Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ, "Эркин Эл" жаштардын саясый кыймылынын мүчөсү:

"Бийликте жалаң күлүктөр болсо бир жөн, арасында түркүн жаныбарлар кошулуп кеткен"


Акыркы күндөрү "Эркин Эл" саясый активдүү кыймыл катары элге таанылып келе жатат. Көтөргөн маселелери - албетте коомчулугубуздун көңүл борборундагы көйгөйлүү маселелер. Бүгүн ошол кыймылдын мүчөсү менен жалпы чай үстүндөгү эркин философиялык маекке орун бердик. Ошол узун кептин өзөктүү деген маселелерин көңүлүңүздөргө сунуш этмекчибиз.
- Элге кызмат кылуу деген түшүнүк өзү бийлик менен байланышканбы?
- Элге кызмат кылуу сезими кыргыз баласынын тагдырындагы эң башкы озуйпа катары тарбияланышы керек. Кызмат кылуунун эң бийик чеги - бул эл үчүн өмүрүңдү арноо болуп саналат. Бүгүн дагы кыргыз атуулу үчүн мамлекетибиздин алдында кызмат көргөзүү милдети тагдыр катары кабыл алынганда гана биз дүйнөдөгү эң бакубат өнүккөн улуу өлкөгө айланабыз. Ар бир кыргыз атуулу өзүнүн бактысын дагы, кайгысын дагы улут тагдыры менен байланыштырганда гана биз анык ынтымакка, бир бүтүн чулу денеге келебиз.
Учурда жаңы муунду тарбиялоо маселеси орчундуу болуп турат. Эгерде максатка жетүүдө бир көз караш болбосо, ал максат бир канча көз карашка чачырап жок болот. Көз караш баалуулукка карай калыптанат, демек, бул жерде жаштардын тутунган баалуулуктары жөнүндө кеп болуп жаткандыгын дароо түшүнсө болот. Ал эми жаштар бүгүн кандай баалуулуктарды тутунуп жаткандыгын айтпаса да түшүнүктүү. Биригүү маселеси эң алгач сезимде бышпаса, ынтымакка болгон умтулуу лозунг боюнча сөз гана болуп кала берет. Биригүүнүн зарылдыгын жон терибиз менен түшүнгөндө ынтымактын маанисин да биле баштайбыз. Менимче, биз азыр ушуга келип калдык. Болгону кайдыгерлик иштин жүрүшүн басаңдатып, кайра артка тарткандай болуп жатат. Ынтымак - бул чоң нерсе. Ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей, ырыскы бар жерде токчулук, башкача айтканда пейилдин токтугу бар деген маанини билдирет. Пейили ток адам албетте алдым-жуттумга, арам ишке барбайт, а демек ал, жашоонун маңызы өмүрдү жакшылыкка, элдин жыргалчылыгына арноо деп билет. Айтайын дегеним, өлкөбүздүн келечеги ар бир адамдын ички пейилинен жана ниетинен көз каранды. Пейилиң тарып, ниетиң карарып турса, элге эмес өзүңө да жакшылык кыла албайсың, андай адамдардын балким дүнүйө-мүлкү ашканы менен, карыганда жакшылык көрбөй, жан дүйнөсү аңгырап бош бойдон кете берет. Бийилик менен байлык адамдын жан дүйнөсүн жана ички рухун толтуруп бербейт. Ошондуктан, адамдык сапаттан айрылган киши баласы айбан кылбаган ишке барып жатканын бүгүн өз көзүбүз менен көрүп жатпайбызбы. Дегеним адамдардын ички сапаты кандай болсо, өлкөнүн дагы абалы ошондой болот. Бекеринен ата-бабаларыбыз уурулукту, коркоктукту, ушакчылыкты жана өзүмчүлдүктү жектеп келген эмес экен.
- Идеологияны, демек, эң негизинен тарбия жолу деп түшүнсөк туурабы?
