№30,12.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Педагогдун өнөрканасынан

Баланы бузбагыла!
Бала таза, күнөөсүз. Баланын таза дүйнөсүн тышкы таасирлер өзгөртөт. Бул педагогикада белгилүү нерсе.

Бала - тарбиялоочуларга тикеден-тике көз каранды. Үй-бүлөдө ата-эненин тарбиясына бакчадагы, мектептеги кошумча тарбиянын таасири баланы өзгөртөт.
Баланын таза дүйнөсүн булгабай, чоң адамга жасагандай, ишенимдүү мамиле жасоо керек. Башталгыч класстын баласын мактап, алдап окутуу же тарбиялоо керек деген ой таптакыр туура эмес. Мектептеги өзүн-өзү башкарууну 1-класска келгенден баштоо зарыл. Бала эмнеге милдеттүү экенин сабак учурунда, айрыкча класстык саатта (тарбиялык саат) өтө пайдалуу, турмуштук мисалдар менен мүмкүн болушунча көргөзмөлүү, так айтуу өтө чоң пайда берет экен. Бирок азыркы учурда тарбиялык сааттар өз деңгээлинде өтүлбөй жаткансыйт.
Айрыкча жогорку класстын окуучуларында сабакка кызыкпай, сабакты көп калтырып, сабакка катышпай качып кеткен учурлар болот. Айрым жогорку класста класс жетекчилер чыдабай улам-улам алмашыла берилет. Мен башталгыч класстын мугалими болгондуктан, бир педкеңешмеде эң начар жогорку класска класс жетекчи болуп берейинчи деп сунуш кылган элем. Ушул сунушумду эске алып, мектептин директору менен тарбия завуч мени чакырып 2006-2007-окуу жылында 10-классына класс жетекчи болуп сабакка тартып, тазалыгын, тартибин оңдоо жагын айтып үч тараптуу келишим түздүк. Мен ишти ошол эле күнү сабак учурунда класс менен таанышуудан баштадым.
- Кана балдар, эртең ким сабактан калат, кимдин жумушу бар? Бир бала жооп сурады. Атасы өтүп кеткен, үйдө эң чоңу, өздөрүнө үй салып жатыптыр. Бул мени өтө ойлонтту. Үйүнө барып апасына жолугуп, бала менен сүйлөшүп, 6-күнү жооп бере турарымды айттым. Жумалап сабактан калгандан көрө, бир күн калуусу азыраак сезилди. Калба дейин десем, үй-бүлөлүк шарты оор. 8-майда баягы бала сабакка келген жок, калган окуучулар толук келишти. Сабактан кийин дагы сүйлөштүм. Мурдагыдан бир аз өзгөрө башташты. Ар бир баланы изилдеп чыктым. Балдардын арасында өтө эле коркунучтуусу жок чыкты. Тоң моюн, терс кыял бир эле окуучу бар экен. Аны менен да тил табыштым. Бир топ сүйлөшкөндөн кийин, силер 9-Май күнү жогорку айылдын балдары баягы балага бир аз жардам бербейсиңерби, ал да сабактан калбай келип турат эле деген сунушту айттым. Балдар колдошту, бирок толук ишенген жокмун. 9-май күнү алыстан байкасам чогуу келишип жардам берип жатышыптыр.
Мындан тышкары дагы бир топ класстык сааттарды өттүм. Ошол сабактардын бирин сиздерге сунуш кылайын.

