№08, 20.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Аалам жана биз

ГЕРМАНИЯ ТААСИРЛЕРИ
Редакциядан: Борбор шаарыбыздагы №69 ОТК гимназиясы бир топ жылдардан бери немец тилин тереңдетип окутуу максатында Германия мектептери менен кызматташып келет. Өткөн окуу жылында бул мектептин бир топ өкүлдөрү Германияга барып келишкен.

"Немис элинин жөнөкөйлүгү, сылыктыгы абдан жакты"
Кененбаева Назира, немис тили мугалими:
- Биздин мектепте 2002-окуу жылында немис тилин тереңдетип окутуу класстары ачылган. Немис тилин тереңдетип окутулган класстарынын ачылышына Кыргызстан жана Тажикистан Республикасындагы немис тили боюнча мектеп аралык координатору мырза Франц Двертман чоң жардам көрсөттү. Ошол окуу жылында бир эле класс ачылган. Жылдан жылга немис тилин тереңдетип окутуу класстары көбөйүүдө. Бул класстар 3 группага бөлүнөт. Ар бир группада 8-9 окуучудан окушат. Жумасына 7 жолу сабак өтүлөт. Окуучуларга Германия өлкөсүнөн келген окуу китептери, жазуу дептерлери, кассеталары жана дисктери менен сабак өтүлөт. Бул окуу китептери окуучулардын сүйлөө речин өстүрүүгө, билим деңгээлине ылайык келген, тилди тереңирээк үйрөнүүгө шарт түзгөн. Ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү кызыктуу тапшырмалардан, тексттерден, көнүгүүлөрдөн, сүрөттөрдөн турат. Немис тилин тереңдетип окутуунун максаты - бул тилде эркин сүйлөөгө, Германия өлкөсүнүн үрп-адатын, маданиятын окуп үйрөнүүгө, мектепти аяктаганда тил дипломун алып жана Европа өлкөлөрүнүн биринде өз билимин улантууга багытталган.
Биздин мектепте учурда Германиядан келген 2 немис мугалими иштеп жатышат. Мектептен ар бир окуу жылында 1 же 2 мугалим Германия өлкөсүнө өз билимин жогорулатууга барууга мүмкүнчүлүк бар. Бардык кеткен чыгымдар Германия өлкөсү тарабынан каржыланат. 2007-2008-окуу жылында менин көптөн күткөн тилегим орундалып, Германия өлкөсүнө чакыруу жолдомосун алып барып келдим. Мен Германиянын түндүк жагында жайгашкан Дюзбург шаарындагы "Гоменис" атындагы мектепте болдум. Германияда билим алуу системасы башкача экен. Алардын окуучулары 1-класстан 4-класска чейин 1 мектепте окушат экен. 4-классты аяктап жатканда окуучунун билим деңгээлин текшерүү максатында тестирлөө жүргүзүлөт. Тесттин жыйынтыгы менен жакшы окуган окуучулар гимназияга, жетишпеген окуучулар жөнөкөй мектепке жиберилет экен. Мектептер бир эле смена окушат. Алардын эң жакшы баасы "1", начар баасы "5" экен. Мектепте окуучулар өздөрүн эркин сезишип, ойлорун ачык айтышат экен. Сабактарда окуучулар өз алдынча көп иштешип, проекттик иштерди көп жазышты. Мен "Гоменис" атындагы мектебинде гана болбостон гимназияда, "Лейбнис" атындагы мектепте "Гумбольт" атындагы башталгыч мектептерде болдум. Мен алардын сабактарынан азыркы мезгилдин талабына ылайык методикаларды үйрөндүм. Жалаң гана мектепте болуу менен чектелбестен, Германиянын Дюссельдорф, Кёлн, Вуппертал, Бонн шаарларын көрүүгө мүмкүнчүлүк алдым.
Мага немис элинин аябай жөнөкөйлүгү, сылыктыгы абдан жакты. Мен ал жактан үйрөнүп келген тажрыйбаларымды мектептеги коллегаларыма жана окуучуларга колдонуп жатам. Германия өлкөсүнө барган сапарымды эч качан унута албайм.




