№27-28,28.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ч.Айтматовдун 80 жылдыгын өткөрүү боюнча комиссияга

Сөз төрөлгөн үнгө, жан жаралган күнгө эстелик болсун!
"Жан" түшүнүгү - адам акылынын албан ачылгасы, турмуштук туу табылгасы, тутунган туур-таянычы болгон. Жаралган нерсени жандаган күч, бар нерсени бир нерсе коштой жүрмөгү - жараткандын мыйзамы. Ошол керемет күчтү адамдар "жан" деп түшүнүп, ага арыбас да карыбас касиет беришкен. Ага "кылдын учунда" деп аяр мамиле жасап, "таттуудан таттуу - жан, ачуудан ачуу - өлүм" деп бүтүм чыгарышкан. "Аа" деген дем менен денге жан кирген, ошол дем менен жан чыккан. Ошентип, сөз жаралган үн - жан жаралган күн болгон. Ден бар жерде дем, дем бар жерде жан, жан бар жерде өлүм бар. Абалтан келаткан акыйкат ушул.

Жан - "адам", "өмүр", "тирүүлүк" түшүнүктөрү менен үндөшүп, денге маңыз, кунар, кубат берип, ырахат ыроолойт. Ден кубаты - жан, жан кубаты - дем. Жансыз жер канчалык кунарсыз көрүнгөндөй, жандан бөлүнгөн дене да ошондой. Андыктан, адам жан табиятын изилдөөгө, жан сырын ачууга дайым куштар, дайым дилгир.
"Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечера".
(А.Осмонов),

"Эзелтен чечилбеген улуу талаш:
Канткенде адам уулу адам болот?..
Душманды кырып-жоюп, басканда да,
Душмандан жан соогалап, качканда да,
Түбөлүк чечилбеген ушул талаш:
Канткенде адам уулу адам болот?
Адамзат качан чечет, качан коёт:
Канткенде адам уулу адам болот?"
(Ч.Айтматов),

"Адам - сыр. Сырды ачыш керек. Эгер аны ачам деп, азап чегип жашап өтсөң, өмүрүм текке кетти деп өкүнбө" (Ф. Достоевский) деп, көркөм сөз чеберлери бүт өмүрүн адамды изилдөөгө арнап, өз жашоосун түгөнбөс түйшүккө айландырышкан. Ошондон улам акын-жазуучуларды "адам жанынын инженерлери" деп атоодо анча деле аша чапкандык жок.
Аттиң, адам пендеси тирлик турмушта жан кадырын жетик сезе бербейт. Ал көбүнчө өзүнүн жан дүйнөсүн өрчүтүүгө көнүкпөй, көпчүлүктүн шары менен жашоого ыңгайлашып өтөт. Албетте, кандай жашоо - ар кимдин ыктыярындагы иш. Ал эми өмүрү жандуу, маңыздуу, максаттуу жашоонун өрнөгү болуп, жалгандан чын айтып (ЧЫНгыз АЙТматов), жаркын жашап өткөн адамдардын өмүр сабагы - адамзатка жарык жол жандырар шам чырак. Алар акырына чейин адамдарга жарыгын чачып, жылуулук берип, алардын ажатын ачып жүрүп, өздөрүн түгөтүп бүтүшөт.
Мына, жакында эле жалпы эли менен бирге кубанып, буюрса 80дин мааракесин белгилейм деп турган маалында өлүмгө кыйбас жан агабыз жан бүткөндү кайгыга салып, өзөккө өрт түшүрүп, өзү жазган Сеңирбай керегечи сыңары ("Кайрылып куштар келгенче") керээз-мурасын айтууга үлгүрбөй, дүйнө сала берди. Бүгүн маркумдун турмуштук да, чыгармачылык да өмүр жолу көбүбүздүн көз алдыбыздан кайрадан чубуруп өтүп, көп нерсенин маңызы кайрадан дааналанып, ачылып туру. Өмүр арманы, өнөр салмагы өзгөчө сезилип туру...
