№24-25,18.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Окуялар, фактылар

БИРДИКТҮҮ ФОРМА - ЗАМАН ТАЛАБЫ
(Башталышы 1-бетте)
- Биз капитализмде жашап жатабыз. Тилекке каршы, ой жүгүртүүбүз социалисттик коомдо жашап жаткандай. Эгерде сапаттуу билим алабыз десек, билимдин баасы кымбат тураарын унутпашыбыз зарыл.
Биз туура түшүнүшүбүз керек. Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларды приватташтырууга каршы. Бирок, жогорку окуу жайлар мамлекеттик бюджеттен 5-10% гана колдоо алат. Калган 90% ишкерлердин, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен, контракттан түшкөн каражатка жандарын багып келишет. Анан дагы жогорку окуу жайды бүткөндөрдүн 18% гана иш менен камсыз болот. Калган 82% ишсиз жүрөт, - деди И.Болжурова. - Бизге диплому бар адамдар керекпи, же болбосо сапаттуу жогорку окуу жайлар керекпи? "Сапаты жоктун сорпосу татыбайт" деген кеп бар. Ошондуктан ошол жогорку окуу жайлар бутунан туруш үчүн материалдык-техникалык базасын оңдошу зарыл. Мамлекеттин каржылоосу аз болуп жаткандан кийин, санга эмес сапатына карашыбыз керек.
И.Болжурованын билдиргенине караганда абитуриенттин социалдык абалы да эске алынып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн бюджеттик орундарга аз камсыз болгон айылдык билим деңгээли жогору турган балдар кабыл алынмакчы.
- Тестирлөө менен мамлекеттин заказына кирип бюджеттик орундарга окусун деп социалдык абалын карап, шаардык балдар менен конкуренция болбой айылдык балдар бир-бирине конкуренция болсун деп аларга квота киргизгенбиз. 2002-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 60-70% гранттар айылдык балдарга бөлүнүүдө, - деп баса белгиледи министр.
Ошондой эле министрдин айтымында 17 жылдан бери өзгөрүү киргизилбеген жалпы билим берүү тармагында эларалык стандартка жооп бере турган окутуунун иш пландары менен усулдук методикалык өзгөчөлүктөр киргизилет.
- Улуттук окуу стандарттарын кайрадан карап чыгуудабыз. Ошонун ичинде балдарды кандай окутуш керек, кандай жаңы сапаттуу билим бериш керек, ар бир бала 1-класстан баштап окуган, билген билимин күндөлүк турмушуна колдонсо деген маселени коюп жатабыз, - деди Ишенгүл Болжурова.

Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим".




75 мест для этнических кыргызов
В целях поддержки этнических кыргызов, проживающих за пределами Кыргызстана, а также реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О мерах по оказанию поддержки в вопросах образования и национальной культуры соотечественникам, проживающим в зарубежных странах" Министерство образования и науки утвердило квоту грантовых (бюджетных) мест (количество - 75 мест) для обучения этнических кыргызов в ВУЗах Кыргызстана.
75 мест распределены для этнических кыргызов, которые проживают в таких странах как - Республика Узбекистан, Таджикистан, Казахстан, Китайская Народная Республика, Турция. Они будут обучаться в следующих ВУЗах Кыргызской Республики: Кыргызский национальный университет им. Ж. Баласагына, Бишкекский гуманитарный университет им. К. Карасаева, Кыргызская медицинская академия, Кыргызский государственный университет им. И. Арабаева, Ошский государственный университет, Жалал-Абадский государственный университет, Кыргызско-Узбекский университет, Иссык-Кульский государственный университет.

Сотрудничаем с Францией
16 июля министр И. Болджурова провела встречу с представителями Посольства Франции в Кыргызской Республике.
На встрече был утвержден совместный индивидуальный рабочий учебный план подготовки бакалавров по кредитной системе обучения по направлению "Информационные и коммуникационные технологии" Кыргызско-французского факультета информатики Института новых информационных технологий КГУСТА.
Он стал возможным благодаря договору по академическому сотрудничеству в области образования, заключенном между КГУСТА и университетом Ницца-София Антиполис (Франция).

