Даңкы өчпөс баатырлар
"Кыргыздын түштүк аймагынан чыккан кыраан - Кубат бий"

Шамалбек АКЫЛБЕК уулу

Кубалап ишти көп кылган
Кучак жайып эл жыйган
Манас болгон кыргызда
Жомокто калып баяны
Жоголуп кетти далайы, - деп "Негиз" китебинде жазылгандай, көпчүлүк учурда баатырларыбыздын жасаган эрдиктери жомокко айланып, эл оозунда айтылып калса, кээ бир баатырлардын эрдиктери ар кандай саясый себептер менен же баскынчы бийликтин таасири менен эл арасында көп айтылбай, бааланбай калган. Мына ошондой көп айтылбай-бааланбай калган баатырлардын бири - Түштүктөн чыккан белдүү инсан Кубат бий же хан Кубатбек болгон.

Өз тарыхын билбеген эл келечекке жол чаппайт же тамырыңды таанып, тамырдан азык ал деген элдик накыл сөздөрдүн тереңдиги иликтеген сайын таасирлентпей койбойт экен.
Канчалык тереңдеп өз элиңдин тарыхын, салтын, рухий байлыктарын иликтеген сайын улуттун улуулугун таанып-билип, сыймыктанып, күч-кубатка толот экенсиң. Анткени кыргыз эли канчалык согушту башынан өткөрүп, кырылып, талкаланып басылса да, кайрадан көбөйүп, биригип, баскынчылары өз жеринен кууп чыгышкан. Ошондон улам "кырылган сайын күчөгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн" деген сөз калбаса керек. Ар бир мезгилде учуруна жараша кыргыз элинин эгемендүүлүгү үчүн өзүнүн каны-жанын аябай тарыхта из калтыргын баатыр эл башы, кол башылар чыгып тургандыгын тарыхыбыз тастыктап турат.
Кубат бийге окшогон элдик баатырлардын чыгышы жөнүндө "Негиз" китебинде мындай деп айтылат:
Кызыгып адам суктанган
Кызматын элге эр кылган
Эрлери болгон элдерде
Эгемендүү күн болгон
Эрдиктери көп болгон
Эскирбес калкта салт болгон
Эрлери жок элдерде
Көз каранды күн болгон
Өз салты баары жоголуп
Күнкорлуу элде жут болгон
Биримдик болсо элиңде
Эрлер чыгат тез эле
Ошондуктан бөлүнбө
Жашоо салтын бузбастан
Кубат топто күнүгө, - деп.
Канчалык көптөгөн күчтүү элдер жоголуп кеткени тарыхта маалым. Ал эми кыргыз элинин эгемендүү болуп сакталып калышы бул жараткандын колдоосу экени талашсыз. Ошондуктан улуу Кудай жагдайга жараша Кубат бийге окшогон эрлерди кыргыз элине берип турат. Убагында Айкөл Манас атабыздын жанында акылман Бакай, касиеттүү Кошой, Алманбет, Сыргак, Чубакка окшогон чоролор болсо, Кубат бийдин тушунда Эр Солтоной, Атаке баатыр, Бердике баатырга окшогон кыраандар болгон.
Эгер тарыхый булактарга жана элдик санжыраларга таянсак, Кубат бий болжол менен 1710-1770-жылдары жашаган. Кубат бийдин атасы Калча баатыр Фергана өрөөнүндөгү кушчу, мундуз урууларынын башчысы жана таасирлүү адамдардын бири болгон. Кубат жаш кезинен эле тың чыгып, кыргыз элинин намысын коргогон акылдуу, калыс адам катары элдин арасында кадыр-баркка ээ боло баштайт. Мындай сапаттарынан улам 18 жашар Кубатты сол урууларынын курултайында атасынын ордуна бий шайлашат жана ал андижандык кыргыздардын жалпы башчысы болуп калат.
Бий болуп шайланары менен, Кубат бий өз алдынча аскер курап, жоокердик өнөрдү үйрөнө баштайт. Анткени ал убакта бир жагынан калмактар кысым көрсөтсө, экинчи жагынан Кокон ордосу кооптонто баштайт. Сөзү орундуу, өзү өрттөй жанган чечкиндүү Кубат бий Кокон ордосу менен да, Букар эмири менен да, Кашкар бийлиги менен да тил табышып, Фергана кыргыздарынын жайыт, чек ара сыяктуу көйгөйлүү маселелерин калыс чечип, элдин купулуна толуп турган. Ошол мезгилде, 1740-жылдары кыргыз уруулары мекендеген Кашкар, Үч-Турпанды башкарган жунгар хандыгы Ташкен бийлигин басып алыш үчүн аскер жөнөтөт. Ал калмак аскерлери Ташкенди курчоого алып, Кокондун чет жакасында жашаган элдерге кордук көргөзүп, тоноп, жашоо бербей башташат. Ошондо эр жүрөк Кубат бий аскер курап, калмактар менен салгылашып, кандуу согушта жеңишке жетишет да, кол башчы катары таанылат. Бул согуштан кийин Кокон ордосунун бий Эрдана Кубат бий менен келишим түзүп, өзүнүн коопсуздугун бекемдейт.
1754-жылы Кашкар, Жаркентте жашаган элдер калмактардын эзүүсүнө чыдабай каршылык кылып, Кубат бийден жардам сурашат. Алдыны көрө билген акылман Кубат бий Кашкарды калмактардан бошотуу үчүн жана бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калмактарды алыстатуу максатында Ферганадан кошуун курап, жортуулга аттанат.
