№10, 31.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Илим

Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев:
"Илим Мамлекеттин саясатында артыкчылыктуу багытка ээ болууга тийиш"
Өткөн жумада Эларалык Алатоо университетинде КРнын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы Алтай Бөрүбаев "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын милдеттери жана стратегиялык багыттары" деген темада баяндама жасады. Бул иш-чарага окумуштуулар, студенттер катышты.

Академик өз баяндамасында республикабызда азыркы учурдагы илимдин өнүгүш абалына, диссертациялык иштерди коргоп, илимий даражаларга ээ болуу процессинде, ошондой эле жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу көйгөйлүү маселелерге кеңири токтолду.
Академик Кыргызстанда илимдин кийинки жылдарда толук кандуу өнүкпөй келе жатканынын негизги себептерин анын мыйзамдык базасынын алсыздыгынан, илим тармагы мамлекеттик приоритеттүү багыттарга кирбегендигинен жана каржылоонун жетиштүү өлчөмдө болбогондугунан көрөт.
- Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке жана жаңы өкмөттүн курамына жасаган кайрылуусунда өкмөттүн илимге болгон мамилесин түп тамырынан бери өзгөртүүнү сунуштады жана илим тармагындагы жетишкендиктерди өндүрүштө колдонууда ар ким өзүнчө жандалбас уруп, бирдей координация болбой жактандыгына токтолуп өттү. Ушундан улам азыркы күндө кеч да болсо илимге байланышкан мыйзамдар кайра каралуунун үстүндө. Экинчиден, мамлекет өз саясатында илимге артыкчылык бергенде гана бул тармак өнүгө алат. Ал эми илимге артыкчылык берилбегенден кийин ага карата бюджеттен да аз өлчөмдө каражат каралып келүүдө, - деди А.Бөрүбаев.
Анын айтымында, илимге 2006-жылы республиканын бюджетинен 0,5%, 2007-жылы 0,7% гана каралган. Муну ички дүң продукцияга которуп карасак 0,12%ты гана түзөт экен. Быйыл да илимге жылдагыдай эле бюджеттен 0,7% гана каражат бөлүнүп, өзгөртүүсүз калтырылган.
- Россия, Кытай өңдүү гигант өлкөлөрдүн эксперттери мамлекеттик бюджеттен илимге эгер 3%дан кем эмес каражат бөлүнбөсө бул тармакта өнүгүү болбойт деп айтышууда. Бул аныктаманы аталган өлкөлөр ишке ашырышты. Өзгөчө Россияда нанотехнологияга көп көңүл бурулууда. - дейт А.Бөрүбаев.
Академик Кыргызстандагы илимдин потенциалы жөнүндө да кеп кылды. Анын айтымында республикабызда бүгүнкү күндө илимдин 900гө жакын доктору, 3900дөй кандидаты эмгектенүүдө.
- Бул 5 млн. калкы бар эл үчүн көппү же азбы деген суроо туулбай койбойт. Мен бул боюнча изилдөө жүргүзүп көрдүм. 143 млн. калкы бар Россияны, 25 млн. калктуу Өзбекстанды кошуп, илимдин кандидаттарын ар бир миллион кишиге бөлүп санап көргөндө Кыргызстан бул жаатта артынан эсептегенде үчүнчү орунда турат экенбиз. Мындайча айтканда Түркмөнстан менен Тажикстандан гана алдыда турабыз. Демек, шапкени ыргытсаң эле кандидаттын башына тиет деген пикир туура эмес. Ошондуктан биз санын да, сапатын да жакшыртууну максат кылышыбыз керек. Бул багытта илимдер академиясы, Билим берүү жана илим министрлиги тактыктуу иш алып баруусу парз, - деди А.Бөрүбаев.
Ал мамлекет илимдин өнүгүшүндө приоритеттик багыттарды аныктап алуусу керек деп эсептейт. Андай багыттарга Кыргызстан үчүн суу жана гидроэнергетика, тоо өнөр жайы, жер жөнүндөгү илим, анын ичинде биотехнология, микробиология, фармацевтика, геология, агрардык илимдер жана концептуалдуу багыт болгон гуманитардык, коомдук илимдердин экономиканы өнүктүрө турган кээ бир тармактары бөлүнүп көрсөтүлүп, тиешелүү түрдө акча каражаттары сарпталып, илимий адистер даярдалууга тийиш.
