№27-28,28.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Колдо бар алтын жөнүндө

Мекенибиздин патриоту бололу
Жети-Өгүз районунун М.Тынаев атындагы Оргочор орто мектебинин англис тили, адеп сабагынын мугалими Байдөөлөтова Кайыр элет жеринде жашап, жаңы маалымат технологияларынан алыс болгондугуна карабай окуучуларына заманбап сабак берүүгө умтулуп, талбай изденип, чет мамлекеттик уюмдарга долбоорлорду жазып, сынактарга катышып өз мектебинин, окуучуларынын келечеги үчүн кам көрүп келет. Ал бир канча жолу Америка Кошмо Штаттарына барып кесиптик чеберчилигин жогорулатып келген.

Кайыр эженин эң башкы максаты - өзү иштеген мектебине, окуучуларына татыктуу билим алууга шарт түзүп берүү болгондуктан, ал дайыма сабак өтүп жатканда канткенде мектепке англис тилинде китептерди алсам болот, магнитофон угузуп сабак өтсөм, сөздүк дагы болсо деп ойлоп кыялдана берчү. Ошондой кыялы менен байып жүргөн кезде "Кыргызстан-Сорос" фондусу тарабынан жарыяланган Жаштар программасынын "кружоктор" деген программасына катышып калат. Анда өзүнүн тырышчаактыгына дайыма кыялында жүргөн ой-тилектери жардамчы болуп, натыйжада 379 АКШ доллары суммасында окуу китептерин жана магнитофон утуп алган. Анын бул эң алгачкы табылгасы мектеби үчүн эң чоң белек болгон. Ошондо окуучулары да, чет тил мугалимдери да абдан сүйүнүшкөн.
Кайыр эже ушуну эле Кудай кут кылсын деп отуруп албастан окуучуларынын китептерди тандап окуусуна мүмкүнчүлүк түзөйүн деген максатта Коннектикут штатындагы Дариен Бук уюмуна кат жазып, 100гө жакын аңгеме китептерди жана Шотландиядагы Букс Эброод уюмунан 500гө жакын китеп алган. Эженин мындай иш аракетин мектептин администрациясы жана мугалимдер жамааты колдоп, кийинки конкурстарга катышуусуна жана гранттарды жазуусуна чоң түрткү беришкен.
Ушундай дем менен талыкпай эмгектенип жатып 2000-жылы АКСЕЛС уюмунун чет тил мугалимдери үчүн конкурсуна катышып, 2-турдун жеңүүчүсү катары 200 долларга чет тил мугалимдери үчүн тесттер жыйнагын жана мектеп үчүн 2000 доллар суммасында Pentium III компьютерин принтери менен утуп алган. Ал эми 3-турунун жеңүүчүсү катары, АКШнын Делавер университетинде стажировкадан да өтүп келген.
- "В гостях хорошо, а дома лучше" дегендей, мен Америкага биринчи жолу барганда, Ата-Мекеним Кыргызстанды сагынганым эсимден кетпейт. Интернетти ачып алып, тоо, тоонун арасында карагай, арчаларды аралап агып жаткан мөлтүр кашка тунук сууларды көрүп алып, ыйлагым келген. Ошондо мен, "туулган жердин топурагы алтын" деген макалдын маанисин ого бетер баалагам. - дейт Кайыр Байдөөлөтова.
- "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, биз өзүбүз жашап жаткан жерибиздин кооздугун көнүмүш катары кабыл алып, өтө деле баркын билбейбиз. Чындыгында биздин өлкөбүз өзүнүн кооз жаратылышы, кең байлыктары, таза абасы, шаркырап аккан суулары, чалкып жаткан көлдөрү, тарыхий каада-салттары менен чет өлкөлүктөрдүн жана туристтердин көңүлүн өзүнө бурат.
Азыр болсо, Ата-Мекенинин кадыр-баркын алыста жүрүп түшүнгөн мугалим Мекен жана өлкөлөр темасын өтүп жаткан кезде сөзсүз түрдө Кыргызстандын жаратылышын, тоо-ташын, элдеринин меймандостугун, чалкып жаткан көлдөрүн кошуп, даңазалап, кооздоп сүрөттөп айтууга окуучуларын үйрөтөт.
