№26,18.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Объявления

Защита диссертаций
18 сентября 2008 года в 16.00 часов на заседании Диссертационного совета Д.13.06.331 при Кыргызской академии образования (Кыргызский государственный университет им. И.Арабаева - соучредитель) состоится защита диссертации Касмалиевой Анаркан Сарыгуловны на соискание ученой степени кандидата педагогических наук на тему "Теория и практика олимпийского образования школьников в Кыргызской Республике" по специальностям 13.00.01 - общая педагогика и 13.00.04 - теория и методика физического воспитания, спортивной тренировки и оздоровительной физической культуры.
Адрес: 720040, г. Бишкек, КАО, пр. Эркиндик, 25.
Научный руководитель: кандидат педагогических наук, профессор Саралаев М.К.
Научный консультант: доктор педагогических наук, доцент Чоров М.Ж.
Официальные оппоненты: доктор педагогических наук, профессор Бабаев Д.Б., кандидат педагогических наук, доцент Иванченко Т.Д.
Ведущая организация: Иссык-Кульский государственный университет им. К. Тыныстанова (г. Каракол).
С диссертацией можно ознакомиться в Научной библиотеке Кыргызской академии образования.

23 сентября 2008 года в 14.00 часов на заседании Диссертационного совета Д 01.07.362 при Институте математики НАН КР состоится защита диссертации Омуралиева Асана Сыдыгалиевича на тему:"Регуляризация сингулярно возмущенных параболических задач" на соискание ученой степени доктора физико-математических наук по специальности 01.01.02 - дифференциальные уравнения.
Официальные оппоненты: д.ф.-м.н., профессор Алымкулов К., д.ф.-м.н., доцент Искендерова Д.А., д.ф.-м.н.Мухамбетжанов С.Т.
Ведущая организация: Казахский национальный университет имени аль-Фараби.
С диссертацией можно ознакомиться в Центральной научной библиотеке НАН КР (г.Бишкек, пр-т Чуй, 265-а).

23 сентября 2008 года в 16.00 часов на заседании Диссертационного совета Д 01.07.362 при Институте математики НАН КР состоится защита диссертации Абдылдаевой Эльмиры Файзулдаевны на тему: "Применение интегро-дифференциальных уравнений к решению задач интегральной геометрии в критических случаях" на соискание ученой степени кандидата физико-математических наук по специальности 01.01.02 - дифференциальные уравнения.
Научный руководитель: доктор физико-математических наук, профессор Асанов Авыт.
Официальные оппоненты: д.ф.-м.н., профессор Омуров Т.Д., к.ф.-м.н., доцент Ишмахаметов К.И.
Ведущая организация: Кыргызский государственный технический университет имени И.Раззакова.
С диссертацией можно ознакомиться в Центральной научной библиотеке НАН КР (г.Бишкек, пр-т Чуй, 265-а).

2008-жылдын 29-сентябрында саат 12:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун алдындагы (тең уюштуруучу - Ж.Баласагын атындагы КУУ) философия илимдери боюнча докторлук окумуштуулук даражаны ыйгаруу боюнча Д 09.06.321 диссертациялык кеңешинин жыйынында 09.00.11 - социалдык философия адистиги боюнча Шарипова Эркайым Козуевнанын философия илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган "Социалдык нормалар философиялык изилдөөнүн объектиси катары" аттуу темадагы диссертациялык иши корголот.
Дареги: 720071, Чүй проспектиси, 265-а.
Илимий консультанты: философия илимдеринин доктору, профессор М.Ж.Жумагулов.
Расмий оппоненттер: философия илимдеринин доктору, профессор Э.С.Орозалиев; философия илимдеринин доктору, профессор К.К.Карабеков; философия илимдеринин доктору М.М.Амердинова.
Жетектөөчү мекеме: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин тарыx жана философия кафедрасы.
Диссертация менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасында таанышууга болот.

2008-жылдын 29-сентябрында саат 12:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун алдындагы (тең уюштуруучу - Ж.Баласагын атындагы КУУ) философия илимдери боюнча докторлук (кандидаттык) окумуштуулук даражаны ыйгаруу боюнча Д 09.06.321 диссертациялык кеңешинин жыйынында 09.00.11 - социалдык философия адистиги боюнча Абдылдаева Тамара Чыналиевнанын философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган "Ааламдашуунун (глобализациянын) шарттарында исламды модернизациялоо маселелери" аттуу темадагы диссертациялык иши корголот.
Дареги: 720071, Чүй проспектиси, 265-а.
Илимий жетекчиси: философия илимдеринин кандидаты, доцент Т.О.Омурова.
Расмий оппоненттер: философия илимдеринин доктору, профессор К.А.Ажыбекова; философия илимдеринин кандидаты, доцент А.Ж.Жусупбеков.
Жетектөөчү мекеме: Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана арxитектура университетинин философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы.
Диссертация менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасында таанышууга болот.