Айталы, кырчын кезинде райком болчу кызматты жыйыштырып коюп, адабият айдыңына аттана берген да, алтымыштын кырында Президент болуңуз десе "билген эле ишимди иштейин" деп, сыпаа баш тартып койгон да Айтматов болгон. Бул айрым турмуштук мисалдар анын жашоодо туу туткан дөөлөтү эмне болгондугун айныксыз далилдеп турат. Акылман айткандай, чоң максат менен чоң тоскоолдук гана чоң тагдырды жаратат окшобойбу. Кезинде ага: "биякта ак койдун тагдыры маанилүү болуп турса, кайдагы бир кокту-колоттогу карышкырдын кайгысын ойлойт", "өлкөбүз карайлап турса, тээ асмандагы бир монахтын тагдырына кейийт" деп акарат келтиргендер көп эле болгон экен. Аттиң, андайлар азыр деле жок эмес. Көрсө, жалпынын таламына жеке адам өзүнүн жеке кадамы, жеке салымы менен көбүрөөк пайда келтирет тура. Аны кеч аңдаган замандаштарыңызды, кеч болсо да, кечириңиз жан ага…
Айтматовдун өзү да, каармандары да дал ушул "жеке адамдын жан дүйнөсү" деген жалпы адамзаттык асыл дөөлөттү, арыбас максат-мүдөөнү көздөп, ар бир окурманды акжүрөк, акниет, адилет, чынчыл, чечкиндүү болууга үндөп, жандуу жашоого шыктантып турчу. "Жаным", "жаныбарым", "жанболотум"… ыраматылык агабыздын да жандай көргөн сөздөрүнөн эле. Эсил кайран, жан ага, эми сиздин денеңиз жерде, жаныңыз көктө. Ылайым көк менен жер түбөлүк коюн-колтук алышып, жашоо күүсү жанбай турмагы чын болсо, анда сиздин жаныңыз да адамзаттын бир акылгөй, адамгөй кулунуна байырлап, өмүр улай береринде шек жок. Биздин көңүл жубатарыбыз да ушу...
Ошентип, акыры баарынын түбү өлүк (түбөлүк) экендигине көзү жеткенде, кыргыз баласы "Өлгөндүн жазасы көмгөн" деген. Көмгөнү ошол - маркумду акыркы сапарга тикесинен тик туруп, көздү жаштап, батасын багыштап, урмат-ызаат менен узатуу. Жана да арбактын элесин эскерип, атын өчүрбөй сактай жүрүү. Адатта, маркумдун атын ар нерселерге коюу анын аброюн көтөрүп, кадыр-баркын арттырса, бу жолу Айтматовдун атын көтөрчү зат да, көрүнүш да табылбай, апкаарып турубуз. Көбүбүз көнгөн адатыбыз боюнча "минте салалы" деп ашыгып турганыбыз менен чыны, асылдын албан жан дүйнөсү адамдардын акыл ааламына, турмуштук түшүнүк-кадамдарына сыйбай туру, адам дүйнөсү аалам алкагынан да чалкар, кең, терең экендиги дагы бир ирет айкындалып туру.
Арийне, кимден чыкса да, асылды атасынын жанына коюу акылгөй иш болгон. "Арыбагыла аталар, бар бол Ата-Бейит, айланып мына мен да келдим…" деди да, алардын жанынан жай алды. Ал эми маркумдун атын калтыруу жаатында айтылып жаткан ойлорго кайрылып, аларга "а киши өзү кандай карар эле" деген суроо койсок, кудай акы, ал киши булардын баардыгына каршы болмок. "Койгула, убара болбогула. Жазганымды окугандар болсо жетет", - демек. Асылдын жан дүйнөсү ошондой эле. Адам чиркин, болбой эле өзүмчүл жанбыз да, эң жакын адамыбыздан айрылып жатып да: "Сен эмне үчүн бизди таштап кеттиң? Эми биз эмне кылабыз, кимге барабыз", - деп, дале өзүбүздү ойлоп жатабыз.
