№07, 05.03.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Окуялар, фактылар

Студенттерге Словак Республикасынан билим алуусуна жол ачылды
2008-окуу жылында эки кыргыз студенти Словак Республикасындагы жогорку окуу жайлардан акысыз билим ала алышат. Бул туурасында 28-февралда Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашев менен Словак Республикасынын Кыргызстандагы жана Казакстандагы толук ыйгарым элчиси Душан Подгорскийдин жолугушуусу учурунда белгилүү болду.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын билдирген маалыматына таянсак, жолугушууда орто жана жогорку билим берүү, адистерди даярдоо, илим жана инновациялык ишмердиктин тегерегиндеги маселелерди талкуулап, эки мамлекеттин билим берүү системасы тууралуу маалымат алмашты.
Словак Республикасында жалпы 27 жогорку окуу жайы бар. Билим берүү үч деңгээлде - бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча жүргүзүлөт.
Элчи КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында окуган мамлекеттик кызматкерлерге менеджмент боюнча акысыз лекция окуп берүүгө даяр экендигин билдирди. Белгилеп кетүүчү жагдай, учурда бул элчи Астанадагы үч жогорку окуу жайда лекция окуйт. Андан сырткары элчинин демилгеси менен Кыргыз медициналык академиянын ректору Д.Адамбеков менен медициналык билим берүү жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу максатында жолугушуу уюштурду.
Ч.К., "Кутбилим".




Заманбап билим берүү программасы ачылды
Жакында Ж.Баласагын атындагы КУУда информатика жана социалдык илимдер боюнча магистрдик даярдоо программасынын ачылыш салтанаты болуп өттү.
Бул программа боюнча аталган окуу жай - 2006-жылдан бери Темпус Евросоюз комиссиясынын колдоосу менен иштеп келет. Долбоордун негизинде европалык билим берүү системасынын кредиттик технологияларын эске алуу менен окуу планы, курстардын окуу программасы түзүлгөн. Окутуучулардын дистанттык формада билим алуусу үчүн окуу китептеринин комплекстери, электрондук билим берүү платформасы иштелип чыккан жана интернетке чыгууга кенен шарттар түзүлгөн. Долбоордун негизинде окуу жай үчүн компьютердик класс ачууга, кошумча техникалык каражаттарды алууга жардам беришкен. 2007-жылы бул программа боюнча студенттер кабыл алынган. Азыркы учурда алар заманбап техникалары менен дүйнөлүк билим берүү стандарттары боюнча билим алышууда.
А. Султанова.




Америка чакырат
Жакында Билим берүү жана илим министрлигинде АКШ элчилигинин өкүлдөрү Гүлжан Толбаева жана Жылдыз Бекбалаева жаш окумуштуулар менен жолугушуп, Америкадагы билим берүү программалары тууралуу маек куруп беришти. Жаш илимпоздор кеңешинин жетекчиси Мамбетакунов Улан айткандай, мында АКШ элчилиги тарабынан уюштурулуучу стажировкалар жөнүндө кеңири маалымат берилди.
"Мисалы, Эдмунд Маски стипендиялары, жаңыдан иштей баштаган окутуучулар үчүн Хуберт Хамфри, Уильям Фулбрайт программалары, Америка таануу боюнча кыска мөөнөттүү жайкы курстар тууралуу абдан пайдалуу кеңештерди уктук. АКШ элчилигинин маалымат борбору абдан зор иштерди жүргүзүп жатыптыр. Бул жерде мезгилдүү басма сөз каражаттарын, электрондук журналдарды таап окуу, Америкадагы ар кайсы университеттердин лекциялык курстары менен акысыз таанышуу боюнча кеңеш берип, көмөк көрсөтүшөт экен", - деди ал.

Ж.Турдубаев.




"Кыргыз эл музыкасы" кыргыз тилинде
Кыргыз эл музыкасы дагы бир чоң окуу китеп менен толукталды.
20-февралда профессор Камчыбек Дүйшалиевдин "Кыргыз эл музыкасы" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Профессор бул китебинде кыргыз элинин фольклору, салттык музыкаларынын өнүгүү жолун изилдөө менен бирге, манасчылар, төкмө акындар, ырчылардын таанымал өкүлдөрүнүн чыгармачылыктарын камтыган жана кыргыз аспаптарына мүнөздөмө берген. Бул китеп музыканттарга жана музыка мугалимдерине табылгыс байлык. Андан сырткары окуу куралда музыканын атайын шарттуу белгилери, адабияттар, ноталык мисалдар жана таблицалар камтылган.
Асел Султанова




