Буюккан көч ичинде…

Урматтын деми, жөндөмү, ой кумары
Кенжалы САРЫМСАКОВ, карыя журналист


Адамдын адамдыгынын, адамгерчилигинин сактоочусу, өнүктүрүүчүсү - таза ой, туура түшүнүк экендигинен эч ким кыя өтө албайт. Маселе анын аң-сезимде калыптанышында. Коом турмушунда руханий дөөлөттөргө артыкчылык берилишинде. Эгерде эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы кездерден баштап Эл деген тарыхый улуу күчтүн, кыргыз элинин каада, нарк-насил касиеттери өлкө, мамлекет, эл турмушунун бардык жактарында тамырлангандай саясый, социалдык иштер терең, кеңири, таасирдүү, үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн болсо, абал азыркыдан таптакыр башкача болмок. Эл арасынан айтылуу Акелер сындуу адамдардын карааны калыңдамак. Калыстык, адилеттик, ыйман, ызат негизде өнүгүүгө өзөк түзүлмөк.

Тилекке каршы, "балык башынан сасыды". Эки бийликтин экөө тең кесепеттүү болду. Эл наркына зыян келтирди. Сөз майдаланды. Кыргызды даңазага бөлөгөн, өсөөрүнө өзөк болуп келген Улуу сөз, Улама сөз жетимсиреди, куту качты. Ниет, пейил бузулуп, өзүмчүлдүк, мансапкорлук, кара өзгөйлүк күчөдү. Дүнүйөнүн кулу болгондор көбөйдү. Абийирин, ар-намысын акчага тебелеткендер четтен чыга турган абалга жеттик. "Акчанын күчү канчалык чексиз болсо, менин күчүм ошончолук… Менин кебетем желмогуздай, бирок мен сулуулардын сулуусун акчага сатып алам. Демек, мен сулуумун…" ден жазган экен кадимки Карл Маркс тээ илгери, 1844-жылы, ошол кездеги заманды мазактап.
Эч бир эрен-төрөнү жок добуштар сатылды. Көөдөнү көңдөйлөр, арам акчалуулар сатып алып, бийликтин бийик чокуларын ээлеп эсиришти. Элди көзүнө илбей, каалаганын жасашты. Акыры чыдамы кеткен эл кууп чыкса, акчанын күчүнө салып, кайра келүү аракеттерин жасап, элди дүрбөлөңгө салды. Мунун баары сабак. Араңарда эмне деген арам күчтөр бар экендигин билгиле, эсиңерге келгиле, тазалангыла делип Улуу күчтүн өзүнөн ар бирибизге айтылып аткан эскертүүгө окшоп турган жокпу?
Тазалануу ири алдыда таасирдүү ойдон, таамай сөздөн башталат. Ага карата элдин өзүндө туюм-сезим ойгонот, изденүү башталат, илимий тилде айтканда бул деген инстинкт. Айтайын дегеним, 7-апрелден кийинки мезгил аралыгында Урмат Барыктабасовдун азыр элдин оозунан түшпөй айтылып аткан китептерине кызыгуулар өзгөчө күчөдү. Эмне үчүн? Анткени, анда айтылгандардан өлкө, коом дуушар болгон абалды жана андан чыгуунун аргасын көрүп атышат. Республикабыздын туш-тарабынан өтүнүчтөр өтө көп болуп, өткөн жылдарда чыгарылып элге таратылган ал китептерди кайрадан көбөйтүп жер-жерлерге жөнөтүүгө туура келди.
Көптү көрүп, көптү билгендердин, терең билимдүүлөрдүн сөзү эч убакта талаада калган эмес. Урматчалык дүйнө жүзүн көрүп, заман таанып, маалыматка карк болгон кимибиз бар? Өз көзү менен көрүп, өз башынан өткөрүп, бүт жан дүйнөсү менен туйгандар гана ар нерсени так аныктап айта алат.
"Мен маалыматтарды интернеттен, Питер Друкенин, Шри Ауробиндондун, Филипп Котлердин, Адам Жексондун, Стивен Ковинин, Якоб Нильсендин, Герман Гессенин, Кен Уилбергдин китептеринен алам. Канчалык көп окусам, адам дүйнөсүнө, адамзат дүйнөсүнө ошончолук тереңдеп, кызыгуум артылууда. Бүгүнкү күндө баары билимде, билимдүүлүктө уюп туру. Бул күч кыргыздын канында бар. Ал касиеттүү тоолорубуз, көл, өзөн сууларыбыз, бабалардан мурасталган сөз, салт, нарк аркылуу муундан-муунга берилип келет. "Википедия" деген сайтка кирип, "Золотое сечение" деген сөздү алып, ал жердеги саймаларды карап, алтын сызык деген эмне экенин окуп, фиббонаги сандарына дил төшөп көрөлүчү. Кудум эле кыргыздын оймосун табасыңар. Мунун өзү - чексиздик. А чексиздик - бул улуу күч. Адам баласына ички дем ошол жерден берилет. Физика илиминде ал энерго-маалыматтык талаа деп аталат. Карагылачы, Сергей Брин, Уоррен Баффет, Билл Гейтс, Кен Уилберг - эмне деген адамдар. Мына ушундай адамдар өз өлкөсүн өнүктүрүп атпайбы. Кыргыз мамлекети ушундай атуулдардан алтыны эле даярдай алса, байманасы ташыган өлкө болот эле.
