№26,18.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Тамекиден көз карандысыз, эркин Кыргызстан үчүн" конкурсуна

Тамеки - оорулардын жан жолдошу
Адамдарды бакубат ден соолукка жеткирүүчү сергектик жашоого кедерги боло турган терс адаттарга тамеки кирет. Медициналык эсептөөлөр боюнча 10-15 жыл илгери тамекиге кумарланган өспүрүм балдардын эң жогорку деңгээли 14-15 жаш курагында байкалса, азыр бул көрсөткүч жашарып, 10-12 жаштагы өспүрүмдөргө туура келүүдө.

Эгерде боюнда бар аял тамеки тартса, кан менен тамекинин уулуу заттары курсактагы балага да барат. Алардын айы-күнүнө жетпей төрөлгөндөрү 11% болсо, салмагы 160-300 грамм кем төрөлгөндөрү 14% түзөөрү медицинада белгилүү. Чылымчы аялдардын жүзүн бырыш эрте басып, сымбатын бузат, тиши саргаят. Жыныстык оорулардын өсүшү, ошондой эле бойдон түшүү чылымчы айымдардын арасында арбын.

Балагатка жетип келе жаткан кезде организмдин тиричилик аракети күчөп, өспүрүмдөрдүн мүнөзү калыптанып, айрым сырлары ачылуу менен катар нечендеген түшүнүксүз суроолор жаралат. Алар балалык менен коштошуп бат эле жигит болгусу келип, көп нерселерге кызыгышат. Өспүрүмдөр улууларды туурап, чоң кишилердин тамеки тарткандарына кумарланып, тамеки тарткан адамды көргөндө ышкысы артат. Айрым тамеки тарткан курдаштарына кошулуп жол-жобосуна канатташ болот. Тамеки тартканга үйрөнөт. Алар адегенде тарткан тамекисин ата-энесине көрсөтпөгөнгө аракеттенишсе, көп узабай эле, айрымдары ачыкка өтө баштайт. Ошентип, өспүрүмдөр ден соолукка залалы тийе турган жаман адат - чылым чегүүгө үйрөнүшөт.
Адистердин айтымында, тамекидеги никотин жана изопреноиддердин топторуна кире турган заттар организм үчүн өтө зыяндуу. 20 даана сигарет чеккен адам 0,09 грамм никотин, 0,011 грамм пиридин 0,03 грамм аммиак, 0,006 грамм синил кислотасын жана башка көптөгөн уулу заттарды жутат. Адамды ууктуруучу никотиндин дозасы 0,050 грамм эки пачка папиросто болот.
Чылым чегүүдө папиростун түтүнү пайда болуп, андагы 500гө жакын заттардын ичинен 30дан ашыгы уулуу зат болуп эсептелет. Никотин жана анын тобундагы заттар түтүн түрүндө химиялык түзүлүшү өзгөрбөстөн өпкөгө өтөт. Тамекинин ышында никотиндин топторунан тышкары рак оорусун пайда кыла турган "канцерогендик" заттардын эң коркунучтуулары көп санда. Алар: бензопирен, антрацен, мышьяктын кошулмалары ж.б. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча зыяндуулугу жагынан никотинден өтүп кеткен, тамекинин радиактивдүү изотобу палоний 210 аныкталган. Ал заттар тамекинин жалбырагына караганда анын түтүнүндө арбын.
Чылым түтүнүнүн газдык бөлүгү: 10% кислород, 0,046 пайыздын ордун 9,5 көмүр кычкыл газы, 5% ис газынан турат. Көмүр кычкыл газы жана ис газдары организмдин клеткаларынын уусу. Түтүндөгү никотин жана башка уулар, вена аркылуу жиберилгенге караганда өпкөдөн эки эсе тез канга, кандан бүт организмге тарап, ден соолукка терс таасирин тийгизет.
