№10, 31.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Изилдөө-иликтөө

Нургалый Абдесов,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими
Тесттик жыйнактарды тестеп окуганда…
Өткөн жылы окуучуларыман топтолгон акчага кыргыз тили жана адабияты тесттерин сатып алууга Тест жүргүзүү боюнча улутттук борборго барып калдым эле. Борбордон кыргыз тилинин 7-жыйнагын, кыргыз адабиятынын 5-жыйнагын карап берүүмдү өтүнүштү. Башында да кыргыз тилинин 2-жыйнагы чыкканда ушундай тапшырма берип, өз ой-пикиримди кеңири билдирип, "Тест тестөөгө муктаж" деп "Кутбилимге" жарыялаган элем. Андан бери 7-жыйнак болуптур. Адатта, мындай адам тагдырына тиешелүү окуу куралы жаңы ар жыйнагынан кийин түзүүчүлөрү тарабынан дыкат каралып оңдолуп, толукталып жүрүүсү абзел.

Кыргыз тилинин 7-жыйнагында: "Тесттик тапшырмалар жыйнагынын алтынчы чыгарылышы жаңы тест тапшырмалары менен толукталып, 6-жыйнакта кетирилген каталары коюлган сын-пикирлерге ылайык оңдолду" - дейт. Бирок караштыра келсек, "оңдолгондогусу, оңолгону" ушу болсо дейсиң. Айтмакчы, тесттик жыйнакты сынактык текшерүүдөн сырткары, окуучулар өз алдынча билимин өркүндөтүү, сынакка даярдоо максатында да пайдаланышат.
7-жыйнактагы тесттик тапшырмалардын класстар боюнча чоң бөлүм, подтема, темаларга бөлүштүрүлүп жайгашып өзгөрүшү аргасыздан: "Кайран, 1ден 5ке чейинки жыйнактагы тапшырмалардын жайгашуусу, ай!" - дедиртет экен. Мен окуучуларыма: "Алгач тестти колдонууда суроо-тапшырмаларын жакшы түшүнүп, варианттардан туура жообун өз күчүңөр менен табууга аракет кылгыла. Таппаганыңарды окуу китебиңерден таап окуп, же менден сурап, туурасын аныктагыдай болгула. Артындагы туура жоопту караганга ашыкпагыла" - деп үйрөтөм. Андыктан тапшырмалар ойлонуп, изденип табууга шартталып, дайын-дареги түйүндүү, жашыруун келип, аракетке салганы кызыктуудур. Анан эч ойлондурбай, түйшөлдүрбөй туура жооптун жеңил, даяр табылыш жагдайынын кандай пайдасы, кимге кереги бар?
Андай тапшырмаларды тапшырма санына кошпосо да болот. Ушундай тариздеги тапшырмалар жыйнакта өтө арбын. Алалы, 195. "Бали, байкем кечикпей келди!" кайсы сүйлөмгө кирет: 196. Сүйүнчү, келиниңиз уул төрөдү, апа! Айтылыш максатына карата сүйлөмдүн түрү деген эки тапшырманын үстүндө. Тема: Илептүү сүйлөм - деп бадырайып жазылып турса, эч ойлонбой, токтолбой эле 195тен б) илептүү сүйлөм, 196дан да б) илептүү сүйлөм деген туура вариантты белгилөө гана калат да. Артынан туура жоопту карап текшерүүнүн да кажети жок. Ушундай мүнөздөгү тапшырманын берилишине 449. Атоочтуктар темасы; 458,459. Чакчылдар; 470. Тактоочтор; 520,522. Сырдык сөз; 668,669. Сүйлөмдүн аныктоочунда; 675. Сүйлөмдүн бышыктоочунда; 697. Сүйлөмдүн толуктоочунда ж.б. темаларынын түздөн-түз алдында келген тапшырмалардын туура варианттары теманын атын атоо. Ушундай кантип болсун!
Тема: Жай сүйлөм 579-582 тапшырмаларынын төртөөнүн тең суроо-талабы бирдей болуп теманын алдында турса, ага карап туура вариант "Жай" дегенин белгилебей эмне болуптурсуң.
