№27-28,28.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Көз караш

БИЗ КАНДАЙ ЭЛ ЭЛЕК, ЭМИЧИ?
"Өткөндү билбей туруп, учурга баа берүү мүмкүн эмес" - деп көптү көрүп, бу табышмагы көп татаал турмуштун нечен кыйынчылыктарын өз баштарынан өткөрүшкөн акылмандар айткандай, учурдагы абалга токтолуудан мурда кыргыз элинин өткөн турмушуна, ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолуна, тарыxына кыскача токтолуп өтпөсөк болбос. Түпкү аталарыбыз азыркыдай илим-билимден алыс, адабият, искусство менен тааныштыгы жок, жарым-жартылай жапайы көчмөнчүлүк турмушту баштарынан өткөрүшсө да, Манас, Бакай, Кошой бабаларыбыз сыяктуу кара кылды как жарган калыстыкты туу тутушуп, адамдык абийирине, ар-намысына доо кетирбей, ар кандай жеке кызыкчылыгынан коомдун, элдин кызыкчылыгын жогору коюшкан экен.

"Түрк элдеринин жашоо мыйзамдары, турмушта тутунган эрежелери кагазга жазылбайт. Конституциясы жок. Бирок элдеги мыкты сапаттар атадан балага, энеден кызга салт катары өтүп тургандыгы менен күчтүү".
Наполеон Бонопарт

Эл тагдырына байланыштуу маселеге келгенде, шашкалактыкка, "өзү бүтөттүккө" жол бербей, адам тагдырына кылдат, кыраакы мамиле жасашып, учурдагыдай сандык көрсөткүчтөргө, курулай шаңданган кээ бир мамлекеттик кызматтагы чиновниктерге окшоп жок нерседен барды жасайм деп жел сөзгө желпинбей, мамлекеттик маанилүү маселе чечерде жети өлчөп, бир кескен чечимдерди кабыл алышканын өткөн тарыxыбыз тастыктап турат.
Мындай учурда эл жакшыларын бийлердин, айыл аксакалдардын жыйынын чакырышып, "ийри отуруп, түз кеңешкен" талкуу өткөрүшүп, чогулушта, жыйында айтылган керектүү сунуштарды эске алуу менен "кол ийрисине тартпай" адилет бүтүм чыгарып, калыстыкты туу катары тутунушканы белгилүү. Коом өзгөрүп, азыркыдай рынок экономикасына өтүүнүн зарылчылыгы пайда болсо, жаңысын куруп бүтпөй туруп, эскини бузуп талкалоого, элдин күндөлүк турмушуна залалын тийгизе турган ээнбаштык иштерди жасоого эч кимге жол берген эмес.
Кыргыз элинин келечегине, айрыкча, жаш өспүрүмдөргө зыяны тийер терс көрүнүштөрдөн, бөтөн элдин кыянаттык менен ортого от жаккан кастыгынан, бузуку үгүттөрүнөн алыс болушуп, эгер атайлап эл биримдигин бүлүндүрүп, ынтымагына доо кетирер үгүт жүргүзүлсө, башына түшүп турган кыйынчылыктарга карабастан, мындай жардамдан баш тартышкан. Жеке адамдардын турмушуна өзгөчө көңүл бурушуп, "баланы жашынан, аялды башынан тарбиялоонун" зарылдыгын айтышып, азыркыдай сөзү менен иши айкалышпаган эки жүздүү, суу жукпас шылуундарды "журт бузар" деп жек көрүшкөн.
"Ханы жакшынын калкы, беги жакшынын эли жакшы" - деп, эл башкарган адамдарда жоопкерчилик жогору болгон. Жамаат жакшылары, айыл аксакалдары: "суу ичсең да ак мээнетиң менен ич" деп өзүнөн кичүүлөрдү, айрыкча, жаш өспүрүмдөрдү адамдык сапаттын бийик үлгүлөрүнө, боорукердикке, сылыктыкка, бой көтөрбөгөн жөнөкөйлүккө, кара кылды как жарган калыс болууга үйрөтүшкөн. Ошол эле учурда жаштарга тескери үгүт жүргүзүп, ар кандай бузуку, кыянат иштерге азгырган адамдарга каргыш айтышып, "Эр Табылды" эпосундагы Кудайназар жана анын балдарына окшотуп элден айдап чыгып, терс көрүнүштөрдүн тизгинин тыйыш үчүн каары катуу жаза колдонушкан. Тажрыйбасы аз, акылга муктаж адамдар, жаш өспүрүмдөр кеңеш сурап кайрылышса, алардын көңүлүн катуу айтып оорутпай, өтүнүчүн орундатып, сылык мамиле жасашкан.