- Бирок биздин илимде, тескерисинче диспропорция болууда. Мен айткан илимдер боюнча кандидат, докторлор азыраак. Мисалы, энергетика боюнча эки жарым жылдын ичинде эки эле доктор чыкты. Ошол эле учурда медицина боюнча 50, педагогика боюнча 10 адам докторлугун коргоду. Салыштырып көрүңүздөр. Илимдеги мындай диспропорция туурасында мен тиешелүү тармактарга өз сунушумду бергем. Муну эске алабыз деген убадаларын беришүүдө, - дейт А.Бөрүбаев.
Мындан тышкары ал илимий адистерди даярдоодо ЖОЖдор материалдык-техникалык, илимий базалары талапка жооп бербесе да аспирантура ачып алып жатышканын, бул "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга туура келбестигин, мындай көрүнүш илимий адистерди даярдоодо тескерисинче сапатын төмөндөтөөрүн айтты.
Академик Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы жетекчилигинин жүргүзүп жаткан реформаларына, ишине оң баа берип, бул багыттарда бир топ чечилбей жаткан маселелерди биргелешип чечип, алдыга жыла алабыз деген үмүттө ишеним артып турганын да билдире кетти.
- Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы баш аламандыкта докторлук менен кандидаттык иштин айырмасы бир аз эле болуп калган. 2005-жылы мен бул кызматка жооптуу болуп келгенде статистиканы карасам, бир докторго төрт кандидат туура келип калыптыр. Бул докторлукка талаптардын төмөндөп кеткенин көрсөтүп турат. Кийинки эки жарым жылдын аралыгында бир докторго алты кандидат туура келип, сапаттык деңгээли өстү. Келечекте бир докторго 10 кандидат туура келиш керек. Улуттук аттестациялык комиссия өзүнүн жоболоруна илимий иштердин сапатын көтөрүү максатында бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алдында турат - дейт ал. Ошондой эле А.Бөрүбаев илимий монографияларды мындан ары Улуттук аттестациялык комиссия өзүнүн илимий эксперттеринин катышуусунда бекитүүгө тийиш деген сунушун ЖОЖдордогу бир катар илимий кеңештер колдоп жатканын билдирди.
Мындан тышкары ал диссертациялык темалардын чаржайыттыгын айтып, а тургай Кыргызстанга кереги жок темаларды тандап алып илимий жагдайда шугулданып жүргөндөрдү сынга алды. Мисалы, политологиядан "Япониянын парламентинин саясий өнүгүшү" деген теманын бизге зарылдыгы барбы деген суроону койду. Ушундай илимде да күлкү келээрлик темаларды алып, убара болгон инсандардын жолуна бөгөт коюу максатында Улуттук аттестациялык комиссиясы илимий диссертациялык темалар боюнча атайын картотека түзүп, илимий кеңештерге сунуштама даярдаган. Ушуну менен бирге эле илимий темаларды бир кылка, иретке салуунун мезгили келгендиги баса белгиленди. Жакында аталган мекеме тарабынан окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жана диссертациялык кеңештер жөнүндө жаңы жобосу даярдалып, ишке кирүү алдында турганы да маалым болду. Академик аттестациялык системада айрым катачылыктар орун алып жаткандыгын да жашырган жок.
- Мында көбүнчө адамдык фактор роль ойноп кеткендиктен айрым начар диссертациялар биздин электен өтүп кеткен учурлар кездешпей койбойт. Муну менен күрөшүүнүн бир топ жолдору бар. Мисалы, жактоочулардын 50%ын башка өлкөлөргө жөнөтсөк, талапты катуу койсок сапаттык жактан өйдөлөйт элек, - дейт А.Бөрүбаев.
Андан соң академик окумуштуулардын, студенттердин суроолоруна кеңири жооп берди.
Баяндаманын аягында Эл аралык Алатоо университетинин ректору, профессор, др. Эрол Орал Алтай Бөрүбаевге терең ыраазычылык билдирип, окуу жайдын эстелик белегин тапшырды.

