№12, 11.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Таалим

уядан көргөндү...
Ата-эне үйү - эч нерсе менен алмаштыргыс биринчи турмуш мектеби. Баланын инсан болуп калыптанышына адамдар арасында гана болоорун атайын изилдөөлөр көрсөткөн. Ал эми наристеге эң жакын чөйрө - анын үй-бүлөсү: атасы, апасы, чоң энеси, чоң атасы, улуу-кичүү бир туугандары. Демек наристенин инсан болуп чыгышына үй-бүлө мүчөлөрү зор мааниге ээ. Ошондуктан балдарды тарбиялоо иши педагогикалык мекемелердин гана иши деп жаңылыш ойлошпостон ата-энелер өздөрү да учур, мезгилге ылайык тынымсыз педагогикалык изденүүдө болушу талапка ылайык. Балдарды тарбиялоодо курактык анатомиялык-физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн эсибизден чыгарбообуз керек.

Физиологдор, психологдор жана педагогдор балдардын өсүп-өнүгүшүн төмөнкүдөй курактык мезгилдерге бөлүшөт: наристе кез - төрөлгөндөн 1 жашка чейин, боор көтөргөн кез - бир жаштан 3 жашка чейин, мектепке чейинки курак - 3 жаштан 7 жашка чейин, мектеп жашындагы кенже курак - 1-класстан 4-класска чейин, өспүрүм курак - 5-8-класс, бой жеткен курак - 9-11-класс. Тарбиянын мазмуну, формалары, методдору ошол курактын өзгөчөлүгүнө, талаптарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келүүгө тийиш. Балага анын курактык өнүгүүсүн жогорку деңгээлине жооп берүүчү жана кийинки курактык мезгилге ылайык өнүгүүнүн жогорку баскычына ийгиликтүү өтүүгө даярдоочу билимдерди берип, ошого ылайык сапаттарды, касиеттерди жана психологиялык өзгөчөлүктөрдү калыптандыруу керек. Биз анчалык этибарга албай жүргөн баланын мектепке чейинки курагы анын өнүгүшүндө чоң мааниге ээ. Азыркы учурда психологдор менен педагогдор инсандык сапаттар өмүрдүн алгачкы жылдарында түптөлөт деп эсептешет. Жаңы төрөлгөндөрдө көптөгөн жөндөмдүүлүктөрдүн бүчүрү гана болот. Ошондуктан баланын турмушунун алгачкы жылдарында алардын өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттар болбосо же атайын кам көрүлбөсө, кийин мурдагы өксүктүн ордун толтуруу кыйын. "Өмүрдүн алгачкы жарым жылында баланын камкордукка жана сүйүүгө бөлөнбөй калуусу анын өнүгүшүнүн темпин жайлатып, эмоциялык чөйрөсүн жарытат, кызыкчылыктары менен дилгирлигинин өнүгүшүн төмөндөтүп, инсандын калыптанышына жана баланын өздүк аң-сезимине терс таасирин тийгизет" деп эсептешет психолог жана педагогдор.
Улуу педагог А.С.Макаренко да "Тарбиянын башкы негиздери беш жашка чейин түзүлөт, ошондуктан силер беш жашка чейин жасагандар - бул бардык тарбиялык процесстин 90 проценти" деп айткан.
Мына ушунун бардыгы ата-энеге чоң жана жооптуу милдетти: педагогиканы, психологияны, физиологияны жана гигиенаны билүүнүн негизинде балдарды аң-сезимдүү тарбиялоо милдетин жүктөйт. Ошону менен бирге тарбиянын максатын, милдеттерин, принциптерин, маанисин, каражаттарын, формаларын жана методдорун терең түшүнүү зарыл.