Мындан да "кокуй" бир темага караштуу тапшырмалары, суроо-талаптары коёндой окшош келгендерди кантебиз? Бөлүм: Фразеологизм. Тема: Фразеологизмдер. 419. "Чычканга кебек алдырбас" "Бул сөз айкалыштары окутулган тилдин бөлүмүн" табуу талабы коюлат. Үстүндөгү "Бөлүмү Фразеологизм" дегенди көрүп, б) Фразеологизм дебей эмне экен. 420. "Кашык канын ичүү". Бул сөз айкаштары окутулган тилдин бөлүмү. Суроо-талабы - 419дун өзү. Ушул эле бөлүм, темага карата 422-425 төрт тапшырманын суроо-талаптары да окшош. Жогорудагыдай тапшырмалардан дагы келтирели: Тема: Жай сүйлөм 579-582; Тема: Суроолуу сүйлөм 607-611; Тема: Буйрук сүйлөм 612,613; Атама сүйлөм 623-625 тапшырмаларында 3-4төн коёндой окшош биринчисин тапсаң, калганына баш оорутпай турган, бирок тажатма тапшырмалар.
Жогорудай тапшырмалардын күбөсү болуп олтуруп аргасыздан: "Тапшырма, суроо-талаптарды окшош кылбай өзгөртүп, өзгөчөлөнтүп түзүү ошончо эле кыйынбы?" - деп ойго кетет экенсиң.
Тема: Суроолуу сүйлөм. 607. Кырсыкка кабылган адам кандайча кайрат кылыш керек? Дагы айтылыш максатына карай сүйлөмдүн түрү:
а) илептүү б) жай в) суроолуу г) буйруктуу.
Кудум ушул тапшырманын өзүндөй дагы 4 тапшырмада сүйлөмдөрүн алмаштырып гана суроолуу сүйлөм экенин таптыруудан кандай натыйжа чыгат? Ансыз деле окуучулар суроо маанисине, аягындагы тыныш белгисине карап эле суроолуу сүйлөм экенин билишет. Андан көрө тапшырманын талабын өзгөртүп: биринде - Эмне үчүн суроолуу сүйлөмгө суроо белгиси коюлат? деп, дагы биринде - Суроолуу сүйлөмдөрдүн уюштурулуш жолдору; Суроолуу сүйлөмдү эмнесине карап аныктаса болот? Сүйлөм берип, суроолуу сүйлөмдүн уюштурулуш жолун аныкта дегендей тапшырмаларды түрдөнтүп, окуучуларды ойлонуп изденүүгө кызыктырса болот да. Болбосо жогорудагыдай бирдей окшош тажатма тапшырмалардан эмне пайда? Тапшырманын эптеп санын көбөйтүш үчүнбү? Мындай эптекейлик жалпы тесттин сапатын төмөндөтүп, түзүүчүлөрдүн компоненттүүлүгүнө доо кетирбейби?
Эптемейликке тиешелүү дагы 22,23,24; 262,263; 266,267; ж.б. тапшырмаларды мисалга келтирсек болот. 22,23,24 тапшырмаларындагы суроо-тапшырмалары окшош болсо да, кур дегенде туура варианттарын бирдей кылбай (боек, таяк, туяк) экран, лагерь, аары деген сөздөр менен алмаштырып берсе эле, окшоштуктан кутулуп айырмаланып калбайбы. Эми тапшырмалардагы жекече келтирилген кемчиликтер жөнүндө сөз кылалы. 45. "Муунду түзгөн тыбыштар" - дегенде туура вариантына г) үндүүлөр, үндү жана үнсүз тыбыштар дегенге "үндүүлөрдү" кошуп берүү туура болот. Анткени үндүүлөр жеке келип да бир муунду түзөт эмеспи. М: а-та, э-не.
99. "Омоним сөздөрдү" табуу. Туура варианты а) көк-көк-көк, тамак-тамак, сыр-сыр-сыр деп берилиптир. Тапшырма кызыктай, эмне, бир сөздү эки-үч кайталап жазып эле омоним деп туюнтууга болобу? Антип көп маанилүү сөздү деле берсе болот. Жок, мында суроо-талап белгисиз, дайынсыз болуп калган.
