№13, 18.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Мугалим - окуучу

Өздүк дептер - класс жетекчинин биринчи жардамчысы
Көп жылдык эмгектин негизинде Акталаа районундагы Коңорчок айылынын Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектептин англис тили мугалими Осмонова Жылдыз класстык саат өтүү үчүн өздүк дептерин түзүп чыкты.

Мындай дептерди түзүү зарылчылыгы класс жетекчилик милдетти биринчи жолу моюнуна алганда келип чыккан. Себеби ал мектепке жаңы мугалим болуп киргенден баштап эле класс жетекчи милдетин аткарып баштаган. Бул китепче 5-класстан баштап 11-класска чейин ар бир окуучуну тарбиялап-өстүрүүдө зарыл болуп эсептелинет. Себеби жети жыл бою ар бир баланын жүрүм-турумун, билимин баалап туруу ар бир класс жетекчинин милдети. Мындай иштин оордугуна, татаалдыгына карабай Жылдыз эже жыйырма жылдан бери иштеп, канчалаган балдарды уясынан учуруп келет.
- Мен ушул мезгилге чейин эки жолу 5-классты жетекчиликке алып, 11-класска чейин алып бардым. Албетте, бул мезгилдерде класс менен иштөөдө ар бир окуучунун псиxологиясын, жүрүм-турумун түшүнүүгө аракет жасадым. Ошонун негизинде ар бир окуучунун 5-класстан берки жүрүм-турумун, билим деңгээлин белгилеп туруу максатында өздүк китепчемди даярдап чыктым, - дейт Жылдыз Осмонова.
Өздүк китепче 4 бөлүмдөн турат. Аны көбүнчө тарбиялык сааттарда жана жыл жыйынтыгын чыгараарда колдонсо болот. Китепченин 1-бөлүмү - мектеп жөнүндө баянды камтыса, 2-бөлүмүндө - класс жетекчинин өмүр баяны жазылат. 3-бөлүмү - класска (22-окуучуга) берилген 7 жылдык өздөштүрүү мониторингине арналса, 4-бөлүм - тарбиялык сааттардын планын камтыйт.
Китепченин негизи болуп үчүнчү бөлүм эсептелинет. Анда класста окуган ар бир бала үчүн атайын баракча ачылып, 5-класстан 11-класска чейинки тартиби, сабакка жетишүүсү, сабакты калтырган күндөрү тууралуу маалыматтар жазылып турат. Мисалы:
Өздүк китепченин өзөгүн түзгөн төртүнчү бөлүмүндө болсо класс жетекчи тарабынан дайыма өткөрүлүүчү класстык сааттар жана анын алтын эрежелери камтылган. Бул бөлүмдү тааныштыруу үчүн Осмонова Жылдыздын тарбиялык сааттарынын бирин мисал кылып алсак болот. Анда алгач окуучулар үчүн "алтын эрежелер" жазылат.
1. Сүйлөп жатканда бири-бириңердин сөзүңөрдү бөлбөгүлө. Кезегиңерди күткүлө.
2. Оюңарды айткыңар келсе колуңарды көтөргүлө.
3. Айткан окуучуну эмес, алардын идеяларын сындагыла (инсандын өзүнө сөз тийгизбегиле).
4. Ар кимдин пикир айтууга укугу бар, андыктан өтө көп сүйлөй бербегиле.
5. Ар кандай пикир айтылышы колдоого алынат.
6. Эң мыкты идеялар көбүнчө талкууда жаралат.
7. Мугалим окуучулардын укуктарын коргоп, көз караштарын багыттап турат.
Ушуга окшогон алтын эрежелер ар бир өтүлгөн класстык саатта пайдаланылат. Аны өтүүдө окуучулардын сөз болуп жаткан темага карата талкуу жүргүзүүсүндөгү мугалимдин милдети:
1. Суроону жалпы окуучулардан эмес, жеке окуучудан суроо. Жоопту уккандан кийин "башка пикирлер барбы" деп өтүнүү.
2. Алтын эрежелерди колдонуу.
3. Класстагы ар түрдүү пикирлерди укканга аракет кылып жана айрым окуучулардын бири-бирине үстөмдүк кылбоосуна байкоо жүргүзүү.
4. Балдардын пикирлерин сындабоо. Окуучуларды дагы жандандырыш үчүн, "мындай болуп калса эмне болмок", "эгерде" же "эмне үчүн" деген сыяктуу суроолорду узатуу.
5. Балдардын бири-биринин пикирин угуп жатканына көз салуу.
6. Ар түрдүү суроолорду көбүрөөк берүү менен, окуучулардын идеяларын сыртка чыгарышына түрткү берүү.
7. Мугалимдин окуучулар менен бирдикте талкуунун чордонунда болбогону дурус. Себеби окуучулар алтын эрежесин сактоого аракет кылышат жана тартынчаак окуучулар да бири-бири менен сүйлөшүүсүнө түрткү болот.
8. Жогоруда айтылган милдеттерди жана алтын эрежелерди сактоо үчүн мисал катары азыркы мезгилде дүйнө жүзүндө эң орчундуу проблема болуп жаткан СПИД тууралуу өтүлгөн класстык саатты алып көрөлү.
СПИД тууралуу окуучулар пикирлерин ачык айтышы үчүн аракет кылуу максатында СПИД - коркунучтуу дарт! СПИД оорусу жөнүндө түшүнөсүңбү? - деген суроолорго жооп издетүү зарыл. Ал үчүн тактага бешке чейинки шкаланы сызуу керек.



