"Боз жол"
Кыргыз философиясында ак-караны айкалыштырып, тең алып жүрүүнүн маанисин туюндурат. Бул жол көчмөндүк табияттын белгиси. Аалам жерди өзүнө уюткан адамдын жолу. Оң менен солдун, ак менен каранын, ысык менен сууктун, жакшы менен жамандын дал ортосун чыгарган деңгээл. Бул чыгармада кыргыздын ички абалынын табигый мүнөзү, анын Теңирдин теңдик мыйзамына, акыйкатка болгон умтулуу күчү көргөзүлгөн. Ал эми Гүлжандын өз колу менен колго токулган кыргыз жибеги кынтыксыздыкты жана тегиздикти билдирип, ал эми ошол жибекке сайылган оюулар болсо уютку борборунан кеткен чексиз өсүүнү бир чулу жыйынтык, ирээт менен боз жолдун өзөгүнө байланган философия катары берип турат.


"Асман ээлери жерге түшкөндө"
Кыргыздар байыртан эле табияттын ээлерине жана ата-бабалардын жолуна ишенип келген. Бул ишеним кыргыздын миңдеген кылымдар бою келе жаткан жашоо тажырыйбасынан жана дүйнө кабылдоосунан улам пайда болуп, кылымдык маданиятка чагылдырып келген. Бул чыгарма ошол ишенимдин негизинде адам менен жогорку рухтардын ортосундагы болгон байланышын камтып турат. Саймалуу Таш галереясындагы байыркы петроглифтердеги сүрөттөрдөн белгилүү бир окуя композициялаштырылган. Бул чыгармада, оюлардын жана таш жазуу сүрөттөрүнүн айкалышында, космостук акыл-эстин жер менен болгон мамилеси берилген. Асман ээлери жерге түшкөндө, ааламдан жылдыз жааганда жерге жаңы доор келген.


"Күүгүм"
Күндүн бул маалына кыргызда өзгөчө маани берилген. Күүгүм - бул күн менен түндүн беттешкен учуру. Ушул маалда сергек болуу туурасында ырым-жырымдарда айтылып келет. Дал ушул чак жарыктан караңгыга, күндөн түнгө, актан карага өтүү мезгили. Бир дүйнөдөн экинчи дүйнөгө өтүүнү кыргыздар ырымга салып, ушул ирмемди символдоштуруп келишкен. Бул жашоонун барына да жогуна, күнүнө да түнүнө тобо кылып, тирүүлүк үчүн ыраазычылык билдирүү парз иш. Ошондуктан, чыгарма күн менен түндүн урматына деп "Күүгүм" аталган.


"Үчилтик"
Көчмөндөрдүн дүйнө таанымында үчилтик - бул универсалдуу дүйнө куруучу мыйзам. Бул ыйык мыйзам кыргыздын каада-салтында, маданиятында кеңири чагылдырылган. Түндүк, Уук, Кереге жана Төр, Очок, Босого. Ошондой эле Ай, Күн Жер жана Ата, Эне, Бала - ушул үч элементтен тургандар бир бүтүндүктү жаратат эмеспи. Бул чыгарма дал ушул философияга арналган, үчилтик мыйзамы урагыс жана түбөлүк.


"Толгонуу"
Бул жалган жашоодо адамдын өмүрүнүн баасы өлчөөсүз кымбат. Жараткан берген өмүр жашыңда жакшылыгыңан жазба, аруу тилегиң жүрөгүңөн эч кетпесин, жашооңду сүйүп жаша, бул өмүр бир келет, чарчап-чаалыксаң да турмуштун оорчулугун көңүлгө алба. Бул жашоодо тирүүлүктүн эле өзү канча! Ишенимиң ар дайым бийик, урагыс болсо, жакшылык эч качан сени жандап өтпөйт. Өмүр - гүл. Ошол гүлдү сен жүрөктөн чыккан жылуу сезим менен гана сактай аласың. Өмүр гүлүң соолубасын эч убакта. Бул чыгарма ички толгонууну чагылдырды. Канча убакыт өтсө да, бабаларыбыздын ушул керээзи узак жолдо карыбай, келечек муун үчүн мурас болуп келе жатат.

