Кыргыздын дүйнөсү
Кылымдарды карыткан акылдар
Жакшы киши ачык сүйлөйт,
Сөз тамырын казып сүйлөйт.
Жаман киши сасык сүйлөйт,
Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
Амалкөй былык сүйлөйт,
Адептүү сылык сүлөйт.

Улама менен бир жүрсөң,
Сөз кадырын билесиң.
Жакшы менен бир жүрсөң,
Эл кадырын билесиң.

Жакшылыкка жакшылык - ар кишинин ишидир,
Жакшылыкка жамандык - көр кишинин ишидир.
Жамандыкка жакшылык - эр кишинин ишидир,
Жамандыкка жамандык - кем кишинин ишидир.

Түркөйлүктүн адаты:
Сыналбаган адамга ишенүүсү;
Дос-душманды ажырата билбөөсү;
Сырын ар кимге айта берүүсү;
Акылсыз, наадандардын кеңешине кулак салуусу;
Беймаани сөздөрдү көп сүйлөөсү;
Ылайык келбеген адамдарга жардамдашуусу.

Аргымак күлүк ойнотуп
Мингениңе мас болбо.
Алтын жака, асыл тон
Кийгениңе мас болбо.
Акыл бар деп көп сөздү
Билгениңе мас болбо.

Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден.
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгөн пендеден.
Талантка таамай сын берер,
Тараза болот эл деген.

Үч асыл мүнөз:
Чынчыл болсоң кол жетпес,
Бийик өскөн чынарсың.
Адам болсоң айныбай,
Турмушуңа кумарсың.
Адил болсоң калкыңа,
Калыс бийлик кыларсың.
Тогуз жоо:
Биринчи жооң - жалкоолук
Кайнатуучу шоруңду.
Андан кийин аңкоолук
Агызат бир күн каныңды.
Жатып алсаң ууру алат,
Короодогу малыңды.
Жалаттырбас жашыктык
Оозуңдагы балыңды.
Жалган айтсаң жалпактап,
Жоготконуң арыңды.
Сөз ташысаң ушактап,
Кыйнаганың жаныңды.
Төшүңдү каксаң мактанып,
Кетиргениң баркыңды.
Көрүнгөнгө бүгүлсөң,
Боло албайсың жагымдуу
Алдаган менен бирөөнү
Ача албайсың багыңды.

Эр-жигит казатта сыналат,
Дыйкан үрөн сээп, жыйнап-оруп алуудан сыналат.
Дөөлөттүү берешендикте сыналат,
Тууган-урук бактысыздык башка келгенде сыналат.
Дос-тамырлар иш түшкөндө сыналат,
Өкүмдар каарына келгенде сыналат.

Кара жерге кар жааса,
Карды көрмөк бир мурат.
Кара жерден кар кетсе,
Жазды көрмөк бир мурат.
Кемчилигиңди айткан адамды жаман көрбө. Ал - жуккан көөнү сүрткөн күзгү болот.

Сүйлөсөң, жүрөктөн сүйлө. Болбосо, жүрөктү кор кылба.

Өзүңдү көргүң келсе, касыңдын көзү менен кара.

Рух дүйнөсү бай адам - улгайган сайын көрөгөч. Байлык менен жашаган, дүнүйө-мүлк менен алек болгон адам - аң-сезими пас адам.

Карылыкка жетип, касиетке жетпеген жаман.

Адамдын денеси - тамакка, жарыкка, жылуулукка, эс алууга муктаж.
Адамдын жаны - пейилге, ыйманга, ынсапка, адепке, эргүүгө, сүйүүгө, Кудайга муктаж.

Ар кимдин өмүрлүк досу - сабыр,
Ар кимдин өмүрлүк душманы - ачуу.

Жаман киши ичкен-жегенин айтат,
Жакшы киши уккан-көргөнүн айтат.

Калп менен жыргап өткөнчө,
Чындык менен азап чек.
Азапка чыдасаң - жашоону үйрөнөсүң.

Ийгилик жүрөк аркылуу келет, анын башкы сыры - берешендикте.
Кырсык эки көз аркылуу келет, анын башкы сыры - ач көздүктө.

Акылдууга акыл айтсаң, алкыш аласың,
Акылсызга акыл айтсаң, шылдыңга каласың.

