№09, 21.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Талкуу ачабыз

Редакциядан: Бүгүнкү адеп-ахлак кризисинин шартында таалим-тарбия маселеси курчуп, актуалдуу мааниге ээ болуп турат. Профессор С.Байгазиевдин жарыяланып жаткан бул макаласында улут тагдыры жана муундар тарбиясына, анын мазмунуна тиешелүү орчундуу проблемалар көтөрүлгөн. Таалим-тарбия маселесин, анын багыттары менен усулдарын чындап талкуулоого мезгил жетти. Редакция С.Байгазиевдин макаласы менен кеңири талкууну баштайт. Жалпы педагогикалык коомчулукту таалим-тарбия маселеси боюнча бул талкууга активдүү катышууга чакырабыз.

Манас глобалдашуунун дөңгөлөгү астында калабы
же эгемендүү Кыргыз мамлекетинин таалим-тарбия стратегиясы кандай болуш керек?
Советбек Байгазиев,
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, публицист

Кыргыз республикасынын таалим-тарбия системасынын башкы мүдөө - максаты кандай болуш керек?

(Башы өткөн санда)
Эмесе, бүгүнкү эгемендүү Кыргыз Республикасынын мындан ары колго алынуучу таалим-тарбия ишмердигинин башкы максатын бардыгына ачык, түшүнүктүү болгудай кылып даана аныктап алуу милдет. Ушул жерден дагы бир жолу айтып өтөлү, бүгүн бизди, биздин балдарды эмне жана кимдер гана тарбиялап жаткан жок. Карама-каршы кызыкчылыктардагы түркүн күчтөр, тарбия "арабабызды" Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, үйүбүздө ыраатсыздык, башаламандык. Бир сөз менен айтканда, өз ата конушубузда ээрге кайрадан оңдонуп отуруп, тарбия ишин бир улуттук стратегиялык багытка салып, ишке киришүүгө кезек келди.
Ата конуш деп атабыз, эгемендүү мамлекетибиз деп атабыз, сурайлычы, ошол эгемендүү ата-журтубузга ким, кандай атуул жөлөк-таяк, тирек боло алат? Кандай атуулдук менталитет улуттун келечегине гарантия болуп берет? Биздин терең ишенимибизде Кыргыз Республикасына, мамлекетине өз Алатоо мекенин, өз элинин эгемендүүлүгүн, көз карандысыз өз алдынчалыгын, эркиндигин эң жогорку кол тийгис ыйык дөөлөт деп эсептеген, муну менен сыймыктанган, кыргыз тилине келгенде Расул Гамзатов айткандай, эгер эне тилим жоголсо, мен өлүүгө даярмын дегендей патриоттук сезимге каныккан, бир боор калкынын рух нарктарына, моралдык кенчтерине, түптүү адат-салттарына аң сезими жана жан дүйнөсү терең сугарылган, улутунун маданиятын өздөштүрүп, сактап гана эмес, андан ары өнүктүрүүгө күч үрөгөн, бир боор калкынын тарыхын мыкты билип, ата-бабаларынын азаттык үчүн, журтту, улутту сактоо үчүн болгон каарман күрөшүн ичинен өрнөк туткан, ошону менен бирге жалпы адамзаттык маданияттын гуманисттик асылнарктарын өздөштүргөн, демократиялык коомдун баалуулуктарын жана идеалдарын урматтаган, өз республикасынын алдындагы милдеттерди терең туюнган жана алардын аткарылышына өзүнүн атуулдук салымын кошууга активдүү умтулган, технологиялык жактан сабаттуу, дүйнөгө сын көз менен караган, чет жактардын ар кандай "маданий баскындыгына" карата "макул болбоо маданияты" ("Культура несогласия" - Д. Лихачев) өнүккөн, өз тагдырын ата-журтунун тагдырынан бөлүп карабаган, улуттук ар намысы бийик, мекенчил атуул инсан гана бекем тирек, таяна турган тоо болуп бере алат. Ушундай атуулдук менталитет гана мекенибизди сактайт жана өнүктүрөт деген ынанымдабыз. Дал ушундай типтеги граждандык менталдуулукту, атуул патриотту, гуманистти жаратып, калыптандырып, өстүрүп чыгаруу кыргыз жумуриятынын таалим-тарбия стратегиясынын башкы мүдөө-максаты болууга тийиш деп ойлойбуз. Ушундай концепцияны кабыл ала турган болсок, анда ориентир болуп бере турган өзүбүздүн тарбия идеологиябыз болмок да, таалим-тарбия ишибизди максатка багытталган түрдө жүргүзүүгө жакшы ыңгай түзүлмөк.