Эженин айтымында, кыргыз окуучуларынын көпчүлүгү чындыгында эле сезимтал, айтканды бат кабыл алган, жөндөмдүү келет. Ошого жараша окуучуларды өз убагында, сабакка кызыгып турган жаш өзгөчөлүгүнө, жөндөмүнө жараша окууга тартып алуу керек. Эже мындай ыкманы "англис тилинде сүйлөө" кружогундагы окуучуларынан байкаган.
Кайыр эже Америкадан топтоп келген тажрыйбасын ичине катып жатып албай өзүнүн кесиптештери менен тең бөлүшүп, аларга көптөгөн жаңы ыкмаларды үйрөтүп келет.
- Мен Америкадан келээрим менен Жети-Өгүз районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жетимишбаев Мураттын өтүнүчү менен райондун мектеп директорлорун чогултуп, АКШ жөнүндө, алардын билим берүү системасы жөнүндө жана мындай конкурстарга заявканы кантип толтуруш керектиги тууралуу айтып, көрсөтүп бергем. Ушул эле мугалимдердин август кеңешмелеринде жана областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү курстарында англис тили сабагындагы методикалар боюнча (жергиликтүү шарттарга ылайык жана чет өлкөдөгү методикалар боюнча) көптөгөн презентацияларды жасадым, - дейт Кайыр эже.
Учурда ал мезгилдин талабына шайкеш келген англис тили кабинетин жасалгалап, китеп окуу бөлмөсүн уюштурган. Бул иште дагы мектептин администрациясы жана мугалимдер жамааты көп кеңештерди беришип, колдоо көрсөтүшкөн. Бул кабинеттин кызматынан мектеп окуучулары гана эмес, областтын борборундагы жогорку окуу жайлардын студенттери да пайдаланып жатышат. Китептер абдан иллюстрациялуу болгондуктан, чет тили гана эмес, башка сабактардын мугалимдери да сабактарына көрсөтмө курал катары колдонушууда.
2004-жылы ушул эле АКСЕЛС уюмунун "Партнерство в образовании" программасынын финалисти болуп, Огайо штатынын Кент университетинде "жарандык милдет", "адамдын укуктары" боюнча стажировкадан өтүп келип, 2005-жылы коом таануу мугалимдери үчүн уюшулган "жайкы университетте" "Адам укуктары, аялдар укугу" деген темада презентация жасап, Кыргыз Республикасынын жарандык билим берүүдөгү концепциясын иштеп чыгууга катышкан. 2002-2004-жылдары мектептен тышкаркы убактыларында Филадельфия университетинин профессору, социолог Рассел Клайнбах менен "Кыргызстандагы кыздарды ала качуу" деген темадагы Оргочордо өткөн изилдөөсүнө жана Майами университетинин аспиранты Робин Кюринин жүргүзгөн "үй тиричилигиндеги өсүмдүктөрдү өстүрүүгө таасир тийгизүү" деген изилдөөсүнө катышып кызматташкан. Робин менен бирдикте айылдын тургундарына семинарларды өткөрүшүп, жемиш бактарын кыйыштыруу боюнча практикалык кеңеш көрсөтүшкөн. Америкалык социолог Рассел менен бирдикте жогорку класстардын окуучуларына жана коомчулуктун өкүлдөрүнө, аялдар кеңешинин коллективине "ала качуу" жөнүндө фильм көрсөтүшүп, брошюраларды таркатышкан.
Америкага экинчи жолу барганында ала качуу салты боюнча презентация жасаган. Анда угуп отургандар абдан таң калышып, "бул кылмыш да" дешип, тыныгуу учурунда эжеге ар кандай суроолорду жаадырышкан.
Ал эми өз жериндеги англис тили мугалимдерине жардам берүү максатында 2006-жылдын июнь-июль айларында Караколдогу "Баяжан" ОЭУ менен бирдикте Америка өкүлчүлүгүнөн грант алып, чет тил факультетин бүтпөй чет тилинен сабак берип жүргөн мугалимдерге семинар-курс өтүшкөн. Ушул эле жылдын жайында Тынчтык Корпусунун волонтерлору уюштурган жайкы лагерге өзүнүн 14 окуучусун алып барган.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, "Кутбилим".
РS. Төмөндө алдыңкы мугалим Байдөөлөтова Кайырдын адеп сабагы боюнча методикасын сунуш кылабыз.




