№22, 27.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Окугандан кийинки ой

"Барымтадан" башат алган ойлор
Белгилүү жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мелис Абакировдун "Барымта" романы быйыл жаңы жарык көрдү. Аталган романдын айланасында алгачкы күндөн эле айрым ой-пикирлер айтылуу менен анын кыргыз прозасынан алган орду жөнүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана кыргызтаануу факультетинде өткөн адабий талкууда кеңири сөз болду. Ошондо аталган талкууга катышууга жүйөөлүү себептер менен мүмкүнчүлүк болбой калган эле, ошондогу айрым ой-пикирлерди билдирүүнү туура көрдүк.

Б.Баймырзаев,
КУУнун доцентинин милдетин аткаруучу.
Албетте, автор Мелис Абакировдун ысымы менен кыргыз окурмандарына тааныш десек болот. Жазуучунун калың журтчулукка жакшы тааныш аңгемелери, повесттери, соңку эле "Көкөй кести" романы анын кадыресе калеми такшалган, тажрыйбалуу калемгер экенин адабий коомчулукка далилдеген. Ал эми бул аталган "Барымта" романы болсо жазуучунун чыгармачылыгындагы дагы бир урунттуу көрүнүш катары көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурууда.
Жазуучу аталган романында кыргыз элинин өткөн ХIХ кылымдагы жашоо турмушунан баштап, анын ХХ кылымдын башындагы саясий-социалдык өзгөрүүлөргө чейин алып келип бүтүрөт.
Чыгарманын сюжеттик окуялары боюнча алганда бүткөн жеринен (аягынан) башталып сүрөттөлөт. Башкы каарман Таанакенин образы кыйла чыйрак иштелгендиги менен көңүлдү өзүнө бурат. Албетте, аталган адабий каармандын образын жаратууда автор эл оозунда аңыз болуп айтылып келаткан кадимки Каптагайдын "Качкан кызынын" турмуштук окуялары негиз катары алынганы менен, жазуучу бул окуяны өзүнүн романында башка өңүттөн карап, башкача планда чечмелөөгө жетишкен. Роман сүрөттөлгөн мезгил, доор боюнча ой жүгүрткөн адам кыргыз жашоо-турмушунда, анын көз караш, түшүнүгүндө дагы эле болсо мурдагыдай тагдырдын башка салганына моюн сунуп, жазмыштын маңдайга жазганы менен чектелип эле тим болбостон, романдын башкы каармандары Кылычбек, Султанбек, жада калса Таанаке бийкеч өңдүүлөр өзүнчө ой жүгүртүп, эртеңки келечек жөнүндө жандуу иш-аракеттердин камын көрүүгө умтулуп олтурушунун өзү кандайдыр бир жандануунун бар экендигин туюндурат. Демек, ушундай мүнөздөгү окуялар, адам тагдырлары аталган романдан көзгө даана тартылган соң, элдин ички жан дүйнөсүндө да кандайдыр бир жаңы башталуунун түпкүрдөн түрө жанданып, башат алууга бет койгонунан кабар берет. Романга кылдат баам салган окурман мындай адаттан тышкаркы "кыймылдын" кайдан дүрмөт алып жаткандыгын да оңой эле байкайт. Көрсө, азыр мезгил, кырдаал такыр башка экен. Баягыдай төрт түлүк малынын туягын санап, ал жатса жатып, турса кошо туруп көнгөн көчмөн журт эмес такыр башка мүнөз күтүп, оңой, ыңгайлуу жашоо кечирүүгө ыктап калганы айдан ачык болууда. Ошондон улам өз учурунда Кылычбек сыяктуу эл башчылары элди жөө тумандай каптап келген орус мужуктарынын башчылары менен жакындан таанышып, чиеленишкен "тамыр" болуп алууга умтулуп турушу да бекер жеринен эмес. Кыргыз элиндеги соода-сатык мамилелеринин акырындык менен жолго коюлуп, жергиликтүү эл базар дегенден баш айлантма ызы-чуусуна кулак-мээси эле аз-аздан көнө баштабастан, алардын ички кулк-мүнөзү, жашоо-турмушу да ошого ыңгайлашып, акырындык менен ага ооп бараткандыгын аталган чыгармадан таасын байкайбыз.