Инсандын калыптанышына, өнүгүшүнө үй-бүлөлүк ич ара мамилелер: өз ара камкордук, күйүмдүүлүк жана ынактык маанай сүргөн ич ара мамилелер балдарга жагымдуу келип, абдан күчтүү таасирин тийгизет. Ата-эненин бирин-бири урматтоосу балага таасир этүүчү негизги тарбиялагыч фактор болуп саналат. Ата-эненин дал ушул мамилесинен бала көп нерсени алат. Ансыз бала үчүн дүйнөнүн кумары качып, эч кандай педагогикалык чаралар балага таасир этпейт. Сыйлоо, урматтоо, ынтымактуулук дагы ушу сыяктуу ич ара оң мамилелер бекемделип, чыныгы жана улуу үй-бүлө мамлекетин түзүп, ал болсо эл деп аталган биримдикке биригип анан баарыбыз үчүн ыйык саналган Атамекен, Атажуртту түзөт.
Үй-бүлөлүк турмуш жер жүзүндөгү акындардын баары ырга салып жүргөн сүйүү азгырыгына караганда кыйла терең, күчтүү, ал тургай бийик дагы, ыйык дагы. Үй-бүлөлүк сезим башка бардык сезимдердин каймагы. Анткени анда атанын, эненин, баланын бири-биринен ажырагыс зор сүйүүсү, мээрими менен жуурулушкан. Мына ушул биримдикти бузуп албоо үчүн "Чыр-чатакты тыйгандан көрө баштабай коюу оң" деген макалды эсибизден чыгарбообуз зарыл. Анткени биз ата-энебиз эртеңки келечекке кам көрүүчү тарбиячыларбыз.
"Ата аскар тоо, эне - боорундагы булак, бала экөөнө шам чырак" деп айтылат кыргызда. Ата - мына ушул үч гана тамгадан турган кичинекей сөздө канчалык касиет, улуулук жанып турат. Элибиздин эзелтен келаткан салтында Ата - үй-бүлөнүн жол башчысы, бекем коргоочусу, таянаар тоосу, сыйынаар сыймыгы. Биз өз өлкөбүздү Атамекен, Атажурт дейбиз. Атамекен аталардын жери. Татыктуу атага болгон урматыбыз демек Атамекенге болгон сыйыбыз. Ал эми ошол татыктуу ата балдарын кантип, кандай тарбиялашы жөнүндө сөз кылсак. Атанын да балага болгон сүйүүсү чексиз. Бирок ата өзүнүн жүрөктөн төгүлгөн аталык мээрими, камкорлугу, жашоону сүйүүгө чакырып, үндөп туруучу кайраттуулугу, эрктүүлүгү менен энеден өзгөчөлөнүп турат.
Ата дайыма өзүнүн үй-бүлөсүнүн бейпил ырахат жашоосунун жолун издеп, балдарына билим-тарбия берүүгө, алардын жакшы шартка жетүүсүнө жанын үрөп аракет кылуусу зарыл. Балага атасы чымырканууну, бекем эркти, тайманбастыкты талап кылган көнүмүштөрдү байыр алдырып тапшырылган ишти орундоону, жоопкерчиликти сезе билүүгө тарбиялайт. Үйдөгү колдон келген бардык жумуштарды атасы уулдары менен бүткөрөт. Алардын колуна кичинесинен жабдык карматып көндүрүү керек. Энеси менен кызындай эле атасы дагы уулу менен сырдаш болуп, кези келгенде уулуна анын денесинин физиологиялык өзгөчөлүгүн түшүндүрүп, аны тазалыкка үйрөтөт. Кыздардын жанында өзүн кандай алып жүрүү керек, алардын урматтоосуна кантип жетишээрин жана кыздарга адамдык абийир менен мамиле кылууну түшүндүрүп берет. Коомчулукта үй-бүлөлүк очоктун баштоочусу болсо, үйүндө коомдук кызыкчылыкты алып жүрүүчү болууга тийиш.