Бүгүнкү бойго жеткен кыз
АДЕП САБАГЫ, 9-класс
Максаты: Бүгүнкү бойго жеткен кыздын адептик жана инсандык бейнеси тууралуу талкуу жүргүзүү. Окуучулар аялзатына таандык асыл сапаттарды жазып чыгышат. Кыздын аброю жана ар намысы, азыркы учурдагы кыздардын жүрүм-турумун дагы айтышат, коммуникативдик билгичтиктерин өнүктүрүшөт.
Тарбиялык максаты: Окуучу кыздарды кыргыздын үлгүлүү кыз-келиндеринин мисалында татыктуу жүрүм-турумга тарбиялоо.
Колдонулган ыкма: Топтордо иштөө (интерактивдүү ыкма).
Сабактын жабдылышы: Макал-лакап китепчеси, А4 барагынан бешөө, маркер, скотч.
Сабактын башында кыздар жөнүндө ыр угузуу (бул учурда окуучулар адеп күндөлүктөрүнө уккан сөздөрүн же сүйлөмдөрүн жазып олтурушат. Бул ыкмада окуучулардын угуу маданияты тарбияланат, жалаң эле музыканы угуу эмес, сөздөрүнүн маанисине да көңүл бурулат).
Мотивация үчүн окуучуларга суроолор: Ыр эмне жөнүндө болду? Кандай сөздөрдү, сүйлөмдөрдү жаздыңар? Сөздөрдүн бардыгы силерге түшүнүктүүбү? Кайсы сөздөрдүн маанисин түшүнө албай жатасыңар? Бул ыр силерге эмнеси менен жакты? (Кээ бир нукура кыргыз тилинде айтылган сөздөрдү окуучулар түшүнбөй калышы мүмкүн, ошондуктан андай сөздөрдү талкуулап түшүндүрүп берүү керек).
Мугалим окуучуларды сабактын темасы, максаты, бул сабактагы окуучулардын иштөө максаты менен тааныштырат.
Сабактын жүрүшү: 1. Окуучулар 5 топко бөлүнүшөт (Окуучуларды 1ден 5ке чейин санатып же 5 түстүү кагазды таратып бөлсө болот, же болбосо алфавиттин биринчи беш тамгасын айттырып топторго бөлсө болот).
1-топ. Өздөрүнүн барагына гүл тартышат да, бойго жеткен кыздын адептик жана инсандык сапаттарын ага жазып чыгышат (Топтордо окуучулар өздөрүнүн каалоосу менен гүлдөн башка нерсе тартышса да болот). Окуучулар жаза турган болжолдуу сөздөр: назиктик, боорукерлик, мээримдүүлүк, кичи пейилдүүлүк, тыкандык, толеранттуулук, сылыктык, жоопкерчиликтүүлүк (Дагы көптөгөн кыздардын сапаттары жазылып, талкууланат).
2-топ. "Кыргыз кыздары кечээ жана бүгүн" деген темада кыздардын мүнөздөрүн, кийимдерин, адептүүлүгүн, жашоодогу окшоштуктарын жана айырмачылыктарын жазып чыгышат (Венндин диаграммасы).
3-топ. Топтогулар сүрөт (гүл, жалбырактар, мөмө-жемиш же фантазиясы менен башка нерселерди) тартышып, аларга кыздарга тиешелүү макал-лакаптарды жазышат. (Бул топтогулар презентация жасагандан кийин, кээ бир макал-ылакаптардын маанисин чечмелеп беришет, ага жараша турмуштан мисал келтиришет). Төмөнкү макалдарды "Ата жакшы - уул жакшы, эне жакшы - кыз жакшы", "Тамакты даамдуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз", "Энесин көрүп кызын ал", "Ата-эне мактаган кызды алба, кошуна мактаган кыздан куру калба", "Тастаңдаган кыздан түңүл, жаздай болгон кыштан түңүл", "Кыздын кырк чачы улуу", "Эжени көрүп сиңди өсөт", "Кыздуу үйдө кыл жатпайт, кыл жатса да көп жатпайт", "Жакшы кыз жалтыраган айнектей, жаман кыз түбү түшкөн чайнектей", "Акылдуу кыз таап сүйлөйт, акылсыз кыз каап сүйлөйт" жана башка көптөгөн макал-лакаптарды жазып, маанисин ачып, айтып беришет.
