№11, 04.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Рух

Музыка - руxтун өбөлгөсү
же окуучулардын музыканы угуу маданиятына коюлуучу талаптары жөнүндө учкай кеп
Мектеп окуучуларын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүн калыптандырууда музыкалык билим жана тарбия берүүнүн мүмкүнчүлүгү абдан зор. Жаш муундардын музыкалык-эстетикалык деңгээли өрчүбөй туруп, ар тараптуу өнүккөн, руxаний дүйнөсү бай адам боло алышпайт.
Музыкалык билим жана тарбия берүүдө өзгөчө ата-бабалардын муундан-муунга өтүп келе жаткан музыкалык-чыгармачылык бай мурастарын өздөштүрүүсүн өнүктүрүп-өрчүтүү зарыл. Натыйжада бардык тараптан өсүп-өнүп калыптанган маданияттуу инсан гана элдин жан-дүйнөлүк жана материалдык маданиятын өнүктүрүп, өстүрө алат.

Набат Ниязова,
КББАнын ага илимий кызматкери
Бүгүнкү өткөөл мезгилде билим берүү системасында олуттуу өзгөрүүлөр, кайра жаралуулар, алга умтулуулар болууда. Башка окуу предметтери сыяктуу эле, жалпы билим берүүчү мектептерде музыка предмети да элибиздин улуттук өзгөчөлүгүнө, үрп-адатына, салт-санаасына жараша бүгүнкү күндүн талабына ылайык окутулушу керек.
Кыргыз эли Орто Азиядагы эң байыркы маданияты өнүккөн калктарынын бири. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли бөтөнчө өзгөчөлөнгөн музыкасынын кооз үлгүлөрүн көзүнүн карегиндей сактап, ооздон-оозго, муундан-муунга өткөрүп, бүгүнкү күнгө жеткирди. Андай ыйык милдетти элдик ырчылар, жомокчулар, дастанчылар, манасчылар, комузчулар, төкмө-акындар аткарып, сактап, өнүктүрдү. Улуу Октябрь Революциясына чейин элибизде нота жазмасы жок болгондуктан, музыка оозеки салтында жаралып, сакталып, өнүгүп, муундан-муунга өткөн. Ар кандай доордо жашаган кыргыздар өздөрүнүн маданий байлыктарын түрдүү жолдор менен жайылтууга, түбөлүккө калтырууга аракеттенишкен. Маселен, эң байыркы доордогу элдер биздин заманга чейин 2000-жылдагы маданият эстеликтеринин эң сонун үлгүлөрүн таштарга тартып калтырышкан.
Элибиздин музыкалык мурасы эки багытта - аспаптык жана ыр чыгармачылыкта кылымдан-кылымга, муундан-муунга өтүп, өнүгүп-өсүп келген. Бул эки багыт бирдей деңгээлде өсүп-өнүгүп келе жатат. Кыргыз музыка маданиятынын эң байыркы эстеликтеринин бири - аспаптар. Кыргыздын байыртадан келе жаткан музыкалык аспаптарына - комуз, кыл кыяк, чоор, ооз комуз, аса-муса, добулбас, чопо-чоор, сурнай, керней, сыбызгы, аса таяк, коңгуроо, жылаажын, зуулдак сыяктуу аспаптары кирет. Аталган аспаптардын бардыгы эле элдик музыканын өнүгүшү үчүн бирдей даражада байытуучу мааниге ээ болгон эмес. Көптөгөн кылымдар бою айрым музыкалык аспаптардын таралыш масштабы да өзгөрүп турган. Кээ бир аспаптар кийинчерээк сейректеп, пайдалануудан чыгып калган.