127. "Жаратылыштык зат атоочторду" табуу. Туура варианты б) тоо, таш, терезе - деп терезени жаратылышка кошуптур. Издегенде жаңылдырып залалы тиет го? "Терезе" башка сөз менен алмашылышы керек, же алып салуу керек.
248. "Сын атоочтун морфологиялык белгилери" деген талап. Туура жообу б) Өз маанисинде турганда жөндөлбөйт, жакталбайт. Жөндөмө, жакталыш башкага, зат атоочко тиешелүү эмеспи.
Мында суроо менен туура вариант шайкеш келбей калган. Туура вариант б) Сын атоочтун өзүнө таандык сөз жасоочу мүчөлөрү бар, сөз өзгөртүүчү мүчөлөрү жок - деген болсо туура болмок. 272. "Эки заттын белгиси бири-бирине салыштырылган сын атоочтун даражасы" деген суроо коюлат. Берилген суроодон эле салыштырма даража экени билинип калбадыбы? Буга ойлонуп убара болбосо болот.
367. Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө. Асты сызылган сөздөргө уланган мүчө - деген суроо - талап. Мында суроо так, түшүнүктүү берилбеген, талабы белгисиз. Бул эки сөздө экиден мүчө бар: ойн-а-ып, ой-ла-ып (мүчөлөр баштапкы формасында). Биринчи мүчөлөрү - а, -ла атоочтон этиш жасоочу; кийинки - ып чакчыл мүчө. Кайсынысын табарың так эмес. Асты сызылган сөздөрдө кайсы сөз жасоочу мүчөлөр бар? десе туура болмок. Ошондо а) атоочтон этиш жасоочу - деп табат.
Туура деген варианты ката, калган варианттарынан суроого карата тууралыкка чыкпаган куржалак тапшырмалар да кездешет.
409. Кошмок сөздөр. Туура жообунда в) кундуз чач, сулуу кыз, кол кап - деп көрсөтүлгөн. "Кол кап" деген сөздөн башкасы кошмок сөз болбойт, эркин айкалыштагы жөнөкөй сөздөр. Төрт вариантында тең жалаң кошмок сөздөн турган вариант жок.
455. Оң, терс формада берилген атоочтуктар: деген суроого төрт вариантта тең туура жооп берери жок. Туура деген б) отуруу-отурбоо, иштөө - иштебөө, оң, терс формадагы кыймыл атооч. Демек, 405,409 тапшырмалары суроо жооптору чыкпаган жараксыз, керексиз тапшырма.
Тесттик тапшырмалардан артындагы жооптон туура чыкпаган, чыныгы туурасы башка вариантта болгон бул тесттик жыйнакта ого эле көп экен. Мындай көрүнүштүн эң жаман залалы тесттик текшерүү колдонууда туура, катасына карашпай, эч шектенишпей эле алынат, артындагы жоопторуна терең ишенимде болушат. Тесттик текшерүүдөн өткөндөрдөн билими жетиктер чыныгы туурасын варианттан тапса да, текшерүүнүн жыйынтыгында алардыкы эсепке алынбай, жаңылыштыктын катарына кошулуп, тесттик жыйнактагы катадан ак жеринен күйгөнү белгисиз бойдон кала берет, териштирүү болуп эле далилденбесе. Эми ошондой тапшырмалардын жыйнактагы тизмесин толук берүүгө аракеттенип көрөлү.

508. Же, бирок, ошентсе да. Байламталардын түрү: Туура жообу:
а) каршылагыч. "Же" ажыраткыч байламтаны кайда алып барабыз? Бул байламтаны тапшырмага кошпош керек эле, болбосо а) каршылагыч, ажыраткыч деп экөөнү тең туура вариантка көрсөтүш керек. Болбосо тесттик сынакта жаңылдырат.
590. Адамдын акылдуулугу ишинен билинет. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрдүн катышына карата аталышын сурап, туура жообу б) жалаң сүйлөм, туура эмес. Чыныгы туурасы - г) жайылма сүйлөм. Тапшырмада суроо туура берилген эмес. "Айкындооч мүчөлөрдүн катышына карай бөлүнүшү" болуш керек эле.
