Ден соолуктун булагы -


"Актык" суусундугу деңиз деңгээлинен 2500-3000 м бийиктикте Алай, Тянь-Шань жана Памир тоо кыркаларында өскөн таза чөптөрдүн тамырларынан, таза сүткө өзгөчө ыкма менен ачытылып, кыргыздардын байыркы дары-дармек жасоо өнөрүнүн керемети менен даярдалат.

"Актыкты" даярдоодо атайын тандалган булактын суусу колдонулат. Бул ичимдик зат алмашууну жакшыртып, денени туздардан тазалап, ден-соолукту калыбына келтирет. Зат алмашууну жөнгө салууда, денени тазалоодо өтө керектүү болгон минералдык туздар, органикалык кислоталар жана белоктор "Актык" ичимдигинде мол камтылган. Аны даярдоодо туз колдонулбайт.

Дартына даба тапкандар

Абдыманап КАЗАКБАЕВ, 62 жашта:
- Көп жыл мектепте мугалим болуп иштедим. Кийин дыйкан чарбага ишке өттүм. 2005-жылы өзүмөн өзүм арыктай баштадым. Доктурга барып көрүнсөм, кант диабети болуп калыптырмын. Анализ тапшырып, дары-дармек алдым. Ошол маалда 13 кг арыктап кеткен элем. Оорум күчөп, бала-чакам мени жетелеп калган, сөрүгө сүйөп чыгарчу. Буттар эпке келчү эмес. Бул оорунун кесепетинен тырмактарым карайып, колумдун манжалары жарылып кеткен эле. Үйдөгүлөр коркуп, доктурларга көргөзсөк, "кайтып кетет" дешти. Бирок, кайтпады. Күндөрдүн биринде телевизор көрүп олтурсам, кудум меникиндей кант оорусу менен ооруган бир адам тууралуу айтылып, ага "Актыктын" жаратуучусу Баатырбек Исмаилов суусундукту кантип ичиш керек экендигин түшүндүрүп атыптыр. "Ушул тартип менен 2-3 ай ичсеңиз айыгасыз" деп айтты. Муну угуп алып, мен өз алдымча ичип аттым. Анан салмагым түшүп баратканынан улам балдарым "болбойт экен, ичпей эле коюңуз" дешти. Ошентип, бир күнү балам сакалымды алып атып "ата, чачыныз карайып калыптыр" деди. Бу эмнеден деп таң калдык. "Актыктын" берген таасири экен деп анан кайра уланта баштадым. Үч айдан кийин колумдагы тырмактар айыгып, түбүнөн жаңысы өсүп чыкты. Ошондо Баатырбек аксакалга чалдым, мен ушундай болуп айыгып атам деп. Эми азыркы абалымды айтсам, кадимкидей жакшымын. Көз көрүнө оңолуп атам. Дагы 3-4 ай ичсем көзүм көрөт деген ишенимдемин. Оорудан чекемди аябай бырыш басып кеткен эле, азыр жок, бырыш жазылды. Канттын деңгээлинин түшкөнүн көрүп, врачтар таң калды. 3-2, 3-7 болуп калыптыр. "Кайдан дарыландыныз?" дешти. " Актык" ичтим дедим. Мындан ары да дагы ичем, тың басып кетишиме ишенич бар. Азыр акырындап басып калдым, сөрүгө өзүм чыгам, дааратканага өзүм барып келем, машинеге өзүм түшүп-чыгам. Элге айтаарым, ден соолугуңарды карагыла, "Актыкты" үч маал 200 граммдан иче бергиле.
Үсөн МАМАТОВ, 74 жашта, Өзгөн району:
Байбичем экөө­бүз ооруп жүрүп, "Актыктын" дабалыгы тууралуу гезиттен окуп, ошондон кийин ичип калдык. Ал көп жыл бою доктурлардан дарыланган. Аш­казаны, ичегиси, бөйрөгү, боору ооруп, кан басымдын жогорулугунан кыйналчу. Оору­ганына үч жыл болгон. Бир жарым жылдан бери пайдаланып жүрүп, азыр жакшы абалдабыз. "Актыктын" ичүү эрежесин бузган жокпуз. Менин кант деңгээлим 20га чейин жетип калчу, эми калыбында. Бутумдун муундары ооручу эле, ал басылды. Башыбыздан өткөндөн кийин элге айтып атабыз, ичкиле деп. Суусундук катары да ичүү керек, пайдасынан башка зыяны жок. Өзүбүз тамшанып ичебиз. "Актыкты" чыгарган адамдар өздөрү да ылайым ден соолукта болушсун!
Мээримкан СТАМОВА, Бишкек шаары:
- 2011-жылы апрель айында катуу ооруп калдым. Ага чейин эле жүрөгүм ооруп, дем алгандан кыйналчумун. Де­нем­ди да ши­шик баскан эле. Догдурларга кайрылып, көп жерге бардым. Шишик жүрөктөн болот дешти. Ашказаныма суук да тийген экен. Тамакты көп жей албай, сиңире албай, ичегим жакшы иштечү эмес. Тааныштарым болсо "эмне мынча толуп баратасың, жатып алып эле тамак жеп атат окшойсуң" дешчү. "Актыкты" ичкенден кийин 12 кг салмакты таштадым. Семирбей эле, мени шишик басып кетиптир. 95 килограммдан 81 килограммга түшкөндө өзүмдү жеңил куштай эле сезип калдым. Бутумда, бетимде кычыткы бар болчу. Ушул нерсе мени өзгөчө кыйначу. Ооруларымдын айынан барбаган жерим калбай, тааныш врачтар мени көргөндө эле "ошол уколдоруңду ала берчи" деп калышкан. Салмагыман улам маршруткага да чыга алчу эмесмин. "Актыкты" ошол катуу ооруп калган апрель айынан баштап сентябрга чейин ичтим. Азыр ден соолугум жакшы, табитим ачылды, тамакты жакшы жейм. Ал эми мурда тамак ичпесем деле салмагым көбөйүп, шиший берчүмүн. Ушунча оорулардан арылып, бир эле "Актыктан" жакшы болгонума таң калып атам. Мурда көп ичип жүргөн фанта, кола дегендерди таштадым. Ичегилериме ал суусундуктар жакпай, ошондон да кыйналдым окшойт деп калдым. Ичкенден тышкары, кечкисин бутума, бетиме шыбачумун. Кычыткынын тез кетиши ушундан болду. Ичкенди да, шыбанганды да бирдей кылса, таасири жакшы болот экен. Азыркы учурда дүйнөгө көз карашым өзгөрүп, көңүлүм ачылды. Үйдөн тигини-муну кылалы деп, сергек жашоого өттүм.