Шкала сызылгандан кийин окуучулардан СПИД тууралуу маалыматтын бардыгына жараша тийиштүү шкаланын алдына туруусун өтүнүү керек. Окуучулар ылдам эле топко бөлүнүшүп, өздөрү ойногон шкаланын алдына келип турушат да, ар бир топтон өз мисалдарын бүт класска айтып берүү үчүн бирден окуучуну шайлашат. Ошол окуучу топтогу талкуудан эмне айтылганын ачык түшүндүрө алат.
Мындан кийин мугалим окуучуларга СПИД тууралуу толук маалымат алышы үчүн алдын-ала даярдалган докладды окуп берүүсү зарыл (Лидер окуучу бул теманы толуктоо үчүн докладды окуйт).
Мындай шартта окуучулар өз ойлорун айтуу үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү алат:
- Мугалим эң аз ресурстарды колдонуу менен окуучулардын талкууга кызыгуусун мүмкүн болушунча күчөтөт.
- Топтун мүчөлөрүнүн ортосундагы карым-катышы, алардын өздөрүн кыйла эркин сезишине мүмкүндүк берет.
- Моралдык жактан колдоо көрсөтө алат.
- Мугалим - окуучулардын туура эмес иштерин сындай бергенден көрө ийгиликтерин баалап турууга көбүрөөк аракеттенет.
Ушундай ыкма менен өтүлгөн сабак бүт класстын окуучуларын активдүү талкууга катыштырат. Талкуу учурунда окуучуларды жогоруда айтылган "Алтын эреже" менен тааныштыруу керек. Себеби сабакты ушул эрежелердин негизинде өтүү эффективдүү болот (Эрежени доскага илип коюу зарыл).

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,
"Кутбилим".




Мугалим баланын рухий дүйнөсүн
сезе билиши керек

Педагогикалык маданият эмнеден түзүлөт? Бул баарыдан мурда мугалим өзүнүн сабагын терең билүү дегенге жатат. Мугалим материалды канчалык эркин билсе, баяндоонун сезимди козгоочу күчү мына ошончолук ачык болот жана окуучунун окуу китебине тиктеп отурушу ошончолук азаят.

