"Биз каршыбыз!"


"Эркин эл" жаштар саясый кыймылы шаардыктардын, студенттердин укугун коргоп, жол киренин көтөрүлгөнү боюнча каршылыгын билдиришти. Эми болсо көптөгөн жаштар уюмдары, студенттер биригип, "Мен каршымын" деген кыймыл түзүп, жалпы шаардык деңгээлде көтөрүп чыгалы деп турушат. Бул боюнча "Эркин эл" жаштары өз ойлорун ортого салуусун өтүндүк.
Айбек Бузурманкулов: - "Мен каршымын" деген - жол киренин көтөрүлгөнүнө каршымын дегенди түшүндүрөт. Бул акция ушуну менен эле чектелип калбайт. Себеби, шаарда көптөгөн нерселер шаар тургундарын канааттандырбайт. Ушул маселелерди улам-улам чечкенге аракеттенебиз. Анткени, шаардын келечегин, өнүгүшүн шаар тургундары өз колдоруна алып, өздөрү активдүү катышпаса, маселе чечилбейт. Биз Бишкек шаарынын мэриясынын кылган иштерине нааразыбыз, алардын иштөө ыкма­сына ишенбейбиз, алар бизди канат­тандырбайт. Мисалы, көптөгөн коррупциялар жүрүп жатат. Алар элдин шартын, кызыкчылыгын ойлобойт, коргобой келишет. Ошого биз, "Эркин эл" жаштар саясый кыймылы, студенттердин өкүлдөрү "Мен каршымын" акциясын үзгүлтүксүз өткөрөбүз. Бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды жоюу керек. Эл өзүнүн талаптарын коё билип, биз коюлган талаптарын аткартканга жардам берүүбүз керек. Эгер биз шаарда болуп жаткан көптөгөн көйгөйлүү иштерге кайдыгер карасак, мындай начар жашоодо кала беришибиз айдан ачык нерсе. Жакында шаарда эле эмес, шаардын айланасындагы конуштарга да үзгүлтүксүз акция жүргүзөлү деп жатабыз. 13-июнда, саат 6да Бишкек шаарынын мэриясынын алдында чоң акция өткөрөбүз. Ага чейин бул акцияларды Ош, Дордой базарларында, ошондой эле конуштарда өткөрө беребиз, бул, биздин маселе чечилмейинче уланат. Биздин талаптар: кечки саат 9дан кийин 12 сомду алып салуу, студенттерге студенттик белеттери менен жеңилдетүү киргизүү, ошондой эле маршруттук таксилердин санитардык, техникалык абалын жакшыртуу. Маршурткада жүргөнүбүздө кысылбай, бири-бирибизди түртпөй, жайдын ысыгында ысып-тердеп, бири-бирибизге ооруу жугузбай, чоң автобустарда жүргөн дурус эмеспи. Бул маселени чечүү үчүн ынтымак керек. Шаар тургундарынын үнү керек. Буюуруса, чоң күчкө айланабыз деген ойлор бар.
Жакшылык Ынтымак уулу: - Кыргызда жакшы сөз бар: "Ток бала ач бала менен ойнобойт" деген. Жол киренин көтөрүлүшү карапайым элге, студенттердин чөнтөгүнө зыянын тийгизип жатат. Мисалы, биз эртең менен 500 сом менен чыксак, ошонун жарымынан көбүн жолго кетирип жатабыз , ошонун айынан карыз да болуп жатабыз. Биз орточо эсеп менен эсептеп көргөнүбүздө, ар бир маршуртка болобу, автобус болобу, баарын тапшырганда күнүнө капчыгына 2000-2500 түшөт экен. Мурда солярканын баасы 40 сом болгон учурда ошондой болчу да. Анан бул жерде бир чоңдун хан сарайы бүтпөй калгандыгы үчүнбү, же бир бизнесмен чоң бизнесин баштаганы үчүн коротобу биздин акчаны, билбейм.
Жакшылык Бердибек уулу: - Жол киренин кымбатташына биз, студенттер, 90 эмес, 100 пайыз каршыбыз. Себеби, студенттер акчаны өздөрү таппайт да, алар окушат. Учурда студенттердин көпчүлүгү окуусун таштап, жумуш издеп кетип жатышат. "Келечек жаштардын колунда болгондуктан, толук кандуу билим алуубузга мамлекет тарабынан шарт түзүлүп берилиши керек" деп көптөгөн студенттер бизге кайрылып жатышат. Ошолордун жыйынтыгында биз да көптөгөн акцияларга катышып жатабыз. Биздин акцияны шаардын тургундары да колдоп жатышат. Алар да жол киренин көтөрүлгөнүнө, коомдук транспорттун абалына толугу менен канааттанышпайт.
Максат Казакбаев: - Буга чейин да көп маселелерди козгоп келе жатканбыз. Азыркы таптагы жол кире маселесине 100% каршыбыз. Башкы талап, мэриядагы коррупцияны жоюу. Негизи бизде 47 ОсОО бар экен, ошолордун дээрлик баары мэриянын жашыруун келишимине кол коюп, колдоп беришиптир. Жол киренин азыркы көтөрүлүшү биринчи жолкусу эмес, үчүнчүсү болуп жатат. Андан сырткары парктар боюнча да маселелерди көтөрүп жатабыз. Мисалы, шаардын ичиндеги "Карагачево" паркынын жерлери мыйзамсыз сатылып кеткен. Биз азыр ал жердин жергиликтүү тургундары, мектептин директору, бала бакчаларынын администраторлору менен сүйлөшүп жатабыз. Буюрса, ал көйгөйлөрдү да чечебиз. Негизи шаар тургундарын, студенттерди, дегеле кыргыз элин кайдыгерликтен арылып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бирдиктүү иш алып баралы деп чакырабыз.
Мавлян Аскарбеков: - Бишкек шаарынын депутаттарынын 5 жылдык мөөнөтүндө тариф экинчи жолу көтөрүлүүдө. Биринчи жолу 2008-жылы 5 сомдон 8 сомго көтөргөндө, депутаттар да, жеке ишканалар да айтышты эле "шаарыбыздын транспорттук абалы оңолот" деп. Тилекке каршы, андан бери эч нерсе оңолгон жок, баа көтөрүлдү, жеке компаниялар пайдасын көрүп жатышат, бизди ташыган маршурттук таксилердин абалы оңолгон жок. 2012-жылы дагы баа көтөрүлдү, бирок, маршруттук таксилердин абалы оңолот, санитардык нормалар сакталат деген иш боюнча эч кандай сөз болгон жок. Биз көтөрүп жаткан маселе: жол киренин саат 9дан кийин көтөрүлүшүнө каршыбыз. Башка мамлекеттерде мындай диференциялдуу тарифтер кирген эмес, 24 саат бою бир баа турат. Дүйнө жүзүндө баардык жерлерде студенттерге жеңилдик бар, ошондой жеңилдиктерди киргизгиле деген талаптарды коюп жатабыз. Бишкек шаарынын төрагасынын милдетин аткаруучу айтып жатат, бизде андай жеңилдиктер бар деп. Ооба, жеңилдиктер бар, бирок, муниципалдык автобустар менен траллейбустарда. Бирок, ал транспорттор Бишкек шаарынын өтө кичине жерин камтыйт. Мисалы, жаңы конуштарга барбайт, көптөгөн жерлерге каттабайт. Шаарыбызда 450 автобус болсо, анын жарымынан азы каттайт. Эгер ошолор толук каттаса, анда Лисниченко айтып жаткан жеңилдиктер иштемек. Ал жеңилдиктер азыр такыр эле иштебей жатат. Бул - чыныгы көз боёмочулук. Биз азыр ушул үч талапты коюп, студенттердин да, элдин да көңүлүн буруп чечкенге далалат кылып жатабыз. Бийлик башындагылар эски, сасык саясатын жүргүзүп, конференцияларды өткөрүп, университеттердин ректорлорун чогултуп, каршы чыккандарга бут тостуруп, жолтоо болуу аракетин кылып жатышат. Ал аз келгенсип, биз 24-майда өткөрүп жаткан "Тынч" акциясында бизди кармап кетишип, милицияга мыйзамсыз алып барып, мыйзамсыз соттоп, Бакиев жүргүзгөн туура эмес саясатты улантышууда. Биз бул маселелердин туура чечилишин каалайбыз, ошол үчүн биз козгоп жаткан иш-аракеттердин аягына чыгуу үчүн болгон ишти жасайбыз. Азыркы шаарыбыздын депутаттарынын өздөрү - жеке ишканалардын (ОсООлордун) жетекчилери экен. Анан алар өздөрү мэрияны үгүттөп, бири-бирине акча беришип, коррупцияга белчесинен батып жатышат. Биз ошолорго каршы чыгып жатабыз. Бишкек жөнөкөй эле шаар эмес, бул борбор, Кыргызстандын жүзү. Мисалы, мен мындай борбордо жашагым келбейт. Мен жакшынакай, таза, коопсуздугу тейленген, жолдору кенен, милициясы жакшынакай иштеген, бала бакчалардын, мектептердин баардык шарттары түзүлгөн, жаркыраган борбордо жашагым келет. Шаарды кайра оңдоо демилгесин да көтөрүп жатабыз.
Өлкө башчыларыбыз дагы башка көп жумуштарга шалаакылык мамиле жасап жатышат. Бизде акыркы эки айда 5-7 жаштардагы секелек кыздардан он бири зордукталды. Бул, трагедиялык көрүнүш. Башка өлкөлөрдө бир секелек кыз зордукталса, ал кылмышкер мамлекеттик деңгээлде жазаланат. А бизде мындай окуяларга өлкө башчылары көңүл да бурган жок. Ушул маселелерди да көтөрүп жатабыз.
Азыр эшикке чыгып бульварларга эс алганы барсаң, талдары куурап, жок болуп баратат. Бул көрүнүш экологияга түздөн-түз терс таасирин тийгизип жатат. Экологиянын бузулушу сизге да, мага да, жаш балдарга да терс таасирин тийгизет. Мына ушундай чечилбеген социалдык маселелер өтө көп. Тилекке каршы, Бишкек шаарынын депутаттары өзүлөрүнүн саясатын жүргүзүү үчүн эле бийликке келип жатышат.
Шаардын ичиндеги бир миңден ашуун бала-бакча сатылып кеткен. Аларды депутаттар, мэрияда иштеген чиновниктер, министрлер сатып алышкан. Аларды эмнелерге айлантышкан? Мисалы, алыс барбай эле Восток-5 кичи районун алалы, эл кою жашаган жердеги чоң бала-бакчаны (балдар өскөн ыйык жерди) притонго айлантышып, сойку кыздарды алып барып, түнү-күнү дебей элдердин тынчын алып, жаман иштерди жасап жатышат. Бизге ал жердин жашоочулары кайрылкан. Мына ушундай чечилбей келген иштер көп. Бул маселелерди депутаттар чечпей, элдин камын ойлобой, шалаакылык мамиле жасап жүрүшөт. Биз ошол маселелерди чечүүгө далаалат жасайбыз.
Кымбат ЖОЛДОШЕВА