Курултай, же жыйын өткөрүшүп мамлекеттик маанилүү маселе чечерден мурда, азыркыдай бири ойду айтса, экинчиси тоону айткан талашты жаратып, сөз кадырын кетирбес үчүн элдик каада-салт, нарк-насилдерди сакташып, суу кошулбаган накта чындыкты, элдин көкөйүндөгү көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгышкан. Кылычынан кан тамган хан болобу, даңкы таш жарган бек болобу, кылым карыткан кыргыз элинин жашоо мыйзамдарын, турмушта тутунган эрежелерин ыйык тутушкандыгы менен башкаларга үлгү көрсөтүшүп, эл алкышына татышкан.
"Куштун балапаны уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат", "эмнени эксең ошону оруп аласың" - дешип, балдарын, айрыкча, эрезеге жетип келе жаткан жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоого өзгөчө көңүл бурушкан. Ар бир ата-эне тарбия жаатына олуттуу мамиле жасап, өзгөчө көңүл бөлүп, өзү ошол жашка чейин өзүнөн улуулардан, ата-энесинен эмнени билип, эмнени үйрөнсө ошонун баарын чыпчыргасын коротпой атасы баласына, энеси кызына үйрөтүшүп, элдеги мыкты сапаттарды жогоруда Наполеон айткандай, биринен бирине салт катары өткөрүп, эстафета катары учугун үзбөй улантып турушкан. "Баланы жашынан тарбияла, эр жеткенде үзүрүн көрөсүң" дешип, тарбия ишинде коомчулуктун, ата-эненин жоопкерчилиги жогору болгон.
Жыйынтыктап айтканда, баланын татыктуу тарбияда өсүп жетилишине, келечегине зыяны тиер жорук-жосундардан алыс болууга, элине ак кызмат өтөп, адам деген атты татыктуу алып жүрүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Бир сөз менен айтканда, улууга урмат, кичүүгө сый көрсөтүүнүн жол-жобосун жаш кезинен үйрөтүшкөн. Элдик каада-салт, нарк-насилдерди, улуттук дүйнө таанымды (улуттук философияны), рухий баалуулуктарды, үрп-адаттарды көздүн карегиндей сакташып, жаратылыш менен эриш-аркак жашап, адамдык сапаттын бийик үлгүлөрүн кастарлап өтүшкөн.
Азырчы? Эгемендик дедик, буга да жетиштик. Баш мыйзам керек дедик, аны да кабыл алдык. Социалисттик коомдон капиталисттик коомго, рынок экономикасына өтөбүз дедик, муну да жасадык. Акырында демократиялык укуктук мамлекетти курабыз, мамлекеттик мүлктү приватташтырабыз, жеке менчикке өткөрөбүз, ошондо жашообуз жакшы, турмуш ойдогудай болот дешти. Бирок бийлик башында турган жетекчилер айткандай, биз күткөндөй болгон жок. Эмне үчүн?
Анын себеби, эл - дайра болсо, анын нугу - салт экенин, нуксуз дайра болбогондой, салтсыз эл болбостугун эске албай, эгемендиктен кийин өнүккөн өлкөлөрдү туурап А.Акаев ийгиликке тез жетүү азгырыгына жетеленип кетсе, ал азыр да кайталанып жаткандыгы негизги өксүгүбүз болууда.
Кыргыз Республикасы көз карандысыз мамлекет болгондон кийин, советтик мезгилдин сенектик жылдарында чайпалуудан төгүлүүдөн жоготкон бөксөлүктүн ордун толтуруу Кыргыз Республикасы үчүн биринчи зарылдык болчу. Өткөн жетимиш жыл аралыгында алыска катылган буюмдай унутулган улуттук дүйнө таанымды (улуттук философияны), эл куту, журт уюткусу сыяктуу каада-салт, нарк-насилдерди, кылым кыйырын басып өтүп бизге жеткен кыргыз элине таандык "Манас" эпосу сыяктуу улуттук рухий баалуулуктарды көзү өтө элек кары адамдардан өз учурунда сурамжылап, кумдан алтын иргегендей иргеп чогултуп, аны чыпчыргасын коротпой мыйзам аркылуу кайра калыбына келтирүү, эл энчисине айлантуу биринчи иретте кыргыз элине, баарынан көбүрөөк жаш өспүрүмдөр үчүн керек болчу. Бул иш жалгыз эле бийлик башында турган жетекчилерге таандык болбостон, ошондой эле тарыхчылардын, тилчи-адабиятчылардын, жалпы эле кыргыз окумуштууларынын да атуулдук милдети эле.
