№16, 16.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Коом жана мезгил

Менчикке ээлик укукту тактоо - мезгил талабы
Билим берүү жана илим министри И.Болжурова "Билим берүү мекемелеринин жер участкаларын, окуу имараттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү" жөнүндө буйрукка кол койду.

Ал буйруктун негизинде ведомстволук республикалык билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана шаардык, райондук билим берүү башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары мамлекеттик билим берүү мекемелерин, аларга тийиштүү жер участкаларын башка максатка пайдаланууга өткөрүп берүүгө жана алып коюуга бөгөт коюу максатында жана КРнын "Кыймылсыз мүлккө укугун каттоо" жана "Билим берүү" мыйзамдарына ылайык, үч айлык мөөнөттө милдеттүү түрдө менчик укугун тастыктаган документке ээ болуулары тийиш.
1994-жылы башталган менчиктештирүү процессинин жүрүшүндө мамлекеттик структурадагы ишкана-мекемелер менен катар билим берүү мекемелеринин көпчүлүк имараттары да жеке менчикке сатылып кеткен. Айрыкча, мектепке чейинки билим берүүчү бала бакча имараттарынын көбү ведомстволук типте болгондуктан, алар да ишкана-мекемелер менен катар жеке менчикке таркатылганы белгилүү.
Министрликтин укуктук, кадрдык жана мамлекеттик кызмат башкармалыгынын башчысы К.Шадыхановдун айтымында, ошол учурда ар кандай баш-аламандыктарга жол берилип, "Билим берүү" мыйзамында белгиленген билим берүү мекемелерине тиешелүү талаптар көз жаздымда калып кеткен. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык жана бала бакчаларга муктаждык кайрадан күчөгөндүгүн эске алып, министрлик жакында эле Генералдык прокуратура органына кайрылуу жасады. Анда менчиктештирилип кеткен имараттарды мыйзам чегинде кайра кайтарып алууга канчалык мүмкүнчүлүк бар экендигин анализдеп чыгуу өтүнүчү камтылган. Бул убакытты талап кылган узак процесс экендиги талашсыз. Сатылып кеткендеринин канчасы мыйзамдуу, канчасы мыйзамсыз экендигин тиешелүү органдар текшерип чыкканча, калган билим берүү объектилерине ээлик укукту тастыктап билип, колдоруна Кызыл китеп алуу милдети жүктөлдү. Мындай чараларды колдонуу зарылдыгы азыр да кээ бир жерде орун алып жаткан мыйзамсыз аракеттерди четтетүү максатын көздөйт.
Бала бакча имараттары адатта район, айыл борборлорунда жайгашкандыктан аларды менчикке алууга кызыккандар арбын. Мындан тышкары ал имараттардын короосуна ыңгайлашып жайгашып, коммерциялык ар кандай багытта соода жүргүзүүнү көздөшкөндүктөн, аларга тиешелүү жер участоктору да мыйзамсыз түрдө бөлүнүп кетип жаткан учурлар катталууда.
Чүй облусунун Аламүдүн району борбор шаарга жакын болгондуктан, ал жерде жайгашкан бала бакча имараттары да талап-тоноого кабылган. Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Токтобүбү Ашымбаеванын айтымында союз учурунда бул райондо 42 бала бакча болгон. Аларды акырындап калыбына келтирип олтуруп, учурда 16 бала бакча иштеп, азыр миңден ашык бала кабыл алышат. Июнь, июль айларында дагы үч айылда бала бакча имараттарын ачуу камын көрүшүүдө.
- Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын билим берүү мекемелерин каттоо жөнүндө буйругу менен таанышып чыккан соң, биз да буйрук чыгардык. Азыр менчик укугуна байланыштуу документтерди даярдоо иш-аракеттерин көрүүдөбүз. Мектеп директорлору 15-июлга чейин жергиликтүү мамлекеттик каттоодон өтүшүп, колдоруна менчик укугу тууралуу айтылуу Кызыл китепти алуулары тийиш. Жалпы маалыматты толугу менен министрликке 1-августка даярдайбыз, - дейт Токтобүбү Абасовна.
