№13, 18.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Тил бил, дил бил

Түрк тилине дүйнө кызыкдар
Бишкекте түрк тили боюнча эларалык VI олимпиадага Кыргызстандын атынан бара турган окуучулардын финалдык жыйынтыктоо салтанаты Эларалык "Себат" билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулуп, Улуттук филармонияда болуп өттү. Салтанатка доорубуздун улуу жазуучу Ч.Айтматов, КР маданият жана маалымат министри С.Раев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпил Алпман, ЖКнын депутаттары, коомдук ишмерлер жана түркиядан келген көптөгөн коноктор катышып, сөз сүйлөшүп, тилди, дилди үйрөнгөн улан-кыздарыбызга Стамбул шаарында 21-майдан 1-июнга чейин боло турган түрк тилинин дүйнөлүк олимпиадасында жеңиштүү орундарды алып келишин тилеп, ак жол каалашты.

Орхан инанды:
"Тил улуттун касиети, мурасы"
Салтанатты "Себат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды ачты. Ал өз сөзүндө бүгүнкү ааламдашуу процессинде баарлашуу, кызматташуу эне тилсиз мүмкүн эместигине, тил улуттун касиети, баалуулугу, мурасы экендигин унутпай өркүндөтүп өстүрүүгө чакырды.
- Эгемендүү Кыргызстан менен кызматташуу, алака-байланыш түзүү жылдарында Түркиядан келгендердин эң дээрлик көпчүлүгү билим берүүгө өз салымдарын кошуп келет. Билим берүү - бул ыйык милдет. Мындай милдетти биздин атуулдар татыктуу өтөөдө. Азыр түрк тилин билгиси, баарлашкысы келгендердин катары өзгөчө Латын Америкасында, Индокытайда, Сибирде, Африкада миллиондоп саналат. Ошол жактарда да түрк лицейлери ачылып, окугусу келгендердин саны көбөйгөндүктөн чоң конкурстар менен өтүшүүдө. Түрк тилинин дүйнөлүк олимпиадасында кыргыз жаштары да эң алдыңкы орундарды ээлеп, кыргыз мамлекетинин желегин желбиретип, дүйнөгө атын чыгарып келет. Быйылкы конкурста да жогорку көрсөткүчтөргө ээ болот деген ишенимдемин, - дейт Орхан Инанды мырза өз сөзүндө.
Орхан Инанды айткандай эле, азыркы кезде ааламдашуунун агымында Түркиянын дүйнөдө арышы кеңейүүдө. Атап айтсак бир тарабы Европа, бир тарабы Америка жана Австралияда да түрк тилин окуп үйрөнүп жаткан миңдеген студенттердин болушу бекеринен эмес. Бул улам оожалып, өнүгүп-өсүп бара жаткан Түркия республикасына дүйнө жаштарынын берген баасы, ынтызарлыгыдыр. Ушундан уламдыр, түрк тилин үйрөнүүчүлөрдү андан ары да көбөйтүү максатында 2003-жылдан тартып Түркияда түрк тилин үйрөтүү борбору тарабынан Түрк тили боюнча эл аралык олимпиада өтүп, буга катышууну каалагандардын саны жыл санап өсүүдө. Багып карасак, бул олимпиадага алгач 17 өлкө гана катышса, IV олимпиадага 83 мамлекет катышкан. Ал эми V олимпиадага 100 мамлекеттен 550 окуучу катышкан. Үстүбүздөгү жылы боло турган олимпиадага 110 өлкөдөн катышуучулардын келүүсү күтүлүүдө. Олимпиаданын жүрүшү финалдык формада өтөт да, класстык, мектептик жана республикалык конкурстан жеңгендер гана эл аралык олимпиадага катышууга жолдомо ала алышат. Бир окуу жылы ичинде буга катышуу үчүн болжол менен 10 миң окуучу даярданат экен. Түркиядагы финалдык турга катыша турган окуучулар негизинен мамлекети тууралуу түрк тилинде стенд даярдап, өз мекенин тааныштырып, Эл аралык маданияттар байланышын чыңдоого, өркүндөтүүгө салым кошо алышат. Мындай дүйнөнү ынтызарланткан олимпиададан кыргызстандыктар да четте калбай, жеңүүчүлөрдүн саны арбып баратат. Мисалы, 2004-жылы Айсулуу Тынышова, Тазагүл Жолдошева, 2005-жылы Каныкей Исакова, Ширин Акматбекова, 2007-жылы Толгонай Калмурат кызы дүйнөдө биринчи орунду ээлеп, алтын медалга татыктуу болушса, Ысыккөл кыздар лицейинин бийчилер тобу да ар түркүн өлкөнүн өкүлдөрүн өз өнөрлөрү менен таңкалдырганын тасмадан көрүп, жүрөк толкуду.

