№17, 23.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Таалим-тарбия өксүдүбү?

Окуучулар рэкетке каршы
Акыркы кездердеги мектеп окуучуларынын ортосундагы араздашуунун негизинде келип чыккан Бишкектеги №5 компьютердик гимназиядагы, Панфилов районундагы Каптал-Арык айылындагы мектептеги окуучу балдардын өлүмү, Ош шаарындагы окуучу кыздардын мушташуусу жана башка окуяларга Бишкек шаарынын Акөргө конушундагы №77 мектебинин "Акөргө жаштар демилге тобунун" жаштары чыдап тура албай "Улут көрөңгөсү, заман капшабы жана анын алкагындагы мектеп окуучуларынын арасындагы араздашуу маселелери" аттуу тегерек стол өткөрүштү.
Бул жаштар талкууну бабаларыбыз туу туткан көрөңгөлөргө кайтып, жаштардын арасында улутка таандык дөөлөттөрдү кайрадан кайтарып, жаштардын арасындагы улутка жат көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында өткөрүштү. Ага Бишкек шаарынын Ленин районунун администрация башчылары, билим берүү башкармалыгынын, шаардык мэриянын өкүлдөрү, ИИМ кызматкерлери, мектеп жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Коомчулукту кубанта турганы бул талкууну дал мектеп окуучулары уюштурушкан. Алар өз демилгелери менен ПРООНдун Жаштар программасына киришип, "Келишпестикке жол жок" деген долбоордун негизинде иш алып барышууда. Бул топ №77 мектептин 15 окуучусунан турат.
Окуучулар арасында рэкеттер, авторитеттер, өз ара "разборка" жүргүзүү, салык салуу, топторду түзүү көрүнүштөрү күчөп жатат. Анын натыйжасында окуучулар катуу жаракат алып, айрымдары майып болуп калышса, айрымдары бул дүйнө менен коштошуп кетишүүдө. Учурда ар бир мектепте окуучулардын тили менен айтканда "авторитеттери" бар экендиги жашыруун эмес. Бул жаштар тобунун сурамжылоосунда да белгилүү болгон. Сурамжылоого катышкан балдардын көбү "Сенин мектебиңди кармаган авторитет барбы?" деген суроого "Ооба" деп жооп беришкен. Эң өкүнүчтүүсү мындай жаман өнөкөткө кыз балдардын да аралашуусу болууда. Жакында эле Акөргө жаңы конушунан 15 кыз Селекциянын мектебинин кыздарына салык салып, мушташып жаткан жеринен ИИМ кызматкерлерине кармалышкан.
Ушуга окшогон трагедиялуу проблемаларды чечүү үчүн өткөрүлгөн талкуунун катышуучуларынын ой-пикирлерин түз, болгонун болгондой газетага берүүнү туура көрдүк.

Конокбаев Нурдин,
Акөргө жаштар демилге тобунун жетекчиси, №77 мектептин 11-классынын окуучусу:
- Биз ПРООНдун Жаштар программасынын негизинде 2008-жылдын февраль айынан бери "Келишпестикке жол жок" аттуу долбоор боюнча иштеп жатабыз. Бул теманы тандап алганыбыздын себеби, учурда рэкетчилик, ортодогу чыр-чатактар, келишпестиктер биздин эле курбуларыбыздын арасынан чыгып жатат. Ошону такыр жок кыла албасак да кандайдыр бир деңгээлде кыскартууга аракет кылалы деген ой-максат менен иштеп жатабыз. Албетте, рэкетчилик биздин мектепте да бар. Бирок, биз ага кол куушуруп отуруп бербей, күрөшөлү деген максаттабыз. Учурда биз ал балдарга колубуздан келишинче түшүндүрүү иштерин жасап жатабыз. Бирок, жеңил жол менен, тактап айтканда, коркутуу, үркүтүү жолу менен акча таап көнүп алган немелер бизге баш ийгиси жок. Кээде аларга катуу сүйлөгөндөн да коркосуң. Себеби алардын тили менен айтканда мектепти кармаган "авторитети" бар. Ал болсо жалгыз жүрбөй, атайын түзүп алган тобу менен жүрөт. Алардан баарын күтсө болот. Кээде сабап кетеби деп коркобуз. Бирок, аларга да баш ийбестен, коркуп калбастан, ушуга окшогон иш-чараларды өткөрүп, балдардын башын бириктирели деп жатабыз.