I. Сабактын темасы: Мага кандай кыздар жагат.
II. Сабактын максаты: 1) Окуучуларга кыз кишилердин сулуулугун, назиктигин, мээримдүүлүгүн жана жардамга муктаждыктарын түшүндүрүү.
2) Боорукердикке, адептүүлүккө, камкордуулукка тарбиялоо.
III. Сабактын жабдылышы: Кыздардын түрдүү сүрөттөрү, карточкалар тыкан, формасы жүрөкчө түрүндө даярдалат.
IV.Сабактын формасы: Аңгемелешүү
Сабактын жүрүшү
А) Уюштуруу
- Класстын тазалыгына көз салуу.
- Досканын тазалыгы ж.б.
Жаңы тема: Мага кандай кыздар жагат (доскага жазам)
Карточкаларды таратып берем.
1-карточка. Биздин класстагы кыздардын кимисинин мүнөзү сага жагат?
2-карточка. Кайсыл кыз класста баркы жок, эмне себептен?
3-карточка. Сага кандай кыз жагат?
4-карточка. Силердин класстагы кыздарга жасаган мамилеңер туурабы?
Балдардан оозеки жооп алдым. Биринчи сабак болгондуктан уялышып кыска-кыска жооп беришти. Жоопторун кубаттап мен теманы өтүүгө кириштим.
Тема: Мага кандай кыздар жагат?
Мага бардык кыздар жагат. Себеби ар бирибиздин үйүбүздө эжелерибиз жана карындаштарыбыз бар. Алар биздин эң жакын адамдарыбыз. Назик, таза, боорукер жана сулуу. Эч ким капа кылууга акысы жок. Аларды коргой турган ата-энелерибиз жана ага-инилерибиз. Алар окууга, ойноого, эс алууга, каалагандай жашоого укуктуу, эңсегендери келечекте ар түрдүү кесипти аркалоо жана эне болуу. Биздин класстагы кыздар да бир туугандарыбыздай курбуларыбыз, алар да бардык жакшы нерселерге укуктуу, сыйга татыктуу.
- Көрдүңөрбү, балдар? Кыздар ушундай. Силер өзүңөр жооп бергендей, таза, тыкан, сылык кыздар ар бир адамга жагат.
- А эмне үчүн класстагы силер атаган таза, тыкан, сулуу, сылык кыздарды сыйлай албайсыңар?
- Аларга кичине эле сүйлөп койсоң, урушат.
- Демек, силер туура мамиле жасоону билбейсиңер. Аларга орой мамиле жасайсыңар. Мен байкап жүрөм. Марат кыздарга жакшы мамиле жасайт, өзү да таза, тыкан, класста өтө шоктонгонун байкабадым. Эмне Мараттын колунан шоктонуу, оройлук келбейби?
Ошентип карточкадагы суроолор аркылуу сабакты жыйынтыктоого өтөм.
- Силерде шарт бар. Баарыңардын киймиңер жетиштүү. Тазалыктын проблемасын өзүңөр чече аласыңар. Ар дайым биринчи күнү ич кийимиңерден бери текшерем. Ар бириң кыздар жөнүндө сунушуңарды, пикириңерди айттыңар. Эми өзүңөр жөнүндө да ойлонууга туура келет.
- Силер небак эле сындан өткөнсүңөр. Ошону унутпагыла. Ушул учурда балдар ойлонуп, ичтеринен күлүп, ыңгайсызданып жатканын байкоого болот экен. Жашыңар кыздарга орой мамиле кылууну эмес, кам көрүүнү, аену талап кылып калганын билгиле. Карагылачы баарыңар жакшынакай, сулуу балдарсыңар, бир гана мамиле кылууну эске албайсыңар.
- Эми эртеңден баштап тышкы көрүнүшүбүз, мамилебизди өзгөртөлү. Буга кандай дейсиңер? Мен күндө көчөдө, бардык жерде көз салып жүрөм, -деп эскертем.
Балдар күлүмсүрөп, үндөшпөй макулдуктарын билдиришти.
Мына ушинтип ишти баштадым. Көрсө күнөө балада эмес, тарбиячыларда экени байкалды. Башталгыч класстан баштап, жогорку класстын окуучуларына чейин туура тарбия, жылуу мамиле керек экен. Кийинки мезгилде балдар ачык эле: - эжеке, биз буга чейин эч ким менен ачык сүйлөшчү эмеспиз, - деп айтышты.
Шаарбы, айылбы өзүнө жараша чөйрөсү бар. Бала бардык жерде бала да. Балдардын ар биринин проблемасын изилдеп, жакшыга багыттаса болооруна көп жылдык педагогикалык стажым күбө болот. Эч качан балада күнөө жок. Мен ачык жана ишенимдүү айталам. Жакшы адамды, жаман адамды, мансапкор, ыймансыз, чалагайым адамдарды да өзүбүз жаратып алаарыбызга толук ишендим.
Анткени мугалим чебер бычмачыдай болот тура. Жакшы материал болобу, жаман материал болобу, чыныгы чебердин колунан чыкпаса, өз көркүнө жооп бербей калат го.
А адамдардын баары эле чебер бычмачы боло албайт да. Ошондуктан мугалим болоордо да ойлонуп, алы жетсе, мугалим болсо. Болбосо, коомго зыян келтирбей, жалгыз өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, ондогон муундарды бузбай башка кесип тандаса.
Коомубуз таза болсун үчүн, экономикабызды көтөрүү үчүн биринчи кезекте билим берүү жаатын эске алып, мугалимдерди татыктуу даярдасак жакшы болот эле.
Албетте, бардык педагогдорго шек келтирбейм. Мугалимдердин арасына максатсыз жана айласыз келип калып, балдардын келечегине туура эмес таасири тийип калгандарды айтып жатам.
Жакыпова Махабат,
Т.Жумабаев а.о.м., башталгыч класстарынын мугалими, Эл агартуунун мыктысы.




  Нан-өмүр

Сабактын максаты: 1. Окуучуларга жаңы теманы түшүндүрүүдө адамдардын кубатына кубат кошкон жашоонун узак жолунун күл азыгы болгон нан жөнүндө жана нандын пайда болушунда көп эмгек мандай тер төгүлөрүн, нанды кордоо кесир болорун түшүндүрүү.
2. Окуу сабагында окуунун түрлөрүн колдонуу менен көркөм окууга, сезимдүү окууга жана окуганына айтып берүүгө үйрөтүү.
3. Окуучуларды эмгектене билүүгө, эмгекти сүйүүгө, нанды барктап коргой билүүгө тарбиялоо.