- "Элге кызмат кылбаган адам тирүүнүн өлүгү" дейт кыргызда, бизде байкасаңар тирүү жүрүп санда жок, өлүү болуп көрдө жок кайдыгер адамдарыбыз көбөйдү. Азыр бизде жеке кызыкчылыктын, жеке керт баштын жыргалчылыгынын идеологиясы гана үстөмдүк кылып жатат. Башка идеология жок. А болбосо кыргыз качан жеке адамдын жыргалчылыгын элден өйдө коюп келди эле? Атүгүл бата тилесе да кыргыз жалпы элге биринчи кезекте айтып туруп, анан артса мага бер дечү эле го. "Эл аман болсун, эл ичинде биз аман бололу" деген кандай сонун сөздөр. Үрөн сээп буудай айдаса да, кыргыз жетим-жесирден баштап курт-кумурскага чейин ойлогон. Азыр жаштар минтип тиленбей калды го. Себеби, алар жашоонун маанисин такыр бөлөк нерселерден көрөт. Акырындап салт жолунан тайган жаштардын саны арбыды. Салт сактабаган кул болот. Кул болот деген сөз - башка баалуулуктарга азгырылып, бөлөк жат аң-сезимди калыптандырып алат дегенди билдирет. Кул болот деген сөз - байлык менен бийликке көз каранды болуп калат дегенди туюндурат. Мындай карасаң, азыр чынында кулдардын үстөмдүгү жүрүп жатат. Эзели душманга баш ийбеген кыргыз, бүгүн ичтеги ириңден кор болуп жатат. Кул сенин ар намысыңды, абийириңди уруп ойнобойт, ал үчүн эл, мекен, жер деген ыйык түшүнүктөр акча, байлык катары гана маанилүү. Ошондуктан, кулдун мекени, бул анын жеке чөнтөгү. Ал сенин жериңди элиң менен кошо сатып кеткенге даяр. Мамлекетибиздин башкы идеологиясы "элге кызмат кылуу идеясы менен гана жеке бакытка келе аласың" деген сыяктуу сезимде ишке ашып башталышы керек. Жараткан адамга акылды, билимди, бийликти жана байлыкты элге кызмат кылсын, жалпыга пайда келтирсин, жакшылык тартууласын деп берет. Сен жөнөкөй койчу болосуңбу, же аким болосуңбу, эл астында милдетиң бирдей. Жараткан алдында адам баласы милдетине болгон мамилесине жараша бааланат болуш керек. Жоопкерчилик жана сабырдуулук бардык жакшы сапаттардын пайдубалы.
- Кызмат кылам деп эле бийликке умтулгандар көбөйдү…
- Ордун билген оңолот дегендей, адам өз деңгээлине жана милдетине жараша иш кылышы керек. Азыр бийлик алтын маара сыяктуу күлүк аттардын жарышындай эле элес калтырат, жалаң күлүк болсо бир жөн, арасында түркүн жаныбарлар кошулуп кеткен. Бийлик - бул жоопкерчилик. Ал эми жоопкерчилик табияттан болот же кылыч чыңагандай чоң тажрыйбадан улам калыптанат. Элге кызмат кылуу сүйлөгөн сөзүңөн башталат, сөзүңө жооп бере албасаң, анда сен чоң жоопкерчиликти мойнуңа ала албайсың. Өзүңө болгон ишеним болбосо, кайратты кайдан аласың. Ал эми чечкиндүүлүк сапаты - бекем эркти талап кылат. Эл астында кызмат кылуу оңой иш эмес. Элге кызмат кылуу жолу - татыктуулардын жолу. Ага ар дайым умтулуу жакшы сапат. Кызмат кылуу бийликтин гана жолу менен жүрбөйт. Кызмат кылуу көзгө деле көрүнбөй, бирок, анын таасири бүтүндөй саясатка тийиши мүмкүн. Адам ички руху жетилип, акылы бышып калганда кызматка келет. Ал сөзсүз эле саясат эмес, жөнөкөй турмуш гана болушу мүмкүн. Анан ошол турмуш жеке эмес, жалпы элдик болуп кетиши күтүлгөн көрүнүш. Бардыгы адамдын ички деңгээлинен көз каранды.
Жаштардын өкүлү катары, барар багытыбыз туурасында жалпы сөз кылдым, биз болгону ошол жолдун четин гана көрдүк десем болот. Ошондуктан, алдыда далай сыноолор болбой койбойт. Бизде элдин турмушун, мамлекеттин саясатын жакшы жакка өзгөртөлү деген умтулуу жана ишеним бар. Ошол себептен, саясый максаттарды коюп жатабыз, эң башкысы, ниетибиз түз, элге кызмат кылууга болгон каалоо чоң.
Кымбат ЖОЛДОШЕВА




Кыргыз тилине кыянатчылык качан бүтөт?


Тил маселесинин акыркы убакта актуалдуулугу артып, коомчулуктун көңүл борборундагы эң орчундуу маселеге айланып бара жаткандыгы бардыгыбызга маалым. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште дагы, Өкмөт үйүндө дагы кызуу талкууга алынууда, демек мындан улам бул демилгени мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласак болот.
