№27-28,28.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ибарат

o Муну билүү кызык
Бирөөнүн жаман сөзүнөн, бирөөнүн жаман көзүнөн сакта

Чыгыш элдериндеги көз тийүү ишеними (ынанымы) жана колдонулган ырымдар жөнүндө

1. Кытайда жаңы келген келинди кош бойлууларга, жесирлерге жана жаш балдарга көрсөтүшпөйт.
2. Чыгышта: "Оорулуу айыгаар, бирок көз тийген эч качан айыкпайт" - деп айтылат.
3. Оогандарда: "Адамдын көзү үйдү талкалайт" деген кеп бар. Чыгышта үйдүн сыртын кооздошкон эмес. Жасалгасын, болгон байлыгын үйдүн ичине катышкан.
4. Африканын көпчүлүк аймактарында көз тийгенден сактаныш үчүн антилопанын мүйүзүн тумар кылышат.
5. Индияда жолборстун тырмагын, тишин, муруттарын көз тийгенден, ар кандай оорулардын алдын алыш үчүн колдонушкан.
6. Индияда көзү жамандын айынан кадимки сүт көгүш тартып, каймак кылганга жарабай калат, а каймак көк түскө айланып кетет деген ишеним бар.
7. Түркияда бала төрөлгөнүнө үч күн болгондо эл келип көрө баштайт. Эл кеткенде үйдүн ээси меште күйгөн отко кадимки мыктарды кол менен уучтап келип таштайт. Ошол мыктардын ичинен бирөөсү тарс жарылып, үн чыгарса балага келген кишилердин ичинен бирөөсүнүн көзү тийгенин эскерткен болот деп түшүнүшөт.
8. Кытайда коңгуроону жин-перилерден, жамандыктан сактаныш үчүн тумар катары тутушат. Ал көп учурда кичине балдардын кийимдеринде тагылып жүрөт.
9. Перстер ооруп жаткан адамга кара койду же кара тоокту айландыра жетелешкен.
10. Түркияда көз тийгенде тыт дарагын пайдаланышкан. Өсүмдүктөрдөн сырткары көз тийгенден сактай турган нерсе катары тирүү жаныбарларды, өлгөн жырткычтын белгилүү бир мүчөсүн, алардан жасалган тамакты пайдаланышкан.
Кыргыз элинде да көз тийүү ишеними, ага карата иштелип чыгып колдонулуп келген ырымдар, үрп-адаттар бар. "Манас" эпосунда Манаска көз тиет деп атын Чоң Жинди коюп, көзү жамандардан сактанышкан. Көз тийген ымыркай же жалпы эле балдар кусуп, чыргоолонуп ооруп калат. Анда бул оорудан айыктырыш үчүн атайын бир ишеним менен ырымы аткарылат. Натыйжада чырнооктоп, кускан бала айыгып кетет. Айрым көз тийгенден айыктыра алуучу кемпир-абышкалар, тажрыйбасы бар табып адамдар болот. Алар коломтодон өчкөн оттон күл алышат, аны чүпүрөккө орошот же чыныга салып оозун төгүлбөгүдөй кылып бекитип, аны менен баланы бирде чалкасынан, бирде көмкөрөсүнөн жаткырып алып баш ылдый сыдырышат. Муну кирнелөө деп атайт. Сыйынуу сөздөрүн угузуп-угузбай күбүрөшөт. Теңирден суранышат. Өзүлөрү эстешип, уйкулары келип, көздөрүнөн жаш агызышат. Бул процесс көз тийгендин оор-жеңилине жараша болот. Бир аздан соң чырнооктоп, кусуп жаткан бала оңолуп, эс алып, уктап калат.
Кыргыздарда: "бирөөнүн жаман сөзүнөн, бирөөнүн жаман көзүнөн сакта" деп, Теңирге сыйынуу ишеними да бар. Ал эми чоң кишилерге көз тийгенде атайын иштелип чыккан элдик медицина ыкмасы менен дарылашат. Бул көз тийгендин элдик тарыхы.
