№13, 18.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Катка жооп

Бернштамдын ала качма пикирлерине кошула албайм
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген курулушчусу
Д. Сарыгулов мырзанын Ачык катына жооп

Анварбек Мокеев,
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору
Сиздин "Обо" газетасы аркылуу мага жиберген Ачык катыңызды окуп чыгып, андагы мага карата айтылган ой-пикирлериңиздин чын-төгүнүн тактоо максатында атайын жооп жазууга туура келди. Эми кептин удулу келди. Ирээти менен угуңуз.
Мен өмүр бою кыргыз элинин тарыхынын жаңы барактарын ача албасам да, жок дегенде жаңы саптарын ачканга дилгир болуп, ал максатыма жетиш үчүн адегенде КМУнун тарых факультетинен, андан кийин Ташкенттин, Ленинграддын Чыгыш таануу институттарынан ырааттуу билим алып, чыгыш жана батыш тилдерин окуп, ошол тилдерде жазылган кыргыздын тарыхына тиешелүү маалыматтарды ийне менен кудук казгандай изилдеп келе жаткан тарыхчымын.
Эмгегим текке кеткен жок. Кокон хандыгынын, анын ичинде кыргыздардын тарыхын камтыган, өз доорунун билимдүү кыргыз тектүү инсаны болгон Махзунинин "Фергана хандарынын тарыхы" деген көлөмдүү кол жазмасын 1992-жылы Стамбул университетинин китепканасынан таап чыгып, илимий айлампага киргизгендигимди азыр кыргыз тарыхынын ышкыбоздорунун бардыгы жакшы билишет. Андан тышкары орто кылымдарда чагатай жана перс тилдеринде жазылган ондогон даректүү тарыхый булактардагы кыргыздардын тарыхына тиешелүү маалыматтарды дагы биринчи жолу илимий айлампага киргизгендигимди эч ким тана албайт.
Мындан тышкары, дүйнөнүн 5 тилинде, Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүндө жарык көргөн 70тен ашуун илимий макалалардын, эки фундаменталдуу монографиянын автору катары кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча бир катар татаал маселелерди чечүүгө өз салымымды коштум. Анын айрым жаңы маселелерин биринчилерден болуп козгоп, окумуштуулардын күн тартибине койдум. Россия, Түркия, Франция жана Американын атактуу университеттеринде айлап-жылдап лекцияларды окуп келдим.
Демек, мен өзүмдүн талыкпаган эмгегим менен кыргыздын тарыхына алыма жараша илимий салым кошуп келе жатам. Кыргыз элинин тарыхы мына ошондой кашыктап жыйналган жаңы маалыматтар менен акырындап кеңейет жана тереңдейт.
Эми сиз мага каршы ачкан доонун предметине токтололу. Эгерде сиздин катыңыздын мазмунун туура түшүнсөм, сиз мага "Улутман" телепрограммасында профессор А.Н.Бернштамга "алакачма тарыхчы" деп акарат айттыңыз жана ошону менен кыргыз элинин төрт миң жылдык тарыхын кемсинттиңиз"- деп күнөө коюп жатасыз. Кыргыздын тарыхы А. Н. Бернштам койгон чекит менен эле токтолуп калбайт да, анын үстүнө ал бир катар эмгектеринде түрк элдеринин, анын арасында кыргыз элинин тарыхын жазууда оркойгон осол каталарды кетирип атпайбы! Ошентсе да, мен "Улутман" программасындагы маектешүүбүз учурунда сиздин "А. Н. Бернштамдын кыргыздар тууралуу илимий жоболорун тааныйсызбы?" деген сурооңузга "профессор А. Н. Бернштамдын эмгектерин жакшы тааныйбыз жана анын пикирлери менен эсептешебиз"- деп жооп бергенимди эсиңизге сала кетейин.
Бирок А. Н. Бернштам кээ бир маанилүү маселелерди апыртып, ала качып жазган деп айтканым да чын. Анын жүйөөсү мындайча. А. Н. Бернштам ошол мезгилде колдо бар тарыхый булактардын маалыматтарын терең талдабастан туруп, гундардын жана кыргыздардын тарыхына тиешелүү жаңылыш тыянактарды кандай чыгаргандыгын сиз өзүңүз абдан урматтаган, эмгектерине байма-бай шилтеме берген Л.Н.Гумилевдун сөзү менен далилдейин. Жалпыга түшүнүктүү жана так болуш үчүн Л.Н.Гумилевдун китебиндеги тиешелүү жерлерин оригиналында, орус тилинде берүүнү туура таптым.
Гундардын тарыхына байланыштуу А.Н.Бернштамдын алакачма жобосуна Л.Н.Гумилев төмөндөгүдөй баа берген: "Попытка А. Н. Бернштама применить к доклассовому обществу социальные категории [ 16] привела автора к позорному разгрому [см.: ВДИ, 1952, № 1, с. 101-109; "Советская археология". 1953, т. XVII, с. 320-326] из-за многочисленных передержек".
Бул жерде Л.Н.Гумилевдин "передержка" деген мүнөздөмөсүн "апыртма", "алакачма" деп түшүнбөгөндө эмне деп түшүнөбүз?!
Эми тетиги атам замандагы гундардын тарыхын мындай койо туруп, кийинки енисейлик кыргыздардын Улуу мамлекети дооруна тиешелүү маселени А.Н.Бернштам кандайча чаташтырганына көңүлүңүздү бурайын. Ошол мезгилге таандык Тувадагы белгилүү Суджа таш эстелигиндеги жазууну бир беткей окуп, андагы маалыматты башка даректүү булактардын кабарлары менен кайчы анализин жасабай туруп, сенсация жаратыш үчүн А. Н. Бернштам 840-жылы Уйгур мамлекетин талкалаган кыргыз каганынын аты Яглакар хан болгон жана анын эрдиктери кийинчерээк кадимки Манас баатырдын прототибин түзгөн деп, жамы илим дүйнөсүнө жар салгандыгы баарыбызга маалым. Бизди да университетте ушул туура пикир деп окутушкан жана биз дагы сизге окшоп, ушундай даңазалуу бабабыздын атын таап чыккан профессор А. Н Бернштамга данк жана дүнк деп кол чапканбыз. Бирок илимдин өнүгүш закондору сиз менен биздин оюбуз менен төп келе бербейт экен. Анткени 1958-жылы эле Суджа эстелигиндеги кыргыз кол башчынын жазуусунун мазмунун "Тан шу" жана "Син Таншу" сыяктуу даректүү кытай булактарынын маалыматтары менен тереңирээк кайчы анализин жүргүзүүнүн натыйжасында белгилүү синолог Ю. А. Зуев А.Н.Бернштамдын жогоруда көрсөтүлгөн алакачма пикирин четке кагып, бул эстеликтеги Яглакар-хан кыргыздын ажосунун аты эмес, ошол жерге кыргыздар басып келгенге чейин жашаган жана Уйгур каганатынын сулалесин жараткан уйгур уруусунун аты экендигин аныктады. Ага ишенбей, дагы эле күмөн санап жүрсөк, кийинчерээк Ю. А. Зуевдин пикири белгилүү ленинграддык тюрколог, А. Н. Бернштамдын өзүнүн шакирти С. Г.Кляшторный жана Түркиянын көрүнүктүү окумуштуусу, Стамбул университетинин профессору О. Ф. Серткаянын тиешелүү эмгектеринде тастыкталды. Ошондуктан Л. Н. Гумилев А. Н. Бернштамдын бул маселе боюнча алакачмасын төмөндөгүдөй мүнөздөгөн:
"Буквальный перевод, сделанный филологом, обязательно будет неточным, потому что без знания страны (географии), обычаев народа (этнографии) и его традиций (истории) передать смысл источника невозможно… Так, А. Н. Бернштам "сочинил" [ 108, с. 88] перевод текста надписи из Суджи и "родил", тем самым, великого завоевателя Яглакара, возникшего из неправильного перевода [там же, с. 85-90]". Ошондон кийин айла жок ишенүүгө туура келди, эсил кайран Яглакар-хан "атабыздан" айрылып, ичибиз күйүп, туз жалап томсоруп отуруп калдык.
Эми сиз сөз кылган төрт миң жылдык тарых икаясына келели. А. Н. Бернштам өзү деле кыргыздардын тегин изилдөө жаатында бир эле тарыхый датанын үстүндө сизге окшоп көшөрүп отуруп алган эмес. Улам кийинки чыгармаларында бул маселе боюнча көз караштарын өзгөртүп, тарыхый даталарды тактап отурган. А. Н. Бернштамдын бул багыттагы эң акыркы макаласы "К вопросу о происхождении киргизского народа" деп аталат жана аны 1956-жылы Фрунзеде өткөрүлгөн кыргыз элинин этногенези тууралуу бүткүлсоюздук илимий конференцияда окуган докладынын негизинде жазган. Биз, тарыхчылар, бир окумуштуунун тиешелүү маселе боюнча эң акыркы пикирине таянабыз. Ал макалада А. Н. Бернштам кыргыздын келип чыгышына төрт миң жыл толду деп эч айткан эмес. Сөзүбүз куру болбос үчүн А. Н. Бернштамдын аты аталган макаласынан бир нече үзүндү берейин:
"Преодоление ошибок, допущенных как автором настоящей статьи, так и другими исследователями должно сопровождаться позитивным решением вопроса. Именно эту цель преследует предлагаемая статья, в которой автор, учитывая критические замечания по поводу ею прежних работ, пытается предложить характериcтику нeкоторых основных этапов иcrории сложения киргизской народности".
