Мыкты үй-бүлө, күчтүү тукум кайдан чыгат?
Кыргыз философия илиминин, аюрвед илиминин доктору, дарыгер Жолдошбек СУЛТАНОВ сырт жерде 20 жылга жакын убакыт жашап, ар элдин, ар диндин, ар аймактын өзгөчөлүгүн, жашоосун, ички-сырткы дүйнөсүн таанып келгенден кийин, азыркы учурда Кыргызстанга биротоло отурукташып, кыргыз элинин өзүн-өзү таануусуна салымын кошуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында, жеке жана коомдук жолугушууларда өз тажрыйбасын, баамын, билген билимин жана илимин эл менен бөлүшүүдө.

- Жолдошбек агай, адам баласынын жашоо-турмушундагы көп маселелердин бири катары үй-бүлөдөгү ынтымак, түшүнүүчүлүк, эки адамдын шайкештик мамилеси тууралуу билимге азыркы учурда көпчүлүк эл муктаж. Уул-кызынын келечегин ойлогон ар бир ата-эне бул маселе менен түйшөлөт эмеспи. Ошондуктан, бүгүнкү маегибизди үй-бүлө темасына арнап, окурмандарыбызга маек куруп берсеңиз.
- Ооба, үй-бүлө куруунун өзөгүн аңдабай, терең карабай, сырткы жактыруу, сырткы эсептешүү менен гана чектелип калды көпчүлүгү. Дүйнөнү дүңгүрөтчүдөй той өткөрүп, көчөдө кымбат баалуу унаалар менен кыйкыра-өкүрө ары-бери зуулдап сейилдешип, акчанын баарын ойноп-күлгөнгө, тамакты дүпүйтө ичип-жегенге коротуп коюшуп, анан эле жарым жыл, бир-эки жылда ажырашып кеткендер жок эмес. Мунун баары жашоо-турмушту тааныбагандыктан, жашоонун билимин билбегендиктен болуп олтурат. Чындыгында, эки адамдын бактылуу жашоосу алардын кайсы жылдыздын алдында, кайсы күндө, кайсы айда төрөлгөнүнө жараша экенин, жылдыздарынын келишер-келишпесине карата болорун эске алуу керек. Мисалы, адам баласынын 34 жылдызы болот. Жакшы турмуш куруу үчүн эркек менен аялдын ошол жылдыздарынын жок дегенде 60-70%ы бири-бирине дал келиши керек. Ошондо 24-27 жылдызга чейин бап келсе, бири-бири менен түшүнүүдө жашап кетсе болот. Ал эми 27-34 жылдызы туура келишкендер - булар бактылуулар. Жылдызы келишкен адамдар сөзсүз шайкештикте (гармонияда) жашашат.
Жар тандоодо азыркыдай жөн эле күйдүм-сүйдүм деген жалган боёк менен баш кошо беришсе, адамдар эч качан бактылуу болушпайт, алардан күчтүү тукум да туулбайт. Азыр эмне, өңү-түсүн, кийим-кечесин, үй-мүлкүн, байлыгын карап туруп эле сүйүп калып жатышпайбы. Телевизордон ырдаган ырчыларды карап турсаңыз, адамды тартып алчу ырлары жок, ырларынын жылдызы жок. Клиптеринде оту, суусу, шамалы, тоосу жок, анан эле "сүйдүм-күйдүм" деп сыздап какшана беришет, ушул кантип ыр болсун. Бул деген деградация, башкача айтканда артка кетүү. Кыргыздар сүйүү жөнүндө ырдаганда тоолорду, сууларды кошуп суктана ырдашкан, арзыганын аларга салыштырышкан. Алардын жан дүйнөсүндөгү түгөйүнө болгон сүйүүсү табият менен кошо жуурулушуп кетчү. Мисалы, Муса Баетовдун ырын алсак:
Арпанын Ала-Тоосунан,
Аркарын атсам зоосунан.
Ардактуу шумкар экен деп,
Алсам дейм куштун боосунан, - деп салыштыруу менен ырдап келип, анан:
…Асылкеч сендей келиндин,
Айлантып өпсөм оозунан, - деген сыяктуу саптар менен арзыганына кайрылышчу.