Жок, бу жолу биз - тирүүлөр - өзүбүздү эле, бүгүнкүбүздү эле ойлобошубуз керек, адатыбызча бул ишти арыдан бери бүтүрө салып, отчет берүүгө ашыкпашыбыз керек. Себеби, биз жаңы кырдаалда, жаңыча чечим кабыл алуу жоопкерчилигинин алдында турабыз. Дүйнөгө аты небак дүңгүрөп, өзү аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю асманга көтөрүлүп кеткен Залкардын рухун көтөрөбүз деп жатып, кайра түшүрүп алуу коркунучунун алдында турабыз. Мындай опурталдуу окуя биздин тарыхыбызда болгон. Айталы, Манас баштаган айкөлдөрдүн аттары да бир кезде адамдардын көкүрөгүндө кыттай уюп жашаган, ынтаалуу айтылып, ыйбаалуу мамиле жасалган ыйык, бийик ысымдар болгон. Азырчы? Алар: Манас-1, Манас-2, Манас-3 ордендери, Бакай-Холдинг, Кошой-Ойл ж.б. болуп майдаланып кеткен. Айкөлдөрдүн арбактары бизди кечирер бекен…
Бул жагдай, бизден дароо бир нече көнүмүш адаттардан баш тартууну талап кылат:
1. Арбактын атын ойгелди, оңду-солду ыйгара берүү адатын токтотуу.
2. Маркумдун айкелин "атактуу монументалист-скульпторго" заказ берип, арыдан бери жасата салууну токтотуу.
3. Маркумдун атын жамынган ар кандай мейли адабий-маданий, мейли чарбалык-өндүрүштүк ишкана-уюмдарды ж.б. ачууну жана каттоону токтотуу.
Элибизде "ашы өтсүн, азасы суусун" деген нарктуу салт бар. Адегенде баарыбыз "Айтматов ким эле?" деген соболдун төркүнүн аңдап алганыбыз ийги болуп турат. Антпесек, ал чет жерде ооруп жатканда да, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларында да анын аброюна шайкеш келбеген айрым көрүнүштөр болуп кетти. Андыктан, Айтматовдун аброюн, дүйнөлүк адабий-маданий, рухий-интеллектуалдык ааламда алган ордун маркумдун азасына көңүл айтууга келген каттарда, телеграммаларда таасын аныкталган деңгээлден төмөн түшүрбөсөк.
Андыктан, адегенде алты дубан элдин пикирин угалы. Анан 60 уруу түркий тилдүү боордошторубузду тыңдайлы. Буларды коштой Интернетте эл аралык деңгээлде, бир нече чет тилдеринде Айтматов форумун ачып дүйнөлүк окурмандардын, ойчулдардын ой-пикирлерине, сунуштарына кулак төшөйлү. Алардын баарын астейдил талдап чыгалы. Айтор, Айтматовдун ысымын ыйгаруу акциясы улуттук алкактан чыгып, элдерди, өлкөлөрдү, маданияттарды данакерлеп баш коштурган, ХХI кылымдын башталышындагы жалпы адамзаттык социалдык-философиялык жана көркөм-эстетикалык акыл-ойдун туу чокусун символдоштурган орошон окуя болуп калсын.
Андан соң Ата-Бейиттин, Айтматов китепканасына ылайык деген имараттын, маркумдун үйүнүн сүрөтүн кошо берип, аны да Интернетке жайгаштырып, келечектеги айтматовдук ансамбль-комплекстин архитектуралык дизайнына, анын айырмалуу эн-тамгасын иштеп чыгууга эл аралык конкурс жарыялайлы.
