№11, 04.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өркөнү өскөн өлкө

ЯПОНДУК БАЛДАР ДЗЮКУГА ӨТҮҮ ҮЧҮН "ТОЗОКТОН" ӨТҮШӨТ
Японияда билим алуу - бул мамлекет, коомчулук жана үйбүлө тарабынан колдоого алынган культ. Япондуктар кичинекей кезинен тартып эле билим алууга умтулушат. Ириде - мыкты мектепке кирүү үчүн, анан эң мыкты деген университетке конкурстан өтүүгө, акырында - абройлуу жана алдыңкы деп аталган корпорацияга ишке кирүү үчүн билимдин артынан кууп окушат. Япондуктардын коомдо татыктуу орун алуу гарантиясы - мыкты билим алуу. Ошондуктан алгач Японияда билим алууга мынча олуттуу көңүл бөлүүнү "дзюку" (кечки мектеп) баштаган, т.а. ал тээ ХVIII кылымда япон монастырларынын алдында уюшулган. Мындай мектептердин саны азыр 100 миңге жетет. Кичинекей "дзюкуларда" 5-6 окуучу мугалимдеринин үйлөрүнө барып билим алышса, ал эми эң чоңдорунда бери дегенде эле 5 миңден ашык окуучу болот. Сабак дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 16.50дөн 20.50гө чейин созулат. Жумалык текшерүү иштери дем алыш күнүнө белгиленет. Престиждүү окуу жайларга конкурс жогору, ошондуктан маалымат каражаттары бул учурду "сынактык тозок" деп коюшат. "Дзюкуга" кирүү экзамендерине даярдык көрүүдө "эрктүүлүктүн аземин" уюштурушат. Мында окуучулар окуу жайдын чакырыгы жазылган ороочту башына кийип алып, болгон күчү менен "Мен окууга өтөм!" деп кыйкырат.
Дүйнө жүзүндө япон тили эң татаал тил деп эсептелинет. Андыктан тилди билбей туруп Япониянын маданиятын, салтын түшүнүү, ошондой эле япон университеттеринде окуу кыйынга турат. Ошондуктан Японияга аттангыңыз келсе, сөзсүз биринчи иретте тилин өздөштүргөнүңүз абзел.

Орто билим берүү
6 жаштан 15 жашка чейинки балдар алты жылдык башталгыч мектепти, андан соң үч жылдык кенже орто мектепти бүтүрүүгө милдеттүү. Социалдык жактан начар үйбүлөлөрдүн балдары мектептеги эртең мененки тамактанууга, медициналык жардамга жана экскурсияларга чыгуудагы чыгымдарга дотация алышат. Ар бир райондо начар үйбүлөлөрдүн балдары үчүн мектептер бар. Ошондуктан бала мындан башка мектептерде окуй албайт. Бирок ата-энелерге балдарын жеке акы төлөөчү мектептерге берүүгө уруксат берилген. Тилекке каршы, ал жерге кабыл алуудагы талап абдан катуу.
Башталгыч мектепте япон тили, коом таануу, арифметика, табияттаануу, музыка, сүрөт тартуу жана кол өнөрү, үйбүлөлүк чыгармачылык, этика жана физкультура сабактары кирет. Ал эми жеке мектептерде этика сабагы динди окуу сабагына алмаштырылат. Мындан сырткары, "атайын иш" деген предметке клубдук иштер, жыйындар, спорттук иш-чаралар, экскурсиялар, церемониялар ж.б.у.с. кирет. Башталгыч мектепти бүткөн бала окуусун кенже орто мектепте улантышы милдеттүү.
Милдеттүү предметтерден сырткары окуучу чет тилин, айыл чарба же математика боюнча тереңдетилген курсун тандап алалат.
Мындан эки жыл мурда өлкөдө 11257 мектепте (661 жеке мектептер) 4,5 млн. бала окуп билим алган.
Мындан кийинки тепкичи - жогорку орто мектептер. Бул окуу жайлар күндүзгү (мөөнөтү - 3 жыл), ошондой эле кечки жана сырттан окуу (бул жерде 1 жыл көбүрөөк окушат) мектептерге бөлүнөт. Баары бирдей эле документ алышат. Ошентсе деле көбүнчө балдар күндүз окуганды каалашат.
Жогорку окуу мектептерине кенже мектепти бүткөндүгү тууралуу документтин негизинде (Chugakko) жана кирүү сынактарынын жыйынтыгы менен кабыл алынат.
12-класста окуучулар өздөрү жактырган кесипти тандап алуусу зарыл.
Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин буйругуна ылайык орто мектептин акыркы тепкичинде жогорку окуу жайлардагы баалоо системасы пайдаланылат.
Бул 12 жылдык орто мектепти (Kotogakko) бүткөргөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн ар бир окуучу 80 зачеттук бирдикти (единица) тапшырышы керек.
Японияда окуу жылы 1-апрелден башталып келээрки жылдын 31-мартында аяктайт. Окуу үч семестрга бөлүнөт: апрель-июль, сентябрь-декабрь жана январь-март. Окуучулардын эс алуулары жайында, кышында (жаңы жылга чейин жана андан кийин) жана жазында (сынактан кийин) болот.