Бүгүнкү күндө жалпы билим берүүчү мектептерге түзүлгөн программалар өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайык жогорудагы айтылган эки багытты өзүнүн ичине камтыды. Негизги мектептин 5-классынын жылдык темасы "Бабалардын музыкалык мурасы" деп аталып, бир жарым жылдык үчүн "Аспаптык чыгармачылык" деп тема берилип, ага улуу муундагы залкарлар (Музооке, Ниязаалы, Айдараалы, Токтогул ж.б.), орто муундагы залкарлар (Карамолдо, Ыбрай, Атай, Асылбек, Шекербек), кичүү муундагы комузчулар (Б.Мадазимов, С.Токтакунова, М.Козубекова, Н.Абдраxманов). Ал эми эки жарым жылдык үчүн "Ыр чыгармачылык" деген темага элдик атактуу ырчы-обончулар (Боогачы, Сыртбай, Калмурат), залкар төкмө-акындар (О.Бөлөбалаев, Э.Турсуналиев, Т.Абдиев, А.Айталиев, А.Үсөнбаев), улуу дастанчы-манасчылар (С.Орозбаков, С.Каралаев) жана башка кирди. Башталгыч мектепте элдик музыкалык аспаптар менен таанышуу иретинде өтүлсө, мында ошол аспаптардын жаратылыш тарыxы, аларды бүгүнкү күнгө чейин сактап өнүктүрүп, эл аспаптар үчүн чыгармаларды жаратып, аткарып келген залкар музыкант-аткаруучулар менен таанышып, чыгармачылыктары жөнүндө баян алышат.
Экинчи жарым жылдыкта берилген "Ыр чыгармачылык" темасы боюнча ырлардын салттуулугу, ырчы-обончулук, төкмө-акындык өнөрлөрү боюнча залкар ырчы-обончу, төкмө-акындардын өмүрү, чыгармачылыгы, аткаруучулук өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берилет.
Бул маалыматтар жөн гана берилбестен, ошол чыгармаларды уктуруу, аны анализдөө, төкмө акындардын, дастанчылардын, манасчылардын аткаруусундагы ырлардан, дастандардан, манастан үзүндүлөрдү уктуруу менен, айрым кыска бөлүктөрүн аткарууга шарт түзүп, келечекте маданияттуу инсандарды тарбиялоого жетишүүбүзгө көмөкчү болот.
Окуучуларды ыйманга, адеп-аxлакка, патриоттуулукка, маданияттуулукка тарбиялоодо, анын ички дүйнөсүн байытууда шык-жөндөмдүүлүгүн арттырууда элдик музыкага тең келе турган эч бир күч жок. Музыка предмети өз орду бар өзгөчө бир предмет болуп эсептелет. Музыка сабагында анын бир бөлүгү болуп эсептелген музыкалык уктурууда чыгармаларды анализдеп, талдоо ыкмаларына, бүтүндүктө анализдөө методикасын катыштырып, окуу программасынын мазмунуна киргизилген көркөм өнөр каражаттарынын жана музыкалык билимдердин төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөрүн: образ, интонация, темп, өнүгүү, музыканын түзүлүшү, музыкалык драматургия ж.б. окуучулардын сезип билүүсүнө умтулабыз.
Мектептин окуу программаларына уктуруу үчүн кирген музыкалык чыгармаларды окуп үйрөнүүгө өзгөчө акцент жасайбыз. Музыка уктурууда мугалимдерге төмөндөгүдөй талаптар коюлат:
Биринчиден, мугалимдин музыкалык чыгарма боюнча түшүндүрмөсү кыска, так болушу керек.
Экинчиден, класста тынчтык сакталып, окуучулардын кунт коюп угуусу зарыл.
Үчүнчүдөн, мугалим бир музыкалык аспапта ойноп жана ырдап көрсөтүүгө милдеттүү.
Боло турган сабак үчүн музыкалык материалды талдоо мугалимдин алдына бир катар олуттуу маселелерди, тактап айтканда тандалуучу чыгармалар менен окуучуларды тааныштыруунун максатка ылайыктуулугун кантип аныктоо керек, кандай музыкалык маалыматтарды берүү зарыл, музыкалык чыгарманы окуп-үйрөнүүнүн мүмкүн болгон этаптары кайсылар деген бир катар орчундуу маселелерди алдыга коет. Мисалы, 4-класста элдик ыр "Шырылдаңды" уктурууда окуучулардын көңүлүн ырды түзгөн төрт гана добуш экендигине жана анын көңүлдүү шайырдыгына бурабыз. Аны суроо, жооп менен тактайбыз.
Ырдап аткарбастан, аспапта ойноп:
- Силер уккан музыка ырбы, маршпы, бийби? - деген суроону коебуз. Кээ бирөөлөр "ыр" десе, кээси "марш" деши мүмкүн. Бул учурда мугалим сөзү менен ырдап, көрсөтүш керек да, мүнөзү кандай экен деген суроону алдыга коет. "Марш" мүнөзүндөгү шайыр ыр деген туура жоопту алышыбыз керек.
Эгерде ал жоопту ала албасак эки фразаны кайталап уктуруп, ар түрдүү жөнөкөй суроолор менен туура жооп алуу керек. Андан кийин ырдын нотасы жазылган таблицаны доскага илип коюп, соль, ля, си, до добуштарын таптыруу менен ырдын негизги интонациясы ушул "4" үндө экендигин аныктап, катар жайланышкан төрт үндү тетраxорд дейбиз деген эрежени эске салдырып коюу керек.
Эмгек ырларынын ичинен эң байыркысы - "Бекбекей". Көчмөн калктын турмушунда төрт түлүк мал өзгөчө мааниге ээ болгон. Бүгүнкү күнгө бекбекейдин бир канча варианты келип жетти. Алардын жалпы мазмуну окшош, короодогу койду бек кайтаруу. Ал эми обондук жагынан бири-биринен айырмачылык бар. Ырдын биринчи вариантында Бекбекей менен Саксакай жөнүндө кеп болот. Түнкү тынчтыкты бузган "түлкүнүн колу сөгүлсүн", "түнкү уйкуну үч бөлгөн карышкырдын каны төгүлсүн" деген сөздөр менен берилген. Бекбекейдин экинчи вариантында кыз-келин короо кайтаруу илгертен калган салт экени айтылат. Айрым Бекбекейдин түрлөрүндө койлордун саны, айдын канчасы экендиги да көрсөтүлөт да, ошону менен бирге койдун көбөйүшүн кудайдан тилөө, жардам күтүү максатында ырдалат. Бул ырды уктуруунун алдында окуучуларга төмөндөгүдөй суроо коюлат.
- Ырдын мүнөзү кандай?
- Кимдер аткарып жатат?
Кыргыз музыкасынын антологиясынан бир өңчөй аялдар xорунун аткаруусунда уктурабыз. Ырдын мүнөзү жумшак жана кыздар ырдап жатат деген жооп алабыз. Эгерде мындай жоопту ала албасак кайталап уктуруп, ар кандай кошумча суроолор менен ырдын мүнөзүн ачабыз.
"Бекбекей" элдик короо кайтарган кыз-келиндердин xор менен ырдоочу ыры экендиги жөнүндө кыскача түшүнүк беребиз. Бул жерде айтып кетчү бир нерсе - эгерде биз келечектеги маданияттуу угуучуларды тарбиялагыбыз келсе, окуучулар музыканы угуп жатканда тынчтыкты сакташы керек. Бири-бирине кайрылып сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бербөө өтө зарыл.
Мектептерде музыка предметинде элдик музыканы уктуруунун максаты - кыргыздын элдик чыгармачылыгын окуучуларга тартуулоо менен бирге кылымдар бою жашап келе жаткан элдик музыканы жоготуп коюу коркунучунан сактап калуу. Бүгүнкү күнгө чейин жеткен элибиздин кайсы гана музыкалык чыгармачылыгын албайлы (ырчылык, акындык, аспаптык) аларда жамандык, ыймансыздык, абийирсиздик, адепсиздик даңазаланбайт. Тескерисинче, биз алардан адам баласын ыймандуулукка, адеп-аxлакка, маданияттуулукка, эмгекке, патриоттуулукка, жакшы сапаттарга үндөөнү жолуктурабыз. Демек, музыка менен ыйман, маданияттуулук, атуулдук парс бири-биринен ажырагыс, бөлүнгүс тарбиялык курал.