"Актык" суусундугунун айырмалары
"Актыктын" сары түстүү этикеттегиси кан басымы төмөн, гемоглабини жетишсиз, арык, алсыз, адамдар үчүн эм, шыпаа болуп, адамдын ач-карынын ток кармайт. Жашылга салыштырмалуу майлуу.
Жашыл түстөгүсү - кан басымы жогору, гемоглабини, салмагы жогору болгон адамдар үчүн пайдалуу. Бул суусундук майлуу эмес. Ал эми экөөнүн денсоолукка тийгизген касиет-таасири, дабалыгы бирдей.
"Шай Актык" тууралуу айтсак - "Актыктын" жашыл, сары этикетте чыгарылган түрүнүн курамы сүт, булак суусу, чөп тамырлары болсо, "Шай Актыктын" курамында сүт, булак суусу, чөп тамырларынан тышкары өндүрүлгөн буудай кошулду. Буудай даны витаминге өзгөчө бай. "Шай Актык" бифидобактериялар менен байытылып, курамында кальций, йод, кремний камтылган. Ал эми жанга жагымдуулугу, оорулардын алдын алууда иммунитетти көтөрүп, шайыңды ал-кубатка келтирүүдө, оор, майлуу тамак-ашты сиңирип аш кылуудагы таасирдүүлүгү, түзөтүүчүлүк касиети өтө жогору.