Негизи эле кыргыз эли бүт баарын жаратылыш менен байланыштырган жана табияттын улуулугуна баш ийишкен. Асман, күн, ай, жылдыздардын тогошуусу адамдардын тагдыры менен байланыштуу экенин да билип, баш кошо турган жубайлар бактылуу болуш үчүн кыргыздар бири-бири менен куда болоордон мурда балдарынын төрөлгөн күн-айын, жылдыздарын карашып, алардын жылдызы келишеби, келишпейби деп ошого олуттуу мамиле жасап, андан соң анан куда болууну же болбосту чечишкен.
Үйлөнүү үлпөтүн да каалаган мезгилине кое беришкен эмес. Муну да айга, күнгө, тогошууга карап, кайсы күн жаштардын келечегине жакшы жагынан таасирдүү, маанилүү болорун эсептеп туруп тойду белгилешкен.
- Жылдыздар боюнча алдын ала айта билген атайы адамдарга, сынчыларга да кайрылышкандыр…
- Албетте сынчылар болгон, аларга кайрылышкан. Болочоктогу келини кандай болот, баласы экөөнүн турмуш жолу келишеби, жылдыздары келишеби деп атайын мал союп үйүнө чакырып сындатышкан. Сандар менен иштеген санчылар да ушул эле жагдайларда сан аркылуу сын-сыпаттап, эки жаштын келечеги тууралуу айтып бере алган. Ушулардын баары унутта калып кеткени менен, кудайга шүгүр, мына эми акыркы мезгилдерде мындай касиетти кармангандар да чыгып келатышат…
- Жакшы тукум - бул, өз өмүрүңө жакшы из калтыруу эмеспи. Бул жагынан алганда, жаңы баш кошкон жубайлар алдында кандай милдет турган?
- Үй-бүлөнүн бекем ордун аныкташ үчүн күчтүү тукумдун төрөлүшүнө албетте сөзсүз басым жасалган. Андан барып анан коомдун бекемдиги үчүн кам көрүшкөн кыргыздар. Үй-бүлөдөгү жаш ата-эне каада-салтты билип, баланы түйүлдүктөн, курсакта жатканынан тарта тарбиялап, кандагы касиетти сактоого күчүн, жан дүйнөсүн берген. Ошондо туура бала төрөлгөн. Жакшы тукумга жакшы тарбия берүү орчундуу милдет экенин эстеринен чыгарышкан эмес. Болбосо, кайдан анан кыргыз эли жоокер эли болот эле. Азыркы адамдар да ушул жолду улап, урпактарды оңдоого салымын кошсо, ушул ыйык эрежени карманса, анда кыргыз элинин күч-кубаттуу, акылдуу урпактары жарала баштайт эле, укум-тукумду жакшыртуу деген кыргыздын илими кайра калыбына келмек, Манаска окшогон уул төрөлмөк. Муну менен кыргыз эли жаңыланмак, кайра жаралуу жүрмөк.
- Демек, азыркы учурда кыргыздын тукумун туура нукка салыш үчүн эмне кылуу керек?
