Грек-рим.
Азия чемпионаты
Ийгилик менен
кайткан уландар
Алматы шаарында уландар арасында Азия чемпионаты аяктады. Анда Кыргызстан курама командасы жакшы ийгиликтерге жетишип, 7 медалга ээ болушту.
Уландар арасында континенттик мелдешке Кыргызстандан сегиз балбан катышкан, алардын экөө күмүш жана бешөөсү коло медалга ээ болушту.
50 кг. салмакта Өскөнбай Абупатаев жана 55 кг. салмакта Мирхат Максатов (55 кг.) экинчи орунга ээ болушса, Урмат Аматов (60 кг.), Арсен Айылчиев (66 кг), Самат Шырдаков (74 кг.), Тынчтык Токторбаев (96 кг.) жана Камбар Жоробеков (120 кг.) үчүнчү орунду ээлешти.

Футбол.
Кыргызстандын чемпионаты
"Алга" - алдыда!
Дем алыш күндөрү республикабыздын Топ-лигасында кезектеги оюндар өттү. Анда чемпионатыбыздын лидери "Алга" (Бишкек) турнирдик таблицада арткы орундарда келаткан Нарындын "Ала-Тоо" командасы менен беттешип, өзүнүн алтынчы жеңишине жетишти. Бул оюнда Бишкектин командасы аутсайдерлерди оңой эле утабыз дешсе керек, бирок "ала-тоолуктар" катуу таймаш көрсөтүп, "Алга" оюндун аягында араң дегенде жеңишке жетишти. Ал эми Оштун "Алайы" өз үйүндө Бишкектин "Динамо МВД" клубун кабыл алып, 1:2 эсебинде утулуп калды. Кара-Балта шаарында жергиликтүү клуб "ФЦ-95" клубу менен ойноп - 4:1 эсебинде утту.
Турнирдик таблицада сегиз оюндан кийин 18 упай менен алдыда "Алга" (Бишкек) командасы келатат. Экинчи орунда 15 упай менен "Дордой" (Бишкек) турат. Бирок алардын эки оюну кем. Ал эми үч - "Динамо МВД", "Алай" жана "Абдыш-Ата" командалары 13 упай менен лидерлерди чогуу кубалап келатышат.

Турнир жыйынтыгы
"Дени сак улут -
өнүгүп жаткан өлкө"
22-27-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында жыл сайын өтүүчү VII республикалык "Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" мелдеши аяктады. Ага бардык региондордон 644 спортсмен спорттун 7 түрүнөн (футбол, волейбол, ордо, күрөш, жеңил атлетика, армрестлинг, тогуз коргоол) мелдешке катышышты. Беш күндүк мелдештин жыйынтыгы төмөнкүчө болду:
1 - орун Ош облусу
2 - орун Чүй облусу
3 - орун Талас облусу
4 - орун Жалал-Абад облусу
5 - орун Ыык-Көлс областы
6 - орун Нарын областы
7 - орун Баткен областы
Таластыктар ордо менен күрөштөн, оштуктар волейбол (эркек) жана тогуз коргоолдон (кыздар) биринчи орунду ээлешти. Жалал-Абад волейбол (аялдар) жана жеңил атлетикадан биринчи орунга чыгышты. Чүй облусу кол күрөш менен тогуз коргоолдо (эркектер) биринчи орунду ээледи. Ысык-Көл - футболдон биринчи орунга чыкты.
"Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" үч этапта өтөт. Биринчи этап - айыл өкмөттөрү боюнча, экинчи райондук, алардын жеңүүчүлөру республикалык мелдешке катышышат.

Жолдоштук беттешүү
Казакстан -
Кыргызстан - 5:2
1-июнда Алматы шаарында Казакстан - Кыргызстан курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттешүү өтүп, анда биздин футболисттер чоң эсеп менен утулуп калышты.
Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Мурат Жумакеев учурда кураманын катарын жаңыртып, жаш оюнчуларды ойнотуп жатат.

Жөө күлүк
Эл аралык
Ысык-Көл марафону
26-май күнү кереметтүү Көл жергесинде биринчи эл аралык марафон өттү. Марафонго дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн спортчулар келип, болжол менен 2000 жакын жөө күлүк чуркады Бул марафон япон-кыргыз уюму тарабынан уюштурулган. Кудай буйруса, ден соолукту чыңдоого чакыруучу жакшы саамалыктагы бул марафон жыл сайын өтөт деп жатышат уюштуруучулар. Айтмакчы, 42 км 195 м аралыктагы марафондо Япониядан депутат Наото Сакагучи жана Япониянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Синь Маруа да чуркады. Жарышка катышкандардын эң жашы 5 жашта, ал эми эң улуусу 90 жашта болду. Андан тышкары мүмкүнчүлүктөрү чектелген жөө күлүктөр да жарышышты. Мындай спорт майрамына КР ЖК депутаттары Каныбек Иманалиев, Асия Сасыкбаева, Каныбек Осмоналиев, Чыныбай Турсунбеков жана Карганбек Самаков өздөрүнүн салымдарын кошушту.
Жалпысынан марафонго 36 миң доллар сарпталып, 42 км аралыкка чуркагандарга 1-орундан 10-орунга чейин байгелер коюлуп, баш байгеге 3000 доллар берилди. 10 км аралыктын жеңүүчүлөрүнө фотоаппараттар берилсе, 5 км аралыктын жеңүүчүлөрүнө Европанын каалаган өлкөсүнө билет берилди.
Эң кызыгы, мелдешке катышкан спортсмендердин ар бирине атайын "Тойота" компаниясы тарабынан алынып келинген атайын "чиптер" тагылган. Ал чип кимдин канча км. чуркаганын аныктап, марафончулар ошол чип аркылуу катталат экен. Бул чиптин жардамы менен эч кандай фальсификацияга жол берилбейт деген ишеничте болдук.




Спорт майданы
Американын родео
оюну Кыргызстанда

Ишемби күнү, 2-июнда борборубуздагы "Аккула" ат майданында АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган ат оюндар майрамы өттү. Мында америкалыктар өздөрүнүн улуттук родеосун, ал эми кыргыз жигиттери кыргыздын кыз-куумай, тыйын эңмей, оодарыш жана эң негизгиси, көк бөрү оюнун (көкбөрү боюнча өлкөбүздүн чемпиону "Кабылан" командасы ) тартуулашты.
Эң негизгиси эки өлкөнүн спортсмендери бири-бири менен кошулуп ойношуп, бул оюн өзүнчө эле кызыктуу шоуга айланды. Айтсак, кыз куумай оюнунда америкалык родеочу жигит кыргыз кызын, анан биздин кыз аны кубалап, кыргыз жигити болсо америкалык кызды кубалап ойношту. Тыйын эңмейде да бир кыргыз жигити менен бир америкалык жигит өздөрүнүн ат үстүндө чеберчилигин, шамдагайлыгын көрсөтүп, оодарышка да катышып, ипподромго толгон күйөрмандардын көңүлүн ачып жатышты. Өз кезегинде америкалык родеочулар (ал жигит-кыздар родео боюнча Американын, ар кайсы штаттардын чемпиондору, кыздары ар кайсы штаттардын мисс-родеочулары экен!) аркан (лассо) ыргытып, сыйыртмак салмай, эки атаандаш ат үстүндө бири-биринин баш кийимин (калпак) жулмай, ылдамдыкта чаап барып челектин үстүндө турган өнөгүн учкаштырып кетмей ж.б. оюндарын көрсөтүштү.
Акырында күйөрмандар да, америкалык меймандар да өздөрү чыдамсыздык менен күтүп жатышкан көкбөрү оюну башталды. Анда "Кабылан" командасы экиге бөлүнүп, ар бир командага экиден америкалык родеочуну кошуп ойношту. Он беш мүнөттүк эки тайм абдан кызыктуу өтүп, биздин жигиттер көбүнчө улакты америкалыктарга берип, алардын чеберчилигин арттырып жатышты. Америкалыктар улакты жерден эңип, бири-бири менен тартышып, улакты тай казанга салгандары кадимки эле ат жалында ойногон кыргыз жигиттерине окшошуп, күйөрмандарыбыз да аларды колдоп-сүрөп турушту. Эки элдин ортосундагы достук оюну ошентип көңүлдүү маанайда аяктап, америкалыктардын кезектеги оюну 5-июнда Чолпон-Атада өттү.
Америка - Кыргызстан кыз-жи­гиттеринин ортосундагы улут­тук ат оюндар майрамынын сал­та­нат­туу ачылышында АКШнын Кыр­гызс­тандагы атайын ыйгарым эл­чиси Памела Спратлен бул шоу эки элдин ортосундагы достук мами­лени чыңдап, эки элдин бири-бирин мындан ары да жакындан тааныштырууга өбөлгө болорун айтты. Ал эми кыргыздын көкбөрү оюнун элчи айым биринчи жолу быйыл "Нооруз" май­ра­мында көрүп, ошон­дон бери бул оюн менен "ооруп" калгандыгын билдирди.