"Канча тил билсең, ошончо дил билесиң"
Немис тилин тереңдетип окутууда эң негизги максат - бул тил дипломун алуу. Бизде жылдан-жылга немис тили тереңдетип окутулуучу класстар көбөйүүдө. Азыркы учурда 11 комплект класс немис тилин тереңдетип окушат. Бул класстар негизинен 3 группага бөлүнүшүп, жумасына 5 сабактан 7 сабакка чейин өтүлөт. Мектептеги окуу китептери Германия өлкөсүндө басылып, ар бир окуучуга өзгөчө шарт түзүлүп, окуу, жазуу китептери толугу менен камсыздалынат. Мындан тышкары техникалык каражаттар, проектор, магнитофон, телевизорлор сабакта кеңири колдонулат. Жогоруда айтылгандай, биздин негизги максатыбыз 11-класстын аягында тил дипломун алууга экзамен тапшыруу. Экзамен тапшыруу системасы окуп түшүнүү, угуп түшүнүү, жазуу иши (дилбаян жазуу), оозеки сүйлөө речин текшерүү өңдүү 4 этаптан турат.
Экзамен алуучулар немис мугалимдери (волонтерлор) жана координатор айым Елена Пеньюк тарабынан жүргүзүлөт жана окуучулардын иштери Германия өлкөсүндө текшерилет. Быйылкы 2007/2008-окуу жылында 11-классы 5 окуучу тил дипломун алуу экзаменине мүмкүнчүлүк алышты. Кийинки 2009/2010-жылы тил дипломун алуу экзамени биздин №69 ОТК гимназиясында өткөрүү жөнүндө иш каралууда. Окуучулар немис элчилиги жана координатор тарабынан түзүлгөн проекттик иштерге активдүү катышышат.

Абдыкерим к. Самара.




"Өзүбүздү абдан башкача сездик"
Биз Германияга барганыбызда алгач жаштар жатаканасында 4 күн болдук да, анан ар бирибиз ар бир немис окуучусунун үйүндө 10 күндөн жашадык. Алар менен чогуу мектепке барып жүрдүк. Ар кимибиз өзүбүздүн немис балдарыбыз менен шаардын ичине саякат жасап, көптөгөн кооз жерлер менен тааныштык. Биз бир гана Бремен шаарында эле эмес, андан сырткары Гамбург, Детмолд, Гановер жана Каспий деңизинин боюна барып, ал жерлердин кооздугу менен таанышып келдик. Ал эми Германиянын элдерин, жолдорун, шаар ичин карасаң аябай эле суктанарлык. Немис калкынын бүт нерсеси такталган, көчөлөрү таптаза, ар бир айдоочу жол эрежесин бузбайт. Көчөлөрү болсо бир нече бөлүктөргө бөлүнгөн. Мисалы, жөө баскан адамдардын, велосипед менен жүргөндөрдүн, машиналардын, автобустардын жана электричкалардын өзүлөрүнө тиешелүү жолдору болот экен. Эң кызыгы бирөөсү дагы жол эрежесин бузбайт. Ал эми адамдары болсо, бирөөсү дагы жерге таштанды ыргытышпайт. Ар бир кадам сайын таштандылар үчүн атайын боштукчалар орнотулган. Эгерде жерде бир нерсе жатса, аны барып алып коюшат экен. Аларды көрүп аябай суктанасың. Ушулардын баарысын көргөндөн кийин немистерде тартип бар деген бир жыйынтыкка келсе болот. Эгерде тартип катуу сакталбаса, андай болмок эмес. Элдери бири-бири менен сүйлөшүп жатканда аябай сылык сүйлөшүшөт. Бирок жаш балдары болсо, эрке экендиги байкалды. Өзүмчүлдүк жаш балдарда аябай жакшы өнүккөн. Анткени бир үй-бүлөдө бир, ашып кетсе эки гана бала болот. Аз бала болгондуктан, алар ушундай эрке, өзүмчүл болушу мүмкүн деп ойлойбуз. Бирок кантсе дагы алардын жашоосу биздин жашоо менен салыштырмалуу жакшыраак. Билбейбиз ким дагы эмне демек, бирок биздин оюбуз ушундай. Эмнеге биз дагы аларга окшоп тартиптүү боло албайбыз? Биздин оюбузча, биз тартиптүү болуш үчүн аракет жасашыбыз керек. Ошондо гана биз тартиптүү болуп, көчөлөрүбүздүн абалы өзгөрүп, таза болмок. Көчөлөр таза болуп турса, адамдын көңүлү сергий түшөт экен. Ошентип Германиядан Кыргызстанга келгенде, биз өзүбүздү абдан башкача сездик. Көчөлөрдүн абалын көрүп, аябай жаман болдук. Мындай сезимди сезиш үчүн ар бир адам башка чет мамлекеттерге барып, ал жактын тазалыктарына күбө болуп келиши керек деп эсептейбиз. Мына ошондо гана биз дагы тартиптүүлүккө үйрөнүп, Германиянын деңгээлине жете алабыз деген үмүттөбүз.

Болотбекова Перизат,
Жолбунова Бактыгуль,
11-Г класстын окуучулары.




"Үйрөнүп келгенимди сабактарда колдонуп жатам"
Доконова Нуршат, немис тили мугалими:
- Мен кичине кезимен эле чет тилине кызыгып жүрчүмүн. Ошол тилегим ишке ашып И. Арабаев атындагы КМПУ Дүйнөлүк тилдер институтун ийгиликтүү бүтүрдүм. Акыркы курста окуп жатып Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынан эмгек жолумду баштагам. "Педагогдордун тажрыйба алмашуу кызматы" программасы менен быйылкы окуу жылында Германиянын Хайделберг шаарына сапар алдым. Мен Хайделбергдеги эл аралык гимназияда болдум. Гимназиянын директорунун орун басары мырза Вернер Гебхард жылуу тосуп алып, бир жумалык расписаниени берди. Бул гимназияда бүт өлкөдөн келген окуучулар окушат экен. Окуу системасы башка өлкөдөн келген окуучулар үчүн атайын группалар ачылып тамгадан баштап ирети менен окутулат экен. Башталгыч класстар өзүнчө имаратта окутулат. Окуучулары абдан эле бош жана эркин жүрүшөт. Мугалимдер үчүн компьютер, ксерокс, интернет сыяктуу баардык шарттар түзүлгөн. Сабактары эң эле кызыктуу өтүлөт экен. Сабактарга катышуудан башка 9-класс менен Франкфурт шаарындагы музейге, башталгыч класстары менен китепканага барып кызыктуу нерселерди алдым. Окуучулар, ал гана эмес мугалимдер дагы Кыргызстан жөнүндө биле беришпейт экен. Бул жактан ала барган дискти көрсөтүп, Кыргызстан жөнүндө маалымат бергенге жетиштим. Жогорку класстардын география сабактарына катышып Кыргызстандын керемет жерлерин айтып берип, ар кандай суроолоруна жооп бердим. Сабактан сырткаркы убакта шаардын көчөлөрүн кыдырып, шаар менен тааныштым. Эң эле кызыктуусу 1386-жылы курулган Хайделбергдеги университети болду. Бүгүнкү күндө ал университетте студенттер окушууда. Андан башка Маннхайм шаарында жаңы жылдык базарда болдум. Германиядагы убагым кызыктуу жана мага пайдалуу көп нерселерди эсте калтырды. Азыркы күндө көрүп жана үйрөнүп келген нерселеримди сабакта колдонуп жатам. Мугалимдерге жана окуучуларга ушундай мүмкүнчүлүктү түзгөн, эки мамлекетти бириктирген "Педагогдордун тажрыйба алмашуу кызматына", Хайделбергдеги эл аралык гимназияга, мен жашаган үй-бүлөгө (Штефан жана Хильдрут) терең ыраазычылык билдиремин. Дагы ушундай кызматташтыктар көбөйүп эки мамлекет ортосундагы байланыш үзүлбөсө дейм. Ошону менен бирге Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс гимназиясынын жалпы жамаатына иштерине ийгилик каалап кетмекчимин.




