартып, кыргыз жеринин табиятын ар бир жашоочусуна көргөзүп, тааныштырып чыгуу керек. Баланы эмгек гана ар тараптуу өнүккөн адам катары тарбиялай алат.
Эл башталгыч класстардын балдарына бирдей мектеп формасы киргизилгенин зор кубаттоо менен кабыл алды. Ушул тартипти бара-бара күчөтүп, бүтүндөй мектеп турмушуна көчүрүү керек.
Мектеп "бумажная волокида" оорусу менен ооруган. Бул мугалимдин колун, убактысын байлагандык. Текшерүүчү келсе эле кабинетин, анын жасалгасын көрмөй адаты бар. Мугалимдин ишине ошого карата баа беришет. Бул туура эмес деп ойлойм. Анткени анын балага кылча да тиешеси жок. Бала андан тарбия да, билим да алалбайт. Мугалимдин бардык жөндөмү, билими, убактысы балага тиешелүү. Мугалим баланын өзү менен жекече да, коомдук формада да иш алып баруучу фигура. Текшерүүчү мугалимдин ишинин жыйынтыгын баладан издеши керек.
Кичкин Жунусов,
КРнын эл агартуусунун отличниги,
Кара-Кулжа району.