Ар бир тартылган чылымдан кыска убакыттын ичинде организмдин иштөөсү жогорулап, тез эле кайра төмөндөйт. Адам папиросту дароо көп санда тарткан учурда курч мүнөздөгү ууланууга учурап, клеткалар жабыр тартат. Организм ууланганда адамдын эси ооп, денесин калтырак басып, эти тырышат. Мындай уулануу жаңыдан көнүгүп жүргөн өспүрүмдөр ашыкча тартып койгондо болушу мүмкүн. Чылым аркылуу барган никотин жана башка уулуу заттарга организм көнөт да, акырындык менен уулана баштайт. Тамекидеги никотин 0,7-2,5% түзөт жана ал нервге таасир этүүчү эң күчтүү уу болуп эсептелет. Ал чылымчынын организминдеги заттар алмашуу процессине кеңири катышып, денедеги эң керектүү заттардан болуп калат. Организмде никотин заты жетишсиз болгондо, борбордук нерв системага атайын импульстар жетип, ошондо тамеки чеккиси келип, адатка айланышы жаралат.
Биз дем алганда абанын курамындагы кычкылтек өпкөгө барат. Өпкөдө кандын гемоглобини менен биригип, клеткаларга тарайт да денени кычкылтек менен камсыз кылат. Сан жагынан күнүнө 25 сигарет чеккен адам жарым литр ис газын жутат. Демек, тамеки тартканда андагы ис газынын аз санда болушу да өтө коркунучтуу. Буга мисал, бир тамеки чеккен адамдын денесинде кычкылтектин жетишсиздиги тоого чыгып көнүкпөгөн адамдын деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикке көтөрүлгөн абалдай болот. Кислороддун жетишсиздиги бийиктикке көтөрүлгөндө ого бетер артат. Үч миң метр бийиктикке чыккан чылымчынын организмде кислороддун жетишсиздиги, чылым тартпаган адам 4,5 километр бийиктикке чыккандай болот. Бул фактылар илимий изилдөөлөрдүн негизинде далилденген.
Медиктердин жүргүзгөн эсептөөлөрүнө караганда бир сигарет чылымчынын жашоосун 12 мүнөт кыскартат экен. Эгерде чылымчы күнүнө 1-9 сигарета чексе, чылым чекпегендерге караганда жалпы жашоосу: орточо алганда 4,6 жылга, ошондой эле 10-19 сигарет чексе - 5,5 жылга, ал эми 20-39 сигарет чексе - 6,2 жылга кыскарышы аныкталган. Дагы бир факты: чылымчылардын арасында 40-49 жаштарда каза болгондор ошол жаштагы чекпеген адамдарга караганда 3 эсе көп.
Окумуштуулар адамдын рак оорусуна чалдыгышы чеккен сигареттин санына байланыштуу экендигин аныкташты. Орточо эсеп менен алганда бул дартка чылым чекпеген адамдарга караганда чылымчылар 20 эсе көп чалдыгаары белгилүү. Тамекинин таасиринен ооз көңдөйүнүн чел кабыкчаларынын микробдорго каршы туруктуулугу төмөндөйт. Ошол себептен өпкөнүн сезгенүүчү жана кургак учук ооруларына тез чалдыгат. Демек, чылым чегүүчүлөрдүн жандоочусу - кургак учук. Ал оору чылымчыларда тамеки чекпеген адамдарга караганда эки эсе көп учурайт.
Бир сигарет тартканда денедеги эң майда кан тамырлары (капилярлар) 30-40 минута кысылышынан денедеги кандын айланышы жайлайт. Эгерде адам ар бир жарым саатта бирден чылым чегип турса, өзүнүн кан тамырын дайыма ыңгайсыз абалда кармайт. Ошондуктан миокарддын инфаркты чылымчыларда 2,5-3 эсе көп учурап, ноопасы өтө оор өтөт. Кишилер өмүрүнүн гүлдөп турган кезинде, негизинен эркектер эндоартрит (кан тамырдын коркунучтуу оорусу) оорусуна чалдыгышат.
Никотин - денеге керектүү С витаминдин душманы. Бир сигаретти чегүүнүн өзүндө 25 миллиграмм С витамини, башкача айтканда, бир апельсинде боло турган витаминди жоготуп, дененин керектөөсүнө чыгымдалбай калат.
Никотиндин таасири менен шилекей бездеринин иштеши күчөп, ашказандын суюктугунун бөлүнүп чыгышы ченемден ашып кетет. Ошондон улам ашказандын сезгенүүсү (гастрит оорусуна) жана он эки эли ичеги менен ашказандын жарасы пайда болот. Медиктердин эсептөөлөрү боюнча бул жарага чалдыккандардын 98% тамеки тарткандар. Бул жара тамеки тарткандардын арасында 12 эсе көп жолугат экен.
