№24-25,18.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Методикалык сунуштар

Физика, астрономия жана табият таануу
2008-2009-окуу жылында кыргыз мектептеринде 7-10-класстарында физиканы жаңы программа жана жаңы окуу китептери менен окутууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот. Анткени 2008-жылы 8-класстын окуу китеби 62000 нуска менен экинчи жолу, 9-класстын окуу китеби 63000 нуска менен, 10-класстын окуу китеби 52000 нуска менен басылып чыкты. Алар жаңы окуу жылынын башталышына чейин мектептерге сөз жок жеткирилет. Бир гана 7-класстын китеби жетишсиз болот. Анткени, анын биринчи басылышы 2000-жылы, болгону 25000 нускада гана чыгарылган. Экинчи басылышынын кол жазмасы даярдалып тапшырылганы менен басма планынан алынып салынган. Бирок 7-класстын китебинин 60% ке жакыны кайрадан иштелип басууга даярдалууда. Буйруса кийинки окуу жылына чыгып калууга тийиш. Ошондуктан бул окуу жылында 2000-жылы чыккан жаңы окуу китеби боюнча окууну уланта берүүнү сунуш кылабыз.
2007-2008-окуу жылында 9-класста И. Кикоиндин авторлугунда китеп менен окугандар 10-класста кайсы китеп менен окушат деген суроо туулат. Ал боюнча биздин сунуштар:
1. 10-класстын окуу китебинин башында берилген бөлүмүнүн материалдары 9-класста И. Кикоиндин окуу китеби боюнча кенен окулган. Ошондуктан 10-класста ал материалдарга токтолуунун зарылдыгы жок деп эсептейбиз. Анын ордуна 8-класста жаңы программа боюнча окулбай калган материалдарды кайталап окуса деген ойдобуз. Ошондой эле 9-класстын жаңы окуу китебиндеги "Космос физикасы" да окулууга тийиш.
2. 10-класстын молекулалык физикадан башталган бөлүгү ошол эле удаалаштыкта окутула берсе максатка ылайык келет. Бул боюнча атайын көрсөтмөлөрдү "Кутбилим" газетасы аркылуу сунуш кылабыз.
Ал эми 11-класста физика жана астрономия курстары бул жылы да эски китептер менен окутулат. Жаңы окуу китептери эмдиги окуу жылына чейин чыгарылат.
5- класстын "Табият таануу" китеби азырынча жетиштүү санда. Бирок бул китептин үчүнчү басылышы да басмадан чыгарылууга даярдалып жатат.
Орус жана кыргыз тилдеринде окуган мектептерге сунуш кылынган китептердин тизмеси төмөнкү 2 тиркемеде берилген.
Мугалимдердин август кеңешмесинде физика, астрономия, табият таануу боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында төмөнкү маселелерди талкуулоону сунуш кылабыз.
1. Жаңы социалдык - экономикалык, технологиялык шартта жаштарга табигый - математикалык, анын ичинде физика, астрономия, табият боюнча билим берүүнүн орду жана милдеттери.
2. Физикалык билим берүүдөгү жетишкендиктер, кемчиликтер, алардын себептери жана аларды жакшыртуунун жолдору.
3. Мамлекеттик стандарт, окуу программалары жана окуу китептерине илимий-методикалык талдоо жүргүзүү. Тажрыйбалар жана сунуштар.
4. Физиканы окутуу процессинде жаңы маалыматтык технологияларды, интерактивдүү методдорду колдонуу, алардын окуучулардын билимдеринин сапатына тийгизген таасири.
5. Физиканы окутуу каражаттарын түзүү, класс - кабинеттерди жабдуу, окутууну интенсификациялоо маселелери.
6. Астрономиялык билим берүү боюнча тажрыйбалар.
7. Табият таанууну окутууну жакшыртуу.
8. Окутуу процессинде компъютердик технологияларды колдонуу боюнча сунуштар жана тажрыйбалар.
9. Аталган курстарды окутууда окуучулардын илимий көз караштарын, адамкерчилик сапаттарын калыптандыруу маселелери.

Физика
(Начало на 12-й стр.)
Требует обсуждения и такая проблема, как использование тестов (заданий с выбором ответа) при текущем и итоговом контроле знаний и умений школьников; при проверке достижений требований стандарта внешними организациями во время аттестации школ, при сдаче выпускных экзаменов в школе и вступительных экзаменов в вузы и техникумы т.е. Как подготовить учащихся к "успешному" выполнению тестовых заданий по физике.
Исходя из вышесказанного, предлагаем на августовском совещании обсудить следующие вопросы:
o Изучение курса физики с точки зрения компетентностного подхода. Реализация указанных направлений и формирование компетентности позволит расширить возможности учащихся на пути научного познания, научит их получать субъективно новое знание и в результате повысится степень самостоятельности учащихся, ответственность за принимаемые решения.
o Выработка тактики и стратегии подготовки выпускников к использованию тестов при сдаче выпускных экзаменов по физике в школе и вступительных экзаменов в вузы и техникумы.
o Выделение большего времени в современном курсе физики на выполнение лабораторных работ, физического практикума, самостоятельных, творческих заданий.
o Пути решения проблем профильного образования по физике.
o Разработка и реализация программ современной физики с точки зрения здоровьесбережения.

Савочкина В.В.,
отдел естественно-математических дисциплин КАО