Кыргыздар илгертен "Жакшы чыкма балаңа базар көрсөтпө" деген принципти бекем тутуп жашап келген болсо, Кылычбек болуш өз уулу Султанбекти тескерисинче орус төрөлөрүнүн жүрүм-турум маданиятына, тилине, жашоо турмушуна, анан калса ички адамдык дилине чейин сүңгүп кирип, аларды толук билүүгө, түшүнүүгө тарбиялап олтурушу, күнү-түнү мал артынан жүрүп, анын туягын гана санап, ошого компойуп, корстон болгондон алда канча маанилүү, керек болсо мезгил талабы экенин эми ачык түшүнүп отурат. Демек, жогоруда сөз болгондой, Кылычбек болуштун түшүнүгүндө "азыр заман, мезгил мурдагыдай эмес" деген көз караш акырындык менен түптөлүп, ал аң-сезимдүүлүк менен атасынан баласына (Султанбекке) өтүп келгенин окурмандар бул романдан ачык эле көрүшөт. Ал эми Султанбектин көргөн камылгалары, өз элинин, жакын туугандарынын эртеңи үчүн болгон аракети да жеке керт башы же бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн жан далбасы эмес, жалпы өзү баш-көз болуп турган айылдаштары, жакшы санаалаш адамдары үчүн болгонун да айта кеткенибиз жөн. Султанбектин мындай ишенимдүү арымы кыргыз турмушундагы өзүнчө бир доордун, мезгилдин, тагыраак айтканда, орус көпөстөрүнүн келиши менен кыргыз элинин саясий-социалдык, маданий турмушундагы кескин жандануулардын эми жаңы башат алган учурунан кабар берет.
Жогоруда сөз болгондой аталган романга ички өзөктүү маани-мазмунду сыйдырып турган Таанаке бийкеч же "билерман эненин" тагдыры, иш аракети болуп саналат. Түпкү тегинде (энеси жагынан) калмактын каны бар Таанаке бийкечтин Кылычбек болушка турмушка чыгышы, адам катары күн кечириши өзүнчө окуялар менен коштолуп берилет. Эне катары Таанаке бийкеч өз өмүрүндө жакшы эле жашады, элдин кадыр-сыйына ээ болду. Ошого карабастан бир эсе тагдыр аны аеосуз жазаласа, бир эсе кастарлап сыйлады. Ал "билерман эне" болуп атак-даңк күткөн менен ошонун баарында ичтен жеген сары убайым, түпөйүл түйшөлүү аны ар убак ойго салып, түн уйкусун үч бөлүп тынчын ала берди. Экинчиден, анын көңүлүнө терең орногон ошол өзү келин болуп келгенден бир аз өтпөй башталган катуу кайгы да биротоло жок болбой, аны менен өмүр бою чогуу жашап келет. Чындыгында, ал кайгылуу, окуянын да башында ушул эле Таанаке бийкеч же соңку "билерман эне" өзү турду. Тактап айтканда, ошол баягыда Таанаке бийкеч атасы Чаргындын алдына келген кудаларга өз "өнөрүн" көрсөтүп, анда бир элге жүзүн тааныткан болсо, ошондон көп өтпөй эле жолоочулап келген Кылычбек мырзага астыртан көзү түшүп, баарын жашырып, жайгарып, мурда баталашкан кайын журтун чанып, өз эл-журтун, тууган-уругун, ата-энесин азаптуу күнгө салып качып кетип отурат. Кыз калыңын ашыра алып, анын көбүн алда качан эле "аш" кылып жиберген Чаргын жана анын урук-тууганы катуу доого кабылып, натыйжада эки тарап чабышып, ортодо кан төгүлүп, кыз атасы Чаргын жана анын тун уулунун мерт болушу менен чатак басылат. Таанаке бийкечтин "эркелиги" мына ушундай опурталдуу окуя менен тыйылып, өзү да андай ашынган "тентектиктен" кыз доору бүтүп башына ак элечек салынган аял болуп кутулду. Бирок, өз атасынан, бир тууган агасынан, бүтүндөй эл-журттун кадыр-сыйынан кол жууп, төркүндөрү үчүн "кара жолтой" болуп отуруп калды. Кылычбек болуш мындай каргашалуу суук кабарды Таанаке айымга жашырып айтпай жүрүп, акыры жел менен кошо