603,605-суроо - тапшырмаларынын талабын туура варианттары менен байланышта эч түшүнүп болбойт. Туурасын табам деп туңгуюкка капталасың. Кандай талап коюп, кайсы жооп күткөнүңө акылың жетпейт.
603 Кемтик сүйлөмдүн өз алдынча колдонулушу - деп, туура варианты в) колдонулбайт, анын кемтик сүйлөм экенин толук сүйлөм аркылуу гана аныктоого болот дейт. Кемтик сүйлөм өз алдынча колдонулбайт деп берилиши туура эмес. Диалогдуу сүйлөмдө бир сөздөн, бир сүйлөм мүчөсүнөн турса да, өз алдынча бир сапта берилип, колдонулуп эле, кемиген сүйлөм мүчөлөрү өзүнөн мурдакы толук сүйлөмдүн мазмуну, мааниси аркылуу толукталып турат эмеспи. Эмнеге "колдонулбайт" дейт, түшүнүксүз.
605. Кемтик сүйлөм. Болгон суроо-тапшырма ушул. Кебин жутуп сүйлөгөн адамдай. Кемтик сүйлөмдү варианттардан тапкыла - деген талап бар дейли десең, варианттардын биринде да кемтик сүйлөм жок. Көрсө, адамды кур убарага салуу экен.
413. Синоним сөздөрдөн турган кошмок сөздөр: а) чоң-кичине, б) алыш-бериш, в) күч-кубат, г) жер-суу. Туура жообу в) күч-кубат имиш. Көрдүк го варианттардын эч биринде кошмок сөз жок, кош сөздөр. Көрсө, синоним кош сөздү табуу тура.
631. Жактуу сүйлөмдү варианттардан туурасын табуу тапшырмасы берилген. Туура вариант а) Мага отурууга туура келди-дейт. Бул жаксыз (ээсиз) сүйлөм. Жактуу сүйлөмдү билбейт окшойбуз?..
660. Анын котур ташы койнунда. Түзүлүшү боюнча баяндоочтун түрү деп, ташы сөздүн астын сызып түзүлүшүн сураган. "Ташы" деген сөз өз алдынча бул сүйлөмдө баяндооч болбойт, котур ташы койнунда, фразеологизмден тутумдаш баяндооч. Фразеологизмдик тутумун бөлүп болбойт.
763. Урматтуу, кеченин катышуучулары! Каратма сөздөр. Туура варианты б) катышуучулары - ката. Кеченин катышуучулары болсо, толук болот.
378. Этиштен жазылган зат атоочтордун варианттардан туурасын табуу берилген. а) эшик, б) күрөк, в) жүрөк, г) мүрөк. Туурасы б) күрөк көрсөтүлгөн. в) жүрөк деле болот: жүр-ак= жүрөк зат атооч. Мында б), в) эки талаш туура вариант болуп жатат. Кайсынысын болсун туура деп белгилеген жаңылбайт. Бирок тесттик текшерүү алууда в) жүрөк вариантын белгилеген жаңылыштыкка кошулуп калышы мүмкүн. Андыктан бирөөнү калтырып, экинчисин башка сөзгө алмаштыруу керек. Ушундай талаш туудурган 2-3 туура варианттар: 894тө а), б), в); 910до б), в); 916да а), г).
5-жыйнак кыргыз адабияты тести да тесттик тапшырмаларды класстар боюнча бөлүмдөргө, подтема жана темаларга бөлүштүрүп жайгаштырылышы менен мурдагысынан сапаттык деңгээлин кыйла төмөндөтүп, утулушка түшүптүр. Темаларда акын, жазуучунун аты, фамилиясы, тестке алынган чыгармалары көрсөтүлүп, астыларында ошол авторлорду же алардын чыгармаларынын аталышын суроо-тапшырмаларда табуу талабы берилгенде, туура жообун аныктоонун кандай кыйынчылыгы болот? Темада баары бажырайып көрүнүп турса, ойлонуп - толгонбой эле туурасын белгилей берсе болот да. Бул оюбузга тиешелүү тесттик тапшырмаларды тизмелеп аягына чыгышыбыз кыйын. Башкасын айтпаганда, 10-класстын өзүндө эле 30-40 процентин ушул айткан типтеги тапшырмалар түзөт. Сөзүбүз кур болбосун үчүн фактыларга келели, ар кайсы жерден мисал келтирип.
