Манас илими. Адеп сабагы
Жашоонун
Багыты
Нуржан-Насыйкат САКИЕВА
Баланы түйүлдүк
кезинде тарбиялоо
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Келиндин дайыма кысымда болуусу жана төрөөр төрөгүчөктү чочулап туруусу, дайыма ар нерсеге сарсанаа болуусу, кемсинүүсү, корунуусу ичтеги балага тескери таасирин тийгизип, түйүлдүктүн дагы мүнөзүнүн оор болуп төрөлүшүнө себепкер болот. Эч нерсени ойлонбой, эч нерсеге акылын иштетпей ичип-жеп жата берүү дагы баланын мээ клеткаларын ойготуучу процессин начарлатып, акылы аз, жалкоо, санаасы жок баланын төрөлүшүнө алып келет.
Өз кезеги менен турмуштун оор-жеңилине ой жүгүртүү, айлана-чөйрөсү менен эсептешүү, жумуш аркылуу, иш аркылуу акыл калчоо, кээ бир проблемалардын чечилишине ынтызарлануу сыяктуу жашоонун талаптарына ылайык акыл калчоолор, талашып-тактоолор баланын нерв точкаларына жана мээ клеткаларына калыптануу жагдайларды түзүп берет.
Ошондой болсо дагы ашыкча ызы-чуулуу урушуулар, оор психологиялык кысымдар эне менен кошо ичтеги баланы дагы кыйналууга алып келип, эненин катуу капа болуусу баланы көтөрө албай калуу кесепетине чейин жеткен учурлар дагы бар.
Анткени, катуу капалануу менен алектенип, жатындын оозу ачылып кетүү коркунучу эненин кан басымы көтөрүлүшү менен байланышта болуп, жүрөктүн ашыкча согушу баланын жатындагы тынчын алып, эне менен баланын табигый баланстык жашоосу бузулуп, жатын баланын койо берүү кесепетине жалпы ал-ахыбалы менен аргасыз болот. Ашыкча капа болуу же ашыкча чочулоо энеге дагы, балага дагы зыян келтиргендиктен, бойдо бар аялды айлана- тегерегиндегилер жакшы көзөмөлгө алуу, баланын атасынын аларга жасаган олуттуу мамилеси аркылуу камкордукка алуу сыяктуу жакшы жагдайлар эне менен баланын сүйүнүч алып келүүчү жоопкерчилигин бекемдейт.
Түйүлдүк дайыма жарыкчылыкка келүү жолуна умтулууда болгондуктан, атасы менен энесинин өзүнө болгон ой чордонуна дагы, каалоо-тилегине дагы сүйүнүү менен ортоктош болуп, өзүнө ылайык табигый жол менен бардыгын сезип-туюу жана кабылдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Айлана-чөйрөнү, жашоо-турмушту энесинин жаны менен жана жүрөгү менен кабылдап турган түйүлдүк жарык дүйнөгө келгенден кийин дагы эненин камкордугуна муктаж болуу менен өз жашоосун улантат. Бойунда бар эне баланы курсагында көтөрүп гана тим болбостон, анын мүнөзүн өзүнүн мүнөзү менен дагы калыптандырып, өзүнүн ичкен тамак-ашы менен дагы баланы азыктандырып, жашоого даярдай тургандыгын түшүнүп, арак ичүүдөн, тамеки тартуудан, ар кандай дары-дармектерди колдоонуудан алыс болуусу керек.
Эненин ичкен тамагы менен баланын бүткүл дене-мүчөсүнө азык берилип, сөөк органдарынын калыптанышы, кан азыктарынын жакшырышы ж.б. бардык органдарынын жашоого умтулушу жөнгө салынат. Эненин курсагындагы бала арак менен азыктанып өскөн болсо, канындагы арактын сакталып калган бөлүгү менен кийин арак ичүүгө жөндөмдүү болуп, тубаса аракеч балдардын келип чыгышы үй-бүлөнү жана баланын өзүн кыйноого салат. Ошондуктан, боюнда бар аял арак ичүүдөн таптакыр алыс болуп, организмге пайдалуу азыктар менен азыктанганы оң.
Баланы көтөрүүнүн биринчи-экинчи айларында аялдын жалпы организминде өзгөрүүлөр пайда болуп, табити бузулуп, тамакты тандап ичүүгө аргасыз болуп, ошол себептен көңүлү айнып, жалпы мүнөз акыбалы дагы өзгөрүүлөргө дуушар болот.
Бойдо бар аялдын бат чарчоосу, көңүлү чөгүшү канынын азайып кетишинен дагы болуп, мындай учурларда сөзсүз түрдө врачтардын көзөмөлүндө болуусу керек. Бойдо бар аялдын ден соолугу курсактагы баланын ден соолугуна түздөн-түз өз таасирин тийгизгендиктен, дайыма өзүн ар кандай сасык тумоо, сарык, ич өткөк ж.б оорулардан сактанууну жөнгө коюусу керек. Эгерде сарык оорусунун белгилери билине баштаса, тезинен врачтарга кайрылбаса боордун чоңойуп кетиши жалпы ал-акыбалды начарлатып, ичтеги баланын теминип кыймылдап туруусу менен боорго күч келип, боор эзилип керектен чыгып калуу коркунучу туулат. Мындай учурда эненин өмүрүнө коркунуч туулуп, боордун керектен чыгышы менен өлүм коркунучу келип чыгат.
Баланы толук кандуу аман-эсен жарык дүйнөгө алып келүү үчүн ар кандай оорулардан сактануу жана эрежени туура сактоо жакшы натыйжасын берет. Кош бойлуу аялдын жанындагы үй-бүлө мүчөлөрү анын ооруп калбашына, оор көтөрбөөсүнө жана ашкере капа болбоосуна шарт түзүп берип, дайыма көзөмөлдө болуулары жакындап калган сүйүнүчтүн жана кубанычтын бактысын алып келет.
Алты саны, акыл-эси, ден-соолугу чың болуп төрөлгөн баланы тарбиялап өстүрүү дагы ата-эненин эң негизги Милдети болуп, мындай баланы материалдык жактан гана жетишкендигин камкордукка алып, жаман мүнөз-адаттардан алыс болуп калыптанууну жолго коё албай калышса, көптөгөн материалдык байлык дагы баланы аракечтиктен, баңгиликтен, кыз-текеликтен (голубой ж.б) ж.б тескери сапаттардан арачалай албай калат.
Ата-эненин таап берген көптөгөн байлыктары, түзүп берген жайлуу шарттары чачкынга учурап, мындай учурда баардык үй-бүлө мүчөлөрүнө кайгы жаралып, баланы акыл-эстүүлүккө тарбиялабай калган ата менен эне көп нерселерди кеч түшүнүп, баласы үчүн боло турган көп жакшы нерселерден кечигип калат.
Ар бир баланы материалдык байлыкка гана жетүүгө тарбиялап, башка дагы акыл-эстүүлүккө, адептүүлүккө, боорукерликке, эмгекчилдикке, чынчылдыкка ж.б руханий-духовный нерселерге тарбиялоону дагы унутуп калышса, ата менен эненин эмгеги талаага кетип, таш боор, наадан, аракеч, орой ж.б сапаттагы ачкөз, нысапсыз баланын өсүп чыгышын баштарынан өткөрүшүп, ата-эне кайгынын оор кесепетине кабылышат.
Жашоодогу жакшы нерселерге жана жакшы жашоого бир гана материалдык байлыктын жетишкендиги гана керек болбостон, баланын жакшы жашап өтүшүнө коомдон алган жогорку билиминен дагы өтө маанилүү Ыйык нерсеси - бул, баланын өзүн-өзү таанып билүүсү, Кудайды таанып билүүсү, Манасты таанып билүүсү, ата-тегин, улутун, ата-мекенин таанып билүүсү менен бирге эле материалдык байлыкты жакшы жана пайдалуу иштерге пайдалана ала турган Руханий-Духовный деңгээлде ой жүгүртө ала турган билимге дагы тарбиялана алуусу керек .
Үй ичинен сырткары дагы балдардын айлана-чөйрөсүндөгү ар кандай деңгээлдеги тели-теңтуштары дагы өсүп келе жаткан балдарды ар кандай жолдорго сүйрөп алып кетүү коркунучун түзүп тургандыктан, баланы чоңоюп келе жаткан учурунан баштап, ар бир кыймыл-аракетине, мүнөз-адатына маани берүүгө, иликтеп-тактап турууга ар бир ата-эне милдеттүү.
Баланы жакшы жашоого, татыктуу болууга үйрөтүү өтө маанилүү нерсе болуп, бул жолдо Адамкерчиликке тарбиялоо менен жаман-жакшынын айырмасын билүүгө үйрөтө алышат. Жакшы нерселерге татыктуу болууга тарбиялоо менен баланы материалдык байлыктын барк-баасын, кунун билүүгө жана аны күтө билүүгө тарбиялап, баланы ар бир ата-эне материалдык байлыктын убай-урматын көрүүгө жол ачып берет.
Мектеп, бала-бакча, жогорку окуу жайлары баланы коомго, элге тарбияласа, Ата менен Эне үйдө баланы турмушка, жашоого, келечекке тарбиялайт.
Баланы келечекке тарбиялоонун эреже
жол-жоболору
Баланы келечекке тарбиялоодо ата менен эне өзүлөрү балага үлгү болчудай мүнөз-адаттарга эгедер болуулары керек. Үй-бүлөдө уруш менен жаңжал өкүм сүрүп турган жерде өсүп келе жаткан баланын мүнөзүнө доо кетип, кайрымсыз, кайдыгер баланын өсүп жетилүүсүнө шарт түзүлөт.
Үй-бүлөдө атанын өз орду жана салмагы сакталып, үй-бүлөнүн Таянычы, Тиреги экендиги айтылбаган Мыйзамдар менен түшүнүктүү жана таасирдүү болуп, атанын урмат менен сыйга татыктуу кадыры менен үй-бүлөнүн башкаруу шарты өкүм сүрүп туруусу керек.
Үйдөгү эркек адамдын орду жана ээлеген кызматы анын балдарга үлгү көрсөтө алгыдай эмгеги менен бааланып, эркектин жана аялдын бири-бирин урматтап туруусу үйдөгү балдардын тескери жоруктарынан алыс болуусуна түздөн-түз өз таасирин тийгизет.
Заманга, шартка жараша акча каражатын таба албаган эркектерге анча-мынча акча тапкан аялдар үстөмдүк кылып, ар кандай тескери сөздөрдү жана кыймыл-аракеттерди жасай башташса, үйдөгү эркек адамдын эркектик касиети сакталбай жана баркталбай калып, балдар баш-көз боло турган адамынан системанын бузулуусунун негизинде ажырап калып, эненин алсыз, айбатсыз назик "айбаты" жетишсиздик кылып, өзүлөрү билбей туруп өз билгенин жасоого аракетте боло башташып, кыйынчылыктын башталышы үйдөгү аял менен эркектин өз милдетин тааныбай жана байкабай калуусунан башталат.
Ошондой эле эненин дагы үйдөгү аялдык милдети так аткарылып, үйдүн сарамжалы, жыйынтыгы жана мээрими менен үйдө жакшы нерселердин өкүм сүрүшү жолго коюлуусу абзел. Аял үйдө дагы, коомдо дагы күйөөсү менен эриш-аркак иш жүргүзүп, балдарын тарбиялоодо балдардын атасына таянуу менен атанын кадыр-баркын урматтоо менен иш алып барбаса, балдарды үйдөгү таасирдүү таянычынан жана сестенип туруучу ыйбаасынан алыстатып алып, аял киши балдардын дагы, эрдин дагы жүгүн аркалай албай калып, азапта калат.
Үйдө аял менен эркектин өз орду жана өз милдети сакталбаса, үйдөгү үй-бүлөлүк системанын бузулуусу менен эркек адам өз Милдетин унутуп, аял адам өз Милдетин тааныбай, балдарга үлгү болоорлук касиетинен ажырашат.
Үй-бүлөдө аял менен эркектин милдети жана орду кайсы убакта бузулат?
Эркек адам үйдүн тиреги, кубаты, таянычы болуу Милдети менен жаратылып, үй-бүлөдө анын орду эч ким аткара алгыс Милдети менен бекем сакталып турат.
Эркек адамдын эч ким аткара албай турган орду эркек адамдын өзүнүн шалаакылыгы менен, аракка же болбосо ар кандай кумар иштерине берилип кетүүсү менен сакталбай калып, аял адамдын үй-бүлөгө тирек болууга жана таяныч болууга аттанып чыгуусу менен аялдын үйдөгү Аялдык орду дагы калып, үйдөгү жалпы системанын бузулушу жалпы үй-бүлө мүчөлөрүнө тескери таасирин тийгизет.
"Атаңар ичсин, атаңар жесин, атаңар айтсын!" деген сыяктуу сөздөр менен эне балдарына атанын улук экенин астыртан билдирип, үйдөгү эркектин - кожоюндун бийик намысын сактап турат.
Балдар Энени жакын туткандыктан "Эненин айтканы туура!" деген түшүнүккө келип, үйдө атанын жамандалышы балдарга өз таасирин тескери жагынан тийгизип, атанын жакшыланып, бааланып туруусу дагы оң таасири менен балдарга жакшы түшүнүк калтыра алат.
(Уландысы кийинки санда)