- Бул үчүн уул-кыздардын ата-энелери өздөрү туура болуш керек. "Кызга кырк үйдөн тыйуу" дегендей, кызга тээ кичинекей кезинен тартып жакшы, туура тарбия берип, анын ден соолугу таза, акыл-эстүү, чырайлуу, абийирдүү, мээнеткеч болушуна, кыргыздын каада-салтын, бардык мыйзам-ченемдерин билип чоңоюшуна көз салышы зарыл. Ошондо анан турмуш курууга даяр кыз, кайынга даяр келин тарбияланып чыгат. Келин келгенди кыргыздар үйгө кут келди деп билишкен. "Кайнененин камырынан", "кайненин каары" деген түшүнүктөр - кийинки деградация мезгилинде пайда болгон түшүнүктөр. Үйүнө кут кирип жатса, кайнене кантип каардансын. Тескерисинче, жогоруда айтылгандай, куда түшкөн ата-энелер уул-кызынын мүнөздөрүн, шык-жөндөмдөрүн жылдыздар төлгөсү боюнча карап, аларды тааныштырып көңүлдөрүнүн төп болгонун байкагандан кийин үйлөндүрүп атса, анан кантип кайнене келинин өз кызындай кабыл албасын. Кайнене деген мээримин төгүп, өзүндө болгон билимин: куда тосконду, конок тосконду жана башка ырым-жырымдарды, сөөк узатканга чейинки салттардын баарын "керегем сага айтам, келиним сен ук" деген жол менен үйрөткөн. Келин болууга ата-энесинин үйүнөн эле тарбияланган, энеси гана эмес, жеңеси, эжесинин да таалим-тарбиясын көргөн, болочоктогу түгөйүнүн ким экенин, кандай экенин, кайын ата, кайын энеси кандай адамдар экенин билген кыз да азыркы кыздардай болуп алдын ала эле "кайнене" деген сөздү укканда так секирбей, күн мурунтан душман болбой, бир куттуу үйдүн очогун жарык кылыш үчүн кызмат кылган. Бизде эми азыр кайнене болсо эле келинди чакчаңдап башкарат деген түшүнүк калыптанып калбадыбы. Албетте андайлар бар, бул заманыбызда келин кайненеден, кайнене келинден кордук көргөн көрүнүш толуп жатат. Мунун баары, дагы кайталап айтайын, деградация. Чындыгында, байыркы кыргызда эч качан мындай болгон эмес. Менин эле чоң энем менен апамды мисалга алсам болот. Экөө бири-бирине жакын болуп, жылуу мамиледе сырдашып жашашканын өзүм көрүп жүрүп чоңойдум. Кайнене деле, келин деле эне, аялзаты эмеспи. Ал эми ушул "эне" жана "аялзат" деген нерсени терең түшүнгөн, анын асыл сапаттарын дайыма туура карманган аялдар эч качан бири-бирин каарыбайт, үй-бүлөгө зак кетирбейт.
Эркектерибиздин аялдарыбызга болгон мамилесинде болсо, алар өз кызматын билип, арзып алган түгөйүнө периштедей карап, көңүл-жагдайына көз салып камкордугун көргөзгөн. Ал эми кол көтөрүү, суук сөз айтуу салтыбызга каршы келген, эр-жигитке тиешелүү эмес сапат катары кабылданган. Ортодо сый, урмат сакталган. Мына, сүйүү деген ушул. Сүйүүнү кесир кылбаш керек. Менин бир классташ кызым бар эле. Аябай сүйүп-күйүп жанган жигитти чанып, башка бирөөгө турмушка чыгып кеткен эле. Азыр эми күйөөсү жок, жашоосу бактысыз. Бул эмне? Бул - кесирлик. Бул - жарыңды көкүрөктөгү түпкүр сезим менен, акыл-ой менен тандай албастык. "Кара кыздын агынан эмес, багынан" дегендей, бул тарбиядан. Анткени, ал кыздын ата-энеси чоң кызматтарда иштеп жүрүп кызына туура эмес тарбия берип коюшкан, материалдык дүйнөгө, сырткы көрккө гана басым коюшкан. Ата-энесинин турмушта билими жетишсиздигинен кызы бактысыз болуп калды. Алар өз көз карашынын деңгээлине жараша чоң жаңылыштык кетиришкен. Ошондуктан, ата-эне жашоонун билимин, турмуш жолун, каада-салтты, бүт баарын тереңден билиши керек. Азыр кыргыз элине эмне жетишпей жатат? Билим, илим, кайып илими, Манас илими жетишпей жатат. "Манасты" кунт коюп уккулачы, окугулачы, кандай гана улуу таалим-тарбия жатат. Биз "Манас" эпосундагы окуяга эмес, мындагы каада-салт, үрп-адатка кайрылышыбыз керек. Кыргыз өз канын оңоо менен кийинки күчтүү урпактарды күтүп алуу мезгили бышып жетилди.

(Уландысы 7-бетте)