Далай өлкөлөрдүн элдери өздөрүнүн өнүгүү жолдорун таап, жаңыланды, жаңыча принциптерге өтүштү. Мисалы, Жапония, Германия, Корея, Индия, Кытай жана башкалар. Алардын баары ата мурас маданияттарынын, тарыхый баалуулуктарынын, өздөрүнүн көркөм өнөр музыка дүйнөсүнүн негизинде өнүгүштү. Мисалы, Германиянын алдыңкы катарга чыгышына Канттын, Гегелдин, Ницшенин философиялык, Гетенин, Шиллердин акындык ой-толгоолорунун, композиторлор Бахтын, Бетховендин, Вагнердин, Моцарттын чыгармаларынын таасири чоң болгон. Элдин эл болуп калыптанып өнүгүүсү эки алкак: музыка жана философия аркылуу. Кытайда конфуцианство жана даосизм. Индияда тирүүлүк өмүр кубатынын эки, биринчиси - ички, руханий; экинчиси - тышкы, материалдык жактарын айкалыштыруу аркылуу. 5 миллион канондук китептер, музыкалар, йога илимдери аркылуу. Мамлекет даңазалуу адамдар аркылуу күч алат, кубаттанат. Жалпы калк өзүнөн өзү жаратман болуп чыга келбейт. Эл арасынан чыккан, Кудай Таалам өзү кут жалгаган Мохаммед пайгамбарыбыз, Иисус Христос, Будда, Лао-Цзы, Конфуций, Шри Ауробиндо, Колумб, Аденауэр, Бисмарк, Линкольн, Вашингтон, Черчилль, Наполеон, Петр I, Бальзак, Камю, Ли Бо, Путин, Назарбаев сыяктуу жол башчылардын таасири менен элдин жылдызы жанат.
Биз, кыргыздар азыркы дүйнөлөшүү заманында өз жолубузду, тээ түпкүрдөн түптөлгөн, байыркы гана эмес дайымкы өнүгүү өңүтүбүздү тапмайын, өзөгүбүз көңдөй. Адашабыз, буюгабыз. Эң башкысы - Адам, адамдык күч, адамдык акыл, билим дарамет. Акыл чирибейт, аны дат баспайт, сатсаң түгөнбөйт, түпкүрүнөн түрүлүп чыга берет. Дүйнөгө белгилүү "Гугл" деген компания акыл издеп, кимдин жакшы идеясы бар, акча беребиз, каржылайбыз деп жар салып жүрөт, дүйнө жүзүнөн билими, туюм-сезими күчтүү адамдарды издеп.
Түгөнбөгөн түбөлүк капитал - адамдын өзү. Эч убакта эгерим көөнөрбөгөн, азайбаган акча - бул адамдагы акыл, идея. Элибиз бүгүнкү күндө шыктандыруучу идеяларга абдан муктаж абалда".
Урмат мырзанын кээ бир ой, сунуш-пикирлерин бу жерде атайы тизмектеп жазып чыктым. Өзү менен сүйлөшкөн сайын түшүнүктөр өзгөргөн учурлар болот. Эмнеликтен? Анткени, маселени таамай аныктайт. Мындай касиет ар кимибизде эле боло бербесе керек. Кыязы, табиятынан, талдоо жөндөмдүүлүгүнөн, анан албетте, көптү билгендиктен келип чыкса керек.
Көп жылдар мурда, жаш кезимде "Билим" коомунда эл аралык турмуш, философия, анан оозеки сөз методикасы бөлүмдөрүн тейлеп, баш-аягы он беш жыл иштеп, эки айдын биринде Москва жана башка шаарларда өткөрүлгөн усулдук илимий конференция жана башка ар кандай жыйындарга катышып, көрүнүктүү адистердин, окумуштуулардын айткандарындагы терең ойлорго, түшүнүктөргө кумарданчу элек.
Айтайын дегеним, Урмат ким менен гана баарлашпасын, бардыгына анын ой, сөз таасири күчтүү, аргументтери таамай. "Мен бул жигит жөнүндө башкача ойдо жүрдүм эле, көрсө, ойлору абдан терең турбайбы" деп калышат. "Кыргыздар, ушундай уулуңардын кадырына жетпей, алыста жүрүүгө аргасыз кылып атасыңар, акылга сыйбаган жорук" деп, казак элинен чыккан чоң ишкер адамдын айтканы бар.
Күлүк күнүндө, тулпар тушунда деп жөн эле айтылып калган эместир эл оозунда. Кыргызым деп бүт өмүрүн, жан дүйнөсүн арнаган атуулдун элине келип кызмат кылуусун бөгөп, каралап жаткандардын аракеттери кыргыз элинин кызыкчылыгына жатпайт. Урмат мырзадагы дүйнөлүк, эл аралык деңгээлдеги иш тажрыйба, билим, экономика, бизнес сырын терең билгендик, уюштуруучулук жөндөм, эр ортону элүү жашка жете элек жаш курактык дем кыргыз элинин келечегине керек да.
Көп жыл мурда Казакстанда жүргөн кези. Бир нече күн чогуу болуп калдым. Окуп аткан китептерин көрдүм. Андай адабияттарды эч кимден жолуктура алган эмесмин. Биздин республикалык китепканабызда деле жок болсо керек. Кайсы бир аалымдын айтканы бар: "Китеп - өзү бөксөрбөй, өзгөлөрдү толтуруп турган алтын кумара" деп. Ошол Алтын кумарадан жан азыкка каныккан кыргыз уулунун кадырына кыргыз эли жете алар деген ойдомун. Тайкылыктын баары китеп окубагандыктан, ой кумарынан оолактап, дене, курсак, мансап кумарына ооп калгандыктан келип чыгарын азыркы абал алаканга салгандай аныктоодо.




