Cтуденттин чыгымы заманбап билимди камсыз кыла алабы?
Студенттердин окууга карата төлөмдөрүнүн (контракт) окуу жай тарабынан сарпталуусу катуу көзөмөлгө алынат. Аны бир жагынан Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлдөсө, экинчи жагынан монополияга каршы комитет дайыма текшерүүгө алып турат.
3-бет




КЫРГЫЗДАРДЫН ҮЧТҮК ЭСЕПТӨӨ СИСТЕМАСЫ
Арийне, кыргыздын көпчүлүк касиеттүү сандары жөн жерден жаралган эмес. Анын сырын оозеки саноо деле ачып бере албайт. Алардын сырын бир ачса, жогоруда айтылган үчтүк эсептөө системасы ачышы мүмкүн. Анткени мыкты эсептөө системасында кандайдыр бир бүтүндүк бар, анын үстүнө, катардын мүчөлөрүнөн белгилүү бир маани издесе болот.
14-бет




БГУда "Орус дүйнөсү" борбору ачылды
Бишкек гуманитардык университетинин студенттери орус тилин, маданиятын, искусствосун тереңден үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Студенттерге мындай шартты түзүп берген "Орус дүйнөсү" борбору 11-сентябрда ачылып, ага Россиянын Федералдык жыйынынын Федерациясынын Кеңешинин Төрагасы С.Миронов, билим берүү жана илим министри И.Болжурова, "Орус дүйнөсү" Фондунун директорунун милдетин аткаруучу В.Никонов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси В.Власов жана россиялык бир катар коноктор катышты.

Борбор "Орус дүйнөсү" фонду тарабынан каржыланды жана ал эки бөлүктөн турат. Биринчисинде, заман талабына жооп берген китептер менен толтурулган китепкана, окуу залы камтылса, экинчи бөлүгү, семинар, конференция өткөрүүгө ылайыкташтырылып, заманбап техникалар менен жабдылган.
Борбордун ачылышы Кыргызстандагы орус тилинде билим берүүнүн өнүгүшүнө жана сакталышына салым кошот. Анын негизги максаты - орус тилин үйрөнүүгө жардам берүү, орус адабиятынын классикалык жана заманбап чыгармалары, маданияты, искусствосу менен тереңден таанышууга жана азыркы россия тууралуу маалымат алууга шарт түзүү болуп эсептелет.
- Бул борбор аркылуу студенттер электрондук ресурстарды пайдаланып, түз эле Россиядан каалаган маалыматтарын ала алышат. Ал эми студенттерге мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берүү окуу жайдын жетекчилигинен көз каранды болот, - дейт С.Миронов ачылыш салтанатында сүйлөгөн сөзүндө.
Окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев университеттин жамааты мындай баалуу табылганы колдон чыгарбай сактап калууга жана өнүктүрүп кетүүгө дайым даяр экендигин жана болгон күчтөрүн жумшаарын билдирди. Мындай жакшы жөрөлгөнү билим берүү жана илим министри И.Болжурова дагы колдоорун, орус тили биздин мамлекет үчүн зарыл экендигин айтып өттү.
- Биздин эл, өзгөчө тээ алыстагы айылдардын тургундары да орус тилин билүүгө, үйрөнүүгө өтө дилгир. Республикадагы 32 жогорку окуу жайдын 60% ашыгы орус тилинде билим берет. Биз орус тили аркылуу дүйнөнү тааныйбыз, - дейт министр Ишенгүл Болжурова.
Бул борбордо дайыма ар кандай көргөзмөлөр уюштурулуп, семинарлар, чыгармачыл кечелер, конкурстар, олимпиадалар өткөрүлүп, орус тили боюнча курстар уюштурулуп жана орус тили окутуучулары кесиптик чеберчилигин жогорулатып турушат.

Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan