№08, 20.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дилбаян

Бул дилбаян 2007-жылы жарыяланып, жакын арада жыйынтыгы чыгарылган "Мугалим - ардактуу инсан" деген темада залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына арналган биринчи мугалимдер жөнүндө өткөрүлгөн дилбаяндардын сынагында жеңүүчү болуп табылган. Бул дилбаянды Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектептин директору Алдаяров Замир өзүнүн туулуп-өскөн айылындагы биринчи мугалим жөнүндө жазган. Натыйжада жеңүүчү деп табылып, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун колунан сыйлуу белектерди алды.
Бул сынакка республика боюнча мектеп мугалимдери, жетекчилери жана окуучулары катышкан.

Биринчи мугалим
"Балдарды жана кыздарды тарбиялоо жөнүндөгү ар кыл камкордуктардан түзүлгөн мамлекеттик кызмат мамлекеттеги эң жогорку кызматтардан да өтө маанилүү
кызмат болуп саналат".
ПЛАТОН

Байыркы грек философ-идеалисти Платон, балким андан да мурдатан эле ар бир элдин, мамлекеттин улуу ойчулдары, акылман-аалымдары мугалимдик кесиптин баалуулугу жөнүндө сыймыктануу менен айтып келишкен. Чыгыштын улуу ойчул, акыны Жусуп Баласагын:
"Билим берди - адамзат улуу болду,
Окуу менен көп ачты сырдуу жолду" деп өзүнүн ыр саптарында мугалимдик кесиптин баалуулугун даңазалап айтып кеткен. Кыргыз эли көчмөн эл болгондугуна карабастан билим алуу жаатында миңдеген жылдар мурда эле билимге умтулган эл болгондугун тарых тастыктап турат. Миңдеген жылдардан бери дүйнөдөгү эң көлөмдүү "Манас" эпосу ооздон оозго өтүп оозеки айтылып келе жатат, кыргыз эли ар кайсы доордо ар кандай жазмаларды да колдонуп келгендигин ачык асман астындагы музей болуп калган, ташка чегилип жазылган - Орхон-Енисей, Кочкордогу Көксай рун жазуулары жана башка тарыхый маалыматтар, турмуштагы чындыкты чагылдырган айрым көрүнүштөр мисал боло алат. Билим алууга, сабатсыздыгын жоюуга ар бир элдин, ар бир мамлекеттин өздөрүнө тиешелүү көз караштары болбой койбойт. Чынгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повести - кыргыз элинин Кеңеш доорунун алгачкы жылдарында сабатсыздыктан билимге умтулуусун, биринчи мугалимдин тоодой тоскоолдуктарды, карама-каршылыктарды жеңе билип каармандык менен жасаган иш аракеттерин көркөм боектор менен эң сонун сүрөттөгөн повест, алгачкы мугалимге, алгачкы окуучуга коюлган зор эстелик катары дүйнөлүк китеп окурмандарына кеңири таанымал чыгарма экендиги талашсыз. Бул чыгарма аркылуу Чынгыз Айтматов ошол учурдагы бүткүл кыргыз айылдарындагы сабатсыздыкты жоюу боюнча жүргүзүлгөн гумандуу иштерди бүткүл дүйнө элдерине ачып көрсөтө алган.
Ошол кезде биздин чакан мамлекетибиздин ар бир айылдарынын өздөрүнө тиешелүү "Биринчи мугалимдери" болуп, алар өз айылдарында сабатсыздыкты жоюу боюнча тоодой эмгектерди аткарып, каармандык иштерди жасап кеткендиги ачылбай, иликтенбей көмүскөдө калгандары канча? Мына ушул суроого тарыхый чындыкты чагылдырган иликтөөлөр менен жооп берүү биздин айылыбыздын алгачкы мугалимине, алгачкы окуучусуна койгон чоң эстелигибиз болуп калсын, "Биринчи мугалимдин" эмгектери, гумандуу иш аракеттери эл алдында даңазалана берсин демекчимин.