Көз тийүү айрым адамдардын бирөөнө суктануусунан, эсепсиз жакшы көрүүсүнөн, көрө албастык сезим менен ашкере баалоосунан болот деген ишеним бар. Чындыгында да турмушта айрым адамдардын жакшы же жаман ниетте суктанып (сук артып) коюусунан улам мал-жан ооруп, өлүп же ылаңдап, өсүмдүктөр болсо куурап, сынып калган мисалдар өтө көп. Демек көз тийүү бул теориялык-психологиялык жагынан алганда адамдардын, биотокторунун, оң, терс эмоция, энергияларынын бири-бирине, жандыктарга, өсүмдүктөргө таасир берүүсү жана ал түздөн-түз көз жана билинбеген ички энергия аркылуу чагылуусу, каршыдагы адамга оң, терс таасир берүүсү экендигин байкоого болот. Көз тийүүдөн, өзгөчө алсыз, күчсүз, же таза, аруу, назик адамдар, жандыктар, ал турмак өсүмдүктөр тескери таасир алып, ооруй тургандыгы байкалган. Мунун өзү өзгөчө күчтүү психологиядагы биотоктуу адамдын ниети, көз карашы алсыздын биотогун майтарып, анын психологиясына жана дене саламаттыгына таасир тийгизерин айкындайт.
Кыргыз элинде "көзүндө сөөлү бар, тилинде мөөрү бар" адамдардан абайлаш керек, алардын ачуусуна калбаш керек, көзүнөн оолак болуу керек деген ишеним бар. "Манас" эпосунда Каныкейдин, Айчүрөктүн ж.б. каармандардын ушундай касиеттери жөнүндө баяндалган. Маселен, Манас да өз баласы Семетейди көзүм тиет деп камчысын маңдайына тийгиздирип, аны жыттагандыгы айтылат. Себеби андай адамдар суктанса шыпшынып же кырсыгып калса каргап коет жана анын суктанычы же каргышы ката кетпейт деген ишеним жашайт. А балким бул да чындыктан, ошондой фактылар көп болгонунан айтылгандыр. Ал турмак атактуу Токтогул Сатылгановдун тилинде "мөөрү бар" экендигин айтышат. Коргол ырчы жөн жүрбөй анын каарына калып, акын каргап койгон экен. Ошол каргышы жетип Коргол көзүнөн ажыраптыр деп айтылат эл арасында. Демек, бул фактылардан улам адамдар өзүлөрүнүн жаман-жакшы ниеттерин, ой-пикирлерин физикалык гана күч менен эмес, психологиялык-биологиялык жактан таасир берүү аркылуу көрсөтө аларын ушундай фактылар ырастайт.
Адамдардын көзү жалаң гана бири-бирине тийбестен, ошондой эле тегерегиндеги айбанат, жандыктарга тийген да көрүнүштөр жөнүндө эл арасында кеңири айтылып келет. Кечөө жакындарда эле 90-жылдарда жер басып алуу модасы болуп жаткан учурда мындай окуя болот. Эл менен кошо бирөө жер аянтын алып там салып, ашып калган жерине алма, өрүк, алмурут багын тигип коет. Жылдар өтүп, баягы бактар чоңоюп, бойго жеткен кыздар сымал суйсала өсүп чыгышат. Ошол кезге чейин ата-энеси алыс болуп, анын үстүнө убактысы жетип, той бере элек экен. Ошол жылы күздүн күнүндө, ак төөнүн карды жарылган кезде айылдагы ата-энеси баштаган тууган-туушканын чакырып той берүүгө камдана баштайт. Айылдан алгач эле ата-энеси жетип келет. Энеси айылда жүргөндө эле бүбү, тамырчы атанган кемпир экен. Баласынын үйүнө келип, түшүмү бышып, жетилип турган жемиш бактарына бир жагынан таңгалып, бир жагынан суктанып: "жарыктыктар, ушундай да чырайлуу болобу!?" деп шыпшынып койгон экен. Бала түнү менен конокторуна той берип колу бошобойт. Эртең менен жарык түшкөндө эшикке чыккан уул өз көргөн көзүнө ишенбейт. Себеби баягы суйсалышкан бактар бир түндө өң-ырайдан кетип, жемиштери чүрүшүп, күбүлүп түшүп калыптыр.
Бул чындыгында болгон окуя. Ошондо кемпир да өз күнөөсүн мойнуна алып "опсуз суктанып койгондугун" билдирип, кейиген боюнча айылына кеткен экен. "Адамдын тилинде болсо, Кудайдын кулагында" деген накыл сөз бекеринен айтылбаса керек.
Ошентип, бул фактылар адамдардын мейли жакшылык, мейли жаманчылык багыттарында физиологиялык-биологиялык таасир берүү жөндөмдүүлүктөрү чексиз экендигин далилдейт. Ошентсе да алар гомосапиенстер ("акыл-эстүү жандыктар") болгондуктан көпчүлүк убакта жакшы ниеттерди каалап, жакшылыкка багыттанып жүрө тургандыктары ырас.