Майрамбек ТОКТОРОВ,
"Кутбилим".




  Бийиктеш үчүн тереңдеш керек

Каримов Жоошбай,
Лейлек району, М.Баетов орто мектеби, Билим берүүнүн отличниги.
Бүгүнкү күндө кылымдарды басып өтүп элдүүлүгүбүздү сактаган, эркиндигибизди мамлекеттүүлүгүбүз менен кошо коргоп, өнүктүрүп келген улуу күч, кубаттуу капитал катары нарк-насил, адеп-ахлак, патриотизмди туу туткан ыймандуулукту кайра кайтаруу аркылуу гана саясий, экономикалык, социалдык максаттарга жетише алабыз. Ушундай асыл максатка бекем багытталган окуу-тарбия ишмердигибизде тарбияга басым жасап келгенибиз бекеринен эмес.
Тарых, адеп сабагы мугалими катары мен өзүм дүйнөлүк тарыхтын насыяттарына таянып, жалпы адамзаттык улуу дөөлөттөргө жана улуттук баалуулуктарга басым жасоо менен жергиликтүү тарых, элдик мурас, материалдык жана рухий кенчтердин негизинде улуу инсандардын өрнөктүү өмүрүнүн үлгүсүндө окуучуларда адамгерчиликти, инсандыкты, атуулдук ариетти калыптандырууну окуу-тарбия процессиндеги башкы проблемам, бул аркылуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымымды кошо алам деп эсептеймин.
Демек, эзелкинин элегинен өткөн этнопедагогиканы азыркы инновациялык ыкма менен айкалыштыруу - акыркы натыйжага жетүүнүн алгылыктуу усулдук идеясы турбайбы. Бул боюнча "Адам - дарак сыяктуу" деген тажрыйбам "Кутбилим" газетасы аркылуу жарыяланган эле. Ошол эле идеяны андан ары өркүндөтүп, "Бийиктеш үчүн тереңдеш керек" деген дагы бир идеям боюнча тажрыйба, ой бөлүшкүм келип олтурат. Албетте, бийиктөө деген философиялык категория мыйзамы аркылуу тереңдөөгө диалектикалык жактан аргасыз байланышат.
Кандайча "Адам - дарак сыяктуу" экенине дагы бир жолу токтолуп өтөлү:
- Даракта тамыр бар. Тамыры канчалык терең болсо, дарак ошончолук бактап, шактайт. Адам да дарак сыяктуу бийиктеш үчүн аны азыктандыруучу "тамырлары" тереңге кетиши керек;
- Дарак мөмөлөйт. Мөмөсү бышып, жетилген сайын ал ийилет. Улуу адамга таандык мүнөздөр: жөнөкөйлүк, сылыктык, кичипейилдик, сезимталдык ж.б.;
- "Дарак бир жерде көгөрөт". Өз өмүрүн балага арнап, 45 жыл мектепте иштеген мугалимиңер жөнүндө ойлоп көргүлөчү;
- Дарак - арабча шежире, санжыра, бир түп байтүп дарак бутактайт, бутактар шактайт, шактан чырпык, чырпыктан бүчүрлөр өнүп чыгаар, чырпык чынар болоор;
- Дарак уруктайт, дарак канчалык жакшы өссө урук да жакшы, толук кандуу бышып жетилет, урук толук кандуу жетилсе, андан ишенимдүү өсүмдүк өсүп чыгат. Генофонд маселеси ошого байланышат;
- Дарак канчалык жетилсе анын көлөкөсү ошончолук жакшы, чоң, салкын, саябандуу, пайдасы кең болот, түшүмү мол болот;
- Дарак сөлөкөттүү, алыска көрүнгөн болсо, жакынкы жана алыскыга таанылган болот.
Сабактын жүрүшүндө тема боюнча окуучулардын түшүнүгү тереңдеп, ой жүгүртүүсүнө таасир этүү максатында төмөндөгүдөй темалардын үстүндө эврикалык кыскача аңгемелешүү жүргүзүү менен натыйжалуулукту арттырууга болот; "Дарактын бою канча болсо, тамыры ошончо болот", "Дарак бир жерде көгөрөт", "Жалгыз дарак токой болбойт", "Чырпык сайсаң, чынар болот", "Мугалим - мөмөлүү дарак".
Адам деле материалдык, рухий, интеллектуалдуулук жагынан байманалуу өсүп жетилиши үчүн тамыр сыяктуу тереңдеп азыктандыруучу, фундамент болуучу негиз керек экени бештен белгилүү. Адам сыяктуу Кыргызстан деле бийиктеш үчүн тереңдеш керек. Айтылган теориялык ойлорду практикада бекемдөө үчүн дарактын шактары кайсы, ал эми тамырлары эмне экенин тактап, ажыратуу керек. Ал үчүн интерактивдүү усулдун мээ чабуулу ыкмасы менен тереңдикти - тамырды, бийиктикти - байтүп дарактын шактарын тактап, далилдеп ажыратуу боюнча көнүгүү аткарылат. Жыйынтыгында чиймеде сүрөттөлүп көрсөтүлгөн маңыз-мазмун келип чыгат.
Жогорудагылардын баары жалпыланып келип адамда инсандыктын пайдубалы түптөлөт да, пейил калыптанат. Кыргыз элинде жакшыга да, жаманга да айтылчу "Пейилиңден тап!" деген сөз бар. Анан эле "Адам бол!" деп баталардын атасын айтып алкап коюшат. Жөпжөнөкөй бул төрт ооз сөз дүйнөлүк философиядан бир тепкич өйдө турат деп ойлойм.
"Кыргыз" деген байтүп дарактын тарыхый тамыры терең, ал ар кандай татаал шартка ыңгайлашып жашап келет кылымдан кылымдарга. Ошондуктан анын келечекте бактап, шактап, улам жашарып, өсө береринде шек жок.