Англис тилин үйрөтөбүз
Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги жана "Форум" англис тил мугалимдер ассоциациясы "English Access Microscholarship Program" программасын тартуулайт. Бул программанын максаты - социалдык абалы кыйын үй-бүлөлөрдүн 14-16 жаштагы балдарын 2008-2009-окуу жылында англис тилинен кошумча сабактарга катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Программага 60 окуучу сынак жана интервью аркылуу тандалып алынат. Англис тили сабактарын тажрыйбалуу мугалимдер жаңы ыкмаларды жана заманбап окуу материалдарын (китеп, аудио, видео) пайдалануу менен өткөрүшөт. Сабак убагында балдар сынчыл ой жүгүртүү жана лидерлик көндүмдөрүн ээ болушат.
Программа Чүй облусунун Кант шаарындагы Америка ордосунда жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык балдар китепканасында жүргүзүлөт. 2007-жылдын декабрь айында бул шаарларда англис тили мугалимдеринин арасында сынак жарыяланып, 8 мугалим тандалып алынган.
28-февралдан 1-мартка чейин Бишкек шаарында "Форум" ассоциациясы тарабынан бул мугалимдер үчүн тренинг өткөрүлөт. Келечекте ассоциациянын тренерлери мугалимдерге кеңеш берип, долбоор боюнча мониторинг өткөрүшөт. Программанын эң мыкты мугалими 2008-жылдын жай айларында АКШда 3 жумалык тренингге катыша алат.
Жайында балдар үчүн лагерь уюштурулат. Мында балдар англисче сүйлөөгө машыгып, өз ара жана АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен баарлашат. Программаны ийгиликтүү аяктаган окуучуларга АКШ элчилигинин сертификаттары берилет.
Программага байланыштуу чыгымдар АКШ Мамлекеттик Департаменти тарабынан каржыланат.

Ж.Турдубаев




Финляндия менен тажрыйба алмашабыз
Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова 23-29-февралда 15 жаштагы балдардын билим деңгээлин изилдеген PISA изилдөөсүнөн биринчи орунду алган финдердин тажрыйбасын изилдөө максатында Финляндияда болуп келди.
Ал жактан министр финдердин педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуудагы, жалпы билим берүүчү мектептердин, мугалимдерди даярдоочу жана билим берүү мекемелериндеги профсоюздардын иш тажрыйбалары менен таанышып кайтты. Бул туурасында кенен маалыматты кийинки сандарыбыздан окуйсуздар.
Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".




Алдыңкы тажрыйба - жалпыга
Чеберчиликтин чеги жок
Бишкек шаарындагы №72 орто мектебинин башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы, Адеп сабагынын мугалими Жыргал Ысманованы шаардык кесиптештери заман агымына жараша изденип иштеген кыраакы, чаалыкпас, ишке баш оту менен кирген педагог катары таанышат.
Жакында "Адеп" сабагы боюнча өткөн шаардык семинарда Ж.Ысманова "Чыгармачылык - бул өмүр" деген отчеттук сабагын берди.
Чыгармачыл мугалим семинардын катышуучуларына эки сабактан фрагмент көрсөттү. Эки сабагы тең адептик-ыймандык нарк-насилди камтыган көрсөтмөлүү, жандуу сабак болду. Анын сабагына катышкан мугалимдер Ысманова Жыргал эженин чыгармачылык эмгегин эске алып, "Эл мугалими" деген наамга татыктуу экенин белгилешти.
- "Чеберчиликтин чеги жок" демекчи, Жыргалдын колунан жаралган көркөм, кооз көрсөтмө куралдар, папкалар, буклеттердин көптүгүнөн көз адашат. Ушунча көрсөтмөлүүлүктүн өзү мугалимдин чыгармачыл изденүүсүн дагы тастыктап турат. Дагы бир бурчка башка авторлор менен биргелешип жазган окуу китептер коюлган. Алардын саны 11-12ге жетет.
- Бүгүнкү ачык сабактан кийин мугалимдин жогорку баага татыктуу экенин көрдүк. Мамлекет тарабынан Ж.Ысманованын эмгеги бааланат деген үмүттөбүз, - дейт №69 гимназиянын адеп сабагынын мугалими Жумагүл Ширимкулова.
Ал эми келечек муун үчүн өз өмүрүн, ден соолугун, убакытын аябаган эже ар дайым жаркылдап "Балдарыбыз адептүү, ыймандуу болсо, мындан өткөн жыргал, бакыт жок", - дейт.

Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим".




l Китеп текчеңизге
Адеп сабагы үчүн окуу куралдары чыкты
Жакында Улуттук компьютердик гимназиянын директору Элнура Музаева, изилдөөчү жана окумуштуу Бирлик Солтонбеков, И.Арабаев атындагы КМУнун улук усулчусу А.Турдубекова биргелешип жазган "Кыргыздын үрп-адаттары жана каада салттары" жана Б.Солтонбеков, Э.Музаеванын "Адеп сабагы боюнча рефераттык материалдар" аттуу эки китеп жарыкка чыкты. Китептер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген.

Биринчисине кыргыздын каада-салттары, үрп-адаттары, жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү туурасында кеңири маалыматтар камтылган сабактардын иштелмелери кирген. Мында сабактар мугалим кошумча маалымат издеп убара болбогудай, даяр формада түзүлгөнү менен өзгөчөлөнөт.
Экинчи рефераттар боюнча китеп да орто, гимназия мектептердин, атайын орто, колледждердин, лицейлердин, ЖОЖдордун мугалимдери жана окуучулары үчүн арналып, кыргыздын улуу 4 инсанынын өрнөктүү өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө баяндалып, кыскача түшүндүрмөлөр да берилген. Адеп сабагы үчүн мындай рефераттык жыйнакты кыргызча басылган алгачкы тажрыйба катары бааласак болот дейт авторлор. Адамды абийирдүү, боорукер, ыймандуу адам болууга чакырган, руxий баалуулугу бийик бул китептерди сатып алгысы келгендер төмөнкү дарек менен байланышса болот.
Тел: 28-46-97 иш; 51-54-55 үй; 49-50-90 үй; 0772024240 (уюл.).










а ­е¦Є.НҐй«