Жалпы түрк жазма адабиятынын XI кылымдагы эң ири өкүлү Жусуп Баласагундун 1069-жылы жазган "Кутадгу билик" дастаны канаттуу сөздөргө өтө бай. Төмөндө ошол баалуу мурастан окурмандарга бир үзүм тартуулайбыз.
Акылмандардын адабий мурасы


СӨЗ ӨНӨРҮ ТУУРАЛУУ

Сөзүңдү тыйбасаң, баш кетер,
Тилиңди тыйбасаң, тиш сынар.
Тилиңе мыктап кишен сал.
Адамды эки нерсе картайтпайт:
Бири жакшы мүнөз, бири жакшы сөз.

Тил көркү - сөз,
Жүз көркү - көз.
Жакшы сөз жан азыгы.
Тил менен напсини тыя билген,
Касиетти боюна топтой билет.

Сөз он түрлүү:
Айтылчусу - бирөө,
Тогузуна - тыюу.
Миң сөздүн түйүнү бирөө.
Айтылбаган сөз кулуң.
Айтылган сөзгө өзүң кулсуң.

Ойлоп сүйлөгөн убайым жебейт,
Карабаштын жоосу - кызыл тил.
Акындын тили кылдан назик, кылычтан өткүр.
Тил - босогодо жаткан арстан,
Байкабасаң башыңды жейт.

Эмгек тууралуу

Жаш кезиңде кайрат кыл,
Кубанычтын артында кайгысы бар.
Рахаттын артында азабы бар.
Рахат издесең, мээнетиңен качпа.
Кубаныч издесең, кайгысынан качпа.
Кемеге минген деңизге чыгат.

Өнөр билим тууралуу

Парасат кайда болсо, улуулук ошондо,
Билим кайда болсо, бийиктик ошондо.
Өзүң өлсөң да, атың өлбөсүн.
Адам көңүлү чалкар деңиз:
Маржаны түбүндө.
Көз сокурлугунан көңүл сокурлугу жаман.
Наадан тордон орун алса да.
Акыры босогого жылат,
Даанышманга босогодон орун тийсе, төргө өтөр.

Кумарлык менен напси - тоо
Бирин акылга жеңдир.
Экинчисин билим менен бас.
Тиреги зордун билеги зор.
Билимдин чылбыры узун.
Жолоочу жолго үй салбас.

Жамандык менен жакшылык, достук менен жолдошчулук тууралуу
Кичүүлүк кымбат эмес, кишилик кымбат,
Боюң кыска болсо да, оюң түз болсун.
Сүйгөнүн көрсө көз кубанат,
Тилекке жетсе, жан кубанат.

Ашык болгонду көзүнөн байка,
Сүйлөгөн сөзүнөн байка.

Куш канатына ишенет,
Достошуу оңой, сыйлашуу кыйын.
Жоолошуу оңой, жарашуу кыйын.

Адам атын эки нерсе чыгарат:
Бири - мээримдүүлүк
Бири - жоомарттык.

Аракка мас болгондон, дөөлөткө мас болгон жаман,
Кыркка келген жашмын дебес.
Түшү жакшынын иши жакшы,
Алтын көрүп жолдон тайбаганды нагыз периште де,
Жамандык озбойт,
Жакшылык тозбойт.
Ашыксаң адашасың.
Өмүр таттуу, өлүм уу.
Ашыкпаган аккуу кармайт.

Орусчадан кыргызчага которгон
Анарбек Акматбеков,
Кыргызстан жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү. Эл агартуунун отличниги,
ички кызматтын подполковниги.