Асыл жан
(Эл агартуунун отличниги, астроном-физик Алдеков Сейит агайыма)
...Болот экен, чыгат экен адамдан,
Өзгөчө бир асылдыктан жаралган.
Караңгыда шоола болгон элине,
Калайыктын керек ишин таба алган.

Билим алып бийиктеген көптөрү,
Биздин мектеп Кызыл-Дөбө мектеби.
Тарбиялап келечегин аныктап,
Жарык кылган күн сыяктуу көктөгү.

Бүркүт кылган балапандын далайын,
Бүгүнкүдөй эсте, Сейит агайым.
Билим берип... тамашалап кээ бирде,
Күлкү менен өтүүчү эле сабагын.

Акыл эстин, сулуулуктун үлгүсү,
Астроном-физик болчу бул киши.
Адамзатка бак-таалайдын "калаасын"
Билим менен келүүчү эле кургусу.

Маани берип, жүрсөк дагы шыктанып,
Балким кээсин бала чакта укпадык.
Даңазасын биздин Сейит агайдын,
Далай муундар айтып келет суктанып.

Өткүрбекке салыштырам бою узун,
Окшоштурам Тукелеңге добушун.
Шар мүнөзү кудум эле Анвардай,
Эске салып суудай тунук болушун.

Чындыкты айтса жалындаган өрт эле,
Чыгаандыктын бир элесин берчү эле.
Калайыкты шыктандырып эргитип,
Кайда жүрсө ошол жердин көркү эле.

Табияттын чебердиги жарашкан,
Өтө көркөм асыл жанды жараткан,
Сүрү дагы, мээрими да байкалып,
Сүйлөп турса аргасыздан караткан.

Канчаларга жол көрсөткөн сабагы,
Качан болсо жаркып турчу кабагы.
Кыргыз элин он бир жанга көбөйтүп,
Тарбиялап берген он бир баланы...

Жарык болгон... жакшы жолго чакырган,
Тууган жерге туюк болбой ачылган,
Адамзаттын жеңил болмок сапары,
Артык болсо Алдековдой асыл жан!..
Бугубаев Барчынбек,
Кыргыз республикалык жаштар сыйлыгынын лауреаты, "Алтын калем" жана Эл аралык "Хелветас" сыйлыгынын ээси, Кыргызстан жазуучулар союзунун жана журналисттер союзунун мүчөсү.




Кулактандыруу!
Улуттук компьютердик гимназия 2008-2009- окуу жылына төмөнкү класстарга окуучуларды конкурстук негизде кабыл алат:

o 5-7- класс - математика сабагын тереңдетип окутуу класстарына;
o 5- класс - немис тилин тереңдетип окутуу;
o 5-6- класс - химия- биология сабактарын тереңдетип окутуу.
Кабыл алуу мөөнөтү:
Каттоо - 2008-жылдын 20-августунан 23- августуна чейин жүргүзүлөт.
Биринчи тур:
- математика - 25-август, саат 8:00 ( текшерүү иши);
- кыргыз тили - жат жазуу - 27- август, саат 8:00 ( жат жазуу).
Экинчи тур - тестирлөө, жүгүртмө боюнча жүргүзүлөт:
- англис тилинен, физика, информатика сабактарынан тестирлөө (6-8-класстардагы бош орундарга).
Биринчи турдун тапшырмаларын "4" жана "5" деген бааларга аткарган окуучулар экинчи турга киргизилет.
Экинчи турда ар бир сабактын тесттик жыйынтыгы өз-өзүнчө чыгарылат.
- "5" (эң жакшы), эгерде окуучу тесттин суроосунун 85 % ына туура жооп берсе;
- "4" (жакшы), эгерде окуучу тесттин суроосунун 75 % ына туура жооп берсе;
- "3" (канааттандыраарлык), эгерде окуучу тесттин суроосунун 60 % ына туура жооп берсе;
- "2" (канааттандыраарлык эмес), эгерде окуучу тесттин суроосунун 60 %ына туура жооп бербесе;
Конкурстук сынактан өткөн окуучулар төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1. Ата-энесинин арызы;
2. Өздүк делосу;
3. Үй-бүлөсү тууралуу маалымат;
4. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
5. 3х4 сүрөтү - 2 даана;
6. Медициналык справка №026 таризиндеги;
7. Медициналык форма №063 таризиндеги;
8. Интернатка кабыл алынган окуучулар, денсоолугу тууралуу толук медициналык маалымат алып келүүсү зарыл;
Турмуш-шарты оор, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, биринчи турда "эң жакшы" жана "жакшы" деген бааларга ээ болгон окуучуларга экинчи турда жеңилдиктер берилет.
Интернатка кабыл алынган окуучулар (7- класстан жогору) үч маал ысык тамак-аш, жатакана менен камсыз болушат.

УКГнын дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 63. Телефондор: 28-46-97; 28-47-10
КАБЫЛ АЛУУ КОМИССИЯСЫ