3. Тарбиянын башкы мүдөө-стратегиясын жүзөгө ашыруу үчүн мазмундук базаны кайдан алабыз? же улуттук коломтого кайрылуунун керекчилиги
Эми суроо туулат. Жогоркудай өлкөнүн тиреги, таянар тоосу, сыймыгы жана келечеги болуп бере турган атуулду калыптандыруу мүдөөсү, тарбиянын башкы стратегиясы кандай педагогикалык материалды, кандай мазмундук ресурстарды пайдалануу аркылуу жүзөгө ашышы мүмкүн? Таалим-тарбия процесси кандай мазмундук фундаментке таянып жүргүзүлөт жана андай базаны ал кайдан алат, кайдан табат? Ушул өзөктүү маселе башынан туура чечилбесе, туура аныкталбаса, анда таалим-тарбиянын башкы мүдөө-максаты абстракция катары абада асылып калышы мүмкүн. Эмесе тарбиянын мазмуну жөнүндөгү сөзгө өтөлү.
Түз эле айтыш керек, өйдөкүдөй атуул-гражданиндин моделин реалдуулукка айландыруучу тарбия ишмердигине мазмундук база болуп бере турган рух казынасын башка жактардан эмес, биринчи иретте, өзүбүздүн улуттук коломтобуздан издешибиз шарт. Мына бул поэтикалык-философиялык саптарга көңүл буруу маанилүү деп эсептейбиз.
"Бирөөлөрдүн оюн оңой кабылдаш, бирок аның өз дөөлөтүң боло албас. Өз пикириң өзөгүңө тамырлаш, өзүңкүңдөй кымбат нерсе табылбас. Ич жагыңдан мотор сындуу айланып, өтө керек өз ой менен жалындаш. Бөтөн ойду балдак кылып таянбай, өз күчүнө ишенгендер жаңылбас".
Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири кыргыз калкы сан кылымдарды карыткан тарыхый жолунда өз тулкусуна өзөк болуп тамырлаган, ич жактан мотор сындуу айланып, жүрөк болуп кагып, жамаатка күч-кубат, өмүр-жашоо берип келген өзүнүн улуттук идеясын, көөнөрбөс акыл-ой, рух дөөлөттөрүн, менталдуулугун иштеп чыккан.

2. Экономикалык стратегия менен таалим-тарбия стратегиясынын кош тизгинин бирдей кармоонун зарылдыгы
Ушул жерден дагы бир кыстырма кошумча сөзгө жол берели. Улуттук өнүгүүнүн стратегиялык багыттарында ойлонгон идеологдорубуз, көч башыларыбыз, мамлекеттик кораблдин штурвалында отурган атка минерлерибиз дүйнөдө мурдагы "кансыз согуш" акырындык менен "маалымат согушу" менен алмашкандыгын, дүйнөлүк супер державалардын кубатына таянган эл аралык күчтөр жаңы электрондук маалымат куралдарынын жардамы менен жер үстүндө монополярдуу дүйнөнү түзүүгө умтулуп жаткандыгын, Кыргызстан да мындай геосаясий, глобалисттик умтулуштардын объектисине айлангандыгын көңүл борборуна тутууга тийиш. Ошондой глобалисттик, супердержавалык кызыкчыларды жүзөгө ашырып жаткан бир эл аралык корпорациянын жашыруун идеологиялык документинен бир эле үзүндүнү эске сала кетели.
"С помощью информационного оружия нового поколения создание атмосферы бездуховности и безнравственности, негативного отношения к культурному наследию, провоцирование социальных, политических и религиозных столкновений, подрыв международного авторитета государства" ("Педагогика" - журналы - Москва, 2006, №2, 16-бет).
Мына ушундан улам биздин жетекчилер жана идеологдор кыргыздын эгемендүү өлкөсүн кандай опурталдуу мезгилде жана кыйын-кезең шарттарда башкарып жатышкандыгына эсеп берүүлөрү керек деп айткыбыз келет. Мындай жагдайда калк лидерлери коомубуздун өнүгүү стратегиясын жалаң гана экономикалык-техникалык критерийлерге негизденип түзүүгө болбостугун, экономикалык стратегия маданият, тарбия стратегиясы менен жуурулушу керектигин (маселен, Япониянын экономикалык кереметинин артында япондук самурайлык дух, улут бакыбатын көздөгөн атуулдук, коллективдик жоопкерчилик этикасы, традиция жаткандыгын), социомаданий факторлор менен бекемделбеген экономикалык реформа күткөн түшүмдү бербестигин концептуалдык деңгээлде туюнуп коюшса. Мына ошондуктан өйдөтө формулировкаланган таалим-тарбиянын стратегиялык башкы максаты бекер жерден чыгып жатпагандыгын дагы бир ирет басым коюп белгилегибиз келет.