"Үч башка тилдүүлөр болсок да тил табыштык"
Мен 4-класстан бери немис тилин окуйм (6-класстан бери тереңдетилген класста). 7-класстан тартып бизге немис волонтерлор сабак бере башташты. Немис тилин окугандан баштап, биз ар кандай проектилерди жаза баштадык. Мен 8-11-класстарда "Манас", "Бишкек шаары жана анын кооз жерлери", "Менин чөйрөмдөгү биздин жардамга муктаж болгон адамдар" жана "Кыргызстан немистери" аттуу темадагы проектилерди жаздым.
Былтыр 2007-жылдын май айынын баш ченинде линейка болду, анда менин класс жетекчим Чымылдакова Гүлжан эжей, классташтарым Жолбунова Б., Болотбекова П. үчөөбүздү немис тилин окууда жетишкендигибиз жана ар кандай проектилерди жазууда активдүү катышкандыгыбыз үчүн Германиянын Бремен шаарына жолдомо алышты деп жарыяланды. Бул мен үчүн жаңылык болгондуктан, аябай кубандым. Германияга биз 27-июнда самолет менен учуп жөнөдүк. Бул менин чет мамлекетке биринчи жолку чыгышым болгондуктан, мага бардык туугандарым жана тааныш адамдарым өз баталарын берип, үй-бүлөм мени аэропорттон узатышты.
Үчөөбүз менен кошо Чүй областындагы Рот-Фронт айлынан 3 кыз, Токмок шаарынан 1 кыз, Талас шаарынан 5 кыз жана эки мугалим жооптуу болуп барышты.
Биз 28-июнда түшкө жакын Санкт-Петербург шаары аркылуу Германиядагы Ганновер шаарына жеттик. Андан ары поездге отуруп алып, Бремен шаарына умтулдук. Германияда башка бардык нерселер сыяктуу эле, поезддер ар дайым белгиленген жерге же аялдамага саналган секундаларга чейин өз убагында келет экен. Ошентип, биз Бременге да жеттик. Бременге жетерибиз менен эле мен тазалыкты, эң жогорку цивилизацияны жана илгертен бери сакталып келген архитектуралык маданиятты байкадым. Андан соң бизди Бремендеги "Оберфиланд" гимназиясынын 7-с классынын окуучулары жана алардын класс жетекчиси Франц Двертман тосуп алды. Франц Двертман мурун Германиянын Кыргызстанда немис тилин окутуп, аны өнүктүрүү борборунун башкы координатору болчу. Алар менен жолугуп, таанышкан соң, биз шаар менен таанышып, чексиз рахат алып, кечинде атайын жаштар үчүн мейманканага барып түнөдүк. Биздин саякатыбыздын башкы максаты - "Кыргызстандык немистер" жөнүндө проектти жазуу болгондуктан, эртеси күнү эле жазып баштадык. Жаштар үчүн мейманканада үч күн жашаган соң, бизди баягы немис окуучулардын үйлөрүнө бөлүштү. Алардыкында саякатыбыздын аягына чейин жашадык. Мен Бастиан Брандхорст деген баланын үйүндө болдум. Анын ата-энеси аябай жакшы адамдар экен. Бастиандын бир эле Фабиан аттуу агасы бар экен. Фабианга да мага окшогон бир австралиялык бала келген эле. Үйдө үч башка тилдүүлөр болгондугуна карабастан, биз бири-бирибизди жакшы түшүнүп жаттык.
Саякат учурунда биз Детмольд, Гамбург шаарларын жана Түндүк деңизин көрдүк. Ошентип, 10-июль күнү кайра мекенибизге кайтуу мезгили да келип калды. Бизди немис туугандар вокзалга чейин узатышты.

Дөөлөтбеков Азат,
11-классынын окуучусу.
Даярдаган: А.Алибеков.