ИЧҮҮ ШАРТЫ: күнүнө үч маал, тамак ичээрдин алдында 30-40 мүнөттөн мурун 100-200 гр. ичүү керек, балдар үчүн 50-100гр. Түнкүсүн жатаар алдында да, уйкудан 5-10 мүнөт мурун сөзсүз кайрадан 100 гр ичиңиз.
Эгерде дары-дармек ичип жүрсөңүз, "Актык" экөөнүн аралыгы 30-40 мүнөттөн кем болбош керек. Күн суук тартканда, суукчан адамдар жылытып ичүүсү талапка ылайык.

ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИЛЕЙ КЕТҮҮЧҮ ЖАГДАЙ: "Актык" чаңкоону кандырган суусундук. Анын ден-соолукка эч кандай зыяндыгы жок. Оорулуулар үчүн гана эмес, ден соолугу таза адамдар үчүн, бөбөк балдар үчүн да дайыма ичип жүрсө теңдешсиз өмүр булагы. Тамакты сиңирүүдө, ичтейди (табитти) ачууда мүмкүнчүлүгү өтө жогору. "Актык" патенттелген, сертификаты бар.




Изкубар Акмарал

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
- "Алтын шакек" ресторанына айдаңызчы, - деди тигил кыз.
Жолдо баратып сөз баштайын деп, бирок унчуккан жокмун. Экөөбүз тең сүйлөшкөн жокпуз. Ресторанга жетип токтогондо, ал үн катты:
- Сиз дагы жарым саат күтө аласызбы?
- Мейли, - мен ичимен сүйүнүп, көктөн издегеним жерден табылгандай болду. Андан ары жол жүрсөк сөзгө тартаармын деп ойлодум. Ресторанга артынан кошо кирип, четирээк карап турдум. Ичинде опур-топур болуп бир топ тааныштары бар экен. Болочок күйөөсү экөөнүн жарашканын айт. Жигити өзү теңдүү экен. Алардын бактылуу жүздөрүн көрүп, ичимен суктанып турдум. Жамал мени карап жылмайып койду, мен да жылмайдым. Аял катары экөөбүз бири-бирибизди түшүнүп, кубаттап турдук. Арадан бир топ убакыт өткөндө Жамал жаныма басып келди.
- Кечирип коюңуз, сизди күттүрүп койгонум үчүн. Мен башка жакка бара турган болдум, мынакей жол киреңиз, - деп, колума таксинин акчасын карматты. Мен анын илбериңки жүзүнө ичим жылып, чын ниетимен бактылуу болушун тиледим да, сыртты көздөй бастым.
***
Машинамдын такси деген белгисин алып салып, ишимди көздөй айдап жөнөдүм. Келсем, Алтынбек күтүп туруптур. Алтынбекти үйлөнүп алсын деп ак эткенден так эткен агасы да аны менен кошо келиптир. Мен ага ушул ишимди аягына чыгарып коюп жообун береримди айттым. Кечке Жамалдын телефону тымтырс болду. Эмне болду деп үй тарабына бардым. Терезе пардалары жабык экен. Кызык, киши жашабагандай болуп эмнеге мынчалык тумчулап салган, эмнеси болсо да качан үйүнө келип кеткенин кошунасынан сурайынчы дедим. Кошунасы мени эле күтүп тургансып, "аа, келдиңизби, ал күйөөсү менен Казакстанга кетти. Андан ары чет өлкөгө учуп кетишмей болушту. Бир кыз келсе, ушул катты берип кой деди эле" деп, ал мага чоң конверт сунду.