Алайдар молдокемдин мектеби
Каракүнгөй айылы Кочкор өрөөнүнүн күн чыгыш тарабындагы эң эле четки айыл. Бул бак-шактуу айыл, алыстан көз чаптырганда өзүнчө эле секинин үстүндө тургандай көрүнөт. Айылдын түндүк тарабында Каракүнгөй суусу, ага удаа Каратоо тоо кыркасы орун алган. Түштүк тарабында Үкөк суусу, Карасаз айылы, Үкөк тоосу. Чыгыш тарабындагы жакын эле тоолордогу: "Бел тепши", "Көл төр", "Орто төр", "Чуңкур төр" жайлоолору айылдан караганда бет маңдайда алаканга салгандай даана көрүнүп турат. Айланасы бийик тоолор менен курчалып шар аккан тоо сууларынын жашыл жээктеринин ортосундагы көгүлтүр секиде мындан сексен жыл мурда айыл болгон эмес. Бул жердин көгүлтүр түстө көрүнгөнү - көгүш түстөгү өсүмдүктөр, көгүш түстөгү таштардан улам ошондой көрүнөт.
Мына ушундай келечекте айыл боло турган жерге Алайдар молдоке жаңы мектеп курууну ойлоп, муну ишке ашырууга чечкиндүүлүк, демилгелүүлүк менен киришкен. Келечекте эл үчүн ыңгайлуу боло турган жерди тандап төрт бөлмөдөн турган мектептин пайдубалын чоң-чоң таштар менен түптөйт. Ар кайсы булуңдарда, кокту-колоттордо, жашаган элди чогултуп кыш куйдуруп, там курууга шыктуу усталарды башка жактан алдырып 1926-жылы баштаган. Элибиздин ашар кыймылы мына ошондо башталган. Бул элди ынтымакка, жолдоштук-достукка чакырган - ашар ыкмасы менен мектепти куруп жатканда көгүлтүр секиде бир да там жок эле. Алачык, боз үйлөрдү тиктирип, алгачкы ашарчы, куруучуларга шарт түзүп берип, тамактануусун уюштурган. Дубалдары бүтүп калган учурда жыгачтарды, устун-карагайларды Балыкчыдан тилдирип төөлөргө, өгүздөргө чиркеп атайын салынган жол жок болгондуктан Каратоо, Кыр-Коо менен ашып көптөгөн кыйынчылыктар менен алып келишкен. Жолу жок тоонун арасында араба чиркеп жүрүүгө такыр эле мүмкүн эмес эле. Устун, карагай, тактайлардын узундугу 6-7 метр болгондуктан өгүз, төөлөргө артып келүүгө ыңгайсыз болгон. Ошондо мындай амалды колдонушкан экен. Карагай, устундардын алдыңкы учтарына бир өгүздү, арткы учтарына бир өгүздү коюп, кош артып, бир нече унаалар менен 45-50 км. тоолорду аралап, ой-кырларды ашып тарттырып келишкен. Устундардын калгандарын мектеп салынып жаткан жерде эки кишилик атайын тактай тилүүчү араа менен колго тилишкен.
Быйыл сексен жети жашка чыккан, айылдын аксакалы Кадыраалы уулу Турумбек ата мындай дейт: - Алайдар молдокем мектептин полунун жана шыбынын тактайларын тилдирип жатканда мен жети жаштагы бала элем. Эки орус устунду жалпак кара калем менен жип тартып туруп түз чийип, киши бою бийик жерге орнотуп алып эки кишилик чоң араа менен бири үстүнөн, бири астынан туруп аралап жаткандары эсимде. Жыгач тилген оруска жардам беришип, кызык көрүп тактайды чийип жаткан кара калемден бирди сурап алгандагым али эсимде. Кышты эл куюп берип турушту. Бел-Саз деген 10 км. алыс жерден араба менен да жүктөп ташып келип жатышты. Оторбай уулу Султанбек анда арабакеч болчу, ал арабасы менен кирпич тартып берип турчу. Кышты дубал кылып коюуда бирин-экин өзбек улутундагы адамдар да иштеген.