Атанын эмгеги, коомдук ишмердиги, маданий деңгээли, үйдөгү милдеттерди аткаруусу, талбаган тарбиячылык иши, энеге, башка адамга жасаган мамилеси - мына ушулар анын чыныгы кадыр-баркын аныктап, өзүнө карата балдарынын урмат-сыйды жаратуучу өбөлгөлөрү болуп саналууга тийиш. Ал эми бала үчүн эне анын алгачкы айларынан тартып эле курсагын тойгузуп, ороп чулгаган алдей эне гана болбостон, анын насаатчысы, пикирлеш адамы болуп калат. Эне болуу - бул акыл жана жүрөк менен сүйүү, кең пейилдик. Ал балага болгон сүйүүсү, айкөлдүгү, тереңдиги, чексиздиги жана каармандыгы менен адамды таңкалткан дүйнөдөгү жападан жалгыз адам. Баланын ички жан-дүйнөсүн ачуу андагы жакшы нерселерди сыртка алып чыгуу бул абдан маанилүү иш. Ушул ишти энелер көбүрөөк аткарат. Анткени жогоруда айтып өткөндөй, эне баланын эң жакын кыйбас адамы.
Поэма жазууга талант керек. Ал эми поэтикалуу жүрөктү өстүрүү үчүн андан көп талант керек. Эне дагы ошол акынга окшош. Ошон үчүн "Эне болуу - чыгармачылыкка тете" деп айтылат. Инсанды калыптандыруунун жүрүшү улам татаалданып, тарбиячылардан көбүрөөк билимди талап кылат. Балдар үй-бүлөдө гана өсүп жаткан жери жок. Кызматы, билими, ниети боюнча ар башка тарбиячылардан тарбияланышууда. Бала бакчадагы, мектептеги, телекөрсөтүүдөгү тарбиячылар эненин жардамчысы гана эмес, атаандашы дагы. Алар азыркы техниканы пайдаланып балдарды окутат, көңүлүн ачат. Бала толуп жаткан суроолору менен энесине кайрылганда кадыр-баркынан ажырабас үчүн эне чаалыкпай өзүн-өзү өркүндөтүп, балдары менен кошо өсүп отурушу керек.
Ошентип, мектеп окуучусунун инсанын калыптандырууга үй-бүлө тийгизүүчү көптөгөн таасирлердин ичинен ата-энелердин педагогдук маданияты зор мааниге ээ. Аталар жана энелер өзүлөрүнүн педагогдук билимдерин кеңейтүүгө дайыма аракеттенүүлөрү зарыл.

Акирова Мээрим,
Тоң району, Коргондубулак айылы, М.Аламанов атындагы негизги мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.




туңгуюкка кептелдикпи?..
Жеке пикирибизди айтардын алдында бир кейиштүү көрүнүш жөнүндө айта кеткенибиз балким туура болор. Жай мезгилинде кыштак четиндеги шибер чөптө 11-5 жаштардагы балдар-кыздар ойноп жатышты. Бири-бирин арак менен сыйлап жатышат. Ичине суу куюлган бөтөлкөлөр ортодо койкоет. Арактан, атайын ала келишкен стакандарга дембе-дем куюп, "Ичип жиберчи! Мындай тойдо ичпегенде качан ичесиң, көптөн бери ооруп, ичпей жүрдүм эле, мен деле ичип койдум!" деп бирине-бири шыкайт. Ар бир куюлган аракка ак тилектер айтылууда. "Тоюңар тойго улансын, жалаң эле жакшылыктын үстүндө жүрөлү! Алдыңардагыны жалдыратпай алып жиберсеңер эми, үй ээсин сыйлап!"
Мас болуп, ырдап киришти:
Кызарып бышкан малина,
Күндө эле үзүп жейсиңби.
Бүгүнкүдөй жыргал күн,
Күндө эле болот дейсиңби...
Мас болуп калгандары, буттары чалыштап, араң басып баратып, жыгылып калып жатышты.