Тема: Т. Сыдыкбеков "Көк Серек" деп турса, астында эле:
55. Т. Сыдыкбековдун карышкырлардын турмушун, кулк мүнөзүн чагылдырган аңгемеси кандай аталат деген суроого в) "Көк Серек" дебей эмне болуптурсуң.
Тема: Махмуд Кашгари "Түрк сөздөрүнүн жыйнагы".
333. Орто кылымда жашаган көрүнүктүү окумуштуу Кашкардык Махмуддун белгилүү эмгеги кайсы деген суроого жогорудагы темасына карап, а) "Түрк сөздөрүнүн жайнагы" - дейт да. Эгер темада туура жооптун дайны түздөн-түз белгилүү болуп турбаса, ойлонуп табууга аракет болот эле.
9-класс. Бөлүм: Төңкөрүштөн кийинки кыргыз адабияты.
Тема: К.Тыныстанов, өмүрү, чыгармачылыгы. "Алатоо", "Кышкы түндө", "Манас күмбөзү" - деп төмөндөгү тапшырмалар К.Тыныстановдун программадагы чыгармалары жөнүндө болору тастыкталып турат. Ушу темага байланыштуу 13 тапшырма болсо, анын төртү К. Тыныстановду, авторду таптыруу, ататуу тапшырмасы.
453. Ырдын автору ким?
Кайыкта калың элдин биз да бири,
Кажыба, чыда, курбум, сырың сакта.
Айрылбай максатыңдын колун кармап,
Ээрчисең, адаштырбай түз алпармак - деген ырын билсе-билбесе да жогору жагын карап в) К. Тыныстанов дейт да. Жогорудагы бөлүмдүн аталышы калып, тема берилбесе, жок болсо, тапшырманын жообунун туурасын таба албаса, окуу китебинен, башка жактан издеп, Тыныстановдун ыры экенине ынанганча түйшөлөт эле. Мына, оңой табылган тапшырманын залалы окуучуну ойлонуудан, изденүүдөн калтырат. Андыктан тесттик тапшырмалар жыйнактын акырындагы класстары менен мазмунда берилген бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүлгөн туура болор эле. Подтема, темалардын кереги жок. Тапшырманын жогору жагындагы темасынан Тоголок Молдодо 7 тапшырманын, 10-класста К.Тыныстановдо 8 тапшырманын туура жообун опоңой атаса болот экен. Ушу да тапшырмабы? Изденүүнүн билимин сынатпаган, ойлонтуп түйшөлтпөгөн тесттик тапшырма да тапшырмабы? Ошондой бирдей окшош тапшырмаларды кыскартып, өзгөртүү керек.
Эми жеке кетирилген кемчилик - каталарга өтөлү.
294. "Сейтек" эпосундагы Семетейге төлгө болуп жүргөн ат кайсынысы? деген суроодо "Сейтек" эмес, "Семетей" эпосундагы деген туура. Тайторуну Каныкей Семетейге төлгө кылып байгеге кошкон.
296. "Сейтек" эпосундагы Канчоронун таарынычка (таарынычына туура) себепкер болгон кайсы ат эле? Мында да "Сейтек" эмес, "Семетей" эпосундагы Канчоро Суркоёндун тизгинин Күлчоронун алдына ие таштап койдуң-деп арамзаланып таарыныч чыгарат эмеспи.
320. "Бу Семетей баатырдын
Элин кыйнап, топ кылам,
Энесин кыйнап, жок кылам" - деп Каныкейди көкбөрү тарттырган "Сейтектеги" кайсы каарман? деген суроодо "Каныкейди көкбөрү тарттырган ким эле? Кантип эле?" - деп делдеет экенсиң. Көрсө, Канчоро Бакайды жигиттерине көкбөрү тарттырганын Каныкейге оодарып жаткан турбайбызбы.