Чыңгыз Айтматов:
"Түрк дүйнөсү прогрессивдүү жолдо"
Жыйынга катышкан түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу, көрүнүктүү өкүлү Чыңгыз Айтматов сөзүнүн башында "Себат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды баштаган билим очогунун кызматкерлеринин азыркы жазап жаткан аракеттерине ыраазы экендигин билдирип келип, төмөндөгүдөй ойлорун айтты:
"Түрк элдеринин тилдери канчалык бири-бирине жакын, зарыл экендигин бүгүнкү кече дагы бир жолу аныктап олтурат. Түркияда, Стамбулда, Анкарада болуп мен өз элимде, өз журтумда жүргөндөй сезем. Канча бир адамдар келип, колтамга алышууда. Демек, силер мени билесиңер. Элазык деген шаарда болдум. Андай элди мурда көрбөсөм да бир туугандай жакын жүрдүк. Жакшы бир парк ачып жатышкан экен. Аны Айтматов атындагы деп менин атыман атап, ызаат кылышты. Ырахмат, буга. Ортодо кандай гана замандар өтпөдү. Бир кезде аралашпай, кабарлашпай жүрдүк. Эми кызматташпыз, бир жолдо келе жатабыз. Ошондуктан жаштар, урпактар бири-бирине жакын болсун, билсин десек ушундай тил олимпиадаларын бат-бат өткөрүп турганыбыз оң. Биз кириллицада, силер латынчада болсоңор да экөөнү тең билүүбүз зарыл. Ошондо балдарыбыздын интеллектуалдык деңгээли көтөрүлөт. Улуттук маданият, сезим деген асмандан түшкөн нерсе эмес, өзүбүздүн ички дүйнөбүздөн өсүп чыгат.
Түркия менин баамымда эң прогрессивдүү, тынч өнүгүп жаткан өлкө. Ошону сакташыбыз керек. Адамзат, бүтүндөй түрк дүйнөсү прогрессивдүү жол менен өнүгө берели".

Финалдык жыйын жүрөк толкутту
ЖК депутаты Ж.Каниметов, Эл акыны Омор Султанов өңдүү кыргыздын белдүү инсандары жыйында кыргыз балдарынын көрсөткөн өнөрлөрүн көрүп терең ыраазы болушту.
- 1937-жылдары кыргыздын чыгаан уулдары, түркологдору пантүркист деп айыпталып, атылып кетти эле. Эми мына, урпактарыбыз түрк тилинде да, башка тилдерде да сүйлөгөндөрүн көрүп кубанып отурам. Түрк элинин улуу уулу Тургут Озал Кыргызстанга келгенде "XXI кылым түрк дүйнөсүнүн кылымы болот" - деп пайгамбарчылык кылып сөз айтты эле. Мына ошол сөз орундалып жатат. Чыңгыз агабыз бүтүндөй түрк дүйнөсүн ааламга таанытууда, - дейт Омор акын.
Жыйында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпил Алпман кыргызча сүйлөп элди кубантса, кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү белгилүү ырчы Темир Назаров түркчө ырдады. Жалалабаддык Чолпон Камчыбек кызы "Алар Анадолудан келди" деген ырын созолонто ырдап жүрөк толкутту. Нарын облусунан келген Эсенбек Кадыр уулу түрктөрдүн сазында кубулжута ойносо, ысыккөлдүк кыздар түрк бийин бийлеп залды жаңыртты.

Финалдык жыйындын аягында жеңүүчүлөргө эстелик белек, жолдомо берилип, түрк тилин үйрөтүүдө чоң салым кошкон мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды.
Эмесе, Түркияга жөнөп жаткан окуучу балдар, кыздарыбыздын жеңиш менен кайтышына тилектеш экендигибизди билдиребиз.
М.Токторов,
"Кутбилим".




Уңгу сөздөн улама
Баткен мамлекеттик университетинин доценти Асылбек Эшиевдин "Батыштагы байыркы түрктөр" аттуу фундаменталдуу эмгеги (16 б.т.) тарых, этнология, лингвистика жана топонимика илиминдеги актуалдуу темалардын бирине арналган. Эмгек негизинен жаңы замандын башталышынан тартып монгол-татар мезгилине чейинки доорду (I-XIII к.к.) камтыйт.