  Чындыкты укчулар барбы?

Басмаканам Барыктабасовдуку эмес!

14- май күнү саат 19.00. чамасында менин менчик басмаканамды Улуттук коопсуздук комитетинин, шаардык ички иштер башкармалыгынын, прокуратуранын, кыскасы республи-
кабыздын бүт күч түзүмдөрүнүн жүздөн ашык кызматкерлери каптап кирип келишип, үрөйүбүздү учурду.
Алар "Бул деген Урмат Барыктаба-совдун жашыруун басмаканасы" деген сөздөрдү телекамерага айтып жаздырышты. Жумушчуларды суракка алышты. Анан теледен: "Өзүнүн жашыруун басмаканасынан Урмат Барыктабасов мына бул китептерди, мына бул чакырык баракчаларды (ал баракча эмес, "Ата журт" патриоттук партиясынын күбөлүктөрү эле) чыгарып, элди козголоңго чыгарууда" деген сөздөрдү айтып чыгышты.
Эгерде ал китептерде козголоңго чакырыктар камтылган болсо, аларды басмаканамдан чыгарып, мен эмне, айнып калыптырмынбы? Ошол китептерди окугандар, калысчылыкты, чындыкты айтыңыздарчы. Бир сөз менен айтайын: мында Бакиевдин үйбүлөлүк башкаруусунун кыргыз элине кесепеттүүлүгү, абалдан чыгуунун аргалары айтылган.
Бул китептер өткөн жылдары эле кеңири таратылган китептер экен. Ошолорду кайталап басып чыгардык. Атайын келишим түзүп, акчасын төлөттүрүп. Албетте, адегенде эки китептин экөөсүн тең окуп чыгып туруп анан бастырдым. Басмакана Барыктабасовдуку эмес, меники, менин жеке менчигим. 2007-жылдан бери иштеп жаткандарга айлык акысын төлөп берип, алардын оокат-тиричилигине жарап жатам. Мамлекеттин казынасына өз салымымды кошуп жатам. Мен дагы элим, жерим, мекеним деп өз ишмердигимди жасап жаткан кыргыздын бир уулумун.
"Башка бирөөнүн жашыруун басмаканасы" деп карандай калп айтканга дити баргандарга таңгалып турам. Булар эмне деген адамдар? "Подпольный" деген сөз кишинин үрөйүн учурат экен.
Китептерде кыргыз элинин келечеги деп абдан жакшы жазылган. Окугандардан дагы бир жолу суранам, бул китептер тууралуу чындыкты айткылачы?! Ушак деген өтө жаман нерсе экен. Кардарлар менден качып калышты.
Каттоо кагазымдын номери
№ 37317.
Б.М.Султанов,
басмакананын ээси.