Бул үзүндүдөн ачык көрүнүп тургандай, А. Н. Бернштам өзүнүн диссертациясында кетирген алакачма жоболорунан баш тартып, апыртылган тарыхый даталарын тактаганга аракет кылганын байкайбыз.
Андан ары уланталы. "Быть может, наиболее молодыми образованиями являются казахи и кирrизы, у которых при наличии древних предков и ранних государственных образований процесс сложения народноcти был прерван монгольским завoeванием, а затем тормoзился слабым развитием земледельческой культуры и рядом особых конкретно-исторических условий. Одним из таких тормозящих условий явилось расселение кирrизoв за пределы Енисея и Южной Сибири и долгое подчинение их различным другим народам". Демек, А. Н. Бернштам бул жерде кыргыз элинин калыптанышы узун убакытты талап кылып, ал процесс монгол доорунан кийин кана аяктады деп атпайбы?!
Дагы бир үзүндү: "Все народы Средней Азии, а особенно казахи и киргизы, иcторически сложились из разных племен, народностей и рас. В отношении киргизов, например, письменные источники отмечают различие в антропологическиx особенноcтях на пpoтяжении только одноrо тысячелетия… Особенность этногeнеза киргизов заключается в том, что их формирование шло на двух территориях: по берегам Енисея и на Тянь-Шане".
Сиз болсо: "Афанасьев маданияты, Карасук маданияты, Тагар маданияты",- деп эле кыргыз элин байыркы енисейлик кыргыздардын гана нукура түз тукуму кылып атпайсызбы. Кыргыз элинин этногенезинде өз салымын кошкон, Тянь-Шанда кылымдар бою калыптанган жергиликтүү компонентти жолотпой жатпайсызбы. Бул пикириңиз А. Н. Бернштамдын жогорудагы жоболоруна да кайчы келип атпайбы!
Сиз А. Н. Бернштам кыргыздын тарыхын жазгандыгы үчүн куугунтукталган деп жазыптырсыз, бирок сиз адвокат болуп аткан А. Н. Бернштам совет режими тарабынан анча-мынча ыдык көрсө да, эч качан Л. Н. Гумилев сыяктуу ондогон жылдар бою ГУЛАГдын абактарында азап чегип отурган эмес. Тескерисинче, алакачма метод менен гундардын коомдук түзүлүшүнөн таптарды "таап", тап күрөшү болгонун жазгандыгы үчүн жана жок жерден Яглакар хан деген жалган кыргыз каганын жараткандыгы үчүн Л. Н. Гумилев күйүп атпайбы! Ошондуктан А. Н. Бернштамдын бир катар жүйөөсүз, алакачма пикирлерине кошула албайм, кошул деп да эч ким мени көндүрө албайт.
Менин сизден кечирим сурай турган эч жөнүм жок. Анткени, элүү чамалуу ак сакал, көк сакал адамдар, ошондой эле студенттер катышып отурган ошол эле "Улутман" программасында мен алакачма "тарыхчыларга" кайрылып, даректүү археологиялык жаңы табылгаларга таянып, төмөнкүдөй ойду айткамын: Эгерде "кыргыз" деген этнонимди ээрчисек, элибиздин тарыхын азырынча 2200 жылдан тереңге алып бара албайбыз. Андан көрө азыр биз өзүбүз жашап турган Кыргызстандын тарыхын жакшылап изилдейли. Себеби тээтиги таш доорунан бери ушул аймакта жашап өткөн элдердин бардыгы, айрыкча байыркы арий тектүү усундар, сактар жана түрк тектүү элдердин бардыгы биздин ата-бабаларыбыз, алардын калтырган мурастары - биздин элибиздин көөнөрбөс дөөлөтү. Эгерде ушул методика менен биргелешип иштесек, элибиздин бир миллион жылга жете турган тарыхый изи бар деп айтпадым беле! Бул пикир алакачма эмес, азыркы археология илиминин Орто Азиядагы таш доорунун эстеликтерине берген хронологиясы. Ошондуктан кыргыздын тарыхын ким кемитип атканын окурмандар өздөрү айтсын.