Эмгекте байыркы түрктөрдүн, анын ичинде кыргыздардын байыркы кезден баштап монгол-татар чапкынына чейинки геосаясаты, рухий дүйнөсү жана жашоо образы өңдүү маселелер кенен камтылат. Гунн-түрк аттуулардын баары аз элине караган он ок эл уруулук-мамлекеттик бирикмеге киргендиги белгиленет. Жаңы доордун баш чениндеги Улуу Көч, Рим империясынын урашы, европалык жаңы элдердин (герман, франк, англ, славян, рус, прусс ж.б.) пайда болушу, гунн-түрк элдеринин христиандыкка өтүшү, Дешти-Кыпчактын тарыхый ролу, грек-византия-хазар-түрк мамлекеттик түзүлүштөрүнүн интегративдик процесстери маселелери автор тарабынан ишенимдүү баяндалат. Түрк этносторунун байыркы диний жана рухий түшүнүктөрү, Европаны ээликтеп калган уруулардын христиандыкка чейинки көп кудайлуулук ишенимдери (паганизм-язычество-азоктук), диний толеранттуулук маселелери да бир топ кызыгарлык сүрөттөлөт.
Автор байыркы жана орто кылымдык тарыхый булактарга: анналдарга (бертиндик, фулддук, франктык), летопистерге (Повести временных лет), байыркы авторлордун (Тацит, Иордан, Титмар, Прокопий Кесарийский, Псевдо Маврикий, Иоан Эфесский, Феофилакт Симокатта, Феофан, Кирилл менен Мефодий, Якуби, Истахри, Масуди ж.б.) эмгектерине таянган, XVIII-XX к.к. (М.О.Коялович, А.Шлецер, Н.М. Карамзин, Н.А.Аристов, В.В.Бартолңд, А.Н.Бернштам, Л.Н.Гумилев, Х.Хукхем, К.Г.Менгес, У.Г.Макнейл, Э.Б.Тейлор, В.П.Мокрынин, С.Г.Кляшторный ж.б.) жана бүгүнкү тарыхчы илимпоздордун эмгектерин өз ара салыштыруу менен талдоого аракет жасаган. Байыркы тарыхый адабий "Илиада", "Огуз-нама", "Калила менен Димна", "Шах-нама", "Роланд жөнүндөгү ыр", "Слово о полку Игореве" поэмаларындагы жана дастандарындагы гунн-түрк этнонимдери, топонимдери жана түркизмдер иликтөөгө алынган. Байыркы түрк тилдүү элдердин европалык мейкиндикти ээликтеп жаңы мамлекеттик түзүлүштөрдү, саясий-согуштук паритетти жана маданий-маалыматтык мейкиндикти жараткандыгы изилдөөнүн негизин түзөт.
А.Эшиев байыркы жана эртеги орто кылымдык гунн-түрк элдеринин рухий дүйнөсүн, жашоо образын, согуштук-саясий абалын, доордун атмосферасын тарыхый так маалыматтардын негизинде чагылдырууга аракеттенген жана тарыхый булактардагы маалыматтарга карата өзүнүн жеке көз карашын билдирген. Автордун негизги максаты жашоо образы негизинен көчмөндүк жана жарым көчмөндүк болгон байыркы гунн-түрктөрдүн дүйнөлүк цивилизацияларга тийгизген олуттуу таасирин, жаңы европалык элдердин келип чыгуусуна түздөн-түз тиешелүүлүгүн жана маданияттар синтезинин жаратманы катары тарыхта орду зор экендигин илимий коомчулукка жеткирүү болгон.
Автор батыш лингвисти Томсендин түрк элдеринин тарыхысыз Европанын тарыхы - боштук, көңдөй, эч нерсеге жарамсыз, Радловдун түрк тили таралгандай бир да тил жер бетине таралган эмес деп айткандарын баса белгилейт. "Соренсен" молекулярдык генеалогия фондунун илимпоздорунун бүтүмү боюнча кыргыздардын ДНК генинин 40% га жакыны европалык, 50% дан ашууну азиялык, 10% дын көбү түндүк африкалык, азыраагы америкалык индейлерден деп табылган. Ал байыркы гунн-түрк элдери, анын ичинде кыргыздар Сактар доорунан берки эки-үч миң жылды камтыган мезгил ичи Евразия континентин, Түндүк Африканы (арабдарды), Түштүк-Чыгыш Азияны байырлап, балким, Түндүк Американы биринчи болуп ачкан айтылуу викингдер менен этникалык байланышта болушкандай деген оюн сунуштайт.
