Нукура кыргыз кыздары


'Келеңкер чачпак кең соору, келини сонун кыргыздын, кызыл көйнөк кымча бел, кыздары сулуу кыргыздын'' деп Манаста айтылгандай, жакында интернеттеги Беткитепте (Фейсбук) ''Манастын урпактары'' тобунун катышуучуларынын демилгеси менен сулуулар сынагы болуп өттү.
Сынак таймашууга ондой кыз катышып, алардын ичинен үчүнчү орунга Роза Акматова, экинчи орунга Мээрим Эрке­баева жана биринчи орунга Рахима Зарылканова ээ болду.
Сынакка катышкан кыздарга топтун катышуучулары тара­бынан суроолор берилди. Таамай жооп берип жатышкан эки кыз Рахима жана Мээрим 61 упай менен экинчи турга тең чыга келишти. Экинчи турда кыздардын ар биринин үчтөн сүрөтү коюлду. Рахиманын ар бир сүрөтүнө сегизден жактыруу топтолуп, биринчи орунга ээ болду. Эмесе, кыр­гыздын нукуралыгын барк­таган, салттарын баптаган сулууларыбыз тууралуу төмөн­дө чакан маалымат бере кетели.

Рахима Зарылканова, 1991-жылы Каракол шаарында төрөлгөн, үй-бүлөнүн эң улуу кызы. Азыркы учурда Австралияда иштеп жана тил үйрөнүп жаткан учуру. Кыргыз салттарынын дээрлик көбүн билет, ошондой эле кыргыз улуттук тамактарынан кесмени эң мыкты жасайт. Бош убактарында китеп окуганды, токуганды жана бийлегенди жакшы көрөт. Келечекте элдин кызматына жараган эң алдыңкы кыздардан болуу максатын көздөйт.
Мээрим Эркебаева, 22 жашта, Экономист бөлүмүндө окуйт. Комуз чертет. Эң мыкты жасаган тамактагы бешбармак. Билген салттары тушоо кесүү, кыз узатуу, бешик той ж. б. Бишкек шаарында турат.
Роза Акматова, кызыгуусу - кыргыз эл кол өнөрчүлүгү, зергерчилик. Маанайы жакшы болуп турганда баардык тамактарды мыкты жасап берет. Кыргыз салттарынын дээрлик баардыгын билет. Азыркы учурда иштейт. Бишкек шаарында турат.
Шайырбек ТАГАЕВ