№20, 13.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Методика

Ч.Айтматовдун "Кызыл алма" чыгармасы жаштардын рухун байытат
Кыргыз тили жана кеби жөнүндө мурдатан алынган билимдер "Кыргызча адабият окуйбуз" сабагы боюнча чет өлкөлүк студенттер үчүн көркөм адабиятты окутуу аркылуу кыргыз тили боюнча таанып-билүү багыттарын иш жүзүнө ашырууну камсыздайт.

Сабактын негизги максаты болуп: чакан адабий чыгармаларды окууну өркүндөтүү; окуу, угуу жана сүйлөө билгичтиктерин андан ары өркүндөтүү жана жандандыруу; мурдатан топтолгондордун (көркөм адабият үчүн мүнөздүү сөздөрдүн, кеңири колдонуудагы жандуу күнүмдүк кептин) негизинде лексикалык сөз корун байытуу болуп саналат.
Сабактын максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн студенттердин өз алдынча тилдик фактыларды талдоо, жыйынтык чыгаруу жана жалпылоо билгичтиктерин калыптандыруу маанилүү болуп саналат. Бул үчүн эркин ой жүгүртүү чөйрөсүн түзүү зарыл, бул студенттердин тиги же бул маселеге карата көз карашын калыптандырууга, окулган текстке баа берүүгө шарт түзөт, анткени мында эң карама-каршылыктуу көз караштар айтылат. Адамдын руханий жашоосунда өзүн иретке салууда дал ошол көркөм адабият жардам берет. Адабият менен пикирлешүү, китепти кунт коюп окуу жазуучу менен бирге ойлонуп, элестетип, кыялданып, ой жүгүртүп жаткан окуучуну руханий жактан байытат. Окуу процессин уюштурууда байкоо жана өз алдынча корутунду чыгаруу үчүн түшүнүүгө жеңил материал алынышы керектигин эске алуу керек, ал материал көрсөтмөлүү болуп, студенттердин таанып-билүү ишмердигине багыт бере турган суроолор жана тапшырмалар менен коштолушу зарыл.
"Кызыл алма" аңгемесин окуу сабактардын бир нече санына эсептелген, макалада "Сын ой жүгүртүүнү жазуу жана окуу аркылуу өнүктүрүү" программаларынын айрым ыкмалары келтирилет. Сабакта "Кызыл алма" аңгемесин окуурдун алдында мугалим чыгарманын аталышын тактага жазып, "Кандай деп ойлойсуңар, бул чыгарма эмне жөнүндө?" - деген концептуалдык суроо узатат. Бул билимди актуалдаштыруу ыкмаларынын бири (аталышы боюнча көңүл бурдуруу). Бул ыкманы жүзөгө ашыруунун негизги кадамдары, ошондой эле мугалимдин көңүл бурдуруу учурунда өзүн кандай кармашы керектиги жөнүндө кеңештер Т.М.Буйских менен Н.П.Задорожнаянын жалпы редакциялоосу астында чыккан "Коомдук сабактарды окутуудагы сын ой жүгүртүү" эмгегинде берилген: "Мугалим айтылган ар бир идея талашсыз кабыл алынаарын айтышы керек. Студенттер тарабынан айтылган идеялар мугалим тарабынан тактага жазылып турат. Айтылган ойлорду тактага белгилөөдө мугалим түшүндүрмө бербейт жана аларды баалабайт".
Жооптор мындай болушу мүмкүн:
1. сүрөтчү жөнүндө
2. кыз жөнүндө
3. сүйүү жөнүндө
4. бактылуу турмуш жөнүндө
5. жаратылыш жөнүндө
Студенттердин жоопторун белгилегенден кийин мугалим аларга суроолорду узатуу аркылуу, айтылган ойду, эмнени айткысы келгендигин түшүндүрүп берүүнү өтүнүү аркылуу студенттерди активдештирет. Ыкманы колдонуу студенттердин өздөрү болжогондон дагы көптү билишээрин түшүнүүсүнө мүмкүндүк берди. Ошентип, мындан ары тексттин үстүндө өнүмдүү иштөө үчүн негиз түзүлөт.