4-топ. Бул топтогулар кыргыз эли идеал туткан атактуу кыз-келиндерди жазышат (Мисалы: Айчүрөк, Каныкей, Курманжан Датка, Б.Бейшеналива, И.Болжурова, Ч.Баекова ж.б.). Бул жерден окуучулар республикалык, областтык, райондук деңгээлиндеги, жада калса айылыбыздагы кыз-келиндерден жана мектептеги үлгүлүү кыздардан да жазса болот, алар эмнеси менен белгилүү, алардын кайсы сапаттарын өздөрүнө алгылары келишет, эмне үчүн аларды идеал тутушат деген ойлордун тегерегинде сүйлөшөт.
5-топ. Бул топтогулар Т-схемасын чийип, кыздардын оң сапаттарын жана азыркы учурдагы кыздардын жүрүм-турумундагы айрым жагымсыз көрүнүштөрдү жазышат (Топтор иштеп жаткан мезгилде мугалим жөн эле турбастан, ар бир топтун жанына барып кандай иштеп жаткандыктарын байкап, окуучуларда суроолор туулуп калса аларга жооп берип түшүндүрүп турат).
Ар бир топ доскага кагазын илип, презентация жасайт. Презентацияларга топтор тарабынан кошумчалар, алымчалар айтылат.
Дебрифинг үчүн суроолор: 1.Бул тема силерге пайдалуу болдубу? Эмне үчүн? 2.Эмне үчүн дени сак улут менен аялзаты байланыштуу деп айтылат? 3.Биздин айылдан кимди (кыз, келин, чоң апа) идеал тутасыңар? Эмне үчүн? 4.Биздин мектептенчи? Эмне үчүн?
Мугалимдин жыйынтыктоо сөзү: Топтордо иштеп, өзүңөр жазгандай эле турмушта өз ордуңарды, бактыңарды табуу үчүн силердин ички дүйнөңөр таза, билимдүү, адептүү, сабырдуу, сарамжалдуу, кичи пейил болушуңар керек. Билим алып бир кесиптин ээси болуп, талбай эмгектенип, жашоодогу бардык жыргалчылыкты көрүп жашоого аракеттенгиле. Коомдук жайларда болсун, үйдө болсун таза, тыкан, сылык, кичи пейил болгула. Ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан кыздар жөнүндөгү макал-ылакаптар азыр да маанисин жоготпой келе жатат. Мисалы "Кыздын кырк чачы улуу" деп айтылгандай, сый урматка татыктуу болуу, жакшы жүрүм-турумга ээ болуу - бул адеп.
Ал эми бүгүнкү күндөгү кыздардын жүрүм-турумундагы айрым жагымсыз көрүнүштөргө кыздар өздөрү да себепчи болуп жатышат деп айтсак болот. Себеби аларды эч ким жаман жолго барууга, ичкилик ичип, тамеки тартууга жана башка жагымсыз жүрүм-турумдарга үндөбөйт жана мажбурлабайт. Турмушта ар кандай кыйынчылыктар болсо дагы аларга чыдап жеңип, бекем эрктүү болуп, өзүңөрдү сактап, бардык кыйынчылыктарга туруштук берүүгө аракеттенгиле. Аялзатына таандык асыл сапаттарды өзүңөргө адат кылууга үйрөнгүлө.
Бүгүнкү бойго жеткен кыз, эртеңки эне, тукумду улантуучу. Ал эми эненин жашоо мүнөзү сергек болсо, ден соолугу бекем болсо, эртеңки келечегибизде дени сак, дили ак бала, андан дени сак улут, дили ак, күчтүү улут болот. Дени сак улут ошентип аялзаты менен байланыштуу.
Жогоруда айтылган кыргыздын идеал туткан кыздары деп эсептеген эжелериңердин жашоо турмушунун жана ишмердүүлүктөрүнүн мисалында жашоого жана эмгектенүүгө аракет жасагыла.
Баалоо: Топтор бири-бирин жана топтогулар бири-бирин баалашат.
Үйгө тапшырма: "Биз сыймыктанган кыз(дар)" деген темада биздин мектептеги кыз (дар) жөнүндө кыскача эссе жазып келүү.

Кайыр БайдөӨлөтова, Жети-Өгүз районундагы М.Тынаев атындагы Оргочор орто мектебинин англис тили жана адеп мугалими.