Ошондой кыйынчылыктарды баштан өткөрүү менен төрт класстык бөлмөдөн турган мектеп 1928-жылы курулуп бүткөрүлгөн. Мектеп жаңы эле курулуп бүткөндө окуучулар Кош-Булуң, Сары-Чат, Кашаң-Бээ, Көк-Кайкы, Чыран өңдүү булуң-буйткалардан келип окуп турушкан. Айыл аксакалы Кадыраалы уулу Турумбек атанын айтуусу боюнча ошол 1930-жылдары Иманалиев Абен, Өмүров Абдыжапар болуп чогуу окушкан. Алайдар молдоке окуучулардын ичинен прокурор, сот, милиция шайлатып алып тентек кылган балдарды тарбияга чакыртып, чыр маселелерди калыстык менен чечүүгө, ууру кылбай, ушак сүйлөбөй, түз жүрүүгө үндөгөн экен. "Ошол кезде мен милиция болуп шайлангам" - дейт Турумбек ата күлүмсүрөп. Көрсө ошол кезде эле окуучулардын өзүн-өзү башкаруу ыкмалары колдонулган экен.
"Мектепти кайтаруу, жууп-тазалоо иштерин кезмек менен окуучулар өздөрүбүз жүргүзүп, эки кишилик парталарды колго эле жасаганбыз. Борду тоодон ак топурак алып келип сууга жууруп, көөлөп, күнгө жайып кургатып, аны да колго жасап жошолонгон тактачага жазчу элек. Суук мезгилдерде классты жылытуу үчүн жайкысын чым көң казып, кургатып даярдачубуз" - деп суроомо канааттануу менен жооп берип Турумбек ата сөзүн аяктады. Анда мугалимдин ушул сыяктуу түмөн түйшүктөрү болгон.
Мектептин жанында Эгемберди деген адамдын тамы гана бар болгон. 1930-жылдарда жаңы тамдар салынып, эл мектеп турган жерге көчүп келе баштаган. Ошондон кийин ар кайсы жайлоо, кыштоолордон эл там салып, көчүп келип жатып Каракүнгөй айылы түптөлүп, пайда болгон. Демекчи, Алайдар молдоке мектептин да, айылдын да негиздөөчүсү деп айтсак аша чапкандык болбойт деп ойлойм. Кийинчерээк окуучулардын жана класстардын саны көбөйгөндө Алайдар молдоке өзү даярдаган шакирт-мугалимдери: Раманов Асылбек, Жакыпов Мусакун, Мойноков Мамбетказы, Кайдиев Муканбет, Асанбеков Сапар, Орозалиев Барс, Иманалиев Сабиттер менен көп жылдар бою чогуу иштешкен.
Каракүнгөй айылындагы Алайдар молдоке салдырган төрт бөлмөлүү мектеп имараты 80 жыл бою балдарды окутуп, тарбиялоо үчүн толук кандуу пайдаланылды. Каракүнгөй айылындагы ошол мектеп: "Электр", "Фрунзе", "Каракүнгөй" деп аталып келди. Алгачкы мектепке улай жанына жаңы имарат 1957-жылы сегиз класстык бөлмө болуп курулду. Аны ошол кездеги колхоздун башкармасынын төрагасы Абдырасулов Садык курдурган. Андан бери көптөгөн мектеп директорлору иштеп кетишти, алардын да мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодогу өз салымдары бар. Алардын ичинен 14 жыл мектеп директору болуп иштеген Абдыжапаров Айдар агайдын да салымы чоң. Ал эки класстык бөлмөдөн турган имаратты курдурган. 1995-жылы элдин суроо, өтүнүчү канааттандырылып мектепке айылдын биринчи мугалими - Аблес уулу Алайдардын ысымы берилди. Алгачкы мектеп курулуп бүткөндөн бери 80 жыл болду, андан бери канчалаган окуучулар мектептен жетилип, канат күүлөп учуп чыгышууда. Бул мектепти бүтүрүп чыгып илимдин докторлору, докторлукка талапкерлер, мамлекеттик жетекчи кызматчылар, айыл-чарба кызматкерлери, мыкты дыйкан, малчылар, композитор, жазуучу, мыкты ишкерлердин аттарын атасак тизме далай жерге уланат. Ар бир окуучунун өздөрүнүн унутулгус, ардактуу инсаны - "биринчи мугалимдери" бар.