4. Улуттук рух казынасындагы эки ыйык дөөлөт - таалим-тарбиянын башкы урааны катары
Биринчиден. Ошондой улуттук ыйык дөөлөттөрдүн бири, бул - Атамекен идеясы. Кыргыздын ыйык дөөлөтү - Атамекен, Алатоо. Атажурт улуттук идеясынын символу - бул улуу "Манас". Атажурттун азаттыгы, өз алдынчалыгы, бөлүнбөс бүтүндүгү, бакыбаты үчүн карууну казык, башты токмок кылып кызмат кылуу, кара башты курман чалуу идеясы, каарман күрөш өрнөгү, мекенге карата толуп-ташкан сүйүү сезими "Манаста" берилген. Манас атанын ушул улуу идеясы менен кыргыздын уул-кыздары Барсбектен тартып Курманжан даткага чейин аба менен дем алгандай дем алып, тарыхта жашап, күрөшүп келишкен. Атажурт менен камыр-жумур болуп жуурулушкан биримдиктен кыргыз баласы өз өмүрүнүн маңызын көргөн. "Алатоомсуз, мен киммин? - Ата-энесиз жетиммин!" - деген кыргыз. Атажурт улуттук идеясы кыргыздын канында, социалдык-маданий генетикасында жашайт. Азыр да элдик менталитеттин тереңинде "жүрөк кагып" турат.
Дал ушул мекенчил менталитет, тагдырды атажурт кызыкчылыгына байлаган патриоттук принцип, эл-журттун эгемендүүлүгүн ыйык санаган улут идеясы бүгүнкү таалим-тарбиянын негизинде жатууга тийиш.
Экинчиден. Таалим-тарбиянын пайдубалында жата турган дагы бир улуу дөөлөт бар. Бул - биримдик, ынтымак философиясы. Өзүнүн тарыхый тагдырында кыргыз калкы ички бытырандылыктан, бөлүндүлүктөн, өз ара уруу чабыштарынан далай азап чеккен, бүгүн да трайбализм, жер-жерлерге бөлүнүүчүлүк илдетинен жабыр тартып отурат. Бирок ошондой болсо да, "Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет", "Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу" ("Манас") деген патриоттук даанышмандык кыргыз социумунун ички өзөгүн тепчип өткөн дайымкы улут идеясы болуп келген. Дал ушундай философиядан улам кыйын-кезең кырдаалдарда кыргыз калайык-калкы бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир туунун алдында биригишип, тарыхтын бороон-чапкындарынан аман-эсен чыккан учурлары көп болгон. IX кылымда Азияда өкүм сүргөн айтылуу кыргыз империясынын ийгилиги биримдик улуттук идеясына негизденгендигинде болгон. Кыргыздын алдыңкы акылман акыл-эси өз ара коюн-колтук алышкан, күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышкан биримдиктин, ынтымактын ("Бирдик болбой - тирдик болбойт" - эл макалы. Өз ара ыркыбыз кетсе, "Пил да болсок жыгылдык, миң да болсок кырылдык" - Бакай. "Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так" - Калыгул. "Бакыт - чыгаандардыкы: бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаргандардыкы" - Нурмолдо) идеясы улут тагдыры үчүн фундаменталдык мааниге ээ экендигин терең туюнган. Биримдик идеясын бүгүн улуттун ички монолиттүүлүгүн чыңдоонун фактору катары таалим-тарбия ишмердигинин идеологиялык ориентири жана мазмундук философиялык базасы катары активдүү жашатышыбыз зарыл.

5. Эне тил - улуттун жүрөгү, эгер бул жүрөк токтосо, улут өзүнүн жашоосун токтотот же Мамлекеттик тил - таалим-тарбиянын туусу
Улуттун улут экенин, кыргыздын кыргыз экенин билгизген башкы көрсөткүч - эне тил. Кыргыз тилибиз - улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө согуп турган эне тили - жүрөгү токтосо, улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам - тирүү өлүк, маңкурт, экономикалык макулук. "Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт" (Байдылда) деген накыл бекеринен эмес. Жогоруда айтылгандай, "Тилиңди бурба" - деген насаат ата-бабалардын муундарга айткан биринчи насааты болгон. Демек, түп маанини туюнсак, эне тилибиз ар бир алатоолук атуулдун ар намысы, сыймыгы, жашоосунун маңызы, дүйнөгө көрсөтө турган "улуттук паспорту" (Э. Ибраев). "Күчтүүбүз ата журттун кучагында, калкымдын уюткулуу дили менен, биз элбиз, биз инсанбыз, биз улутпус, алатоолук кыргыздын тили менен!" Дал ушундай философияны, улуттук идеяны бекем тутунуп жашаган, мамлекеттик тилдин кызматы үчүн тикесинен тик турган намыскөй атуулдарды өстүрүп чыгаруу мүдөөсү тарбия ишинин өзөгүн аныктап, ар дайым активдүү аракетте турса, анда мындай менталдуулук - республикабыздын дүйнөлүк цивилизация көчүнө өз жүзүн сактап кошулушунун өбөлгөсү болмок.