Шамбетов Баатырбек, ИИМдин коомдогу коопсуздук башкармалыгынын башчысынын орун басары:
- Биринчиден, ушундай тегерек стол өткөрүп, коомдо болуп жаткан проблемаларды көтөрүп жаткан окуучуларга ыраазычылыгымды билдирем. Себеби, өздөрүнүн чөйрөсүндө болуп жаткан терс көрүнүштөргө баш ийбей, аларга кошулбай коюштун өзү эле чоң эрдик. Экинчиден, теманы да туура тандап алышкан. "Улут көрөңгөсү" деген эң туура. Качан эле кыргыздарда ушундай бар эле. Биз деле жаш болгонбуз, бирок бири-бирине кол салуу, лидер, "авторитет", "смотрящий" болуу деген болгон эмес да. Албетте, лидерлер болгон, бирок алар жалаң "бешке" окуган, тарбиясы жакшы балдар болгон.
Азыр балдар үчүн батыштын кинолору да терс таасирин тийгизип жатат. Ар кандай кинолорду көргөн мен-менсинген балдар көчөгө чыгып алып, аны туурап бирөөнү жыга тээп салып жатпайбы. Мектептеги рэкетчилик боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары деле карап жатышат. Бирок, жыйынтык жок. Рэкетир болуп жаткандар мурун мектепти бүтүп кеткендер, түрмөгө отуруп келгендер. Алар эркиндикке чыккандан кийин тиякта калгандарга жардам бериши керек да, ошондуктан ал балдар акчаны чогултуп алып колонияларга жөнөтүп жатышат.
Жаштар иштери боюнча өкмөттүн көп эле токтомдору, мыйзамдары чыккан, бирок ошол мыйзамдардын көпчүлүгүнүн күчү жок, иштебей келет. 2005-жылы Укук бузууларды алдын алуу боюнча мыйзам чыккан. Ушул мыйзам баарына тиешелүү мыйзам. Быйыл бул мыйзамды жандандырып, иштеп жатабыз. Учурда 34 коомдук профилактикалык борбор түзүлдү. Алар иштеп жатат. Бирок, мунун баардыгы аздык кылат. Бизде 400-500 балага же 10 мектепке бир инспектор туура келет. Ошол инспекторлор иш күнүн мектептерден баштасын деп жатабыз. Кылмыштар болуп эле атат, бирок мектептин жетекчилери жашырышат. Тарбия завучтары андан бетер. Ошондуктан сеники-меники дебей чогуу иштесек. Айрым мектептерде коопсуздук кызматын түзүп атышат. Алар болгону аймакты карайт экен. Мисалы, №70 мектепте ар бир окуучуга күбөлүк берет, аны менен ар бир окуучу кирип чыгат экен. Беш мүнөт кечиксе аны мектепке киргизбей коет экен, бул дагы туура эмес.

Дүйшеков Мырзабек, №77 мектептин директору:
- Балдар арасындагы араздашуу маселеси биз үчүн глобалдуу маселе болушу керек. Себеби, коомго, жашоого жараша балдардын да психологиясы өзгөрүүдө. Анан мындай көрүнүшкө ким күнөөлүү деп, күнөөкөрдү издеп проблема жаратуунун да кереги жок. Буга, албетте, коом күнөөлүү. Улуу адамдар күнөөлүү. Себеби биз аларга туура тарбия бере албай жатабыз. Мунун дагы бир себеби европалык көчүрмөлөрдү турмушубузда колдонуп жатканыбызда. Чапчыганда эле Европаны, Американы, Кытайды, Японияны чапчып жатпайбызбы. Ошолордун таасири күчтүү болуп кетүүдө. Биздин жаңылыштыгыбыз, улуттук идеологиядан, улуттук педагогикадан четтеп калгандыгыбызда. Улуттук педагогиканы - ата-бабаларыбыздан калган таалим-тарбия, улуттук каада-салт, улуулардын кичүүгө болгон, кыз баланын энеге болгон мамилеси, баа жеткис үрп-адаттарыбызды таштап коюп, батыштын жолуна түшүп алганыбыздын кесепети балдарга тийип жатат. Ачыгын айтышыбыз керек, азыр балдарыбызга өзүбүздүн алыбыз жетпей калды. Баарыбызда бала бар. Азыркы жаштар, кыздар баш болуп ата-энесине баш ийбейт. Ата-эне өзү балдарынан коркот. Алардын айтканын жасайт. Эгерде аны жасабай койсо, балдар өлөм деп коркутат же өздөрүнүн өмүрүн кыйып салгандан кайра тартпайт.
Баарыбыз эле кол куушуруп, болоору болду деп отура берген менен болбойт. Ушул жаш балдар көтөрүп чыккан маселени республикалык деңгээлге көтөрүп чыгышына жардам беришибиз керек. Анан бизге бүтүндөй эл, жалпы коомчулук кошулуш керек. "Кыз балага кырк үйдөн тыюу" деген принцип менен иштешибиз зарыл. Биз ага жетпесек, улуттук педагогиканы жайылта албасак, аны жек көрүп, жээрисек, анда биз келечек муундарга туура эмес тарбия берген болобуз. Ошондуктан улуттук педагогиканы окуу программасына кенен киргизүү керек.