Айтматовдун сыртынан жайдары, ичинен жапалуу жан дүйнөсүн кандай зат, кандай ыкма, кандай элес менен чагылдырып берүүгө болор экен? Өлбөс сүйлөмдөрдү жараткан сүрөткердин эстелигине кандай өчпөс сөз жазылат? Мындай суроолордун учугу түгөнбөйт. Булар - бүтүндөй жер жүзүндөгү анын окурмандарын түйшөлткөн гана эмес, дегеле пенде баласын толгонтуучу суроолор. Эмесе, булар боюнча да калайыктын оюн угалы. Бир сөз менен айтканда, ушундан баштап Айтматовчо терең акыл калчап, алды-артыбызды сергек баамдап, олуттуу, салмактуу кадам таштаганга үйрөнөлү. Мындан ары Ала-Тоонун бийигинен адамзат айдыңына абай салып, ага жакындап келаткан алааматтарды алдын ала сезип, андан адам баласын арачалап калууга ашыгып, ага тайманбай акарат келтирип, каруусун казык, кара башын токмок кылып жашап келген, "Алдыда жүрсө ак жолтой, артында жүрсө сан колдой", элине карааны калка, аты аска Асылыбыз жок бүгүн…
Ошол эле учурда эч кечеңдетпей чече турган да иштер бар.
1. Бу жалганда ачуу-таттуусу аралаш, өлүм-өмүр тогошкон "кылымга тете күн" да болот. 12-декабрь - кыргыз маданияты үчүн мына ушундай символикалуу, төп күн: 12-12 (12 ай, 12 мүчө ж.б.). Ушул күнү акындын мөлү Алыкул дүйнөдөн өтүп, сөздүн пири Чыңгыз жарыкка келген… Андыктан бул күндү маркумдарды эскерүү күнү катары гана эмес, дегеле адам баласынын Сөзү жаралып, Тили төрөлгөн күн, Сөз өнөрүнүн кудуретине сыйынуу күнү катары "Куттуу Сөз Күнү" ("День Благодатного Слова") деп, календарга кызыл күн катары киргизүүбүз керек. Бул - ар нерселерге алардын атын койгонго караганда алдаганча маанилүү, алдаганча салмактуу кадам. Бул, албетте, биздин асыл атуулдарыбыздын аброюна берген татыктуу баабыз да, бул ошондой эле "Манасты" жаратып, сактап келген касиеттүү, улуу Сөзгө койгон түбөлүктүү эстелигибиз да болмокчу!
Адамзат адам (Иса пайгамбар) төрөлгөн жылды тарыхтын башталышы деп эсептеп келатканы менен, ал али өзүнүн сөзү, тили жаралган күндү расмий аныктай элек. Демек, биз - кыргыздар - Сөздү, сөз жараткан Адамды барктаган эл катары, Сөз төрөлгөн үн - Жан жаралган күн экендигин ырасмий белгилеген тарыхтагы нарктуу эл болобуз. Бул күн Айтматов менен Алыкулду эле эскерүү күнү болбостон, күндө колдонуп, бирок кадырына жете бербеген кызыл тилди, дегеле жалпы адамзаттык көөнөрбөс көркөм сөз дөөлөттөрүн жараткан өнөр ээлерин эскерүү күнү болмокчу. Балким, бул күн бара-бара бүт дүйнөдөгү (адегенде түрк тилдүү мамлекеттердеги) Айтматов борборлорунун, анын окурмандарынын демилгеси менен бардык өлкөлөр тарабынан колдоого алынып, алардын календарына да кириши ажеп эмес.
2. Айтматов жашаган үйдү дароо жазуучунун үй-музейи катары мамлекеттик коргоого алып, аны жалпы элдик асыл мүлк, улуттук дөөлөт-кенч катары атайы өкмөттүк жардык чыгарып камкордукка алып, маркумдун архивин, буюм-тайымдарын, алган сыйлыктарын толук бойдон сактап калуу, топтоо боюнча ишти колго алуу керек. Атайын жумушчу топ түзүп, аны толук бойдон мамлекеттин эсебинен каржылоону колго алып, аларга бардык керектүү шартты түзүп берүү зарыл. Бул жерде опол тоодой иштер жатат. Андыктан, алардын башында апасын жанына алып, айкөлдүн көкүрөк күчүгү Элдар өзү турушу керек. Атанын баласы кандай болмогун, ата мурасын кандай ардакташты маркумдун өмүрү өзү айтып турат. Ааламда улуу Чынгыз экөө, ал эми улуу Айтматов бирөө гана! Ошондуктан Ч. Айтматов Ата уулу, Эл уулу, Адамзат уулу катары жалпы адамзаттын чыныгы сыйына жана сыймыгына татыктуу.