Жер-жерлерден алынган маалыматтар боюнча азыр калктын дээрлик көбү дыйканчылыкта болобу, же башка тармактарда болобу, жалпысынан иш менен камсыз болуп калгандыктан, балдарды бала бакчаларга берүү муктаждыгы пайда болду. Андыктан, жеке менчикке сатылып, башка максаттарга пайдаланууга өтүп кеткен бала бакчалардын ордун толуктоо зарылдыгы келип чыгууда. Аламүдүн райондук билим берүү жетекчилиги мүмкүн болушунча бала бакчалардын имараттарын ишке киргизүүгө, мүмкүнчүлүгү жок болсо мектептердин бир капталын бала бакчага ылайык профилдештирип, абалдан чыгуу жолдорун таап жатышат. Былтыр Кара-Жыгач менен Көк-Жар айылдарындагы мектептердин бош бөлмөлөрүн архитектура кызматкерлери менен бирдикте бала бакча бөлмөлөрүнө айландырышып, балдарды кабыл ала башташкан. Быйыл планда Арашан, Таш-Төбө, Байтик айылдары бар.
Райондо сатылып кеткен имараттар менен катар эле сатылбай, сакталып калган бала бакчалар да бар. Мисалы, Аларча айыл өкмөтүнө караштуу Мраморное айылындагы бала бакчанын имараты сакталуу бойдон турат. Бирок ал имарат кароосуз калгандыктан, капиталдык ремонтко муктаж.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Токтобүбү Ашымбаева балдардын бала бакчага барып, кандайдыр бир деңгээлде мектепке даярдыктан өтүүсүнө чоң көңүл буруп келет. Ошондуктан болсо керек, ал жетекчи болуп келген 2003-жылы райондо үч мамлекеттик, эки ведомстволук болгон беш бала бакча болсо, азыр жогоруда белгилегендей, анын саны 19га жетип калды. Жыйынтыгында райондогу бардык айылдар бала бакча менен камсыз болот. Анын пикиринде бала мектепке келгенде бир топ даяр болуп келгени оң. Буга мектептерде ачылып жаткан даярдоо класстары чоң көмөк көрсөтүүдө. Азыр райондогу мектептердин 60-70% даярдоо класстары бар. Быйылтан баштап даярдоо класстарына тартылбай калган мектеп жашындагы балдар үчүн июнь, июль, август айларында 100 сааттык программа боюнча мектепке даярдоо курстары ачылды. Даярдоо эки агым менен жүргүзүлөт. Биринчиси - 1-июндан 1-июлга чейин, ал эми экинчиси - 1-августтан 1-сентябрга чейин болмокчу. Бул, айрыкча, ички миграциянын натыйжасында көчүп жүргөн үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн аябай ыңгайлуу. Даярдоо курстары акысыз жүргүзүлөт. Жетекчинин айтымында бала мектеп тартибине, окууга, жазууга бир аз болсо да даярдыктан өтүп келсе, бала үчүн эле эмес, мугалим үчүн да жеңил болот.




Асан Жакшылыков:
"Өзүңөрдү аңдай билгенге, акылыңарды өнүктүргөнгө үйргөнгүлө"
Бишкек шаарындагы Б.Алымов атындагы №39 мектептин окуучулары белгилүү жазуучу Асан Жакшылыков менен жолугушуу өткөрүштү. Ал жолугушуу "Ноокат" фондунун төрайымы Салима Жороеванын демилгеси менен уюштурулду.
Бул кечени өткөрүүгө Асан Жакшылыковдун соңку чыккан "Эстутум" жана "Кыргыз жолу" аттуу көлөмдүү эки китеби түрткү болгон. Салима Жороеванын айтымында, аталган китепте балдардын акылына акыл кошоор, аларды тунук сезимге жетелеген акылман ой түрмөктөр кеңири орун алган.
Кийинки мезгилде белгилүү инсандардын жаш муундарга эле эмес, жалпы коомчулук алдында акылман уюткулуу сөзүн айткан учурлар кем катталып калганы чын. Жаралгандан ойчул, ар бир сөзү куюлушкан макал менен коштолгон эл мындай маңыздуу кеп укканга куштарланып калганы талашсыз. Көркөм сөзгө окуучулардын жан дүйнөсүн козгоо максатында акын дээрлик жогорку класстардын окуучулары чогулган аудиторияда муундан муунга насаат катары ата-бабабыздан келаткан айкөлдүк, акылмандык ж.б. сапаттарды тарбиялоонун жолу жөнүндө балдарга кеңири кеп таштаган акын патриоттуулукка да үндөп өттү.
- Кыргыз эли сан жагынан чакан элбиз. Андыктан силердин араңардан кеменгерлер, айкөл адамдар, көсөмдөр, даанышмандар канчалык көп чыкса, кыргыз эли күчтүү элге айланат. "Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат" демекчи, тунук акылга ээ болууга, билимге умтулуп, кыргыз элинин кызматына жараар эр-азаматтардан болууга аракеттенгиле,-деди ал.