Тексттеги айрым эпизоддорду окууда анын мазмунун түшүнүү жана өздөштүрүү кыйын болушу мүмкүн, ошондуктан мугалим белгилүү бир материалдагы ар бир сөздүн түшүндүрмөсү бар лексикалык минимумду алдын-ала бериши керек. Мугалим берилген сөздөрдүн, алынган синонимдердин, синонимдик туюнтмалардын маанилерин (жеңил мисалдарды келтирүү менен) кылдат түшүндүрүшү керек.
Текст алдындагы иш лексика жана грамматика боюнча машыгуу көнүгүүлөрүн камтыйт. Бул тапшырмалар, эреже катары, студенттер тарабынан алгач үйдөн аткарылат, андан соң сабак убагында талкууланат. Текст ичиндеги тапшырмалар студенттердин маалыматты түшүнүү үчүн зарыл билгичтиктерин түшүнүүсүнө жардам берет. Тексттин белгилүү бир бетин комментарийлеп окуу үчүн "Акыркы сөздү мен айтайын" талаш-тартышын колдонуу пайдалуу. Мында "Бул беттен силер эмнеге көңүл бурдуңар жана эмне үчүн?" - деген концептуалдык суроо берилет. Студенттер ой жүгүртүү жана жазуу үчүн тексттен бир гана сүйлөм тандашат. Жазуу жообу үчүн студенттерге убакыт берилет (10 мүнөт). Иш учурунда алар ар бир сүйлөмдүн мааниси жөнүндө ойлонушат, ой жүгүртүшөт, башка ойлорду түшүнүүгө аракет кылышат. "Эмнеге… жана эмне үчүн?" - деген тапшырмага жооп издешет. Жыйынтыгында студенттер үн чыгаруу менен текстти окушат жана суроо беришет. Иштин кызыктуулугу ушунда, аудиториядагылар ар бир студенттин үнүн уга алышат, анткени студенттердин тандаган цитаталары бири-биринен айырмалуу гана болбостон, баарыдан мурда, алардын жеке кабылдоосун чагылдырат. Ар бири суроо бергенди жана ага жооп бергенди үйрөнөт, чын дилинен ой бөлүшүшөт.
Мындай сабактар үчүн мугалим студенттер өз ойлорун эркин айткыдай жана бири-биринин пикирлерин кызыгып уккудай кылып жагымдуу шарт түзүшү керек.

Айрым эсселерден мисалдар:
1. "Мен төмөнкү сүйлөмгө көңүл бурдум: "Ага ал аялды эркин сүйүүдө дайыма бир нерселер тоскоолдук кылып турчу".
Мурда болуп өткөн кайсы бир окуялар жашаганга тоскоолдук кылат же жардам берет. Мен ойлойм, Исабеков катуу сүйгөн жана эң биринчи сүйүүсүн унута албайт болуш керек. Ал аны унута алган жок. Ошондон улам бул сезим анын Сабираны чындап сүйүүсүнө жана берилип жашоосуна тоскоол болду. Балким ал кыз абдан ак көңүл жана сулуу болгондур. Албетте, биринчи сүйүү дайыма бийик нерселерге багытталып келген, бирок адам келечекти ойлоп жашашы керек".
2. "Мени төмөнкү сүйлөмдөр ойлондурду: "Эң кыйыны - ал кызынын психикасын бузуп албайын деп кооптончу".
Исабеков баарынан мурда өзүнүн баласынын ден соолугу жөнүндө ойлонгон адамдардын бири. Ал жөнүндө ал кыялдагыдай ата деп айтууга болот. Негизги көңүлдү баласына тарбия берүүгө бурат. Мээримдүү ата катары ал кызынын жапа чегишин каалаган жок. Мындай ата жөнүндө кээ бир балдар кыялдана гана алышат".