Жамиля Талканбаева,
ИИМдин Шаардын коопсуздук иштери боюнча ага инспектору:
- Бул проблема милиция кызматкерлеринин эле проблемасы эмес. Укук коргоо органдары жакшы эле, колдон келишинче иштеп жатат. Шаар боюнча 48 инспектор гана иштейт. Рэкетчилик ар бир мектепте бар. Бир күндүк эле рейд 4 фактыны алып чыкты. №44, 38, 63 мектептерден чыкты. Тилекке каршы, ошолордун арасында кыздар да бар. Бирок, таңкалычтуусу, рэкетчиликке барган балдар-кыздарды изилдеп чыксак, баары бардар үй-бүлөлөрдүн балдары болуп чыкты.
Эң биринчи күнөөнү мектепке, ИДНге койбостон маселени түпкүрүнөн карасак. Чын-чынына келгенде ага ата-энелер күнөөлүү. Үй-бүлө бул уя. Мектептерде балдардын тарбиясы тууралуу бир дагы ата-энелердин чогулушу өтпөйт. Ата-эненин чогулушу материалдык жактан жардам берүү, акча чогултуу жөнүндө гана болот. Көп балдар ата-энесинин колунда эмес, туугандарынын колунда калууда. Акөргөдөгү өлгөн баланын да, Чүйдөгү өлгөн баланын да ата-энеси Россияда соода кылып жүргөн. А эмне үчүн ага ата-эне эмес, мектеп жооп бериши керек? Эмне үчүн ошол ата-энелер өздөрү баласын карабай туруп күнөөнү мектепке коюшу керек? №5 мектептеги окуяны деле алып көрсөк, эки бала тең олимпиаданын жеңүүчүлөрү, жакшы окуган, патриот балдар экен. Анан эмне болду? Ошондуктан биринчи кезекте бала үчүн ата-эне жооп бериш керек.

