№19, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Мектепке чейин...

Балдардын келечегин ким саткан?
Бишкек шаарындагы 88 мектептин ичинен 39 мектептин имарат аянтынын 9 236,35 м2 бөлүгү ижарага өтүп кеткен. Ал эми Чүй облусунун Токмок шаарындагы №7 мектептин имараты жеке ишкердин карамагына өтүп, нан чыгаруучу наабайканага айланып калган. Билим берүү жана илим министри И.Болжурованын Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын 12,46 жана 47-беренелери бузулуп жаткандыгы тууралуу кабатырланган кайрылуусуна генералдык прокуратура мына ушундай жагымсыз маанайды жараткан жооп кайтарды.

Билим берүү жана илим министрлигинин статистикалык маалыматы боюнча 1990-жылы өлкөбүздө кичинекей бөбөктөрдү камкордукка бөлөгөн 1696 бала бакча, т.а. мектепке чейинки балдар мекемелери болсо, 2000-жылы 400дөн бир аз гана ашыгыраак калган. Бул көрүнүштү адистер акыркы он жылдыкта мамлекетибизде жүргөн саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүштөргө таяшат. Алардын пикиринде ал өзгөрүүлөр мектепке чейинки билим берүү системасын реформалоо зарылдыгына алып келген.
Ал эми статмаалыматтардын 2007-жылдагы көрсөткүчтөрүнө үңүлсөк, бул жылга карата 474 бала бакча мекемеси иштеп, ага 62823 бала тартылган. Андагы иштеген педагогикалык кызматкерлердин саны - 3844. Республика боюнча мектеп жашына чейинки балдардын 10,1% гана мектепке чейинки билим берүү жайларына барышат.
Бөбөктөрдүн бала бакчаларга мындай аз тартылышы ата-энелер балдарын бала бакчаларга берүүдөн баш тартып жатышкандыгында эмес экендиги расмий сурамжылоолордун жыйынтыгында айкын көрүнөт. Чыныгы абалды сүрөттөсөк, ата-энелер өздөрү жашаган аймактарда, өздөрүнө ыңгайлуу бала бакча таба албай убара тартышат. Анткени алар каалаган бала бакчаларда орун жетишпейт. Бишкек шаарындагы дээрлик баардык бала бакчаларда балдар нормадагы талаптардан алда канча көп жайгашкан. Бала бакчалардагы тайпаларда балдардын 30-40тан болушу санитардык талаптарга каршы келгени менен ата-энелер да, бала бакча администрациялары да аргасыз муктаждыктан мындай көрүнүшкө "көз жумду" мамиле жасашат. Демек, кайсы бир мезгилде, кайсы бир себептер менен жоюлуп же башка максаттарда пайдаланууга өтүп кеткен бала бакча имараттардын ордун толуктоо жана башка колго өтүп кеткен имараттарды мыйзам чегинде мурдагы ээлерине кайтаруу жөнүндө билим берүү жана илим министринин талабы мезгил талабына шайкеш келүүдө.
Билим берүү жана илим министрлигинин реабилитация, мониторинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн адиси Айнура Тургунбаеванын айтымында, министр Ишенгүл Болжурованы акыркы учурда окуу имараттар аянттарынын өлчөмдүү бөлүктөрү менчиктештирилип, кай бир имараттары башка колго өтүп жаткандыгы тынчсыздандырууда. Окуу жай мекемелеринин башка колго өтүп кетип жатышы КРнын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын №47 беренесине карама-каршы келет. Анда "билим берүү объектилери билим берүү багытындагы максаттарга гана пайдаланышы зарыл" деп белгиленген.
- Коомчулук буга чейин мектептин короосундагы аянттарда курулуп жаткан соода түйүндөрүнө, бала бакчалардын имараттары билим берүү багытынан тап-такыр алыс максатта пайдаланууга сатылып кеткендиктерине кайдигер карап келгени өкүнүчтүү. Мектептин аянтына мечит курулуп калган фактылар да бар. Билим очогу болгон мектептин карамагындагы аянт улам кысылып олтуруп, кээ бир мектептерде окуу процесси толук жүрбөй калган. Эгерде долбоор боюнча мектептин ичинде спорт зал курулбаса, спорттук аянтча мектеп короосунда жайгашаары белгилүү. Ал спорт аянттарды башкалар ээлеп, балдар спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышса, окуу процесси үзгүлтүккө учураганы ошол эмеспи. Мына ушундай баш-аламандыкты жоюу максатында билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын "Билим берүү мекемелеринин жер участкаларын, окуу имараттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү" жөнүндө буйругу чыккандан кийин биз жер-жерлердеги ведомстволук билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана шаардык, райондук билим берүү башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчыларына билдирүү жөнөттүк. Анын негизинде алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болгон айыл өкмөтү менен бирдикте кыска мөөнөттүн ичинде өздөрүнө тиешелүү жер участкаларын, имараттарды паспорттоштуруп, мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүп, өздөрүнүн укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди алышы керек.