Союз учурундагыдай кыздардын куурчак ойногонун, балдардын машина айдап ойногонун көрө албадык. Бала көргөнүн кылат да. Каякты караба, мастарды көрөсүң. Зордук-зомбулук өз бийлигин жүргүзүп турат. Азыркы мектеп окуучулары, баласы энесине сөөк саткан заманда жашап турушат. Туулганда эле азуусун айга кайраган базар экономика коомунда жашай баштады. Балдарыбыздын көргөн-өскөнү жаман болду. Класста тартиптүү жүргөн жалаң "5ке" окуган окуучу эч кандай кадыр-баркка ээ эмес. Криминалга жакын, башкаларга акча салыгын салган, сабакка катышпаган, алдуу-күчтүү хулиган балдар, кыздар мектепте эбегейсиз зор кадыр-баркка ээ болчу болду. Мындай жаман көрүнүш кыргыз мектептеринде кеңири жайылып кимди болбосун кооптондурбай койбойт. Бир кезде баары ишенген, мектептин өзүн-өзү башкаруу уюму кайда? Күткөндөй иш алып бара алдыбы? Албетте, жок. Азыркы учурда деле Союз учурундагы мектептер иштеп жатат. Билим-тарбия берүү системасы эч кандай жаңыланууга бет албады. Ошол эле бойдон. Ал эми коом таанылгыстай болуп өзгөрдү. Жашырганда болбойт, жазалоо ыкмасын колдонуу тарбия берүүнүн негизги өзөгүн түзүп калды. Ушул саптардын авторун кечирип коюшсун, туура, билим-тарбия берүү багытында толгон-токой методикалык ыкмалардын үстүндө окумуштуулар иштеп жатышат. Ошолордун колдонмолору азыркы мектеп шартына жооп бере албай калууда. Биздин оюбузча, билим системасын азыркы абалга жараша түп-тамырынан бери өзгөртпөсө, түзүлүп калган кризистен оңой менен чыга турган эмеспиз. Билим берүү системасындагы кризис союз учурунда эле башталган. Тереңдеп отуруп ушул абалга келип такалдык.
Айлык акчаңды алсаң болду, эмне болсо ошо болсун деп жүрө бергенибиз болбойт го. Өлкөбүздүн келечеги кандай болот? Эмне үчүн мугалимдердин негизги массасы бул маселелер боюнча коңгуроо какпайт? Мектеп турмушундагы оош-кыйыштарды, ошолор баштарынан өткөрүп жатышпайбы. Башка облустардын мугалимдери менен билим-тарбия багытында маектешип көрсөң, баары эле жайында дегендей түр көрсөтүшөт. А чындыгында андай эмес да. Аны оркойгон фактылар далилдеп коюп жатпайбы. Билим министринин телевизордон айткан сөзүн уктук, Ош областында ич ара араздашуудан кыз өлүптүр. Бул көрүнүшкө абдан таң калдык. Балдар жекеме жеке мушташта жерге жыгылып түшкөнүн тепкилебейт. Ал эми кыздар болсо жерде жатканына карашпайт. Эсинен танып калганына карабастан кызды чачтан алып, тоң жерге койгулап, өлүп калгыча ура берет. Бала талашып, мушташкан кыздар өтө эле көбөйүп баратат. Мушташып жаткан эки кызды, кыздардын жоон тобу тегеректеп алып, "ур, сок, өлтүр!" деп сүрөп карап турушат. Мындай фактыларды уюлдук телефонго тартып алып көрсөтүп жүрүшөт. Уюлдук телефон демекчи, аны колдонбогон адам калбады. Чоң-кичинеси деле көтөрүп жүрөт. Бул байланыш каражаты окуучулар арасында бири-бирин мазактоо, ушактоо, тилдөө ж.б.у.с жаман нерселердин куралына айланды. Тийиштүү жетекчилик окуучуларга колдонууга тыюу салбаса болбой калды. Сабак учурунда окуучулардын мобилдик телефону кулактын кужурун алып шыңгырайт. Калмак акыны Давид Кугультиновдун мындай ыр саптары бар: "Жамандык менен жакшылык аралашып кетсе - өлүм". Мектеп турмушунда жамандык менен жакшылык аралашып кетти.