Сабактын тиби: Жаңы билим берүүчү.
Сабактын формасы: Группалар менен иштөө.
Сабактын түрү: Аралаш сабак.
Сабактын жабдылышы: Эмгекти чагылдырган сүрөттөр. Нандын сүрөтү, буудайдын сүрөтү
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу иши.
б) Балдар биз сабакты баштоодон мурда "Алтын эрежени" дагы бир жолу эсибизге салып кетели.
Алтын эреже
1. Кунт коюп угуу.
2. Кол көтөрүп жооп берүү.
3. Убакытты туура пайдалануу.
4. Тазалыкты сактоо.
Демек балдар эрежелердин эң негизгилерин эске салып алдык.
Окуучулардын көңүлүн жаңы темага байланыштуу болгон эгин талаасы тартылган сүрөткө буруп, суроо-жооп иретинде аңгемелешүү.
(Магнитофондон текст уктурулат).
Нандын улуулугу, нандын ыйыктыгы, нандын адам баласынын жашоо булагы, береке байлыгы, бактысы Мекендин түгөнгүс алтын казынасы экендиги жөнүндө эң сонун өлбөс, өчпөс чыгармалар жазылып, эстен кеткис ырлар жаралып, таалим-тарбия берүүчү макалдар, лакаптар чыгарылып, легендалар айтылып келгени баарыбызга белгилүү. Нан жөнүндө сүйлөө жөн гана тамакты ысырапка учуратпоо жөнүндө эмес. Ал жер айдаган дыйкандын, сугатчынын, механизатордун, шафердун, нан бышырган адамдын эмгегин сыйлоо дегенге үйрөнүү болот. Нан ыйык! Нан элдин байлыгы, аны коромжусуз ыйык сактайлы. Бир үзүм, бир күкүм нан жерде калбасын, аны жерге калтыруу дыйкандардын эмгегин жерге калтыруу менен барабар. Ошондуктан жашоонун булагы, күндөлүк негизги азыгыбыз нанды урматтайлы.
Нан жашоонун булагы, нан бизде кенен. Ким кандай түрүн кааласа, кандайын жегиси келсе сатып жешет.
Ал эми революцияга чейин кедейлер нанга тойбой бай-манаптардын колунда өздөрү өндүргөн данга ээ болушпай ачкачылыкка дуушар болушкан. 1941-жылы согуш мезгилинде бир сындырым нанга жетпей көптөгөн адамдар ачкачылыктан көз жумган.
Кечээ фашисттер согуш ачканда,
Эр-улан кетти басканга.
Ошондо жетишсиз болуп наныбыз,
Кетсе да кыйла табыбыз,
Жоокерге арнап баарысын
Аман калган тагыбыз.
Кечиремин,
Текебер кылсаң башкага,
Кечирбейм, кеңешим ушул кулунум,
Күкүмүн нанды таштаба.

Китеп менен иштөө
Окуучуларды абзац менен окутуу.
Балдар силер нан жөнүндө кандай ырларды билесиңер

1-окуучу:
Сарталаанын түзүндө,
Буудай бышат күзүндө.
Жер ширеси даамында,
Күн ыраңы жүзүндө.

2-окуучу:
Ак буудайга эгедер,
Баба дыйкан дегендер.
Ардакташып аларды,
Ак нанынан жегендер.

3-окуучу:
Данга толуп талаабыз,
Нан жытына канабыз.
Ыйыктыгын илгертен,
Сезген ата-бабабыз.
(Мугалим бүгүнкү сабакта нандын кантип пайда болушун билдик, ушул нан жөнүндө силерде кандай сезимдер, ойлор пайда болду деп балдарга суроо берет).
Борборлордо иштөө.
Математика борбору:
1. Бир эле адам бир жолу тамак ичкенде 20 грамм нан жейт дейли. А адам бир күндө 3 маал тамактанса канча нан жейт?
2. Бир жумадачы?
3. Биринчи текчеде 6 нан бар. Экинчи текчеде ага караганда 8ге көп. Эки текчеде биригип канча нан бар?
Окуу борбору:
1. Нан жөнүндө ырды көркөм окуп бер.
Көп ичсем сүттү танам,
Көп жесем этти танам.
Айранга алымсынбайм,
Кымызга ачырканам.
Түбөлүк түк танбаган,
Бир гана сенсиң мага нан!
2. Нан жөнүндө макал айтып бер.
3. Текст түз
Илимий борбор:
1. Буудай кандай учурда өнөт?
2. Нанды кантип бышырабыз?
3. Нандын кандай түрлөрүн билесиң?
(жасалуу жолдорун айтып бер)
Искусство борбору:
1. Нандын сүрөтүн тартып боёо.
2. Буудайдын сүрөтүн тартуу.
3. Апиликация кагазы менен иштөө.
Борбордо иштөөнүн убактысы аяктагандан кийин, ар бир борбордо иштеген окуучулар презентация жүргүзүп, иштеген иштерин айтып берип, көргөзмөгө илишет.
Жыйынтыктоо:
Сабак "Бүгүн эмнелерди үйрөнө алдыңар?" деген суроо менен жыйынтыкталат.
Билимдерин баалоо.
Ар бир борбордо иштеген окуучулардын билимдерин анализ берүү менен баалоо.
Үйгө тапшырма:
Нан жөнүндө ырларды, табышмактарды, уламыштарды үйрөнүп келүү.