Бүгүн көпчүлүк мамлекеттик мекемелерде расмий иш кагаздары кыргыз тилинде жазылып баштаганы келечекте кыргыз тилинин бедели мындан ары бекемделип, ири кадамдар менен өнүгөөрүнөн гана кабар берет. Азыр бизге улут катары кыргыз тилин өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду, анткени, тил маселеси жаңы өнүгүү багытына түшкөн заманбап мамлекетке айланууда чоң фактор болуп бере алат. Тилдин ушул потенциалын колдонуу менен биз улуттук иденттүүлүгүбүздү да бекемдеп, жалпы элди өнүгүүгө карай шыктандырууну да жолго салып алмакбыз. Бул азыр өзүнүн эволюциялык жолу менен өнүгүп келе жатат, бирок, айрым кырдаалда бийликтин да саясый чечкиндүүлүгү талап кылынат. Антпесе идеологиябыз калыптанбайт, мамлекетибиздин багыты да аныкталбайт. Ошондуктан тил маселесин өз нугунан чыгарбай улап кетүү жана максатына жеткирүү ар бир жарандын милдети.
Учурда тил маселеси биригүүнүн жана ынтымактын дагы себепчиси боло алат деп айтсак жаңылышпайбыз. Башка тилдер­дин өнүгүүсү, албетте, Кыргызстандын келе­чегине түздөн-түз байланыштуу. Анткени демократиялык коомдо, бул табигый көрүнүш. Маселе - бүгүн кыргыз тил көйгөйүн көтөрүү демилгесине каршы чыгып, бул багытта иш алып барган активисттерди "улутчул" деп каралап жаткандыгында. Бул атайы жасалган саясат экенин тана албайбыз. Өзгөчө жаштар арасында бул маселе кызуу талкууга алынууда. Эне тилди өнүктүрүүдө Кыргызстандын бардык жаштары бир позицияда экени белгилүү, бирок, ошого карабастан ортодо туура эмес ойдо жүргөндөр да жок эмес. Келечектүү жакшы ишти саясатташтырган чагымчыл же ортодо түшүнбөгөн адамдар чыгууда. Маселен, жакында эле, 20-апрелде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде студенттердин курултайы болуп өткөн. Мына ошондогу Кыргыз Республикасынын студенттеринин 1-курултайынын жарыяланган резолюциясы боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер жаралууда. Ушул маселелердин чын-төгүнүн билүү максатында курултайга катышкан студенттердин ой-пикирин уктук.
Адилет Камчыбеков, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 2-курсунун студенти:
- Негизи, бүткүл республикалык студенттердин курултайы абдан маанилүү жана жыйынтыктуу өттү. Өкүнүчтүүсү, кыргыз тарыхында эң алгач уюштурулган бул курултайды саясатка айландырышып, анысы аз келгенсип курултайды өткөрүүгө салым кошкон "Манас" университетинин дагы атын булгап жатышкандары. Биз тескерисинче, ушундай улуу иштерди колдогон "Манас" университетине ырахмат айтышыбыз керек. Жаштардын тилектүү иш-чараларын колдоо жагынан алып караганда, "Манас" университетинин мааниси зор. Бул курултайдагы талкууланган маселелер, кабыл алынган чечимдер бир гана тил маселелерин эмес, университеттердеги билим берүү системасын, студенттердин социалдык абалдары сыяктуу бир катар маселелерди камтыган эле.
Аскар Жеңишбек уулу, Ош мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти:
- Курултай, андагы кабыл алынган чечимдер студенттер арасында абдан маанилүү болду. Ошол эле бир ууч топтун чуусу болуп жаткан тил маселеси жалпы студенттер тарабынан кабыл алынып чоң талкууга түшүшү, демек, абдан талылуу маселе экендигинен кабар берип турат. Бул маселеде бирөөнү кунөөлөш акылга сыйбастык! Бир карап мен таң калып жатам да, Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз тилин өссүн дегенибиз үчүн биз күнөөлүбүзбү?
Элиза Арыкбаева, Талас мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти:
- Курултайда кабыл алынган маселелер чынында эле абдан терең талкууланып, анан кабыл алынган. Бул кабыл алынган чечим, катышкан 400 студенттин гана чечими эмес, бүткүл Кыргызстан студенттеринин чечими болуп эсептелет. Бул резолюцияны өзгөртүүгө же болбосо жокко чыгарууга эч кимдин укугу дагы, акысы дагы жок. Биздин душмандарыбыз абдан көп, алар кыргыз тилинин өнүгүшүн, Кыргызстандын гүлдөшүн каалабайт. Менимче, бул иш-чара орчундуу маселени көтөрдү, мындай демилгени колдоого алуу зарыл. Мен үчүн бул курултайдын таасири зор болду.
Акылбек Данияров