Мектепте мугалим билим-тарбия берип жатабы окуучуларга? Албетте, мүмкүнчүлүгүнө жараша берип эле жатат. Мында эч кандай сөз жок. Бирок натыйжасы жарытарлык болбогон соң, акырында мугалим күнөөлүү болуп калууда. Мисалы, окуучу кыргыз адабиятына гана кызыгат дейли. Калган предметтерге кызыкпайт. Андай болгон соң аларды окугусу келбейт. Айласы жок мойнунан байлаган иттей болуп, араң отурат. Предметке кызыкпаган бала аны эч качан окуп жарытпайт. Анын үстүнө окуучулардан так илимдерге кызыккандары өтө эле аз санда. Көпчүлүгү бир жактуу түрдө гуманитардык багыттардагы илимдерге кызыгышат. Сурап көргөндө, айрым окуучулар кайсы предметке кызыгарын өздөрү билишпейт. "Убакыт өткөрүш үчүн, теңтуштарым менен ойноп-күлүш үчүн келип-кетип жүрөм" дегендери четтен чыгат. Кыргыз өлкөсүндө мурдагыдай класстан-класска көчпөй калуу көрүнүшү эбак эле жоюлган. Чейректерге коюлган "3" деген бааларды "2" деп түшүнүү керек. Ошентип бери дегенде кыргыз өлкөсүндө окуучулардын 70% "2" деген баага окушат.
Мектептеги мугалимдердин катарын жаш мугалимдер жылда толуктап турат. Алар эгемендик жылдарында чоңоюшту, билим алышты. Байкап көрсөң алардын көпчүлүгү жалкоо, өз ишине кайдигер мамиле жасашат, жоопкерчиликти сезишпейт. Мектеп администрациясы дайыма көзөмөлгө алып, "тигини жаса, муну жаса" деп турбаса, өздөрү демилге көтөрүп иш алып барышпайт. Анын үстүндө айрымдарынын кесиптик деңгээли өтө төмөн. Мектептерде деле болсо бул же тигил предмет боюнча мугалимдер жетишпегендиктен, болгонуна ыраазы болуучулук өкүм сүрүүдө. Өз предметин билбеген мугалим окуучуларга терең билим, татыктуу тарбия бере албайт. ЖОЖду бүтүп келген жаштардын айрымдары жумушка орношконго арыз жаза албайт. Мындай көрүнүшкө ишениш кыйын, бирок ошондой көрүнүш бар. Андайлардын саны аз болсо го мейли эле, бирок андай эмес да. ЖОЖдор билим берүүчү жай эмес эле, акча жасоочу жайга айланып калгандыктан, мектепти эң начар бүткөн окуучу бааларга акча төлөп коюп студент болуп жүрүшөт. Натыйжада дипломдуу, бирок билими жоктордун өлкөсүнө айлана баштадык. Велосипед ойлоп таппай эле коелу, даяр нерселерди үйрөнө албай отурабыз. Окуучулар бүгүнкү өтүлгөн жаңы теманы эртең унутуп калыш үчүн мектепте окуп жүрүшөт. Ошондуктан орто мектепти бүткөнү менен эң жөнөкөй, турмушта керектүү нерсени билишпейт. Азыркы жагдайда мындай-тигиндей кылсаң дагы натыйжа бербеген туңгуюкка кептелип калдык. Бул билим кризисинен чыгыш үчүн, билим берүү системасында терең реформалоо жүргүзүш керек болуп турат. Биз ошонун алдында турабыз. Мындан ары бул көрүнүш улана берсе жарга кулап түшчүдөй болуп калдык. 9-класска чейин бекер билим берип, андан ары кесиптик билим бериш керек го. Мектептен эле фермерлерди, сантехниктерди, малчарба фелдшерлерин, ширеткичти, кыш кыноочуну ж.б. даярдап чыгарса болбойбу. Айыл жериндеги мугалимдердин кадыр-баркы жок деп эле түз айта берсе болот. Кадырлуу болуш үчүн башкаларга керегиң тийиши керек. Айылдык мугалимдин кимге кереги бар, качан, каерде? Көпчүлүк учурда шайлоодо гана эстешет. Тиги же бул мамлекеттик иш-чараны ишке ашырууга үгүттөөчүнүн ролун аткарат. Комуслуга катары көмүр бере албаса мейли, свет акысын мугалимдер үчүн 30% арзандатса жакшы болбойт беле. Ушул маселе тууралуу эстеген адам жок.
Бекболот Өмүралиев, Ысыккөл облусу.