Ыкма студенттердин өз ойлорун кагазга түшүрүү, угуу жана башкалардын ойлорун кабылдоо билгичтиктерин өнүктүрөт.
Тексттерди окуу кепти өнүктүрүүнүн негизги өнүмдүү жолу экендиги белгилүү. Башка ыкмалар менен катар, окуу окуучулардын эстеп калуу жана башка кептерди иштеп чыгуу, негизги жана көмөкчү ойлорду табуу, корутунду чыгарууга үйрөнүү, сөздөрдү туура айтуу, тилдин грамматикалык жана стилистикалык каражаттарын колдонуу, уккан жана окуган тексттердин мазмунун эң так түшүнүү билгичтиктерин калыптандырууну жөндөмдөштүрүүгө багытталган, ал лексиканы байытат, адабий кепке, ар кыл турмуштук шарттарда жеке пикир жаратууга жөндөмдөштүрөт.
Тексттен кийинки тапшырмалар текстти түшүнүүнү көзөмөлдөйт жана студенттерди тексттик материалды ар кыл түрдөгү монологдук айтууларга айлантууга, ошондой эле текст боюнча тематикалык сүйлөшүүгө даярдайт (2, 3-б.)
Көркөм тексттин үстүндө иштөөнү активдештирүү үчүн чыгарманын негизинде коюлган тасманы көрүүнү сунуштоого болот. Ар түрдүүлүк студенттердин окуунун жүрүшүндө ар кандай нерселер менен кагылышы аркылуу гана эмес, бир эле нерседен ар кандай кырларды көрө билүүсү аркылуу дагы камсыздалат. Студенттердин таанып билүү кызыкчылыгын ойготуу ыкмаларынын бири - четтетүү, башкача айтканда, студенттерге адаттагы жана көнүмүш нерселерден жаңы, күтүлбөс, маанилүү нерселерди алып чыгуу. Бул жерде студенттердин тил билүү деңгээлин эске алуу керек. Студенттердин өздөрү үчүн көркөм чыгарма боюнча жалпылагыч сабак алардын ишинин дээрлик ишке киришип, ал теманы толук үйрөнүп бүткөн учурдагы жыйынтыгын чыгаруу кызматын аткарат.
"Кызыл алма" аңгемесинин мазмуну менен таанышкандан кийин, студенттер "Кызыл алма" тасмасын көрүшөт. Тасманы көрүү көрүп аткан учурда жана көрүп бүткөндөн кийин аткарыла турган атайын тапшырмалар менен коштолот.
Тасма көрүп аткан учурда аткарыла турган тапшырмалар:
1. Тасманын негизги окуялары боюнча иш жазуусун жүргүзүү.
2. Чыгарманын негизги каармандары Исабеков, Сабира жана алардын кызы Анаранын мүнөз сапаттарына көңүл буруу.
Мындай ишти уюштуруу өтүлгөн материалды жалпылоо боюнча сабакка алдын ала даярдык көрүүгө мүмкүндүк берет, айрым тексттен кийинки тапшырмаларды аткаруу үчүн база түзөт; ошондой эле тасма кептик абалды аныктайт, тил боюнча фактылык бай маалымат берет. Тажрыйба көрсөткөндөй, студенттердин кептик билимин өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн белгиленген тасманы колдонуу, студенттердин өз алдынча иштөөсүн стимулдаштырат, аларды анализдөөгө, чыгармада жана тасмада болгон окуяларды салыштырууга үйрөтөт. Тасма мугалимге кепти өнүктүрүү үчүн көбүрөөк даяр көрсөтмөлүү сабак өтүүгө мүмкүндүк түзөт. Ошондуктан мугалим теманы толук үйрөнүүдө тасманын ордун аныкташы керек: материалдын тасманын мазмуну менен шайкеш келишине мүмкүндүк бере турган суроо, тапшырмаларды түзүшү; тасманы көргөндөн кийин зарыл боло турган жыйынтык менен жалпылоолорду чыгарууга студенттерди даярдоо.