Бармактай алтының болгончо,
Тырмактай акылың болсун.
"Кыргыздар" томдугунан






Балдарга баталар
Жентекке бата
Бала төрөлгөндөн кийин ата-эне наристенин кубанычы катары эки-үч аптадан кийин жентек берет. Жентек негизинен сактап жүргөн карындагы сары майды бузуп, боорсок, тамак-аш жасап, тойчук иретинде айлындагылардан бата алууну максат кылган. Улуттук наркты сактап, жентекке баргандар кийим-кече, акча же буюм ала келишет. Кээ бир жакындар наристеге мал ыроолойт. Үй ээлери да келгендерди ыраазы кылып узатышат. Баланын жентегин жеш бир маанилүү иш болуп, "Жентегиңди жегемин, жентегимди жедиң беле" дегенге окшош сөз айкаштары калыптанган. Жентектин мазмуну - балага өмүр, ырыскы-жакшылыктарды каалоо, тилөө болуп саналат.
Ага-тууган чогулуп келдиң,
Наристе бөбөккө бата бердиң.
Алтын башы аман болсун,
Ар балаадан алыс болсун.
Бак-дөөлөтү тоодой болсун,
Алтын сандыкка жык толсун.
Байтеректей бийик болсун,
Жоолошконго коргон болсун.
Жол баштаган көсөм болсун,
Үшүгөнгө күн болсун.
Душманына кылыч болсун,
Доско жумшак, касына катуу болсун,
Чыккан күндөй жарык болсун.
Баскан жери аян болсун,
Арстандай аяр болсун.
Жолуна куту даяр болсун,
Кыдыр ата колдосун.
Оомийин!

О Жаратканым!
Бөбөк жанга ыйман бергин,
Ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк болсун.
Ымыркай ырыстуу болсун.
Кесепеттүүнүн сөзүнөн,
Ичи тардын көзүнөн сакта.
Жакшыга жанаштыр,
Жамандан адаштыр.
Ата-энеге кайрымдуу,
Эл ичинде сөзгө алымдуу кыл.
Өмүрү узун болсун,
Өрүшү кенен болсун!
Кудайым тилекти берсин.
Оомийин!

Киндик кесүү батасы
Кыргызда "Жетемди эмес, жерден алганымды тартам" деген сөздөн улам, бала төрөлгөндө киндигин кесип ороп алганды өтө кастарлуу иш катары көргөнүн билебиз. Киндик эне биринчилерден болуп "сүйүнчүлөөчү" болот. Ата-энесинен сүйүнчү алат. Ким киндигин кессе, ал ошол бөбөктүн "киндик энеси" аталат да, баланын өмүр бою урматтаар, айта жүрөр энеси болот.
Киндикти кесүү баланын кийинки кайрат мүнөзүнүн кандай болушун белгилейт деген түшүнүк боюнча, кыргыздар киндик кесүүчү адамды ичи ак, сырты кайраттуулардан тандаган. Киндик кесе турган аспап да катуу, сүрдүү болгон. Илгерки кыргыздар балдардын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, анын суугундай кайраттуу болуусун ырымдаган, ак бата айтып кескен. Сөз касиети баланын киндик каны менен бирге денесине кирип, батада айтылган ак сөздөрдөгүдөй адам болуусун көксөгөн. Батаны киндик кескен адам же жанындагы төрөтүүчү киндик кесилер алдында айтып, анан киндик кескен.
Быссымылда, менин колум эмес,
Батма, Зууранын колу.
Улуунун жанын берсин,
Жакшынын башын берсин.
Манастай билектүү бол,
Каныкейдей тилектүү бол.
Алмамбеттей улуу бол,
Аруукедей сулуу бол.
Билектүүдөн күчтүү бол,
Жалтырактан түстүү бол.
Аталуудан улуу бол,
Акылдуудан нарктуу бол,
Энелүүдөн эрктүү бол.
Кызыл тилден таңдайлуу бол,
Ырыскыдан маңдайлуу бол.
Оомийин!

Ат коюу батасы
Бала жерге түшүшү менен жар салып сүйүнчүлөп атын коюу кыргыз салтында калыптанган. Азан чакырып ат койгон адам батасын кошо айткан.
Кудайым адам берди,
Ааламга адам келди,
Арыштаар кадам келди,
Кең пейилге перзент берди,
Айыл-калаа сүйүнчү!
Касиети бассын жерди,
Берекеси баксын элди,
Көлөкөсү тапсын шерди.
Азан айтып, атын коем,
Теңир берген затын коем.
Уул болсо жоодон сактаар,
Эне эмизген сүтүн актаар.
Атаандашпай малын багаар,
Жерин айдап, нанын табаар.
Атасынын мээнети кайтаар,
Алдына дулдул тартаар.
Кыз болсо кырк жылкы,
Кийиз жасап үйүн жабаар,
Энесинин ишин алаар,
Гүлдөй гүлдөп сайма саяр.
Уул бекен, кыз бекен,
Ким болду экен?
Уул экен, уул экен!
Ааламга адам келди,
Айыл, калаа сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди,
Ким дейбиз атын?
Көрүнчү бачым,
Анакей отун келди!
Эмесе атын коем:
Отун алып баксын элди,
Жарыя айтам - Отунчу!
Айыл, калаа сүйүнчү!
Оо, Отунчу, Отунчу!
Аты болду Отунчу!
Калк сабына кошулчу!
Оомийин!