Элдик музыка аркылуу окуучулардын эстетикалык табитин өстүрүп, өз элин, жерин, маданиятын, музыкасын сүйүүгө тарбиялоо менен алардын кабыл алуусун, эске тутуусун калыптандыруу негизги максат болуп эсептелет.




  Көз караш

Окуучунун көркөм табитин нагыз музыка гана калыптандыра алат

Музыка таануучу Дүйшөналиев Жумабек "Музыка сабагын окутууга мамлекеттик мамиле керек" деп "Кутбилимге" эң туура пикирин билдирген макала жазыптыр. Окуп кубандык. Эмесе, ушуга үн кошолу деп калем кармадык.
Бала бешик ырын угуп чоңоюусу керек деп айтылат. Картли грузин элинде терс, жаман жорукка барган киши жөнүндө: "Ал апасынын бешик ырын уккан эмес дешет экен". Улуу француз жазуучусу "Биз канчалык пастап кеткенибизди билүү үчүн XIV-XV кылымдардагы элдик ырларды угуу жетиштүү" деп жазган. Эми бешик ыры ырдалбаса, XV кылымды коюп, ХХ кылымдагы Атай, Муса ырларын, комуз күүлөрүн жерип, "Ямаха" менен батыштын сөздөрүн жүз кайталап, баш ийкегилеп качкан жаш муунубуз не деген жаман жорук жасашат? Уккандары синтезатор үндүү Актан Исабаев, шериги Ырыскелди Осмонкулов, "Шакарап" менен "Мерседестен кем эмес" ырдаган Берадер (Бек Борбиев), "Кээлээйм сэээгггэ" деген акцент менен ырдаган Сатылганова Гүлнур болсо, аларда кайдан көркөм табит болот? Ал эми көркөм табитти кынтыксыз калыптандыра турган "Музыка" сабагынын сааттары кыскарса, окуу китеби жок болсо - анан окуучуларыбыз Бек Борбиевдердин "Шакарабын" угуп, өзүн идол (кумар) тутушат да аргасыздан. Комуз күүсүн угуп, түшүнүүгө - музыкалык көркөм табит, даярдык талап кылынат. Ырдын мелодиясы, чекити бар. А "Ямахада бир сөздү чексиз кайталап, ритм менен эле кыйкырып, табитти вульгаризациялоо менен алек болот!.. Музыкалогия маселеси илимий изилдөөгө негизделиши керек. Мамлекет өз атуулдары маданияттуу, көркөм табиттүү, ар тараптан өнүккөн инсандары менен сыймыктангысы келсе - музыка, сүрөт, адеп предметтерине зор көңүл бөлүшү керек деп ойлойбуз. Бир гений жөн жеринен: "Обладать вкусом, это более чем обладать умом" - деп жазбаган чыгар?! Экинчиси: "Вкус развивается не на посредственных, а на самых совершенных образцах" - деп да жөн жеринен айтпаса керек.
Ырчылар Сатылганова Гүлнурдун "Кэээлэээйм сэээгггэээ" менен Бек Борбиевдин "Шакарап, Жапалак" дегендерине күнүбүз калбай, өзүбүздүн классиканы угушубуз керек. Ырдаса Салима Балтаева, Керим Турапов, Эсен Нурманбетова, Асылбек Өзүбеков жана нагыз Муратова Жамила ырдашсын!
Ээрчимеликтен нагыз көркөм чабыт арылтат. Нагыз музыканы түшүнгөн, сүйгөн окуучу - өз элинин, жеринин, тилинин, дилинин чоң патриоттору болушат! Музыка менен сүрөт предметтери 11-класска чейин окутулуп, сааты көбөйтүлүшү керек.

Музыка предметин окуткандар: Атабеков Алымбай,
Жолдошов Азимбек,
Ак-Суу айылы, Аксы району.