3. Айтматовдун чыгармалары небак дүйнөлүк адабий классиканын алтын казынасына кирген. Андыктан, 170тен ашык тилге которулган жазуучунун чыгармалары толук топтолуп, алардын нускалары Айтматов китепканасында турушу керек. Аларды дагы башка тилдерге которууну улантуу керек. Анын чыгармаларын электрондук үлгүгө салып, толук бойдон Интернетке жайгаштыруу зарыл. Ошону менен бирге эле Айтматовтаануу багытында жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдү, монографиялык эмгектерди, басма сөз материалдарын ж.б. толук топтоп, картотекасын түзүп, иретке келтирип, Айтматов энциклопедиясын толуктап, жарыкка чыгаруу керек.
4. Айтматовдун чыгармаларынын "Руханият" уюму тарабынан чыгарылуучу 8 томдугу андан соң сөзсүз улантылып, жазуучунун окурмандардан алган, аларга жазган каттары, эскерүүлөрү, бүтпөй калган кол жазмалары ж.б. менен толукталып, академиялык басылышта жарыкка чыгышы зарыл. Дал ушундай эле иштер кино, театр, сүрөт, теле көрсөтүү, радио уктуруу ж.б. тармактар боюнча да дароо колго алынып, өзгөчө материалдардын оригиналдарын, түп нускаларын топтоо жагына басым жасалышы керек.
5. Кыргыз эли куйма кулак, угарман эл, окугандан укканды жакшы көрөт. Жалпы адамзаттын кызыкчылыгы деле ошого ооп баратат. Андыктан, Айтматовдун чыгармаларынын мыкты көркөм окуган жана автордун өзүнүн үнү жазылган CD, DVD тасмаларынын үйдө, көчөдө, жолдо угуп жүрүүгө ыңгайлашкан үлгүлөрүн чыгарууну башташ керек. Муну Кыргызстандагы элчиликтер менен сүйлөшүп, аларды ошол мамлекеттерде чыгарууга жетишүү керек. "Элчи менен ырчы - элге көпүрө" дегенди алар кесиптештик тилектештиги, жүрөктөштүгү менен далилдеп көрсөтүшсүн.
6. Айтматов - Канатчан адам эле. Дүйнөлүк жазуучулардын ичинен асманда андан көп убакыт учкан адам болбосо керек. Аны эсептеп чыгып, Гиннесстин китебине киргизсе болчудай. Андыктан анын ысымын оболоп көктө сызган учакка берсе жарашат. Анын ысымын мухит кезип, муз жарган кемеге берсе жарашат. Бирок, кеп башкада. Ал барган мамлекеттердин, шаарлардын, окуу жайлардын ж.б. атын, дарегин тактап, алардын эл аралык шериктештигин түзүү керек. Интернет аркылуу тынымсыз алака-катышта болуп, маалымат алмашуу Айтматовдук руханий казынаны гана байытпастан, элдердин, өлкөлөрдүн, маданияттардын өз ара жакындашуусуна да салым кошору анык.
7. Айтматов адабият институту, Элдик маданият борбору, Глобалдуу экологиялык кыймыл, Айтматов университети - бара-бара мына ушундай ырааттуу, ички байланышта иштеп, илимий-практикалык өңүттө иш жүргүзгөн уюмдардын бирлиги түзүлөт. Мында эске алчу бир жагдай бар. Ырас, Айтматовдун каармандары калдайган өзүнчө бир чоң калаа. Бирок, автор алардын ичинен "Ак кемедеги" балага гана энчилеп ат берген эмес. "Бала" деп гана койгон. Себеби, бала - ааламга, жалпы адамзатка таандык дөөлөт. Андыктан, жогоркулардын катарында Бүткүл дүйнөлүк Айтматовдук баланы коргоо коомунун болушу мыйзам ченемдүү.