Ошентип, Кашкар, Жаркенттеги кандуу согушта Кубат бий өзүн аскер ишин мыкты билген кол башчы катары көрсөтүп, жунгардын 40 миң аскерин талкалайт.
Чыгыш Түркстандагы мындай даңазалуу эрдиктери үчүн Кубат бийди Кашкардын акими кылып шайлашат жана анын урматына Кызыл-Ой деген жерге бийик мунара тургузушат.
Ошентип Кубат бий Кашкардын да, андижандык кыргыздардын да башчысы болуп калат. Ошол кезде Ош, Алай тараптагы оң канат кыргыз урууларынын башчысы Ажы бий менен дагы өтө жакын болуп мамиле түзүп, кыргыздардын биримдигин бекемдейт.
1759-жылдары Кытай аскерлери Чыгыш Түркстандагы калмактарды кырып, калган калмактарды кууп келдик деген шылтоо менен Алай аймагына кирип келишет. Мына ошондо Кубат бий баштаган кыргыздардын бириккен кошууну кытайларды талкалап, жерибизди алардан бошотушат да, мындай эрдиктерден кийин кыргыз элинин ичиндеги Кубат бийдин зоболосу дагы да бийик көтөрүлөт. Ал эми кашкардык кыргыздар Кубат бийди эр жүрөк, калыс, мекенчил кол башчы катары баалап аны кандыкка көтөрүшөт. Ошондон кийин ферганалык кыргыздар да аны кан Кубатбек жана андижандык кыргыздардын падышасы деп аташкан.
Бирок, Кокон ордосунда, ордо иштерин чечүүдө Кубат бийдин орду өтө зор болгондуктан, ордо башчысы Эрдана бий терс ойлор менен түйшөлүп, Кубат бийдин көзүн тазалоону самай баштайт. Бир кездерде Кубат бийдин жардамы менен өзүнүн саясый бийлигин чыңдап алган Эрдана бий ошентип арам ойлуу ишин ашырыш үчүн жана мындан ары жеке бийлигин өз билгениндей жүргүзүү үчүн алдоо жолун колдонуп Кубат бийди өлтүртөт.
Кыргыз элинин эркиндиги үчүн, жерибиздин бүтүндүгү үчүн кан кечип жанын аябай кызмат кылган Кубат бийдин өлүмү жалпы кыргыз журту үчүн өтө оор жоготуу болгон. Өзүнүн жеке кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан бийик койгон, ичи тар, акылы пас Эрдана бийдин кадыр-баркы ошондон кийин жоголуп, Кубат бийдин баатырдык сапаты терең урматталып, эл арасында:
Кубатбек өлдү, кут өлдү
Кушчу, мундуз журт өлдү
Саруу, кытай дагы өлдү
Атпай кыргыз журту өлдү
Түндө чыкчу ай өлдү
Күндүз чыкчу күн өлдү, - деген армандуу ыр сыздоо менен айтылып калган. Бул ыр саптардын маани-маңызы жөнүндө "Тууралык" китебинде мындай деп так көрсөтүлөт:
Улуттун улуулугун билгиң келсе
Улуттун баалуулугун билгиң келсе
Акындын ырын кара, сөзүн кара
Аныктап баалуулугун терип кара.
Сөздөн сен багыт алып, баасын кара
Улуттун тереңдигин сезгиң келсе
Улуттун ак кызматын билгиң келсе
Сен кара жашоо шартын, ырымдарын
Салтында катып жаткан сырды тааны
Салтында берип жаткан сыйды тааны
Салтында катып койгон ойду тааны.
Элибизде: "Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт", "Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун" дегендей, убагында ар кандай саясый себептер менен коомчулук тарабынан бааланбай калган Кубат бийдин эмгеги азыркы муундар тарабынан бааланып, көтөрүлүп чыгууда. Айтып кетсек, баатырдын тарыхын иликтеген жазуучу Кушан Исан 2010-жылы июнь айында Кытайдагы кызыл-суулук туугандарда болуп, баардык айылдарды кыдырып, Кубат бий, Алдаярбек баатырлардын түздөн-түз урпактарынан көптөгөн баяндарды жазып алган. Ал айтылуу манасчы Жусуп Мамайдын энеси Кубат бийдин урпагы экендигин жана Кубат бий жөнүндөгү башка көп маалыматтарды улуу манасчынын өзүнөн алган. Ал эми Кубат бийдин туусу жана мөөрү бүгүнкү күндө Өзбекстандагы Анжиян облусунун Пахта-Абад районундагы Миян айылында жашап жаткан Мамрасул Максым уулунун колунда экендиги такталып, ал мурастарды Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Кубат бийге арналган эң биринчи айкели-бюсту 1998-жылы Иманбек Жумалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Талас шаарынын сейил багына коюлуп, 2013-жылы болсо Сасыкбай Турдумалиев аркылуу Таластын Кара-Ой айылына куш кармаган айкели орнотулган.
Макаламдын соңунда баса белгилеп айта кетээрим, өзү туулуп-өскөн Түштүк жергесинде дагы баатырды эскерген чоң иш-чаралар жасалып, баатырдын эрдиктери элге айтылып-таанылып, анын татыктуу айкелдери тургузулат деп ишенем.

P.S.: Бул макаланы жазууда "Токтогул шамы", (24.10.13.), "Көк асаба" (12.11.14.) гезиттериндеги тарыхый макалалардан жана "Тууралык", "Негиз" китептеринен маалыматтар пайдаланылды.