Никотиндин зыяндуулугунан организмдин кээ бир бездеринин иштеши начарлап, адамдын эске тутуусу төмөндөп, көңүл буруусу жана иштеши начарлайт, колу калтырап, буту-колу кыймылдабай, айрым учурларда шал болуусуна алып келет. Бездердин ичинен, өзгөчө, жыныстык без сезгич келип, жыныстык жактан алсыздыктын 11%ти тамекинин таасиринен.
Эгерде боюнда бар аял тамеки тартса, кан менен тамекинин уулуу заттары курсактагы балага да барат. Алардын айы-күнүнө жетпей төрөлгөндөрү 11% болсо, салмагы 160-300 грамм кем төрөлгөндөрү 14% түзөөрү медицинада белгилүү. Чылымчы аялдардын жүзүн бырыш эрте басып, сымбатын бузат, тиши саргаят. Жыныстык оорулардын өсүшү, ошондой эле бойдон түшүү чылымчы айымдардын арасында арбын.
Дагы бир эске ала турган жагдай: өспүрүмдөр тамекинин эң арзанын жана зыяндуурагын тартышат. Сигареттин акыркы үчүнчү бөлүгү уулуураак келип, алар аягына чыгарып чегишет. Чылым чеккен окуучунун эске тутуусу уламдан-улам төмөндөп, алар өзгөчө ыр жана сөздөрдү жаттоого мурункуга караганда көп убакытты чыгымдашат. Математикадан эсепти жакшы чыгарып жүргөн окуучулар чылым менен достошо баштагандан тартып, анын эске тутуусу жана көңүл бөлүүсү төмөндөгөндүктөн туура эмес эсептеши мүмкүн. Үй тапшырманы даярдоого көп убакыт сарп кылып, мурун бат эле даярдай турган аз көлөмдөгү тапшырма үчүн көпкө отурушат. Чылымчы өспүрүмдүн эске тутуу жөндөмү 5-6%, жаттоо жеңилдиги 44,5%, сандарды кошуу тактыгы - 5,5% төмөндөшү окумуштуулар тарабынан далилденген.
Айрым адамдардын "тамеки акыл эмгегинин иштөө жөндөмдүүлүгүн күчөтүп, чарчагандыкты кетирип, нервди эс алдырат" деген ойлорун окумуштуулар четке кагышкан. Ал негизинен никотиндин таасиринен мээ кыртышында өтүүчү дүүлүгүү процессинин алмаштыруусуна байланыштуу. Мээнин клеткаларында чарчоо байкалат. Демек, чылым менен организмге барган никотин окуучулардын сабак өздөштүрүүсүнө жана жетишүүсүнө кедерги.
Албетте, чылымга окуучулардын үйрөнүшү ата-энелеринин жана мугалимдеринин таасиринен болушу ыктымал. Ата-энесинин, агаларынын жана мугалимдеринин тамеки тартышы, үйдөбү же класстабы дагы бир чылымчыны өстүрүүгө өбөлгө түзөт.
Медициналык эсептөөлөр боюнча баңгиликке бара турган даңгыр жолдун бири -тамекиден. Адистердин айтымында, чылымчы жана ичкиликке жакын өспүрүмдөрдүн 27% нашаа тартууга, 4% күчтүүрөөк баңги заттарга өтүүгө аракет кылат экен. Чылымчыларга каршы жалаң медиктер, педагогдордун жүргүзгөн иш-аракеттери жетишсиз. Буга жалпыбыз жапа тырмак киришүүбүз керек. Коомчулук учурдагы олуттуу маселелердин бири болгон "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү" мыйзамдын аткарылышына көзөмөл жүргүзүшү зарыл. Ал мыйзамдын 12- статьясында 18 жашка жетпеген балдарга күркө, дүкөндөрдөн тамеки сатууга тыюу салынат деп айтылат. Бирок сатуучулар кабагым- кашым дебей папирос сатып жатканына күбө болосуң. Ал эми мыйзамдын 7-статьясында айтылгандай, кафе сыяктуу коомдук тамактануучу жайларда чалкалап папирос тартып жаткан жарандарга көз жумду мамиле кылбай, мамлекеттик бардык органдар, өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын аткарылышына керектүү чараларды көрүүлөрү тийиш.

Тобокел Каниметов,
врач.