№09, 21.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Мектеп - ЖОЖ

БИЛИМ БЕРҮҮ ОКРУГДАРЫ ТҮЗҮЛӨТ
Бирдиктүү билим берүү округун аймактык жогорку окуу жайларында түзүү боюнча эксперимент Нарын жана Баткен мамлекеттик университеттеринде башталат. Мындай сунуш билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова тарабынан 22-февралда өткөрүлгөн кеңейтилген коллегияда киргизилип, окуу жайлардын ректорлору тарабынан колдоого алынган. Бул идея жакында боло турган Өкмөттүн жыйынында каралып, колдоого алынса, жаңы структура 2008-жылдын окуу жылынан баштап ишке кирише баштайт.

Аймактык бирдиктүү билим берүү округун түзүү зарылчылыгы областтык билим берүү башкармалыктары жоюлгандан улам келип чыккан. Себеби аталган башкармалыктар жоюлгандан кийин алардын милдеттери райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жүктөлгөн. Алар бул милдетти өзүнө алууга даяр эмес болгон. Ошондуктан билим берүүнү өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн билим берүү округун түзүү сунушталууда. Ал үчүн пилоттук окуу жай катары Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Баткен жана Нарын мамлекеттик университеттери тандалып алынды.
Билим берүү округу областтагы билим берүү саясатын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте ишке ашыруучу координациялык окуу-методикалык орган болот. Ал өзүнө орто, жогорку, мектептен сырткаркы, мектепке чейинки, кошумча билим берүү бардык мекемелерди камтыйт. Жаңы структуранын негизги милдети - аймактагы билим берүү саясатын ишке ашыруу, жарандардын бардык баскычтагы сапаттуу билим алуусун камсыздоо, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу боюнча эмгек рыногунун мониторингин жүргүзүү жана эң негизгиси - мектептерди адистер менен камсыздоо, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, кайра даярдоо болуп эсептелет. Ал үчүн билим берүүнү өнүктүрүүчү улуттук, мамлекеттик, республикалык жана аймактык программаларды ишке ашырууну уюштуруп, көзөмөлгө алуу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте долбоорлорду иштеп чыгуу милдети жүктөлөт. Андан сырткары, билим берүү мекемелерин маалымат менен камсыздоо, окуу процессин методика менен айкалыштыруу үчүн шарт түзүп берүү жана окуу китептери менен камсыздоо, окуу-методикалык колдонмолор, окуу пландары жана программалары менен камсыздоо, мугалимдердин педагогикалык тажрыйба алмашуусун уюштуруу милдеттерин өзүнө алат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте билим берүү мекемелеринин жетекчилерин, мугалимдерин, жалпы билим тармагында иштегендердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана аттестациядан өткөрүү системасын түзөт. Мектеп менен жогорку окуу жайлардын ортосун чыңдоо максатында - аймактагы жогорку окуу жайлардын студенттери педагогикалык практикасын толук кандуу өткөрүшү үчүн шарт түзүп, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар курамы менен мектеп мугалимдеринин биргелешип илимий изилдөө жүргүзүүсүн жана окуу-методикалык колдонмосун чыгарууну уюштуруп, жождордун, кесиптик орто окуу жайларынын жана окуучулардын ортосунда ар кандай кароо-сынактарды, олимпиадаларды өткөрүп, мугалимдер үчүн билим берүү жана педагогика боюнча актуалдуу темаларда семинар, тренингдерди, курстарды өткөрүүгө тийиш. Аймактардагы бала-бакчалардын жоюлуп кеткендигине байланыштуу мектепке чейинки, мектеп курагындагы балдарды үйдө тарбиялаган үй-бүлөлөргө методикалык жардам көрсөтүү иштерин уюштурат. Структуранын дагы бир чоң милдети - билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жардам берүү болуп эсептелинет.
Жогоруда айтылган баардык милдеттерди аткаруу үчүн үч кишиден турган секретариат түзүлөт. Аны каржылоо областтык мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү бюджеттин жана базалык жогорку окуу жайдын атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Секретариаттын алдына коюлган тапшырмаларынын эффективдүү аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Президиум түзүлөт. Анын курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, райондук, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, билим берүү мекемелердин жетекчилери кирет. Президиумдун төрагалык милдетин областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы жана базалык жогорку окуу жайдын ректору алууга тийиш. Аймакта аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы боюнча отчет алуу, көзөмөлдөө жана келечектеги иш пландарын түзүү үчүн тандалып алынган Президиум эки айда бир жолу жыйын өткөрүп турат. Жыйында Президиум тарабынан кабыл алынган чечимдерди бардык билим берүү мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болот.


"Еще одной проблемой, на которой мне особенно хотелось бы заострить ваше внимание, является ликвидация Областных управлений образования.
В этом плане удачной представляется идея создания образовательных округов, которые будут обеспечивать развитие и укрепление вертикали образования "дошкольные учреждения - школа - СПО - ВПО - наука" в регионах. По самому своему статусу вузы в образовательных округах должны служить своеобразным локомотивом для образовательных учреждений первых ступеней, начиная с детских садов и общеобразовательной школы. Ключевая идея здесь заключается в том, чтобы максимально задействовать кадровый и материально-технический потенциал наших университетов в повышении качества образования. Это потребует пересмотра миссии и стратегии региональных вузов.
Мы предполагаем, что сможем начать пилотный эксперимент по созданию образовательных округов в Баткенской и Нарынской областях уже в 2008 году. А в качестве первого этапа формирования таких форм сотрудничества в сфере образования мы предложим ректорам высших учебных заведений перечень школ, которые необходимо будет взять под шефство в целях их материально-технической поддержки, учебно-методического обеспечения и повышения квалификации учителей".

Из выступления министра образования и науки
Ишенгуль Болджуровой на коллегии МОиН.

Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".