Маектешкен жана сайма чыгармаларына
комментарийлерди жазган
Айбек БАЙЫМБЕТОВ




Жолду билгенден сура
Каймана айтымдар
Алмаз Суранов
Замандын өзгөрүшү менен кошо, эне тили да өзгөрүп жүрүп отурганы менен, анын сакталып калуусуна ата-бабалардын, алардын ичинен түбөлүктүн илимин түшүнө билгендеринин эмгеги зор.
Түбөлүктүн илими дегенибиз - эне тилдеги каймана, түшүнүксүз, катылган маанисинде эбегейсиз чоң кызмат өтөп жүргөн айтымдар. Аларды эне тилине салып, сактап, кийинкилерге кошуп келишкендер - улуу адамдар болгон. Мындай даанышмандар тилди жөн эле пенде аралык байланыш куралы деп гана эсептебестен, сөз, сыр катып, муундан муунга ташып, убакытка көз каранды эмес мамиледе жүрүүчү кызматын жогору коюп келишкени айкын. Тилдин эң жогорку функциясы да ушул. Ал эми эне тилде канчалык биз айткан улуу кенч көп болсо, ошол элдин бабалары ошончо акылман, даанышман болгондугун ачык көрсөтүп турат.
Биз Манастын өзүн эле карап көрүп, анын колдоочуларын, карманган курал-жабдыктарын, кийген кийимдерин, минген атын эле түшүнсөк - ким экендиги белгилүү эмеспи. Же мурда айтып келгендей "жомок", "апыртма" дейбизби? Тооратта Муса пайгамбардын таягы ажыдаарга айланган жок беле? Манаста ак таяк, алтын таяк жөнүндө деле айтылат эмеспи. "Койчунун таягынан, келиндин аягынан" деген макал да бар. Таяк - бул, колдоочу касиет болуп чечмеленет. Койчу - эл башы. Колдоосу күчтүү болсо, элдин ыйман, тазалыгы, туура жашоосу үчүн жакшы болбойбу.
Инжилде да мындай каймана берүүлөр өтө эле көп. Куранда, хадистерде катылган акыл кенчи толтура. Биз ар кайсыл булактардан алардын айрымдарынан алып, мисал келтирип чечмеледик.
Ушул каймана сырлар тил аркылуу эле эмес, образдуу көрүнүш түрүндө да абстрактуу, феноменалдык дүйнө кабарлашуу касиетине ээ.




Кыргыз макалдарынан:
"Житкен окту аткан ок табат"
Чечмелениши: Сыйкырчылык менен бирөөгө зыяндуу дуба кылынып, ал денеге кирип (житип) кеткен болсо, кайрадан кайтаруучу дуба менен денени тазалоону түшүндүрүп турат. "Аткан ок" дегени - кайтаруучу дуба.

"Келиндин аягынан, койчунун таягынан"
Чечмелениши: Келген бүлө канча сообу менен келсе, ошончо берекеси менен болот. Ал эми Элбашынын (койчунун) колдоочу пири (таягы) кандай болсо - элин ошондой баштайт, ошого жараша жашоосуна таасирин тийгизет.

Хадистен:
"Кимде ким көзү сокур пендени кырк кадам
жетелеп койсо, анын бейишке кирери анык"
Чечмелениши: Көзү сокур пенде - бул, Кудайсыз пенде, көрпенде. Кырк кадам жетелөө - Бул Кудай жолуна ошол көрпендени салуу, илим берүү, артка кайра кайткыс кылып ишенимге кийирүү. Бул жөн кишинин колунан келбейт. Ошондуктан, ошондой киши бейишке кирет деп айтылат.
Улуу манасыбызда улуу сырлар көп. Кандай болсо да улуу Манасты ар кандай божомолдоп, аныктама берип, элге жөнсалды айта бергенден алыс болу туура болмок. Ойкелди чечмелөө - күнөө болоору шексиз. Манасты киши айтпайт, кишини айттырат эмеспи.

Манастан:
"Казынамды ачайын,
Кара кылды чачайын,
Күмүшүм жатат таш болуп,
Күрүчүм жатат аш болуп,
Күлүгүм семиз мас болуп,
Күлүктү тандап минүүгө,
Күрдөөлдүү кыргыз аз болуп.
Алтыным жатат таш болуп,
Амбарда буудай аш болуп,
Аттарым семиз мас болуп,
Аттарды тандап минүүгө,
Айлымда кыргыз аз болуп".
Чечмелениши: "Сакталып жаткан илимимди айтып ачайын, бу жалгандагы түшүнүксүз нерселердин жообун берейин, илимим пайдасыз катылып турат, жашоо Кудайсыз, пайдасыз ачылып атат. Тирүүчүлүктө илимди ишке ашырчу эл ичиндеги татыктуулар табылбай жатат" делет.
(Уландысы бар)