"Манастын изин таппай жүрөсүз, Манас деген жер аттары Индияда, Кавказда, Кытайда, Алтайда, Непалда жана Тибетте сакталып турбайбы" - деп жазыптырсыз. Мен болсо "Улутманда" Манас ысымынын изин өзүм изилдеген жазма тарыхый булактардан таппай жүрөм деп айткамын сизге. Уламыш тарыхка толгон "Маджму ат-таварих" чыгармасынан башка эч бир даректүү тарыхый булакта Манас аты кезикпегендиги чындык. Ал эми жогорудагы жер аттары кандайча жаралып калгандыгын "Улутманда" ошол эле сиз карманган А. Н. Бернштамдын "К вопросу о происхождении эпоса Манас" деген макаласына таянып, түшүндүрүп бергемин. Аны бул жерде кайрадан кайталоонун кажети жок.
"Манас" дастанына тиешелүү бир гана маселеге токтоло кетейин. "Манаста" ондогон кылымдардын саясий тарыхынын окуялары жалпылаштырылып, бир мезгилде Манас баатырдын доорунда болуп өткөндөй көркөмдөлүп берилген. Аны Ч. Валиханов, М. Ауэзов, В. Жирмунский, Б. Юнусалиев сыяктуу белгилүү Манас таануучулар белгилеп кеткен. Ошондуктан "Манас" дастанынан кыргыздардын саясий тарыхын табуу аракети илимге эч бир позитивдүү натыйжа бербейт. Бирок ошол эле мезгилде "Манас" дастанында кыргыз элинин өтмүштөгү жашаган жерлеринин аттары (топонимдер), кыргызга жанаша жашаган уруулардын жана элдердин аттары (этнонимдер), кыргыздардын социалдык түзүлүшү, чарбасы, диний ырым-жырымдары, ошондой эле күнүмдүк турмушу кеңири чагылдырылган. Мына ошол материалдар кошумча тарыхый булак катары изилденип атат.
Мисалы, "Манас" дастанындагы этнонимдерди кошумча тарыхый булак катары биринчилерден болуп мен өзүмдүн кандидаттык диссертациямда изилдегемин. Кийинчерээк ал маселе маркум И.Б.Молдобаевдин китебинде дагы кеңирирээк каралган. "Манас" дастанындагы тарыхый материалдарды башка даректүүу жазма булактардын маалыматтары менен салыштырып жазган бир катар макалаларым Кыргызстандын, Түркиянын жана Россиянын илимий журналдарында жарыяланган.
90-жылдардын ортосунда Түркияда Кыргызстандын элчилигинде кеңешчи болуп иштеп жүргөн мезгилимде боордош түрк элинин арасында "Манас" дастанын таанытуу аракеттерим "Миллиет" газетасында "Дастан дипломатиясы" деп бааланган. Ыраматылык Төлөмүш Океевдин "Ошондо Манас деп ураан чакырып" (1995-ж.) деген документалдуу фильминин сценарийин да мен жазгамын. Азыр дагы студенттериме "Манас" дастанындагы жер аттары боюнча дипломдук иш жаздырып атам. Анан сиз болсо "Улутмандын" кийинки берүүсүндө, өз кулагыңыз менен укпаган лекциямды келекелеп, "Мокеев деген тарыхчы Манасты бурмалап окутуп атыптыр"- деп жалаа жапканыңызга жол болсун! Мен бар болгону "Манас" дастанынан саясий тарыхты издеп убара болбогула, эпостогу тарыхый материалдарды туура методика менен изилдегиле деп айткамын, ал сөзүмдөн да эч качан кайтпаймын.
Эгерде мындан ары дагы доолашам деп, күүлөнө берсеңиз, ошол өзүңүз бычкан суммага эле мен да сизге каршы сотто доо ачам. Себеби, сиз менин инсандык аброюмду эле мазактабастан, менин тарыхчылык беделиме да жалпы кыргыз элинин алдында шек келтирдиңиз. Жети атамды тактап, мени "болду болбоду бул оңбогур кыргыз эмес го" деп жылаандын башын кылтыйтканыңыз эле доолашканга жетишет. Мен сизге окшоп кечирим сура деп да айтпаймын, анткени сиздин кечиримиңизге муктаждыгым да жок. (Шилтеме берилген китеп жана макалалардын даректери: Л. Гумилев. Тысячилетие вокруг Каспия. Москва, 2004 стр. 112; 139; А. Бернштам. К вопросу о происхождении киргизского народа, "Советская этнография", 1956, №2, стр.16-26; Ю. А. Зуев. Киргизская надпись из Суджи. "Советское Востоковедение", 1958, №3, стр.133-135).