Замир АЛДАЯРОВ, Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар мектебинин директору.

Алгачкы мектеп

Ал кезде эл жайкысын жайлоолордо, кышкысын тоо булуңдарындагы кыштоолордо чачыранды жашашкан. Саргалдак уруусунан чыккан Аблестин уулу Алайдар 1920-жылы Алма-Ата шаарынан эки жылдык мугалимдер окуу жайын бүтүрүп келген. Алайдар айлына келип, Каратоодогу Турганбайдын булуңундагы беш каман уруусунан чыккан Сагын деген адамдын тамын оңдоп, мектеп кылып, 1920-жылдан баштап бала окутууга кирише баштайт. Ошондон баштап Алайдар - "Алайдар молдоке" атка конот. Алайдар молдокенин эң алгачкы окуучусу (айылдын алгачкы окуучусу, 1904-жылы туулган) Оторбай уулу Бозгунчу ата санжыраны, айылда болуп өткөн тарыхый окуяларды куюлуштуруп айткан куйма кулак, сөзмөр адам эле.
Айылыбыздан чыккан Жайнак деген жамакчы тамашакөй адамдын ырларын, кызыктуу окуяларын бирин да калтырбай оозеки жатка айтчу. 1995-жылы Кочкор айылына атайын барып, учурашып Алайдар молдоке жөнүндө айтып берүүсүн өтүндүм. Бозгунчу атанын ошол кезде жашы 90дон ашып калган кези эле, кулагы жакшы укпай калган экен. Суроолорду шашпай, үндү катуураак чыгарып сурай баштадым. Менин келген максатымды түшүнгөндөн кийин башынан өткөн окуяларды абдан канааттануу менен айтып берип жатты. Өзүнүн биринчи мугалими жөнүндө айтып жатканда өтө кубануу, сыймыктануу сезими байкалып турду.
Өзүнүн биринчи мугалиминин эмгегин кийинки урпактар билип жүрсүн деген кыязда мындай деп сөз баштады: - "Оо, андай киши болобу! Жүрөгүндө кири жок, кең пейил, катуу айтып бирөөнүн шагын сындырбаган, туура сүйлөп, калыс жүргөн, агартуучулук иш дегенде ичкен ашын жерге коюп өжөрлүк менен эмгек кылган, чындыкты жаап-жашырбай бетке айткан, бирөөлөргө көшөкөрлөнүп кошоматтанбаган мыкты адам эле. Анын кылган эмгегин эч качан унутта калтырбашыбыз керек, себеби ал айылыбыздын эле эмес, районубуздун алгачкы каарман агартуучусу. Алайдар молдокем өзү 1928-жылы салдырып бүтүргөн төрт бөлмөлүү мектеби Кочкор өрөөнүндө биринчилерден болуп курулган мектеп болгон. Ал мектеп аппак болуп алыстан эле көрүнүп турчу.
Алайдар молдокемдин 1-класстан 4-класска чейин окуган окуучусумун. Молдокем Алма-Атадан мугалимдин окуусун бүтүрүп келгенден кийин 1920-1925-жылдардын аралыгында эң алгачкы окуучуларын, бизди окуткан. Турганбай болуштун булуңундагы Сагындын тамын оңдоп, мектеп кылып, ошого окуткан. Азыр ал мектептин пайдубалынан калган үйүлгөн эле топурак, таш калды. Ошол алгачкы мектептен, он бир бала алгачкы окуучулар болуп башталгыч мектепти бүтүрүп чыкканбыз. Анда эл ар кайсы жерлердеги тоолордун булуңдарында жылга-жыбыттарда, жайлоо, кыштоолордо чачыранды жашашкан. Айрым түшүнбөгөн ата-энелер: "орустун окуусу экен, балдарыбызды окууга бербейбиз" дешип элди да тескери жакка үндөгөндөр болгон. Алайдар молдоке түшүндүрүү иштерин өзү жалгыз жүргүзүп кийинчерээк өзүнүн шакирттерин даярдап алып, алар менен чогуу иштеген. Ар кайсы алыс-алыс чачыранды эл жашаган жерлерге дембе-дем барып үгүт иштерин тажабастан жүргүзүп турган. Жанагы мен айткан Алайдар молдокемдин эң алгачкы окуучулары: мен, Сагын кызы Каалкан, Исабай уулу Чойбек, Оболбай уулу Абдылас ж.б. бардыгыбыз он бир окуучу элек".
Бозгунчу ата менен ушундай маек жүргүзгөн күндөн бери 12 жыл өтүптүр.