Мирбек Найзабеков, Ленин райондук администрациясынын Үй-бүлө, балдарды коргоо жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү иштери боюнча адиси:
- Жанатан бери буга күнөөлүүлөрдү издеп жатабыз. Биз аны алыстан издебей эле койсок болот. Ага баарыбыз, керек болсо ушул жакта отургандар да күнөөлүүбүз. Балдарды тарбиялаганга, караганга, контролдогонго убакыт жок. Илим-билимдүү балдардын ата-энелер чогулушуна барып катышканга убакыт жок. Мына мен өзүмдө да балдарды караганга убакыт жок. Ошондуктан буга баарыбыз күнөөлүүбүз. Анан биринчиден, баланы тарбиялоо үчүн ата-эне өзү тарбиялуу болуш керек. Мисалы, мен өзүм тамеки чегип туруп, кантип "чекпе" дейм. Арак ичип туруп баламды кантип "арак ичпе" деп айтам. Көрдүңүздөрбү, трагедиянын башы кайда жатат. Өспүрүмдөр ата-энени туурап, кылганын кылып, жасаганын жасап, сүйлөгөнүн сүйлөйт. Ошондуктан тарбияны биринчи өзүбүздөн баштасак.
Мен өзүм мектепте 12 жыл, анын 10 жылын тарбия завучу болуп иштедим. Мектепте чыр-чатак чыкса аны директор жаап-жашырат. Анткени жогорку тараптан сөгүш алат же ордунан кетет. Ага жеткизгенди эч ким каалабайт. Ата-энелердин чогулушу болсо ага ата-энелер барбайт. Бир класста 30 бала болсо ошонун 4-5нин гана ата-энеси барат. Мектептердеги класстык сааттардын өткөрүлүшү да туура эмес. Класс жетекчилер класстык саатты биринчи акчадан баштайт, акча алып келдиңби, качан алып келесиң деген сөздөр менен аяктайт. Тарбия жөнүндө бир да сөз жок. Жалаң акча чогултмай менен класстык саат бүтөт. Ошондуктан сапатсыз иш жүргүзүлүп жатат. Балдарды тарбиялоо боюнча 50 кызмат ачса дагы жыйынтык болбойт. Бир сутканын 6 саатын гана бала мектепте өткөрөт, калган учурда бала каякта болот? Муну тескеген киши жок. Менин эсебим боюнча Ленин районунда эле 50 ашык компьютердик оюндар клубу бар экен. Мына, балдардын каякта жүргөнүн билип алгыла.
Массалык маалымат каражаттарынан да күнөө кетип жатат. Ошол фильмдердин балдарга жаман тарбия берээрин билип эле атат да, бирок болбой эле көрсөтүп жатышат. Мен ушуну Мелис Эшимкановдун өзү болсо өзүнө да айтмакмын. КТРге кинонун пайдасы тийип жатканы менен, биякта балдардын тагдыры талкаланып жатканы менен эч кимибиздин ишибиз жок. Мектеп инспекторун ачышыбыз керек. Бул тууралуу мен дагы жогорку тарапка сунуш кат жазгам, бирок, эң кызыгы, ал катым алты айдан кийин айланып келип өзүмө "карап чыгып, сунуш киргизгиле", деген жооп менен түштү. Көрсө, алар бири-бирине ушинтип эле ыргыта беришет экен. Ошондуктан бардык кызматтар чогулуп алып, сеники, меники дешпей иштесек эле жыйынтык болот.

Кудайкул Жусупов, ата:
- Эмне үчүн ушул маселени мектептин гана деңгээлинде карап жатабыз, эмне үчүн республикалык деңгээлге чыгарбайбыз?! Балдар улут көрөңгөсү деп туура айтып жатышат. Кыргыз эли байыртадан жашап келген эл. Бири-бирин эч убакта кыйнаган эмес, бири-бирин эч качан өлтүргөн эмес, обу жок бири-бирине кол көтөргөн эмес, бычак сайышкан эмес. Биз, эң биринчиден, балдарды мал жайгандай эле жайып салдык. Алар көп убакта бош калышууда. Толстой "Баланы мектеп эмес ата-эне тарбиялайт, 5 саат окусаң беш саат чөп чап" деп туура айткан. Азыркы балдардын көргөн күнү компьютер, кино. Мен балдарыма мушташ кинолорду көрсөтпөйм. Жакшы, таалим-тарбия бере турган гана берүүлөрдү көрсөтөм. Ууруну коркутсаң, кыса баштасаң ал өзү эле жоголот дегендей, бул мектеп рэкеттерин кысымга алып, ата-энеси менен кошо чогулушка салып, уяткарсак акырындап жоюлмак.

Эңсебаев Маматсабыр, №6 ГОМдун начальниги:
- Биз дайыма ушундай чогулуп, кеңешип-кептешип турушубуз керек. Рэкетчиликке барган балдар Кытайдан же дагы бир башка жерден келген жок да. Өзүбүздүн эле балдар. Эгерде биз ушундай чогулуп, керек болсо кылмыш кылган балдарды ортого салып, уятын чыгарып турсак азаймак. Биз Акөргө конушу боюнча 15 кызды каттоого койдук. Себеби Селекциянын мектебинин кыздарына салык салышкан. Ошол 15 кыздын ата-энесин чакыртсак эч кимиси мойнуна алгысы келбейт. "Карга да баласын аппагым" дегендей, баары эле менин кызым андайга барбайт дешет. Качан гана алардын тытылган бети-башын көрсөткөндө гана ишеништи. Эми алар дайыма көзөмөлдө болуп турушат.

Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".