терең, анын өзүнө да жетти. Ошондон бармагын кырча тиштеген Таанаке айым өзү менен өзү соттошуп, акыры өзү менен өзү тынышып, тынчыгандай болгон. Арадан аз убакыт өтпөстөн, кундуздай кара чач куудай агарып, карылыкка моюн сунуп калган чакта өз уулу ошол карттанып калган эски жараны кайра жаңыртып ичин туздай куйкалап суроо салып отурат. Чындыгында, Султанбек мырзанын өз энесине андай суроо салууга негиз бар болчу. Анткени, бала бала болуп башына түк чыкканы энеси өз төркүндөрүнө, баласы тага журтуна бир жолу да ат бастырып барбады, же алар ылым санап келбеди. Эр жетип, акыл-эси аркы-беркиге түшүнө баштаган мезгилден жаш мырза чыкма Султанбекти мына ушул күдүктүү ой бура бастырбай, түркүн түмөн ойго салат. Акыр аягында өзү чыдай албай качанкы көңүлүндө сакталып келаткан табышмактуу суроону энеси Таанакеге берип, анда аза бойду тик тургузган жоопту эле укпастан, өз энесинин, адамдан тышкары, аял затына көп анча төп келе бербеген албууттанган жообун угуп жаны жай алды. Бир чети өз энеси Таанакенин ички кайгысы, жан дүйнө бугу ошончолук чыңалуу абалына жеткенин да окурмандар туура түшүнөт деп ойлойбуз.
Аталган романда Таанакенин образы көп кырдуу планда берилген жана татаал жагдайды шарттап турган негизги фигура. Романдын бул башкы каарманы өзүнүн турмуштук тутунган позициясы боюнча алганда кандай каармандын түрүнө кирет? - деген суроо өзүнөн өзү пайда болот. Биздин жеке байкообузда автор өзүнүн бул башкы каарманын чыгармада өтө эле чыйрак аялдын типтүү өкүлү катары сүрөттөө менен ага өзүнүн ички симпатиясын билдиргенсип турат. Муну менен жазуучу Октябрь төңкөрүшүнө чейинки пассивдүү мүнөз, турмуштук орун-очок ээлеп келген кыргыз кыз-келиндеринин ХХ кылымдын башында саясий-социалдык көз караштын аз да болсо жандана баштагандыгын, тоо арасында жашаган көчмөн элдин ичинде келечек бактысы үчүн күрөшкөн көй кашка ургаачылар көп болгондугун айтмакчы болсо керек. Эмнеси болсо да бул каармандын чыгармада өтө катаал тагдырга кабылышы бекеринен эмес экени байкалат. Бул жагынан автор да өзүнөн көп жоокерчиликти алып салгандай таасир калтырат. Анткени, башкы каарман Таанакенин айланасында ар түрдүү оң-терс көз караштардын болоорун автор алдын ала сезген да, ошого жараша өз каарманын дурус эле "жазалаган" көрүнөт. Бул жагынан автор өзүнө ыңгайлуу "жол" тапканы көрүнүп турат. Ошого карабастан, романда көңүл коюп окуп чыккан адам андагы башкы каарман Таанакенини образы менен таанышкан соң негедир андан өзүн оолактаткан, купуя көңүл чордонун кичине болсо да кара так салган сезимди баштан кечирет. Окурман анын өтө эле чапчаң, чачыгайдай чаркылдаган кулк-мүнөзү менен өз ичинде көп келише албай турганын аңдоо кыйынга турбайт. Чындап келсе, мындай ички ыраазы болбоонун чоң себеби такыр башкада. Ал боюнча өз учурунда сөз болсун. Ошол эле учурда Таанакенин тастаңдаган кыял-жоругу биздин улуу эпосубуз "Манастагы" Акылай сулууга да окшоп кетет. Болбосо элибиз бекер жеринен "Шооруктун кызы Акылай, Шоодураган капыр ай" деп ылакап атка кондурбайт эле го… Сөз бул жерде Манаска аял болуу үчүн өзү келген Акылайдын сулуулугунда эмес, анын аял затына (мусулман аялдарына) туура келбеген турмуштук кадамдары анын сулуулугун жокко чыгарып, өзүн жек көрүндү, мыскыл-тамашага айлантып отургандыгы жөнүндө болууга тийиш.