Көз карандысыз мамлекет болуп туруп, ата-бабаларыбыздын эл башына кандай кыйынчылык түшсө да солк этип койбогон, кыргыз элинин кылым кыйырын басып өтүп, бизге жеткен жашоо мыйзамдарын, турмушта тутунган эрежелерин эгемендиктен кийин баш мыйзамга өзөк катары кабыл алалбаганыбыз, улут рухун төмөндөткөн эң негизги өксүгүбүз болду. Тагыраак айтканда, элдин жеңилбестиги, күчтүүлүгү элдеги мыкты сапаттарды атадан балага, энеден кызга салт катары өткөрүп, эстафета катары учугун үзбөй кийинки муунга өткөрүп тургандыгы негизги утушу болгон. Азыр ошол алтынга бергис асыл сапаттарыбыз кайда? Муну коррупцияга, же элдеги мыкты сапаттарга сугун артып жүрүшкөн чет элдиктерге уурдатып жибердикпи? "Токол эчки мүйүз тилейм деп кулагынан ажыраптыр" болуп, өзүбүздөгү кыргыз элине таандык улуттук баалуулуктарыбызды өздөштүрө албай жатып, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын өздөштүрөбүз, үйрөнөбүз деп тескерисинче, рынок экономикасынын жапайы жолуна түшүп, учурдагы кыянаты көп түлкү турмушту, кармаганын кайсаган топ карышкырдай жашоо образын башыбыздан өткөрүп жатабыз. Бул иште ата-энелер өзүбүздөн кетип жаткан кемчиликтерди ойлоп койбой, "мектепте окуп жаткан балдарыбыздын окуусу начарлап кетти, антип кетти, минтип кетти, рэкет болуп кетти" деп күнөөнү мектеп окуучуларына оодара салабыз. Иш жүзүндө андай эмес. "Заманың түлкү болсо түлкү бол, бөөрү болсо бөөрү бол" деп, мектеп жашындагы балдарды, жаш өспүрүмдөрдү ошол ишке үйрөтүп, үлпөт десе үзүлө түшүп, комфорт десе баарын унуткан ата-энелерди, учурдагы коомго коркунуч келтирген адамдарды тартипке чакырууну, жазага тартууну иретке сала албай жатабыз.
Айта берсе арман көп дегендей, чынында эле арманыбыз аттын башындай эле болуп жатат. Ошондой арманыбыздын бирине токтолуп өтпөсөк болбос. Эгемендиктен кийинки алдым-жуттуму көп кездешкен өткөөл мезгилде, бизге мамлекетти башкаруу ишинде башаламандыкты пайда кылган тартиби жок демократия эмес, талапты катуу кое билген иреттүүлүк, тоң моюн коррупцияны теске салар күчөтүлгөн элдик көзөмөл зарыл болчу. Эмне үчүн дегенде, ар кандай ийгиликтин ачкычы кара кылды как жарган калыстыкка, талапты катуу кое билген иреттүүлүккө, тарбиянын таасирдүүлүгүнө байланыштуу болорун айтпасак да түшүнүктүү. Бир сөз менен айтканда, кыргыз элинин кылым кыйырын басып өтүп, бизге жеткен каада-салт, нарк-насилдерин эгемендиктен кийинки улуттук пайдубалды түптөш үчүн, элдин кызыкчылыгынан жеке керт башынын кызыкчылыгын жогору койгон мамлекеттик кызматтагы чиновниктерди, жалпы эле кыргыз интеллигенциясын, кыргыз кыртышында кайра даярдыктан өткөрүш үчүн элдик салттын пайдасы зор болмок.
Эл-дайра болсо, анын нугу - салт экенин, нуксуз дайра болбогондой, салтсыз эл болбостугун эске албай, көп жаңылыштыктарды кетирип койдук. Тагыраак айтканда, кыргыз элинин каны-жанынан жаралып, турмуш элегинен өткөн салттуу көрүнүштөрдү, улуттук дөөлөттөрдү, рухий баалуулуктарды баш мыйзамыбызга өзөк катары кабыл алуунун ордуна, өнүккөн өлкөлөрдөн шашылыш көчүрүлгөн мыйзамдардын топтомун чоң жаңылык ачып жаткансып арыдан бери кабыл алып жибердик. Кабыл аларын го алдык, бирок көптөгөн оңдоолор, толуктоолордун чыр-чатагы азыр да улантылып жаткандыгы жакшы жөрөлгө болгон жок.
Жыйынтыктап айтканда, "атка мингенде эле ээрге кыйшык отурган болчу" дегендей, рынок экономикасына эч кандай даярдыгыбыз жок туруп, эгемендиктен кийин мамлекеттик мүлктү приватташтырабыз, жеке менчикке өткөрөбүз деп жоо куугандай шашылып, натыйжада миллиондогон суммадагы кирешелерди киргизип турган жүздөгөн колхоз, совхоздорду, ишкана, мекемелерди завод, фабрикаларды колунда бийлиги, байлыгы бар шымаланган шылуундарга талатып, тонотуп, бир сөз менен айтканда, бүтүн буюмду бүлүнтүп алдык.

Мамен Арстанбеков, адабиятчы,
Республикалык "Адеп мектеби" коомдук уюмунун төрагасы.