Гүлзат Батырканованы эскерүү
(Кытайлык кыргыздардын көңүл айтуусу)
3-январь күнү саат 20:30дун тегереги болсо керек, маршрутка менен үйгө бараткам. Капыстан Кытайдагы "Тенсынт" кампаниясы тарабынан таратылган (интернет социалдык тармагы) кат келип калды.
Каттын мазмунун көрөр замат мээме туман уюлгуп кеткендей боло түштүм. Кыргыз мамлекетине эмгек сиңирген артист, белгилүү ырчы, "Сармерден" теле долбоорунун мыкты алып баруучусу Гүлзат Батырканова жол кырсыгынан улам каза болгону тууралуу шум кабар мени ушундай абалга калтырды. Кабарды кыргызстандагы сайттардан көрүп, Кытайдагы Wechat, QQ сыяктуу социалдык тармактар таратышыптыр.
Аттиң!.. Кечээ эле кыргыз сахнасында эл көөнүнөн түнөк тапкан бийик таланты, ачык-жарык, шайыр-шатман мүнөзү, кирсиз көңүлү менен көркөм өнөр салаасында белгилүү болуп калган асыл эжеден айрылган экенбиз...
Эртеси бул маалымат Кытайдагы "Көкжал", "Умтул", "Жаныш" интернет булактарына жарыяланды (Кыргызстандагы сайттардан алынып). Аталган сайттардагы форумчулар Гүлзат эженин мезгилсиз кеткенине кайгыргандарын билдиришип, ырчынын көзү тирүүсүндөгү ырларын, маектерин, видеолорун сайтка жүктөп, урматын, сагынычын, кайгысын билдиришти. Маалыматтар аталган сайттарда такай жарыяланып, 24 саат ичинде билдирүү жазган форумчулардын саны демейдеки темалардан алда канча артып, элдин Гүлзат Батыркановадан айрылышы жумалык эң башкы темалардын катарында турду.
Төмөндө кытайлык кыргыздардын www.kokjal.net деген сайтында Гүлзат Батырканованын каза болгонуна байланыштуу көңүл айткан форумчулардын сөздөрүнөн бере кетейин:
"Барчын" аттуу форумчу минтип жазган экен: "Кечөө эле бизге келип, ырдап кетпеди беле? "Таарынып калдым бул ирет" деген ырымды ырдаганда сахнада көрүштүк эле... Аттиң! Кечөө көргөн, бүгүн жок деген ушул экен. Гүлзат өзүнө таандык мүнөз, өзүнө таандык шаңкылдаган үнү бар ырчы, мыкты алып баруучу, ачык, жарык, баардыгы сыртында, сыр сактабаган, түз көңүл, алпейим, ууртуна күлкү үйрүлүп турган ургаачы эле (мен бул суук кабарга ишене албай, өзүмдү кыйнап турдум...) Мына, "Жаш улуу эмес, ажал улуу" болуптур.
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун! Шахра эженин үй-бүлөсүнө, тууган-уруктарына чын ниетимен көңүл айтамын!".
"Арашан" аттуу форумчу мындай деп көңүл айтыптыр: "Ажал каш менен кирпик ортосунда" деген ушул экен. Күтүлбөгөн кырсык кыргыздын бир жаш талант, жакшы кызын арадан алып кетиптир. Шум кабарды окуп оор олтуруп кеттим. "Сармерденге" көрк берип, жаркылдап ырдап, жазылып сүйлөп турчу эмес беле!
Жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун! Апасы Шахра эже, сиңдиси Кыялга кайрат-күч, өмүр берсин!"
Мындай көңүл айтуу, ой толгоолор абдан көп айтылыптыр… Гүлзат Батырканованын ырларын Кыргызстандагы кыргыздар эле эмес, Кытайдагы кыргыздар да өтө жактыруу менен угуп жүргөнүн ушундан билсек болот. Көркөм өнөрдүн таанымал адамдары качан да болсо элдин көөнүндө жашайт тура. Айрыкча Гүлзат эже "Сармерден" теледолбоорунда алып баруучу болгондон бери Кытайдагы 200 миң кыргыздын дээрлик көбү таанып калган эле. Анткени, кытайлык кыргыздарда бул берүү абдан кеңири жайылып, элдин сүймөнчүгүнө айланып, нуртабактарга (дисктерге) көчүрүлгөн "Сармерден" ар бир үйдө жаңырып калган. Аны өмгөктөгөн наристеден тартып, эңкейген карыга чейин көрө турган. Айрым үйлөрдө ыйлаган наристелерге "Сармерден" коюп берип соороткон абалдар да болгон. Эми жактырып көрчү "Сармердендин" мыкты алып баруучусу Гүлзат Батырканованын казасы кытайлык кыргыздарга оор келет го… Сыналгыдан күндө көрүп турган жылдыздуу таланттын өчүшү кимдин болсо да жан дүйнөсүнө бүлүк салды.
Өлүмдөн эч ким качып кутулган эмес. Тирүүлүктө ар убак өлүм бар. Гүлзат Батырканова эженин казасына кайгыруу менен бирге, жалпы эле кытайлык кыргыз боордошторунун атынан анын үй-бүлөсүнө, тууган-уруктарына кайрат айтам. Топурагы торколуу болсун!

Дабыт АБДЫЛБАРЫ уулу,
Бишкек, КУУнун студенти




Кой жылы эмнелер күтүлөт?
Жыл санагында он эки жыл ичиндеги жаныбарлар мүнөздөрүнө жараша экиге бөлүнөт: катуу жана жумшак болуп.
Катуу жаныбарлар: Жолборс, Балык, Жылкы, Ит, Доңуз.
Жумшак жаныбарлар: Чычкан, Уй, Коён, Жылан, Кой, Маймыл, Тоок.
Биздин байыркы кыргыз баба салтындагы жылдыз санак, жыл санак билгилери алдын ала кандай жыл келаткандыгы жөнүндө калкты кабардар кылышып, катуу жылдардагы кыйынчылык-сыноолорго чыдап, жумшак жылдардагы жасаган эмгектин акыбети эки эселеп кайтат деген акылман ойлорун калтырышкан.
Кыргыздар жылда келчү туулган күндү эмес, так ушул бир жылга созулган мүчөл убактысына көңүл бөлүп, мүчөл жылдагы инсандарга өзгөчө маани беришип, терс мамилерден оолактатып турушкан. Анткени алдыдагы келе жаткан 11 жылга энеден кайра төрөлгөндөй жаңыча таза даярдык жүргүзүшүп, эртеңки стратегиялык ой-тилектин пайдубалы түптөлүп жатканын билишкен.
Чындыгында, Кой - алп идеянын стратег каарманы. Өз саясаты бар, эркиндиктин баатыры. Башкалардан айырмачылыгы анча ачык эмес, жоош, карапайым, бирок алдыртан аздектеп баккан асыл ойлорун, бейпилдикти бузбай, акырындык менен алгалата берүүчүлөрдөн. Байлык, бийлик менен алаксытып, чоң максаттарынан алыстатуу кыйын. Ал чоң саясый кызматтарга жете алат. Келгендегинин кеткендегисин көр дегендей, мансапка тырмышпай, өз алдынча да узакка өмүр сүрүүчүлөрдөн. Буга мисалдасак: Курманжан датка, Кыргызстан КПнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев, СССРди кулаткан Михаил Горбачев.
СССР курамындагы баардык өлкөлөр тынчты жолу менен эгемендик алганга 1991-Кой жылында жетишип, бул сандар дүйнөлүк тарыхтын жаңы барактары ачкан: 1+9+9+1=20=2. Жыйынтыгы - 2 саны. М.Горбачевдун туулган күнү 2 саны. Америкалык куткаруучу кызматынын саны - 911. Бул сандар эркиндик алган 1991-Койдун мүчөл жылындагы сандарга үндөшүп турганы жөн кокустук эмес.
Чоң дүйнөлүк саясый өзөрүүлөрдүн артында санчылардын алдын ала абдан так эсептелген эбегейсиз чоң эмгектери болуп жатканы коомчулукка ачык айтылбайт. Сырдуу сандарды колдонбогон илим, дин, саясат да жок. Сандардын кайып дүйнөсүнө ишенсең да, ишенбесең да, ал унчукпай улуу миссиясын жасай берүүчүлөрдөн.
Кирип келген жаңы 2015-жыл да бай, күтүүсүз жаңылыктарга жык. Аны коштогон сандарга назар оодарсак 2+0+1+5=8. Жыйынтыгы - 8.
8 санын укканда Кытай, Корея, Жапон жарандары ордуларынан тура калып, үч жолу жүгүнүп, рахмат айтаары чын. Анткени 8 саны бизнес империясындагы акча жүгүртүүнүн атаманы.
Бул жылда эмнени ойлосоң ошол ишиң кайрылып өзүңө тез кайтат. Ошондуктан, арыла албай жүргөн терс кыялдарыңыздан абайлоо зарыл.
Быйылкы жылдын соңку саны 5 (2015) - өзү чоң оомат. Буюрса, Кой жылында качантан бери кыйнап келаткан башаламандыктар азайып, тең салмактуу, тең ата мамилелерге умтулган саясый-экономикалык туруктуулук баш багат. Украина, Сириядагы согуштук күч колдонуулар артка чегинип, дипломатияга ыкташат. Кыргызстанда да дипломатиялык карым-катыш чыңдалып, инвестиция тартууга мүмкүндүк түзүлүп, узак жылдарга эсептелген долбоорлор ишке кириши күтүлүүдө. Журт башчысы Алмаз Атамбаевдин туулган күнүнүн саны сегиз (17=1+7=8), ошондой эле кимдерди 8, 17, 26 жана 5, 14, 23 сандары коштосо, ачык жол ошолордуку.
Космос мейкиндигинде 5 ар тараптуу, универсалдуу иштей ала турган кызыктуу сан. Аалам да, адамдын дене катмарлары да беш стихиядан турат: Аба, Суу, От, Жер жана Өсүмдүк (дерево). Өсүмдүктүн адам денесиндегисин эфир дене дешет. Андыктан, сырткы байланыштарда, жеке турмушта бир тараптуулуктан алыс туруңуздар.
Ал эми жаңы доорго жетелеген "ааламдык акыл-эс" толкундарынын жер планетасын көздөй агылган жаңыча жыштыктагы ыргактары (ритмдер) пайда болгонун эске алсак, акыл-оюн, жан дүйнөсүн оң жагына өзгөрткөн, келечектүү туура жашоого умтула алган инсандардын утушу көп болот.
Табиятты абдан сүйгөн Кой жылы экологиялык глобалдуу маселелерди көтөрөт. Артисттердин, жазуучулардын, акындардын, билим тармагындагы маданий агартуучулардын топурагына жакшы аралаша алган Кой, өнөр, билим-илим дүйнөсүнө үстүртөн салкын мамиле кылуучулардын жолун торойт.
Планета-башкаруучусу - 8 санындагы Сатурн. Ирээттүүлүктү, системалуукту жактырып, жаңыча ойлонулган прагматикалык практиканын жакыны. Жоопкерчиликти, тартипти орнотуучулардын бири болуу менен бирге, жогорку мистикалык күчтөр менен байланышы бар.
Жолдуу Кой жылы - дүйнөнү жакшыртуучулардын катарын толуктайт.
Алмаз АДИШОВ,
"Санчы сынчы" атындагы психологиялык-практикалык мектептин жетекчиси