8. Атаганат, Көл кылаасында, Ала-Тоонун саясында, кеңири, жайык жерде Ташкул ага түптөгөн "Аалам-Ордо" сыяктуу Айтматов шаары түптөлсө, аны ар бир муун улам өрүштөнтүп, өркүндөтүп, көркөмдөп жүрүп олтурса. Андан ар убак ажайып "Ак кеме" сүзүп чыгып, чыгыштан батышка, батыштан чыгышка каалгый сапар алып турса… Албетте, кыялга чек жок. Бирок, кыялсыз, кыялды ишке ашырам деген дымаксыз жашоо да жашообу?.. Эгер Көлдүн дарбазасы - Балыкчы шаарынын калкы Айтматов шаары болобуз десе, анда бул шаардын бүтүндөй жан дүйнөсүндө сөзсүз жагымдуу өзгөрүү боло тургандыгында шек жок. "Жакшынын шарапаты" деген бекер сөз эмес.
9. Айтматов - академик болгон. Андыктан, анын атын Кыргыз улуттук илимдер академиясы алып жүрүшү жөндүү. Биздин мамлекет ЮНЕСКО уюмуна, түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларына кайрылып, дүйнөлүк деңгээлде жаңылык ачкан, адамзатка бөтөнчө кызмат өтөгөн атуулдарга эл аралык Айтматов сыйлыгын уюштуруп, ыйгарып туруу жагын макулдашса болот. Анын акчалай байгесинин ордуна кыргыз алтынынан куюлуп, автордун элеси түшүрүлгөн төш белгисинен башка да улуттук сый-тартуу: кыргыз алтынынан уютулган тайтуяк, ажайып жасалган алты канат ак өргө, ат жабдыгы менен жасалгаланган ак тулпар жана алтын мукабалуу "Манас" дастаны тапшырылса. Ошондо көчмөн элдин көрүнүктүү уул-кыздарынын даңкы, элдин көөнөрбөс салты, көркөм табит-наркы, албан акыл-парасаты адамзатка айгине болмок…
Бул ойлорду маркумдун мураскорлору жана Чынгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесин өткөрүүнү уюштуруу боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия ылайыгына жараша эске алат деп ойлойбуз.
Айтматов артына өкүттүү жоготууну, өксүгөн кайгыны гана эмес, ушундай бир жалпы элдик улуу биримдикти, шыктанган умтулууну, толгонгон ички дымакты таштап кетти. Мындан ары кыргыздын ар бир ар-намыстуу кулуну белди бекем бууп, адамзат көчүнө батыл аралашууга, асылдын ордун басууга умтулуусу керек. Айтматов бизге адам кудуретинин улуулугун, ал талпынар бийиктиктин сересин, өрнөктүү өмүрдүн үлгүсүн таштап кетти. Ал - элге, мекенге, адамзатка уул катары да, устат катары да кызмат өтөөнүн өлбөс-өчпөс өрнөгүн көрсөтүп кетти. Өкүнүчтүн эсеси, жоготуунун жеңиши мына ушунда!
Айтматов үзүлгөн саатта дүйнөдө да, өзүбүздө да канчалаган наристелер жарыкка келди. Балким, анын жаны алардын бирин тандап алгандыр. Айтматовдун түбөлүктүүлүгү - артында анын изин уланткан, андан кем эмес улуу сүрөткердин жаралмагында, анын өлбөстүгү - алдыда анын чыгармаларын жандай сүйүп окуган окурман журтунун дайым болуп турмагында!
Тоо кулады… Ырас. Лекин, тоо океандын түбүнөн башталарын унутпайлы. Ал тереңден көтөрүлүп, көккө умтулат. Океан - эл. Эл - түбөлүктүү. Эл тирүү турса, тоо жаралмагы да чын. Биздин көңүл жубатарыбыз да ушу...

Сабыр Иптаров,
эл таануучу.