Мугалим менен окуучунун ортосунда байланыш болбогон сабакта, мугалим койгон "эки" окуучуда кебелүү сезимин да пайда кылбайт. Бул эң коркунучтуу абал. Бала өзүн-өзү сыйлабай калышына, өзүнүн намысын коргобой калышына, азыркыдай жакшы болууга умтулбай калышына жол бербөө керек. Адамды коркууга жана чочууга үйрөтүүгө болот. Бирок бул караниеттик адат эки жүздүүлүктү, өң карамалыкты, кошоматчылыкты пайда кылуу менен адептүүлүк жактан бузат. Коркууга кооптонууга моюн сунуу адамды ырайымсыздыкка, таш боордукка үйрөтөт. Ал өзүн тагдырына жараша деген бир алсыз жан катары сезбеши керек. Кичинекей адамдын эркин басмырлоого эч убакта умтулбаңыз.
Эрк - бул, көркөмдөп айтканда, адамдык кадыр-барктын кайыгы калкып турган тереңдик. Кыңк этпестен жана ойлонбостон баш ийүүгө караганда терс кыял жана кежирдик миң эсе артык.
Мугалим өзүнүн эркин башкара албаган балалыкка карата аталык жана энелик мээримге ээ болууга тийиш. Эгерде андай болбосо, өзүнүн мугалим экендигин унутуп алкынып, жулкунуп, кыйкырып жаткан мугалимде кыйкырыктан башка нерсе жок болсо, ал кыйкырыгын токтотпойт. Мугалим өзүнүн кыйкырыгы менен түшүнбөстүктүн же андан да жаман нерсе жек көрүүчүлүктүн дубасын өзү менен балдардын ортосунда кандайча тургузуп жаткандыгын айткым келет.
Кыйкыруу адамдык мамилелердин маданиятынын жоктугунун чыныгы белгиси. Мугалимдин кыйкырганы баланы сүрдөтүп акылык айран кылат. Кыйкыруу баланын кылык-жоруктарына, мүнөзүнө, алардын окууга жасаган мамилесине карата болгон эң тар аң сезим, эң орой реакция болуп эсептелет. Кыйкырыкта чыныгы адамдык эмоциялар жокко чыгат. Кыйкырыкты көп уккан балдар чындыкка, адептүүлүккө болгон сезимин, эң коркунучтуусу, балалык уялуу сезимин жоготот.
Баланын руxий дүйнөсүн сезүүгө зор жөндөмү бар мугалим эч убакта кыйкырбайт. Тынчсызданууну, өкүнүүнү, айран калууну, таңданууну - бардык бул сезимдердин ондогон кошумча маанилерин балдар өзүнүн насаатчысынын жөнөкөй сөздөрүнөн эле баамдап түшүнүшөт.
Балдар дуушар болушкан көп жаманчылыктар жана кайгы капанын тамырлары барып үй турмушуна, үй-бүлөлүк тиричиликке такалат. Мында мугалим ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруусу зарыл.
Окуучуда да, ата-энелерде да өз жөндөмүнө, өзүнүн жакшы адам экендигине ишеним көрсөтүү менен тарбиянын татаал процессин баштасак болот деп ишенемин.
Бала өзүнүн жаман сезишинин себеби эмнеде жаткандыгын билбеген учурлар канча көп болот. Мугалим тарабынан, мектептин жетекчилери тарабынан айтылган ар бир орой сөздөр менен балада болгон адептүүлүк-уятсыздыкка, акылмандык ырайымсыздыкка, мээримдүүлүк-кылмыштуулукка айланып жаткандыгын кантип түшүндүрүүгө болот.
Мугалимдин педагогикалык маданиятынын өсүп-өнүгүшү калыптанышы китеп дүйнөсүнө түздөн-түз байланыштуу. Демек бардык өсүп-өнүгүүлөрдө китеп негизги ролду ойногондуктан биз китепкана жана ар бир окуучунун жеке китепканасы жөнүндө кам көрүүбүз зарыл.
Мугалим темир эмес, анда да жан, нерв, өз кадыр-баркын коргоо, өзүн-өзү сыйлоо сезими бар. Мугалимдин толук баалуу акыл эмгеги, псиxологиялык абалы, сүйлөө маданияты коллективдин чыгармачылык эмгегине жетекчилик кылууда.
Демек кадр маселесине өтө кылдат мамиле кылуу менен бирдикте биздин мектепте педагогикалык маданиятка жетишүү үчүн чыгармачыл жетекчилик, бекем псиxологиялык жагдай, бир көз караштагы коллектив ата-энелер менен болгон тыгыз байланыш, мугалимдин сөз маданияты жана руxий маданияттын эң башкы эң маанилүү борбору болгон китепканалар жөнүндө кам көрүүбүз зарыл.

Кимира Жолдошева,
Ош облусу, Карасуу шаары, Бирдик негизги мектебинин англис тили мугалими.