Акындын баамында адамдын эки табигый кемчилиги болот. Анын бирөө ичтарлык, экинчиси - ач көздүк. Бул кемчиликтерди жеңип, адам айкөлдүк философиясына жетиши парз. "Адам Манастай айкөл болушу үчүн акылы тунук, көкүрөгү таза жана пейили кенен болушу керек. Мындай сапаттарга ээ болгон адам коомго таза гана нерселерди таратат",-дейт акын. Окуучуларга чечилип сүйлөгөн ал дүйнөнүн акыл борборунан алынган маалыматты өздөрүнө сиңире билген Арстанбек Буйлаш уулу, Сагынбай, Саякбай сыяктуу акыл көрөңгөсү мол инсандар чыккан улуу улуттун урпактары адам денесиндеги жети уюлду аңдап түшүнүүгө, аны пакиза күтө билүүгө тийиш деген милдет жүктөдү балдарга.
Автор китебинде жазгандай, учурда Манас доорунда жашап жаткан муундун урпактарына акын акылман Арстанбектин "Тирүүлүктүн көркү сый, өлүмдүн көркү ый" деген сөзүн мисалга келтирүү менен "жакшы гана сөздү айткан адам акырындык менен аруу, айкөл, жүрөгү кең пейил, айткан сөзү таза болот да, дүйнөгө жоомарт кароого жетишет. Менин да силерге кааларым ушул жакшы сапаттарга ээ болууга умтулушуңар керек" деген ниетин билдирди.
Суроо-жооп иретинде уланган жолугушуунун соңунда А.Жакшылыков өзүнүн эки китебинин бетине кол жазма калтырып, мектеп жамаатына эстеликке калтырды. Китепти окуп чыккандан кийин дагы да суроолор болсо, кайра жолугушууга келүүгө даяр экендигин билдирди.
Фонддун жетекчиси С.Жороеванын айтымында, жаш муундарга акыл азык бере турган белгилүү чыгармачыл инсандар менен жолугушуулар мындан ары байма-бай уюштурулуп турмакчы.




№2 Лебединовка мектеп-гимназиясы минимум программасын аяктады
Аламүдүн районундагы №2 Лебединовка мектеп-гимназияда "Окуучуларды профилге чейинки жана профилдик даярдоо - өнүгүү жолунун бири" аттуу семинар-тренинг өттү.
Мектеп 2003-жылы гимназия статусун алган. Ошол мезгилден баштап мектеп администрациясы окутуу методикасына, жалпы эле мектеп турмушуна жылда бир өзгөрүү, жаңылык киргизүү аракетинде. Окуучуларды профилге чейинки жана профилдик даярдоону үч этап менен профилдик окутуу жөнүндө концепциянын негизинде башташкан эле.1-этап - концепция менен иштөө, 2-этап - окуучулар жана алардын ата-энелери менен иштөө, ал эми 3-этаптын талабы боюнча милдеттүү түрдө социалдык өнөктөштүк менен иш алып баруу кирет. Семинардын катышуучулары гимназия бардык этапты басып өткөнүнө жана анын жыйынтыгында аткарылган иштерге күбө болушту. Киришүү сөзүндө мектеп директору Асылкан Омурова чогулгандарга берген маалыматында эки план менен: минимум жана максимум программаларын иш алып барышкандыгын айтып, ушул жылы 5 жылдык минимум программасын аякташкандыгын билдирди. Анын айтуусунда гимназия статусун алган убакыттан бери ар жылда белгиленген пландын алкагында иштеп келатышат. Окуу программалары менен катар мугалимдер жамааты жаңы психологиялык-педагогикалык проблемалардын үстүндө иштешүүдө.
№2 Лебединовка мектеп-гимназия республикадагы бир катар жогорку окуу жайлар, институттар менен алака түзгөн. Алардын катарына БГУ, М.Кашгари атындагы Чыгыш университети, КУУ, КББА, интеллектуалдык өнүгүү институту ж.б. бар. Быйыл аяктап жаткан минимум программасынын алкагында мектепте бала бакча бөлмөлөрүн ачышып, аларды мектепке даярдашат. Ал эми былтыр ачылган даярдоо классы жаңы окуу жылына келүүчү балдардын билим фундаментин түптөөгө көмөктөшсө, жаңы ачылган бала бакча бөлмөлөрүндө тарбиялануучу бөбөктөр мектеп тартибине эртерээк көнүгүшүп, алардын мектепке даярдыктан дагы бир жыл эрте өтүшүнө өбөлгө түзмөкчү.
Бетти даярдаган Айнагүл Кашыбаева, "Кутбилим".