351. Т.Сатылганов композитор катары кандай күүлөрдү чыгарган? деген суроо так, түшүнүктүү түзүлгөн эмес. "Т. Сатылгановдун композитор катары чыгарган күүсү кайсы?" десек, туура варианттагы в) "Жаш кыял" күүсүнө ылайык болот.
"Кандай күүлөрдү чыгарган" дегенде күүлөрдүн түрлөрү жөнүндө түшүнүк болуп, адамдын оюн адаштырат.
353. Т. Сатылгановдун "Алымкан" деген ыры эмне жөнүндө? деп, туура жообун б) акындын жеке трагедиялуу тагдыры жөнүндө - деп көрсөтүптүр. Токтогул бул ырында Алымканга күйүп-жанып ашык болгонун эле билдирген, кумарланткан жоруктарына куштарлыгын туйдуруп жыргаган. Эч трагедия жок. Ырас, Токтогул Алымканга жетпей калган, ал деле турмуш шартына байланыштуу болгон. Анда деле трагедия көрүнбөйт.
378. Токтогулдун трагедиялуу сүйүүсү жөнүндөгү ыры кантип аталат? - деп, дагы "Алымкан" ырын трагедия көрсөтө бергенибиз жарабастыр.
Бир тапшырма-суроо эки жолу кайталанган көрүнүш да бар:
216. "Манас" эпосундагы Манастын жоого минчү тулпарынын атын ата;
222. Манастын минген аты кандайча аталат? болуп, туура жообу Акула аталган. Эмнегедир бардык жерде, тестте: "Акула" деп бир "к" менен берилген, туурасы. Аккула.
434, 436. "Жолборс терисин жамынган баатыр ким?" деген тапшырма да эки кайталанып берилген.
491. Үзүндү К. Баялиновдун кайсы драмалык чыгармасынан? суроосунда К. Баялиновдун деген жаңылыштык, К. Жантөшевдин болуш керек.
Тесттин артында көрсөтүлгөн туура жооптор ачкычы туура эмес болуп, чыныгы туурасы башка вариант чыккан залал каталар да арбын. Муну "залал ката" деп көрсөткөнүбүз тесттик текшерүү алганда ошо артындагы ачкыч жоопторго таянып, чыныгы туурасын белгилегендики катага саналып, убалга калышы мүмкүн да.
Алсак, 449. Булардын ичинен кайсынысы дидактикалык чыгарма? артында көрсөтүлгөн жооп г) жомок, туура эмес, чыныгы туурасы б) тамсилдер . Калган ушундай каталар таблица менен көрсөтүлөт.
Суроону так, түшүнүктүү коюлушу туура жоопту табуунун негизи болот. Андай болбосо жаңылыштык кетиришиң мүмкүн. 575. "Ким болду экен?" поэмасында башкы каармандын аты ким? Суроодо өз аты Сонунду атоо талап кылынып жатат. Бирок туура жоопто г) Күлбөс кыз. Бул тергөө аты эмеспи. "… баш каармандын тергөө аты же ылакап аты кайсы?" туура болмок.
Тесттик тапшырмалардан туура жообу талашта болгону кездешет.
345. Арстанбек Буйлаш уулу кайсы эпосту айта билген?
Туура жоопто а) "Кожожаш". Арстанбек "Эр Төштүктү" да айткан, б) "Эр Төштүк" десе да болот. Эки вариант туура жооптук талашта. Андыктан бирин калтырып, экинчисин өзгөртүү керек. Ушундай талаш вариант 685 тапшырмада.
685. Тоголок Молдонун аллегориялык формада жазылган чыгармасы эмне деп аталат? Жоопто в) "Куштардын аңгемеси", г) "Жер жана анын балдары" да аллегориялык чыгарма болуп эсептелет.
Ошентип, жогорудагы кемчиликтердин баары тесттик текшерүүдө текшерүү сынагына түшкөндөр үчүн залалы тийбей койбойт. Мындай терс көрүнүштөр жыйнактын сапатына доо кетирип, түзүүчүлөрүнө аброй эмес. Тесттик жыйнактар кайрадан тастыкталып каралып, олуттуу оңдоо, толуктоого муктаж.