Колледждер
Япон колледждеринин статусу биздин атайын орто окуу жайларындай эле. Алар кенже, технологиялык жана атайын даярдоо колледждери болуп бөлүнөт. 600гө жакын кенже колледждер бар. Анда гуманитардык, табигый, медициналык жана техникалык илимдер тармагындагы кесиптерге 2 жылдык программа менен даярдашат. Бул колледждин бүтүрүүчүлөрү университеттерде экинчи же үчүнчү курстарга олтуруп билимдерин уланта алышат.
Кенже колледждердин 90% жеке менчик жана жаштар арасында абдан популярдуу. Бул колледждерге өтүүгө ынтызарлангандар абдан көп. Колледждердин 60% аял затына багытталган. Ал жерде үйбүлөлүк каржы, адабият, тил, денсоолукту сактоо сыяктуу предметтер окутулат.
Технологиялык колледждерге толук же толук эмес орто окуу жайын бүтүргөндөр кабыл алынат. Биринчилери - 2 жыл, экинчилери - 5 жыл окушат. Японияда технологиялык колледждердин саны 60га жетет. Анда бери дегенде эле 55 миң студент билим алат.
Ал эми атайын даярдоо колледждеринде 1 жылдык курстар сунушталат. Мында бухгалтер, дизайнер, программист, тигүүчү, ашпозчу д.у.с. кесиптерге окутулат. Мындай окуу жайлар көбүнчө менчиктер, бери дегенде 3,5 миңге чукул. Албетте, мындай колледждердин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайына, кенже же технологиялык колледжерде билимдерин уланта алышпайт.

Жогорку окуу жайлар
Японияда 600гө жакын университеттер бар, анын 425 менчик. Жалпы студенттердин саны - 2,5 млн. Эң престиждүү мамлекеттик университеттер: Токио университети (ал 1877- жылы негизделген, 11 факультети бар), Киото университети (1897-жылы негизделген, 10 факультети бар) жана Осакедеги университет (1931-жылы негизделген, 10 факультети бар). Булардан кийин Хоккайдо жана Тохоку университеттери мыкты деп эсептелинет. Ал эми жеке окуу жайлардын ичинен белгилүүлөрү Тюо, Нихон, Васэда, Мэйдзи, Токай жана Осакедеги Кансай университеттери. Мындан сырткары, 200-300 студентти камтыган 1-2 факультети бар "карлик" окуу жайлары да жок эмес.
Мамлекеттик университеттерге толук орто окуу мектепти бүтүргөндөн кийин гана тапшырууга болот. Тапшыруу сынагы эки этап менен өтөт. Биринчи этапта абитуриенттер жалпы тест тапшырышат. Бул сынакты университеттерге кабыл алуу боюнча Улуттук борбор өткөрөт. Тестти жакшы тапшыргандар кирүү экзаменине киришет. Ал эми жеке менчик университеттер кирүү экзамендерин өздөрү өткөрүшөт. Эң мыкты деген жеке менчик университеттердин алдында башталгыч, кенже жана жогорку орто мектептер, керек болсо, бала бакчасы да бар. Эгерде абитуриент университеттин ушул баскычтарынын баарын басып өтсө ал жогорку окуу жайга сынаксыз эле кабыл алынат.
Японияда окутууну уюштуруунун бир өзгөчөлүгү: жалпы илимий жана атайын кесиптерге окутуу деп экиге бөлүнгөн. Биринчи эки жыл студенттердин баары тең жалпы билим алышат, т.а. жалпы илимий сабактарды окушат - тарыхты, философияны, адабиятты, коомтаанууну, чет тилдерди, ошондой эле тандап алган кесиби боюнча атайын курстарды да угушат. Ушул эки жыл ичинде студент өзү тандап алган кесипти канчалык деңгээлде туура тандаганын аңдап билет, түшүнөт. Ал эми мугалимдер болсо студенттин илимий потенциалын аныктап, канчалык ал келечек кесибин туура тандаганына ынанышат.
Эгерде студент кесибин туура эмес тандап алса, окуу жайдын администрациясы аны башка кесип, керек болсо, башка факультет тандоосуна демилгечи болуп берет. Бирок, мындай учурлар абдан аз кездешет. Жогорку окуу жайларда бардык багыт жана кесиптер боюнча 4 жыл окушат. Мында медиктер, стоматологдор жана ветеринарлар 6 жыл билим алышат.
Дүйнө жүзүндөгү окуу жайлардай эле бул жерде деле бакалавр жана магистр даражалары берилет.

Билимин жогорулатуу системасы
Жогорку окуу жайын бүтүрүп келгендер деле ишке кабыл алган корпорацияда окуусун уланта берет. "Өмүрү өткөнчө кабыл алуу" (пожизненная найма) системасы боюнча ишке кабыл алынган адам бир компанияда 55-60 жашка чейин иштейт. Ишке кабыл алууда кайсы окуу жайын бүтүргөндүгү, тесттин жыйынтыктары, гуманитардык жана техникалык билимдеринин деңгээлдери сөзсүз каралат. Эң мыктылары аңгемелешүүдөн өтүшөт, ал жерден да анын тил табыша билиши, компромисске даярдыгы, тактыгы, жоопкерчилиги ж.б.у.с. эске алынат.
Жумушка кабыл алуу жылына бир жолу, т.а. апрель айында өткөрүлөт. Компанияга кабыл алынган жаңы кызматкерлер милдеттүү түрдө 1-4 жумалык кыскача окутуу курсунан өтүшөт. Курстун алкагында компания менен таанышуу, анын өндүрүштүк профили, уюштуруу структурасы, өнүгүү тарыхы, салты, концепциясы камтылган.
Дегеле япон фирмаларында кадрларды ротациялоо салттуу көрүнүш. Бир кесипти ийне жибине чейин билген кызматкерди башка орунга которушат, бул жерден кайрадан окуу процесси башталат. Ошентип кызматкердин фирмада иштеген мезгилинде 3-4 жолу орундарын алмаштырышат. Бул кадрлардын билимдерин жогорулатуу боюнча мыкты ыкманын бири деп эсептешет япондуктар. Ушул ротацияга байланыштуу "кенен профилдеги жетекчилер" чыга келет. Мындан сырткары, менеджерлер кошумча академиялык окуудан өтүп турушат.


Даярдаган Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим".













??.??