Элибиздин байыркы жана азыркы эле түшүнүгүнө келсек, демек аял затынын сулуу чырай, келбети биринчи планда эмес, анын акылы, адеп-парасаты башкы орунда тураарын өзүнүн аты Акылай болсо да аны этибар албаган ашкан сулуу айымдын мисалында айтып, шакаба-шылдыңга алып келишкен. Мүмкүн, Акылайдын эли-журту үчүн мындай кадамы күнөө катары эсептелбейт чыгаар. Ошондон улам "Ээленген кыз эрге жетпейт, Эрге жетсе да, этек-жеңи жерге жетпейт" деген накыл сөз айтылып калган дешет. Мына ушундай элдик түшүнүк, көз караштардан кийин Таанаке айым жөнүндө эмне пикирди айтууга болот?! Бул суроого жоопту ириде автор өзү илгиртпей берип, ошондон улам анын тагдырын романда татаалдаштырып отурат. Аны ата-эне куту, ак батанын кусуру уруп мезгил-жазмыш өзү жазалады. Экинчиден, Таанакенин Кылычбек болушка качып келишинин башкы себеби эмнеде эле деген суроо туулат. Романда сүрөттөлгөндөй Таанаке өзүнө ылайыктуу жар издеп, мурдагы кудалап, калың алышып, баталашып койгон жерди чанып, бир көрүү менен Кылычбекти жактырып, ага өзү келип отурушунун башка да негизги себептери бар көрүнөт, бирок ал жагдайлар негедир романда ачык айтылган эмес… Аталган башкы каармандын элге көп алынбай турушунун жогоруда биз белгилеп көрсөткөн дагы бир негизги башкы себеби - анын канында калмактын каны бар экендиги жөнүндө сөз болот.

Роман Таанакенин өзүнүн айтуусунда анын канында калмактын каны бар экендигин, алар жакында кыргыздарды басып алаарын ачууга алдырып, жаны кашайганда жалпы элге жар салуусу менен аяктайт. Демек, бул ой, идея китептин эң аягында айтылат да, романдагы негизги орунду өзүнөн өзү ээлейт, окурмандын көңүлүн шар эле бурат. Анткени, бул автордун кыргыз элине, аны башкарып турган жетекчилерине айткан кайрылуусу же эскертүүсү десек болот. Мындан тышкары романда Султанбектин образы дагы тереңдетилүүгө тийиш экендигине карабастан негедир чукул тартып калган да, ошондон улам романга кеңири масштабдуулук жетишпей тургансыйт. Романдын тилдик өзгөчөлүгү - анын башкы ийгилиги. Биздин байкообузда роман дагы улантылууга, толукталууга тийиш. Ошондо жогоруда белгиленген айрым өксүктөр эске алынаар деген ишенимдебиз. Негизинен, эртеңки улут тагдыры үчүн күйгөн ири чыгарма жарык көрдү деп эсептесек болот.