"Саламатсыңбы, сиңдим, - деп баштаптыр ал өз катында. - Адамды бир көргөндө эле ал кандай экени билинет. Сенин жакшы кыз экениңди көрүп турам. Сени университеттин алдынан, үйүмдүн алдынан көрдүм, кийин таксист болуп келгениңде, кетип атып такси деген белгини алып салганыңда, сени Муратбек жалдаган детектив экениңен шегим калган жок. Кыз бала үчүн сенин детективдик ишиң өтө оор. Сага айтаар кеңешим, чоң акчага алданып, ак кишини чырылдатып күйгүзө көрбөгүн. Жамандык да, жакшылык да кайра өзүңө кайтып келет. Мен Муратбектин мага жайган торуна алданып түшүп калгам. Боюмдагы баламды алдыргандан кийин, догдурлар балалуу болбойсуң дешти. Кудай күнөөмдү кечире көр деп ыйлап жүрүп, нервим бузулду. Стресс деген бүт оорунун башаты экен, эки күндүн биринде ооруй турган болдум. Кудайга үнүм угулдубу, айтор, эмки жолукканым жакшы адам болуп чыкты. Өзү Америкада турат экен. Мага да ал жактан иш таап койду. Жакында экөөбүз ымыркайлуу болорубузду угуп, мени төбөсүнө көтөрүп алды. Мен азыр дүйнөдөгү эң бактылуу аялмын. Муратбектей адамдар дагы канчалаган кыздардын тагдырын талкалап, көз жашын төктүрүп жүргөнүн эстегенде абдан кейийм. Ага окшоп Акүйдө иштегендердин баары ошондой алдамчы, өзүмчүлдөй сезилет. Сени жалдаганынын себебин билем. Ажырашууга атайы макул болбой аткам. Мага акчасы да, өзү да кереги жок болчу, тек гана көрсөткөн кордугу үчүн убара кылгым, коркуткум келди. Эми болсо, балалуу болуу бактысы алдымда тургандан кийин, аны кечирип, жүрөгүмөн таарынуу, ызалануу дегендин баарын чыгарып салдым, кийинким гана жакшылык жолуна түшсүн дейм. Үйү дагы кереги жок. Бул конверттеги ачкыч ошол квартирасыныкы. Өзүнө берип коерсуң. А бул сүрөт күйөөм экөөбүздөн эстелик болсун. Турмуштук туманда адашып турганда сага жол көрсөткөн компас болсун. Себеби, ар бир адамдын экинчи жарымы бар. Ага жолугуш үчүн Кудайдан тиленип, өз жолуңду өзүң ачышың керек. А эгер сүйгөн адамың бар болсо, ал сени чексиз баалап адамгерчилик менен мамиле кылса, сөзсүз баш кош. Жүрөгүңдү ук, жүрөк эч качан алдабайт. Мендей болуп адашып мүдүрүлбө, куйту эркектерге алданба. Бактылуу бол. Эгер мени менен байланышып турууну кааласаң, интернет аркылуу жүз көрүшөлү. Урматым менен, Жамал".
Толо барак катты окуп бүткөндөн кийин колумду майда калтырак басып кетти. Кантсе да акыл-эстүү, туюму күчтүү кыз экен. Алтынбек канчалык эртерээк баш кошолу десе да, улам артка тартып туңгуюкта жүргөн мага бул кат насаат бергендей болду.
***
Мурунку сүйгөнүмдү артынан аңдып изилдеп бер деген депутат Муратбек Сагыналиевич маңдайымда жайдары отурду. Жайдары болбогондо эмне, Жамал ажырашууга макулдугун бермек тургай, үйүнүн да ачкычын таштап кетип атса. Көңүлү толо чалкалай отурган ал жымыңдап:
- Жакшы иштедиң, карындаш. Детективдик агентствоңор мыкты иш жүргүзөт турбайсыңарбы. Эми муну алып кой, - деди да, стол үстүнө бир тутам долларды таштады. - Мен айткан тапшырманы ашыгы менен аткардың, ыраазымын. Кантсе да үй деген үй. Аны да кайтардың. Ошон үчүн чочуркабай эле бул акчаларды алып кой.
Мен аны олуттуу көз караш менен карадым да:
- Сиз мага эмес, биринчиден, Кудайга ыраазы болуңуз Жамал өңдүү эстүү адамга туш болгон. Экинчиден, Жамалдын өзүнө ыраазы болуңуз, сиздин итчилигиңизди кечиргени үчүн, - дедим үнүмдү өктөм чыгарып.
Мындайды күтпөгөн депутаттын көзү бузулуп, көп сөз айтчудай болуп ордунан обдулуп алды.
(Уландысы кийинки санда)