Т.Океевдин "Кызыл алма" тасмасын көрүү студенттерди "Т-схемасы" таблицасын толтурууга жана Венна диаграммасын өнүмдүү жана усулдук жактан максаттуу түзүүгө даярдоого мүмкүндүк берди. Тасма материалды үйрөнүүгө оң мотивацияны пайда кылууну жөндөмдөштүрдү, образдуу көрүүчү-угуучу түрдөгү маалыматты ар тараптуу кароого мүмкүндүк берди, байланышуу билгичтиктерин, эске тутуу менен көңүл бурууну өстүрүүнү жөндөмдөштүрдү, баалуу май маалыматтарды берди.
Чыгарманын кейипкерлеринин мүнөзү жөнүндө жандуу талаш жүргүзүүнүн ар кандай ыкмалары бар. "Т-схеманын" негизинде каармандардын мүнөз-сапаттарынын оң жана терс жактарын ачуу максатка ылайык келет, мында студенттердин суроолору коюлгандан кийин кагазды тигинен экиге бөлүп чийип, ал бөлүктүн сол жагына оң, оң жагына терс катары колдогон сапаттарды иреттүү жазып чыгуу тапшырмасы берилет. Алдын ала ар бир студент өз алдынча иштейт, андан кийин иш өнөктөштүк менен жүргүзүлөт. Өнөк катары иштеген студенттер бири-биринин эсселеринин мазмуну менен таанышышат, мааниси боюнча түшүнүксүз сүйлөмдөр менен ойлордун алдын сызышат, андан кийин текшеришет, бири окуйт, экинчиси сурайт. Талкуу учурунда студент өзүнүн ишиндеги ар бир ойду тактайт, аныктайт, аргументтештирет. Апробация учурунда эссенин мазмуну толук жакшыртылат жана студент аудиториянын алдында өзүнүн ишин ишенимдүү сунуштайт.
Бул иштин уюштурулушу студенттердин "Исабековдун жана анын аялы Сабиранын мүнөз-сапаттары" эссесин жазуу үчүн даярдык көрүү мүмкүндүгүн берди.
Андан ары студенттерге Венна диаграммасын түзүү тапшырмасы берилет. Студенттер чыгармада чагылдырылган, бирок тасмада жок окуяларды такташат жана түшүнүк беришет.
Иштин бул түрү салыштырылган окуялар менен түшүнүктөрдүн ортосундагы жалпылыктар менен айырмачылыктарды аныктоого жардам берет. Иш аткарылып бүткөндөн кийин калгандар дагы таанышып чыгышы үчүн илинип коюлат.
Сын ой жүгүртүүнүн усулу графикалык уюштуруулардын жетишээрлик кеңири корпусун сунуштайт, ал бир жагынан терең түшүнүүнү жана иликтенген маалыматтын резюмесин жазууну жөндөмдөштүрөт, экинчи жагынан, жеке көрүү жана маалыматты кабылдоо тарабынан үйрөнүлгөн чагылууларды стимулдаштырат. Графикалык уюштуруучулар тигил же бул материалды кабылдоодо жана өздөштүрүүдө жүрө турган ой жүгүртүү процесстерин көрсөтмөлүү кылганга мүмкүндүк берет. Стратегия студенттердин анализдөө жана синтездөө билгичтиктерин өнүктүрүүсүнө мүмкүндүк берет, салыштырылган нерселер менен түшүнүктөрдөн жалпылыктар менен айырмачылыктарды көрө билүү билгичтигине үйрөнүүнү жөндөмдөштүрөт, ой жүгүртүү билгичтигин өнүктүрөт.
Көрсөтмөлүү материалды көркөм чыгарма менен биргеликте талдап жатып, студенттер аңгемедеги үзүндүлөр менен окуяларга түшүндүрмө беришет, кейипкерлердин мүнөздөрүн аңдашат, байкагычтыкты жана эмоционалдуулукту өнүктүрүшөт.
Тасма мугалимге сабакты көбүрөөк маанилүү кылганга жардам берет.

Ж.А.Касымова,
БААУнун окутуучусу.