Пресс-служба Министерства образования и науки




Дети Азии
В Якутске завершились международные спортивные игры "Дети Азии". Это мероприятие проводится уже в четвертый раз.
В них приняли участие 2453 юных спортсмена из 16 зарубежных стран и 27 регионов Российской Федерации. Было разыграно более 300 комплектов наград.
Первое место уверенно заняла первая сборная команда Якутии.
Кыргызские спортсмены также выступили успешно, например, борец Керим Кейлиров завоевал золотую медаль по вольной борьбе в весовой категории до 58 кг, а Богдан Сидоренко занял третье место в забеге на 800 метров. Также третье место завоевали юные кыргызские баскетболисты.
Игры завершились театрализованным представлением, в котором приняли участие артисты из Японии, Кореи, Кыргызстана, Бурятии, Азербайджана, Армении и других стран.
Г. Алыбаева,
"Кутбилим"




Астана - Казакстандын гүлдөп өнүгүшүнүн символу
Чыгыш элдеринин жомокторунда башкы каарман бардык кыйынчылыктарды жеңип чыккан соң, анын урматына "отуз күн оюн-зоок болуп, кырк күн тою берилгени" арбын айтылат. Казакстандын борбору Астананын 10 жылдык юбилейинин майрамдалышы бизге ошол жомоктук гиперболаны элестетти.
30-июнда башталган мааракелик расмий иш-чаралар 6-июлда маарага жетти.
Кытайдагы жана Монголиядагы казактар өткөн замандардагы көч салты менен улуттук кийимчен, кушун кармап, тайганын ээрчитип, ай карытып, ат менен келишти. Мааракенин кульминациясы 5-июлга туура келди. Чет өлкөлүк кадырлуу коноктордон 9 мамлекеттин башчылары өлкөсүнүн делегациясын өздөрү жетектеп келгенди оң көрүшүптүр.
Россия Президенти Дмитрий Медведевди, Түркия Президенти Абдулла Гюлдү, Иордания королу Абдулла IIни Астанага келиши менен куттуктап, сөзүн уланткан Нурсултан Абиш уулу "Астананын 10 жылдыгына арналган салтанатка биздин коңшулаш, тектеш мамлекеттердин башчылары - Кыргызстан Президенти Курманбек Сали уулу Бакиев, Тажикстан Президенти Эмомали Шарип уулу Рахмон, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Маликгул уулу Бердымухамедовдун катышуусу мен үчүн абдан кубанычтуу. Биз өзүбүздүн акылман бабаларыбыз негиздеп салып кеткен жакын коңшулук, туугандык, достук жана ынтымактуу карым-катнаштар ойдогудай уланууда деп сыймыктануу менен айта алабыз. Дайыма бири-бирибиздин камыбызды ойлоп жүрөбүз, кыйын учурларда өз ара колдоо көрсөтөбүз, ийгиликтерибизге чогуу кубанабыз", - деди. Ушул тапта Нурсултан Абиш уулу өлкөбүздүн Президентинин ысымына өзгөчө басым жасап, аны көтөрүңкү маанайда айтканы кыргыз-казактын өз ара эң жакын эл экенин баса белгилегендей болду.
Сөз кезеги келгенде биздин мамлекет башчыбыздын адегенде сөзүн кыргызча баштаганы кыргыз менен казактын бир туугандыгын, эки тилдин эгиздигин дагы бир жолу айгинеледи.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Президент К. Бакиев, кээ бир шарттарга жараша дүйнөдө өлкө борборун көчүрүү болуп келгендигин, бирок мурдагы советтик аймактан бул биринчи жолу болуп жаткан өзгөчө көрүнүш экендигин белгиледи. "Казакстан мамлекеттик жашоосунда бардык тармактарда жүргүзүлүп жаткан реформалардын темпи боюнча ишенимдүү лидер. Эгемендүү Казакстандын жаңы борбору Астана - Улуу талаанын ажайып бермети, - деди К. Бакиев. - Чындыгында эле он гана жыл мурун жаңыча жашоосун баштаган Астана шаары азыркы учурда кең казак талаасынын берметине айланды. Чакан гана аймактык борбордун деңгээлинен дүйнөлүк мегаполистин даражасына чейин көтөрүлдү. Ажайып архитектурасы, керемет көрүнүшү, кооз жайлары менен Астана Казакстандын гүлдөп өнүгүшүнүн символу катары кабыл алынып калды. Ушунун өзү - Президент Нурсултан Абишевичтин замандын талабын илгиртпей сезе билген мыкты коомдук ишмер, көрөгөч саясатчы, өз элинин чыгаан инсаны экендигинин айкын далили".
Астанада өткөн бизнес тармагы жана адабий-маданий-этнографиялык багыттагы программаларга кыргызстандык делегациялар катышты. Президент Нурсултан Назарбаев "Астанага 10 жыл" мааракелик медалын Президент Курманбек Бакиевге салтанаттуу түрдө тапшырган болчу. Ушул медалга бир нече жердештерибиз ээ болушту. Алардын катарында Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов жана Кыргызстандагы казактардын "Алаш" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Тлеухор Бошумова бар.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
Астана-Бишкек