Белгилей кетчү жагдай, алар азыркы учурдагы абалы тууралуу эмес, жаңы курулгандан берки абалын тастыктаган документке ээ болуусу зарыл. Эгер ушуга чейин мыйзамсыз аракеттерге жол берилген болсо, аны четтетип, өздөрүнө тиешелүү аянттарды кайтарып алуулары керек. "Билим берүү жөнүндө" мыйзамды одоно бузгандар башка максаттарга пайдаланып кеткен билим берүү объектилерин калыбына келтирип бербесе, бул маселени сот аркылуу мыйзам чегинде чечип берүү шарт, - дейт А.Тургунбаева.
Арийне, билим берүү мекемелеринин кызыкчылыгын колдогон райондук билим берүү бөлүмдөрү колдон чыгып кеткен имараттарды кайтарып алуу күрөшүнө бел байлагандан көрө, башка ыңгайлуу жолдорду таап, бала бакчаларды жаңыдан уюштурууну оңой көрүшөт. Бул бир себеби болсо, экинчиден, мектеп мекемелери сыяктуу эле бала бакчалар да жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн коммуналдык менчигине айлангандыктан, мектепке чейинки билим берүү жайларын калыбына келтирүү демилгеси алар тараптан болушу керек. Ал эми айыл өкмөттөрү кандай аракеттерди көрүп жаткандыгы да анык болду. Мисалы, Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңеши (ал кездеги айыл өкмөт башчысы Ж.Турусбеков) 2004-жылдын 12-майындагы №1 токтому менен "Менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамдын талабына каршы чыгып, айылдагы бала бакчанын имаратын сүт азыктарын чыгаруучу цех иштеткиси келген жеке ишкерге өткөрүп берип койгон. Бул тууралуу Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнө кабарлап да койгон эмес. Айыл өкмөтүнүн планы боюнча бала бакчанын имаратын саткандан түшкөн каражат балдар үчүн башка имарат алуу, маданият үйүн ремонттоо, Б.Бейшеналиева атындагы мектептин чатырын алмаштыруу сыяктуу ири социалдык сфераларга жумшалмак. Бирок азыркы убакка чейин мектеп жыргатылып ремонттолбой, маданият үйү кыйроо алдында турат. Ал эми бала бакча имараты жөнүндө сөз да жок. Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Зоя Пактын айтымында, бөбөктөр үчүн бала бакчаны мектептин бир канатынан ачып, эки бөлмөгө ыңгайлашсак деген ойлору бар.
КРнын генералдык прокурорунун орун басары С.Насизанын министр И.Болжуровага жөнөткөн мыйзам бузууну четтетүү жөнүндөгү көрсөтмөсүндө келтирген дагы бир факты боюнча 2008-жылдын 1-январында (бул кечээ жакында эле болгону таң калтырбай койбойт) №17 мектеп администрациясы Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын макулдугу боюнча мектептин имаратын техникалык кызмат көрсөтүү станциясына айландырышып, келишим боюнча жеке менчикке ижарага беришкендигин ким кандай жоруй алат?!
Мына ушундай бири-бирине карама-каршы келген иш-аракеттер жүрүп жаткан учурда бөбөктөрдүн бала бакчаларга муктаждыгы күчөө үстүндө. Бала бакча менен коштошуп, мектеп босогосун аттаган балдардын орун басып калууга умтулушкан ата-энелер дагы да болсо мурдагыдай эле адегенде өздөрү жашаган аймактардагы бала бакчалардын эшигин кагышып, андан орун таппай, андан кийинкилерин издешип убара. Андай энелердин бири Айнура декреттик эс алуусу аяктап бараткан сайын уулун каякка жайгаштыраарын билбей, тегерек четтеги бала бакча аттууларга барып жүрүп тажаганда, акыры белдүү туугандарын ортого салууга аргасыз болгон.
- Декреттик отпускага чейин иштеген жеримден алган путевкам мага жардам берген жок. Шаардык департаменттегилер аларда андай каттар үйүлүп жатканын айтышты. Акыры баламды тааныштар аркылуу өзүм иштеген ишиме жакын жердеги бала бакчага орноштуруп, көңүлүм тынды. Ата-энелер үчүн, айрыкча, жаш үй-бүлөлөр үчүн шаар ичинде бала бакчадан орун табуу кыйын экендиги жашыруун эмес. Ушундай муктаждыктарды эске алып, бала бакчалардын санын көбөйтүшсө, жакшы болмок. Көпчүлүк ата-энелер балдарын бакчаларга орноштура албай, үйлөрүнө камап кетүүгө аргасыз болушат. Бул учурда ар кандай кырсык болуп кетпейт деп ким кепил боло алат? Мен катардагы эне катары билим берүү жана илим министринин мектепке чейинки мекемелердин санын көбөйтүү тууралуу демилгесин колдойм. Аны тиешелүү бийлик башчылары да колдошсо деп ойлойм, - дейт ал.
Айнурадай болуп ар кандай жолдор менен эптеп баласын бакчага орноштурган ата-энелер арбын. Бишкектин тургундарынын санын жаратылыштын табигый төрөлүү жолу менен толуктап, ар бир көз ирмемде жарык дүйнөгө жаралып жаткан наристелердин катарына ички миграция агымы менен келип жаткан бөбөктөр да кошулат. Алардын ата-энелеринин күнүмдүк түйшүгү кайра эле бала бакча издөө менен башталат…

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим".