10-июнда -
Ош коогалаңына эки жыл
Президент Алмазбек Атамбаев 10-июнду Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 2010-жылдагы кандуу калабаны эскерүү күнү деп белгилөө тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, бул күнү кооганы эскерүүгө арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Өлкө боюнча күндүзгү саат 10до аза мүнөтү болот. Маданий жайларда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында көңүл ачуучу берүүлөр чектелет.
Коогада өлтүрүлгөн полковниктин ысымы райондук милицияга ыйгарылды
Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы мындан ары милициянын полковниги маркум Адылбек Султановдун ысымын алып жүрмөй болду. Өкмөт ушундай чечим чыгарды..
Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаев 2010-жылы 13-июнда Нариман айылына эки элди элдештирүү үчүн сүйлөшүүгө барган учурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмыш иши боюнча он кишинин тогузун сот күнөөлүү деп таап, бешөөнү өмүр бою эркинен ажыратуу, бирөөнү 25 жылга, дагы үч айыпталуучуну сегиз, беш жана төрт жылга түрмөгө кесүү тууралуу өкүм чыгарган.
Ички иштер министрлиги Адыл Султановду Эл баатыры наамына сунуштап өкмөткө кайрылганын быйыл апрелде Оштун Жапалак айылында эл менен жолуккан ички иштер министри Зарылбек Рысалиев айтып, маркумдун мектепте окуган үч баласын 18ге чыкканча медициналык тейлөөсүн министрлик өзүнө алганын билдирген.
Түштүктө милиция күнү-түнү күзөтүүгө өтөт
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында июнь коогасынын эки жылдыгына карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Ошко паспорттук режим киргизилип, аймактагы маанилүү объекттерди күзөтүү күчөтүлөт.
Коомдук коопсуздукту күзөтүүгө 3,5 миңдей милиция жана 4 миңдей элдик кошуундун өкүлдөрү тартылмакчы.
Президенттин
Кытайга болгон сапары
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев расмий сапардын алкагында Кытай Коммунисттик партиясынын төрагасы Ху Цзинтао менен жолугушат. Андан соң Кытайдын Министрлер кабинетинин башчысы Вэнь Цзябао баштаган жетекчилик менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Сапардын жүрүшүндө өз ара кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган төрт макулдашууга кол коюлаары күтүлүүдө.
Алгач өз ара достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча декларация кабыл алынат. Андан ары "Датка-Кемин" электр шакекчесин каржылоо, Кыргызстандын бюджетине гранттык колдоо жана ал жакта соттолгон кыргыз жарандарын экстрадициялоо сыяктуу документтерге кол коюлмакчы.
Түркияда окуган кыргыз студенттеринин жол акысы арзандайт
"Түркия аба жолдору" авиакомпаниясы жайкы каникул маалында студенттер үчүн жол акысын арзандатмай болууда. Бул боюнча атайын протоколго кол коюлаарын Стамбулда иш сапар менен жүргөн премьер-министр Өмүрбек Бабановго аталган авиакомпаниянын башкаруу кеңешинин төрагасы Хамди Топчу айтты.
Депутаттар Орусиядагы мигранттарга жөнөштү
Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы менен таанышып, өкмөт аралык келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө максатында Орусияга жөнөп, иш сапар 7-июнга чейин уланат.
Депутаттар Москва жана Екатеринбург шаарларында көчмө жыйындарды өткөрөт. Эмгек мигранттарынын, айрыкча кыз-келин жана балдардын абалы талкууланат.
Кыргыз өкмөтү Орусияда 341 миң кыргызстандык бар экенин айтып келет. Бирок алардын саны бир миллионго чамалап калганы да айтылууда. Москванын ымыркайлар үйүндө кыргызстандыктар таштап кеткен эки жүздөн ашуун бала тарбияланып жатат. Ал эми өз мекендештеринен кордук көргөн мигрант кыз-келиндер таржымалы азыр интернетте кызуу талкууланууда.
ИИМде алгачкы текшерүү органдарын кайра ачыш керек.
Ички иштер министрлиги милицияда алгачкы текшерүү органдарын кайра ачыш керек деп тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Коомдук талкууга чыгарылган бул долбоор Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүүнү көздөйт.
Алгачкы текшерүүчүлөр милицияда мурда да болуп келген. Бирок, 1999-жылы Кылмыш-жаза кодекси өзгөртүлүп, бул кызматтар жоюлган. Алгачкы текшерүүчүлөр анча оор эмес кылмыштар боюнча арыздарды кабыл алып, материалдарды изилдеп, иликтөө жүргүзчү. Азыр мунун баары тергөөчүлөргө жүктөлгөн. Ички иштер министрлигинин айтымында, 1997-жылы тергөөчүлөр кылмыш ишин козгоодон баш таркан 1 237 учур катталган болсо, былтыр 60 миңге чамалады.
Былтыр ар бир тергөөчүгө айына бештен кылмыш иши туура келди. Өзгөчө Бишкек жана Ошто тергөөчүлөрдүн иши көп экени айтылууда.
Өспүрүмдөр
кылмыштуулугу азайды
Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, быйылкы жылдын төрт айында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук мурдагы жылга салыштырмалуу 16,4 пайызга азайды. Милиция учурда кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо иш-чараларын күчөтүүдө. Былтыр жашы жете электердин кылмышка аралашуусу күчөгөнү, айрыкча мектептердеги рэкет көбөйгөнү белгиленген болчу.
Чүйдө электр
жабдыктарын уурдашууда
Чүй облусунда белгисиз адамдар электр жабдыктарды уурдап, чубалгыларды чоң аварияга дуушар кылууда. "Түндүк электр" ААК чубалгычылар кызматынын адистери кезектеги текшерүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда, Сокулук районундагы көлөмдүү электр жабдыктар уурдалганын байкашты.
Уурдалган металл бурчтарынын узундугу 100 метрге жетет. Аталган бурчтар жогорку вольттогу 35 кВ аба электр берүү чубалгысынын металл таянычтарынын үч аралык элементтерин карматып турчу. Адистер тез аранын ичинде кесилген бурчтардын ордуна жаңы металлдык бурчтарды жасай коюшту, антпегенде, белгисиз кылмышкерлердин кыймыл-аракеттеринин натыйжасында, турган таяныч куламак жана Сокулук районунун Западное, Восточное, Жаңы-Жер, Нижне-Чуйское, Константиновка айылдарында электр энергия берүү токтоп калмак.
Дайынсыз жоголгон балдар кулчулуктабы?
"Дайынсыз жоголгон балдардын ата-энелери" коомдук уюмунун өкүлү Бакыт Эгембердиев Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет жыйынында "дайынсыз жоголгон балдарды Казакстандан издөө керек, алар ал жакта малайлыкта жүрүшөт" деп билдирди.
Анын айтымында, алар коңшу өлкөлөргө кулдукка сатылып кеткен балдар менен маектешишкен. "Аларды угуп отуруп, арыз-муңдарынан китеп жазса болчудай. Балдарды сатуу менен бизнес уюштурулган деп да айтышат. Балдарды үйдө малайлыкта кармоо мода болуп калды" - деди Бакыт Эгембердиев.
Маалыматтар интернет булактарынан даярдалды