Илимпоздун ишениминде байыркы түрктөрдүн уруулук аталыштарында Тоң (Турон), Бөрү, Аз, Он, Ок, Эл жана Эр деген сөздөр кездешет. Тоң деген сөз Тур жана Он деген сөздөрдүн биригишинен улам келип чыккан. Бөрү байыркы түрктөрдүн тотемдик сыйынган түшүнүгү болсо, Аз деген сөз байыркы түрк урууларынын башатынын аталышын түшүндүргөн. Бул уруулар Он ири бирикмеден (октон) турган. Ок жаанын огу (жебеси), уруу деген түшүнүктү берген. Эл деген сөз бийлик, мамлекет, уруулук бирикме деген мааниде колдонулган. Уруулук бирикмелердин аталыштарында Эр (Бөрү) деген сөз да көп учурайт. Белгилүү болгондой байыркы түрктөр (кыргыздар) Ак уул жана Куу уул, Оң жана Сол болуп бөлүнгөн да, бул байыркы жана орто кылымдык уруулук-мамлекеттик аталыштардан көрүнөт. Бирок, автордун пикиринче Сол деген сөз Азэл, Оң деген сөз Тоң деген сөздөн, ал эми Ак уул деген Окэл, Куу уул деген Кууэл деген уруулук бирикмелердин аталыштарынан келип чыккан. Куу Бөрүдөй эле тотемдик түшүнүк болуп саналат.
А.Эшиевдин пикиринче ири да, майда да бүт түрк уруулары мына ушул тоң (турон), бөрү, аз, он, ок, эл жана куу, ак, сол, оң деген сөздөр менен тыгыз байланышта болуп, ушул уруулук бирикмелердин бирине кирген. Бул уруулук бирикмелерден сырткары турган түрк уруулары болбогон. Эсепсиз сандагы майда уруулар уруулук топторго, уруулук топтор жогоруда аталган ири этникалык-мамлекеттик бирикмелерге биригишкен. Илимпоздун бүтүмүндө ушул аз-гунн-түрк урууларына кирген автономдуу ири бирикмелер региондук деңгээлдеги маселелерди өздөрүнүн согуштук-саясий укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде чечип, Аз-Гунн-Түрк улутунун тагдыры жана келечеги жөнүндөгү геостратегиялык маселелер коюлуп калган ченде глобалдык деңгээлде биригүүгө жетишишкен. Бул өзгөчө Улуу Көчтө жана тарыхый маанидеги дүйнөлүк согуштарда (маселен, 451-ж. Каталон согушу) көрүнгөн. Кайсы уруулук бирикме дүйнөнүн кайсы бир географиялык чекитинде гегемондук позициясын узак сактап келген болсо, ошол жерде мамлекеттик саясий түзүлүшүн жана уруулук бирикмесинин аталышын сактап калган.
Автор европалык жана россиялык илимий тарыхый чөйрөдө байыркы жана орто кылымдык тарыхтын чыныгы жагдайы жөнүндө билишкенби деген суроо коет да, негизинен билишкен деген тыянак чыгарат. Маселен, бул тармакты изилдөө боюнча XVIII-XIX к.к. россиялык тарых коомунда элоквенция деген атайын илимий тармак да болгон экен. Элокбөрүон деген түшүнүктөн улам келип чыккан бул элоквенция илиминин максаты байыркы аз-гунн-түрк уруулар бирикмесине кирген элдердин тарыхын изилдөө болгон да, кийинчерээк улуттук таламга төп келбей калганда жабылууга туштуккан.
Илимпоздун оюнча байыркы гунн-түрк элдеринин тили жоголгон эмес. Алар бүгүнкү европалык элдердин тилинде жашап келүүдө. Бирок өтө күчтүү фонетикалык жана морфологиялык өзгөрүүлөргө туштуккан. Бул өзүнчө башка бир тема боло алмак. Эмгекте негизинен жалпы орток түрк темасы каралган менен байкаган адамга кыргыздар маселеси даана көрүнүп турат. Аталган эмгек тарыхка, анын өнүгүүсүнө карата өзүнүн жаңыча мамилеси жана мүнөзү менен илимий коомчулукта, жогорку окуу жайларында жана илимий-изилдөө мекемелеринде зор кызыгууну жаратат деген ойдобуз.
Б. Осмонов,
Баткен мамлекеттик университетинин гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.
У. Арабеков,
Баткен мамлекеттик университетинин гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты.